Галатиялыктар 6:1—18

6  Бир туугандар, кимдир бирөө билбестиктен туура эмес иш кылып алса да+, силер, рухий жактан жетилгендер+, андай адамды жумшактык менен+ туура жолго салганга аракет кылгыла. Ошол эле учурда өзүңөр да азгырылып кетпешиңер үчүн+ сак болгула+.  Бири-бириңердин түйшүгүңөрдү көтөргүлө+, ошентип Машаяктын мыйзамын аткаргыла+.  Эгерде кимдир бирөө эч ким эмес болуп туруп өзү жөнүндө жогору ойдо болсо+, ал өзүн өзү алдап жатат.  Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин+, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай+, өз иштерине кубанат.  Анткени ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт+.  Андан сырткары, Кудайдын сөзүнөн насаат алып жаткан ар бир адам+ бардык жакшы нерсесин насаатчысы менен+ бөлүшсүн+.  Алданбагыла+: Кудайды шылдыңдай албайсыңар+. Адам эмнени сепсе, ошону орот+.  Ким денеге сепсе, ал денеден чирий турган нерсени оруп алат+. Ал эми ким рухка сепсе+, ал рухтан түбөлүк өмүрдү оруп алат+.  Жакшылык кылып жатып багынбайлы+, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз+. 10  Ошондуктан мүмкүнчүлүк барда+, баарына, өзгөчө, ишенимдештерибизге жакшылык кылалы+. 11  Карагылачы, силерге өз колум менен чоң тамгалар менен жаздым+. 12  Силерди сүннөткө отургузулууга мажбурлап жаткандардын+ баары башкаларга жагынууну каалашат. Алар Машаяк Исанын жаза устуну үчүн куугунтукталгысы келбегендиктен гана ошентишет+. 13  Сүннөткө отургузулгандардын өздөрү да Мыйзамды аткарышпайт+, бирок силер* менен мактаныш үчүн сүннөткө отургузулушуңарды каалашат. 14  Мен болсо Мырзабыз Иса Машаяктын жаза устунунан+ башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Ал аркылуу дүйнө мен үчүн, мен дүйнө үчүн устунга кадалгам+. 15  Анткени сүннөткө отургузулуу да, отургузулбоо да маанилүү эмес+, жаңы жаратуу+ гана маанилүү. 16  Ушул эрежеге ылайык жашагандардын бардыгына — Кудайдын Ысрайылына — тынчтык жана кайрымдуулук болсун+. 17  Мындан ары мага эч ким кыйынчылык туудурбасын, анткени денемде Исанын кулу+ экенимди көрсөткөн белги бар+. 18  Бир туугандар, жакшы маанай көрсөтүп жаткан силерге Мырзабыз Иса Машаяк ырайымын төгө берсин+. Оомийн.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «денеңер».