Марк 12:1—44
12 Иса аларга мындай мисал келтирди: «Бир киши жүзүм отургузат да+, жүзүмзарын айландыра тосот. Ошондой эле жүзүм сыккыч орнотуп, мунара салат+. Анан жүзүмзарын багбандарга ижарага берип+, башка өлкөгө кетет+.
2 Түшүм жыйноо маалы келгенде, ал жүзүмзарынын жемишинен алыш үчүн багбандарга кулун жөнөтөт+.
3 Бирок алар аны кармап алып, сабашат да, куру кол кетирип жиберишет+.
4 Жүзүмзардын ээси дагы бир кулун жөнөтөт. Алар анын башын жарышат, кордук көрсөтүшөт+.
5 Ал дагы башкасын жөнөтөт. Багбандар аны өлтүрүп салышат. Ал дагы көптөгөн кулдарын жөнөтөт, бирок тигилер айрымдарын сабап, айрымдарын өлтүрүп салышат.
6 Жүзүмзардын ээсинин жакшы көргөн уулу бар эле+. „Уулумду сыйлашар“ — деп, акырында аны жөнөтөт+.
7 Бирок багбандар бири-бирине: „Бул — мурасчы+. Жүргүлө, өлтүрүп салалы, ошондо мурас биздики болот“,— деп айтышат+.
8 Анан аны кармап алып, өлтүрүшөт да+, жүзүмзардын сыртына ыргытып жиберишет+.
9 Эми жүзүмзардын ээси эмне кылат? Ал келип, багбандарды өлтүрүп, жүзүмзарын башкаларга+ ижарага берет+.
10 Ыйык Жазмадан: „Куруучулар жаратпай койгон таш+ бурчка коюлуучу негизги таш болуп калды+.
11 Бул Жахабадан, биздин көзүбүзгө таң калыштуу көрүнөт“,— деген сөздөрдү окуган жок белеңер?»+
12 Ошондо алар Исанын бул мисалды өздөрүнө карата айтканын түшүнүп, аны кармоонун жолун издей башташты. Бирок элден корккондуктан кетип калышты+.
13 Андан кийин, Исаны сөзүнөн кармаш үчүн+, ага кээ бир фарисейлерди жана Ироддун жактоочуларын жиберишти+.
14 Алар келип: «Устат, сенин дайыма чындыкты сүйлөөрүңдү, адамдардын ээлеген абалына карабагандыктан эч кимге жагынбай турганыңды жана Кудайдын жолун чындыкка ылайык үйрөтөрүңдү билебиз+. Падышага* киши башына төлөнчү салыкты төлөө туурабы же туура эмеспи?
15 Аны төлөшүбүз керекпи же жокпу?» — дешти+. Алардын эки жүздүүлөнүп жатканын билип, Иса: «Мени эмнеге сынап жатасыңар? Мага динар алып келип көрсөткүлөчү»,— деди+.
16 Ага бир динар алып келишти. Иса: «Бул жерде кимдин сүрөтү тартылып, кимдин аты жазылган?» — деп сурады. Алар: «Падышанын»,— дешти+.
17 Ошондо ал: «Анда падышага тиешелүүнү падышага+, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деди+. Алар анын айткандарына аябай таң калышты+.
18 Андан кийин өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген садукейлер келип, Исага мындай суроо беришти+:
19 «Устат, Муса бизге, эгер кимдир бирөө бала көрбөй өлүп калса, аялын бир тууганы алып+, анын тукумун улашы керектигин жазган болчу+.
20 Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси аял алып, тукумсуз өтүп кетти+.
21 Анын аялын экинчиси алды, бирок ал да, андан кийин үчүнчүсү да тукумсуз өттү.
22 Ошентип, жетөө тең артында тукум калтырган жок. Акырында аял да өлдү+.
23 Өлгөндөр тирилгенде, ал кимисинин аялы болот? Анткени аны жетөө тең алышкан болчу»+.
24 Иса мындай деди: «Силер Ыйык Жазманы да, Кудайдын күчүн да билбегендиктен адашып жүргөн жоксуңарбы?+
25 Анткени өлгөндөр тирилгенде аял алышпайт, күйөөгө чыгышпайт. Алар асмандагы периштелердей болушат+.
26 Ал эми өлгөндөрдүн тирилерине байланыштуу Мусанын китебиндеги тикенектүү бадал жөнүндөгү билдирүүдөн окуган эмес белеңер? Ал жерде Кудай Мусага: „Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын“,— деген эмес беле?+
27 Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Силер катуу жаңылып жатасыңар»+.
28 Ал жерге келип, ошол талаш-тартышты жана Исанын жакшы жооп бергенин уккан бир китепчи андан: «Осуяттардын эң биринчиси кайсы?» — деп сурады+.
29 Иса: «Биринчиси бул: „Ук, Ысрайыл, Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба+.
30 Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен, бүт күчүң менен сүй“+.
31 Экинчиси бул: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“+. Булардан маанилүү башка осуят жок»,— деп жооп берди.
32 Ошондо китепчи Исага: «Устат, сен туура айттың. „Ал жалгыз, андан башка Кудай жок“+.
33 Аны бүт жүрөгүң, бүт түшүнүгүң, бүт күчүң менен сүйүү, ошондой эле жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүйүү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар* менен башка курмандыктардын баарынан артык»,— деп айтты+.
34 Иса анын акылдуулук менен жооп бергенин көрүп: «Сен Кудайдын Падышалыгынан алыс эмессиң»,— деди. Ошондон кийин ага суроо берүүгө эч ким даай алган жок+.
35 Иса ибадатканада элди окутуп жатып: «Эмне үчүн китепчилер Машаякты Дөөтүнүн уулу дешет?+
36 Ыйык рухтун таасири менен+ Дөөтү өзү: „Жахаба менин Мырзама: “Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур”,— деди“,— дебеди беле+.
37 Дөөтү өзү аны „Мырзам“ деп атаса, анда кантип Машаяк анын уулу болсун?» — деди+.
Көп эл аны берилип укту+.
38 Ал андан ары мындай деп окутту: «Китепчилерден сак болгула+. Алар узун кийим кийип жүргөндү, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын,
39 синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды, тойлордо төрдөн орун алганды жакшы көрүшөт+.
40 Ошондой эле жесир аялдардын мал-мүлкүн талап-тоношот+, элге көрүнүш үчүн узакка тиленишет. Андыктан аларга катуу өкүм чыгарылат»+.
41 Анан ал казына идиштери*+ көрүнгүдөй жерден орун алып, элдин аларга акча салганын карап отурду. Көптөгөн байлар көп акча салып жатышты+.
42 Ошондо бир жарды жесир аял келип, наркы өтө төмөн эки тыйын* салды+.
43 Иса шакирттерин жанына чакырып: «Силерге айтып коёюн, бул жарды жесир аял казына идиштерине акча салгандардын баарынан көп салды+.
44 Анткени бардыгы өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял, өзү муктаж болуп турса да, колунда болгондун баарын салды»,— деди+.
Шилтемелер
^ Же: «императорго»; грек. кесар.
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
^ Б. а. тартуу салынган кутулар. Сыягы, алар ар кандай формада болгон. Айрымдары сурнай сыяктуу келип, үстүндө кичинекей тешиги болгон.
^ Сөзмө-сөз: «эки лепта». Эки лепта — болж. м-н 10 мүнөттүк жумуш үчүн төлөнгөн акы. Кара: 13-тирк.