Жакан 6:1—71

6  Андан кийин Иса Тиберия деңизи деп да аталган Галилея деңизинин* аркы өйүзүнө жөнөдү+.  Артынан көп эл баратты, себеби алар анын оорулууларды керемет жолу менен айыктырганын көрүшкөн болчу+.  Иса тоого чыгып+, шакирттери менен чогуу отурду.  Жүйүттөрдүн пасах майрамына+ аз калган эле.  Башын көтөрүп, өзүн көздөй келаткан көп элди көргөндө Иса Филиптен: «Бул элге нанды кайдан сатып алсак болот?» — деп сурады+.  Муну ал Филипти сынаш үчүн айтты, анткени өзү эмне кыларын билип турган.  Филип ага: «Эки жүз динарга нан сатып алып, ар бирине кичинеден бергенде да, жетпейт»,— деп жооп берди+.  Ошондо шакирттердин бири, Симон Петирдин бир тууганы Андрес, Исага:  «Бул жерде бир баланын беш арпа наны+, эки кичинекей балыгы бар экен. Бирок ушунча кишиге бул эмне болмок эле?» — деди+. 10  Иса шакирттерине: «Элди отургузгула»,— деп айтты+. Элдин баары көк шибердин үстүнө отурду. Эркектердин эле саны 5 000дей болчу+. 11  Иса нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, элге тарата баштады. Балыктарды да алып, ким канча кааласа, ошончодон таратып берди+. 12  Баары тойгондон кийин+, ал шакирттерине: «Жегенден калганын чогултуп алгыла, эч нерсе ысырап болбосун»,— деди. 13  Алар эл жеген беш арпа нандын артканын чогултканда, он эки себет толду+. 14  Иса жасаган кереметтерди көргөндө эл: «Бул, чын эле, дүйнөгө келиши керек болгон пайгамбар экен»+,— дей башташты. 15  Иса алардын келип, аны падыша кылыш үчүн кармаганы жатышканын билгенде кайрадан өзү жалгыз тоого кетип калды+. 16  Кеч киргенде, шакирттери деңиз жакка түшүштү да+, 17  кайыкка отуруп, Капернаумга бет алышты. Караңгы кирип баратса да, Иса аларга кайтып келе элек болчу. 18  Бир убакта катуу шамалдан улам деңиз толкуй баштады+. 19  Беш-алты чакырымдай сүзүшкөндөн кийин шакирттер суунун үстү менен кайыкты көздөй басып келаткан Исаны көрүп, коркуп кетишти+. 20  Бирок ал: «Бул менмин. Коркпогула!» — деди+. 21  Шакирттер сүйүнүп кетишти да, аны кайыкка отургузуп алышты. Көп өтпөй кайык алар бет алган жээкке жетти+. 22  Эртеси күнү берки өйүздө калгандар бир кичирээк кайык гана калганын көрүштү. Ошондой эле Исанын өзүнүн шакирттери менен кайыкка түшпөгөнүн, алар өздөрү эле сүзүп кетишкенин билишти. 23  Ошол учурда Тибериядан бир нече кичирээк кайык келип, Иса Кудайга ыраазычылык билдиргенден кийин эл нан жеген жерден алыс эмес жерге токтоду. 24  Исанын да, шакирттеринин да жок экенин көргөн эл ошол кайыктарга түшүп, аны издегени Капернаумга жөнөдү+. 25  Аны деңиздин ошол өйүзүнөн табышты да: «Устат+, бул жакка качан келдиң?» — деп сурашты. 26  Иса аларга: «Силерге чындыкты айтып коёюн, силер мени кереметтерди көргөнүңөр үчүн эмес, нан жеп, тойгонуңар үчүн издеп жүрөсүңөр+. 27  Бузула турган тамак үчүн эмес+, түбөлүк өмүр бере турган бузулбас тамак үчүн эмгектенгиле+. Аны силерге адам Уулу берет, себеби Атабыз, Кудай, аны жактырарын көрсөтүп, ага мөөрүн баскан»,— деди+. 28  Ошондо алар: «Кудайга жагыш үчүн эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты. 29  Иса: «Ал кимди жиберсе+, ошого ишенгиле+. Кудайга жаккан иш мына ушул»,— деп айтты. 30  Алар: «Көрүп, сага ишенип калышыбыз үчүн, кандай керемет көрсөтөсүң?+ Кана, эмне кыласың? 31  Ыйык Жазмада: „Аларга асмандан нан берди“+,— деп жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен»,— дешти+. 32  Буга Иса: «Силерге чындыкты айтып коёюн, асмандан нанды Муса берген эмес. Силерге асмандан чыныгы нанды Атам берип жатат+. 33  Ким асмандан түшүп, дүйнөгө өмүр берсе, ошол — Кудай берген нан»,— деп айтты. 34  Ошондо алар: «Мырзабыз, бизге дайыма ошондой нан берчи»,— дешти+. 35  Иса аларга мындай деди: «Мен өмүр нанымын. Ким мага келсе, эч качан ачка болбойт. Ким мага ишенсе, эч качан суусабайт+. 36  Бирок, силерге айтканымдай, мени көрсөңөр да, мага ишенбей жатасыңар+. 37  Атам мага бергендердин баары мага келет. Мага келгендерди мен эч качан кубалабайм+. 38  Анткени мен асмандан+ өз эркимди эмес, мени жибергендин эркин аткарыш үчүн келгем+. 39  Мени жибергендин эрки болсо мындай: ал мага бергендеринин бирин да жоготпошумду жана аларды акыркы күнү тирилтишимди каалайт+. 40  Анткени Атамдын эрки боюнча, Уулун таанып-билип, ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болушу керек+. Мен аны акыркы күнү тирилтем»+. 41  Ошондо жүйүттөр Исанын: «Мен асмандан келген нанмын»+,— дегенине наалып: 42  «Бул Жусуптун эле уулу Иса эмеспи?+ Мунун ата-энесин баарыбыз эле билебиз го. Анан кантип: „Мен асмандан келгем“,— деп айтып жатат?» — деп сүйлөшө башташты+. 43  Иса аларга мындай деди: «Наалыганыңарды токтоткула. 44  Мени жиберген Атам жакындатпаса+, мага эч ким келе албайт. Мен аны акыркы күнү тирилтем+. 45  Пайгамбарлардын жазууларында: „Алардын баарын Жахаба үйрөтөт“,— деп айтылган+. Атамды угуп, андан таалим алгандардын ар бири мага келет+. 46  Кудайдан келген менден башка эч бир адам Атамды көргөн эмес+. Аны мен гана көргөм+. 47  Силерге чындыкты айтып коёюн, ким мага ишенсе, ал түбөлүк өмүргө ээ болот+. 48  Мен өмүр нанымын+. 49  Ата-бабаларыңар чөлдө манна жегени менен+, баары бир өлүшкөн. 50  Ал эми асмандан келген нанды жеген адам өлбөйт. 51  Мен асмандан келген тирүү нанмын. Ким бул нандан жесе, түбөлүк жашайт. Мен бере турган нан — адамзаттын* өмүрү үчүн+ бериле турган денем»+. 52  Ошондо жүйүттөр: «Бул кантип өз денесин бизге жегенге берсин?» — деп өз ара талаша кетишти. 53  Иса аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, адам Уулунун денесин жеп+, канын ичпесеңер+, өмүргө ээ болбойсуңар+. 54  Ким менин денемди жеп, канымды ичсе, түбөлүк өмүргө ээ. Мен аны акыркы күнү тирилтем+. 55  Анткени менин денем — чыныгы азык, ал эми каным — чыныгы суусундук. 56  Ким денемди жеп, канымды ичсе, ал мени менен биримдикте болот. Мен да аны менен биримдикте болом+. 57  Мени тирүү+ Атам жибергендей жана мен ал аркылуу жашап жаткандай, менин денемди жеген адам да мен аркылуу жашайт+. 58  Асмандан келген нан мына ушундай. Бул нан ата-бабаларыңардын убагындагы нандай эмес. Алар аны жегени менен, баары бир өлүшкөн. Ал эми бул нанды жеген адам түбөлүк жашайт»+. 59  Иса бул сөздөрдү Капернаумда чогулган элди* окутуп жатканда айтты. 60  Анын сөздөрүн укканда көп шакирттери: «Бул эмне дегени?! Муну ким угуп тура алат?» — дешти+. 61  Иса алардын наалып жатканын билип: «Ушул сөздөргө мүдүрүлүп жатасыңарбы?+ 62  Анда адам Уулунун келген жагына көтөрүлүп баратканын көрсөңөр, эмне кыласыңар?+ 63  Рух өмүр берет+, ал эми дене эч кандай пайда алып келбейт. Силерге айткан сөздөрүм ыйык рухтан+ жана алар өмүр берет+. 64  Бирок араңарда ишенбегендер да бар»,— деди. Анткени ал кимдердин ишенбей турганын жана кимдин чыккынчылык кыларын башынан эле билчү+. 65  Андан ары: «„Атам жол бербесе, мага эч ким келе албайт“+,— деп мына ушул себептен айткам»,— деди. 66  Ушундан кийин көп шакирттери кайрадан мурунку иштери менен алектенип+, Исаны жолдобой калышты+. 67  Ошондо ал он эки элчисинен: «Балким, силердин да кеткиңер келип жаткандыр?» — деп сурады. 68  Симон Петир+: «Мырзам, биз кимге бармак элек?+ Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр сенде да+. 69  Биз сенин Кудайдын Ыйыгы экениңди билип, ишенип калдык»+,— деп жооп берди. 70  Иса аларга: «Мен он экиңерди+ тандаган эмес белем? Бирок араңардан бирөө Ибилиске* окшош»,— деди+. 71  Ал Симон Искариоттун уулу Жүйүт жөнүндө айткан эле. Жүйүт он эки элчинин бири болсо да, кийин Исаны сатып кеткен+.

Шилтемелер

Мт 4:18дин шилт-н кара.
Сөзмө-сөз: «дүйнөнүн».
Же: «синагогада».
«Ибилис» деген грек сөзү кимдир бирөөгө жалаа жапкандарга карата колдонулат.