Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Филипиликтер 4:6, 7. «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла»

Филипиликтер 4:6, 7. «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла»

 «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт» (Филипиликтер 4:6, 7, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла. Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Машайак Ыйса аркылуу сактайт» (Филипиликтер 4:6, 7, «Үмүт нуру» котормосу).

Филипиликтер 4:6, 7нин мааниси

 Кудайдын кызматчылары жүрөгүн түпөйүл кылган, санаа тарттырган ойлорун ага айтып тилене алышат. Кудай ошентип тиленгендерге жан дүйнө тынчтыгын берерин убада кылган. Ошонун аркасында алар санаасын санга бөлгөн ойлор менен күрөшүп, тунук ой жүгүртө алышат жана кайгыга чөгүп кетишпейт. Андай бейкуттукка ээ болуш үчүн кантип тиленишибиз керектиги 6-аятта жазылган.

 Жалынуу. Бул Кудайдан чын жүрөктөн жалынып-жалбарууну билдирет. Адам катуу кыйналганда же коркунучка кабылганда, Исадай болуп, Кудайдан жалынышы мүмкүн (Еврейлер 5:7). Андайда ошентип кайра-кайра тиленгенге туура келет.

 Өтүнүү. Бул өз ичине Кудайдан белгилүү бир нерселерди суранууну камтыйт. Кудайдын кызматчылары ага «бардык өтүнүчтөрүн» айта алат. Бирок Ыйык Китепте айтылгандай, алардын сураган нерселери Кудайдын эркине ылайык келиши керек (1 Жакан 5:14).

 Ыраазычылык билдирүү. Бул Кудайды бизге кылган жана кыла турган жакшылыктары үчүн ага алкыш айтууну билдирет. Эгер Кудайга ыраазы болгонго кандай себептер бар экенине көңүл топтосок, кубанычтуу жүрө алабыз (1 Тесалоникалыктар 5:16—18).

 Ушинтип тиленген кызматчыларына Кудай тынчтык берет. «Кудайдын тынчтыгы» аны менен ынак мамиледе болуунун аркасында орногон бейкуттукту билдирет (Римдиктер 15:13; Филипиликтер 4:9). Андай тынчтык «ар кандай ой түшүнүктөрдөн жогору турат». Себеби ал Кудайдан. Анын аркасында жан дүйнөбүзгө өзүбүз ойлогондон да зор тынчтык орнойт.

 Филипиликтер 4:7де Кудайдын тынчтыгы жүрөгүбүздү сактаары айтылган. Бул аяттагы «сактайт» деп которулган грек сөзү чептүү шаарды кайтарган аскерлердин тобуна карата колдонулган. Аскерлер сыңары, Кудайдын тынчтыгы санаага батып кеткенден сактайт жана акылыбызды ар кандай терс ойлордон коргойт. Ошондой эле оор кыйынчылыктардан улам дүрбөлөңгө түшпөгөнгө жардам берет.

 Кудайдын тынчтыгы бизди «Машаяк Иса аркылуу сактайт». Себеби Иса болбосо Кудай менен мамиле түзө албайбыз. Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалган. Эгер ага ишенсек, Кудайдын батасына ээ болобуз (Еврейлер 11:6). Андан сырткары, Иса — Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы. Ал: «Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген (Жакан 14:6; 16:23).

Филипиликтер 4:6, 7нин контексти

 Филипиликтерге жазылган катты элчи Пабыл Филипи a шаарындагы ишенимдештерине жолдогон. 4-бөлүмдө Пабыл ал жыйналыштагыларды кубанганга үндөгөн. Аны сүйүндүрүп марттык көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген (Филипиликтер 4:4, 10, 18). Ошондой эле тиленүүнүн аркасында кандайча Кудайдын тынчтыгына ээ боло аларыбыз жөнүндө сөз кылган. Андан тышкары, Кудайдын тынчтыгына ээ болуш үчүн эмнелер тууралуу ой жүгүртүшүбүз, эмнелерди кылышыбыз керектиги тууралуу да жазган (Филипиликтер 4:8, 9).

a Азыркы Грецияда жайгашкан.