Филипиликтер 4:1—23
4 Ошентип, менин кубанычым жана таажым болгон+, мен сагынып жүргөн сүйүктүү бир туугандарым, Теңир жолунда бекем тургула+.
2 Эйдияны да, Синтихени да Теңир жолунда бир ойдо болууга чакырам+.
3 Чыныгы кызматташым+ катары сенден да өтүнөм, ошол аялдарга жардам бер. Алар мени менен ийиндеш туруп+, Клемес жана ысымдары+ өмүр китебине жазылган+ башка кызматташтарым+ менен бирге жакшы кабар үчүн күрөшүшкөн.
4 Теңир жолунда дайыма кубангыла+. Дагы да айтам, кубангыла!+
5 Эстүүлүгүңөр+ бардык адамдарга белгилүү болсун. Теңир жакын+.
6 Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла+, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу+ аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле+.
7 Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы+ жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт+.
8 Ошентип, бир туугандар, эмне чындык болсо, эмне олуттуу көңүл бурууга татыса, эмне адил, эмне таза болсо+, эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жөнүндө жакшы пикирде болушса, эмне жакшылык деп эсептелсе, эмне мактоого татыктуу болсо, ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө+.
9 Менден эмнеге үйрөнсөңөр, эмнени кабыл алсаңар, эмнени уксаңар жана эмнени көрсөңөр, ошолорду аткаргыла+. Ошондо тынчтыктын Кудайы+ силер менен болот.
10 Мени кайрадан ойлой баштаганыңарга Теңирдин кызматчысы катары аябай кубанып жатам. Силер мени мурун деле ойлочусуңар+, бирок муну иш жүзүндө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүңөр болгон эмес.
11 Буларды муктаж болгондуктан айтып жаткан жокмун, анткени бардык жагдайларда колумда болгон нерсеге ыраазы болууга үйрөнгөм+.
12 Ооба, мен жокчулук эмне экенин да+, молчулук эмне экенин да билем. Бардык жагынан жана бардык жагдайларда ток жүрүүнүн да, ачка жүрүүнүн да, молчулукта жашоонун да, жакырчылыкта жашоонун да сырын билдим+.
13 Анткени мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам+.
14 Ошентсе да кыйналганымда+ мага жардам берип+, жакшы иш кылдыңар.
15 Себеби силер, филипиликтер, жакшы кабарды биринчилерден болуп уккандан кийин, мен Македониядан чыкканда, мага силерден башка бир да жыйналыштын жардам бербегенин+ жана жардамымды кабыл албаганын билесиңер.
16 Тесалоникада жүргөнүмдө да, муктаждыгымды канааттандырыш үчүн мага эки ирет жардам жөнөткөнсүңөр.
17 Мен силерден белек алууну каалап жаткан жокмун+, силерге дагы көбүрөөк пайда алып келе турган жемишти+ көрүүнү каалап жатам.
18 Анткени менде баары жетиштүү, баары мол. Эпафродит+ аркылуу берип жибергендериңерди алдым, андыктан азыр менде баары бар. Алар — Кудайга жаккан жыпар жыттуу+, жагымдуу курмандыктар+.
19 Ал эми даңктуу байлыкка+ ээ Кудайым+ силерге Машаяк Иса аркылуу муктаж болгон нерселериңердин баарын берет+.
20 Кудай Атабыз түбөлүктөн түбөлүккө даңктала берсин+. Оомийн.
21 Машаяк Иса менен биримдикте болгон+ ыйыктардын баарына менден салам айтып койгула+. Жанымдагы бир туугандар силерге салам айтып жатышат.
22 Бардык ыйыктар, айрыкча, цезардын* үйүндөгүлөрү силерге салам айтып жатышат+.
23 Жакшы маанай көрсөтүп жаткан силерге Мырзабыз Иса Машаяк ырайымын төгө берсин+.
Шилтемелер
^ Же: «императордун».