Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Өспүрүм курактагы депрессия

Өспүрүм курактагы депрессия

«ДЕПРЕССИЯ болгондо эч нерсеге көңүлүм чаппай, жадагалса аябай жакшы көргөн нерселеримди да кылгым келбей калчу. Уйкудан көзүм ачылчу эмес. Эч кимге керегим жоктой, эч нерсеге татыксыздай, башкаларга жүк болуп жатканымдай сезиле берчү»,— дейт Анна *.

«Жанымды кыюу жөнүндө көп ойлочумун, бирок өлгүм деле келчү эмес, болгону, терс сезимдерден арылгым келчү. Адатта башкаларга кам көргөнгө аракет кылам, бирок депрессия болгондо эч ким менен, эч нерсе менен ишим жок болуп калчу»,— деп эскерет Жулия.

Анна менен Жулия өспүрүм курагы башталганда эле депрессияга чалдыгышкан. Айрым жаштардын кээде-кээде көңүлү чөккөнү таң калыштуу деле эмес. Бирок Анна менен Жулиянын жумалап, ал тургай айлап көңүлү чөккөн учурлары болчу. Анна мындай дейт: «Бир жылчыгы жок капкараңгы туңгуюкка түшүп кеткендей сезилчү. Андайда таптакыр башка киши болуп калчумун».

Анна менен Жулияныкындай сезимде болгондор аз эмес. Ушу тапта өспүрүмдөрдүн арасында депрессияга кабылгандардын саны болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) «10дон 19 жашка чейинки кыздардын да, балдардын да кайсы бир ооруга чалдыгышына жана көп нерсени кыла албай калышына негизинен депрессия себеп болуп жатканын» билдирген.

Депрессиянын белгилери өспүрүм курактын кайсы учурунда болбосун билине баштайт. Андай белгилерге уйкунун, табиттин жана салмактын өзгөрүшү кириши мүмкүн. Мындан тышкары, андай балдар ындыны өчүшү, жакшы нерседен үмүттөнбөй калышы, кайгырышы жана өзүн эч нерсеге татыксыз сезиши да ыктымал. Ошондой эле элден обочолонушу, бир нерсеге көңүл топтой албашы, эс тутуму начарлашы, өмүрүн кыюуну ойлонушу же кыюуга аракет кылышы мүмкүн. Же дагы башка ушу сыяктуу медицина түшүндүрүп бере албаган белгилер байкалышы этимал. Психикалык саламаттык боюнча адистер, адатта, депрессияны аныкташ үчүн жумалап созулган жана адамдын күнүмдүк жашоосун бүлгүнгө учураткан бир нече белгиге көңүл бурушат.

ЭМНЕЛЕР СЕБЕП БОЛУШУ МҮМКҮН?

ДССУнун билдирүүсүнө ылайык, депрессияга көптөгөн факторлордун бир учурда болушу себеп болот. Ага башкалардын кылган мамилеси, стресс жана физикалык факторлор шарт түзүп коюшу мүмкүн.

Физикалык факторлор. Айрымдардын депрессия болушуна көп учурда Жулияныкындай жагдай, атап айтканда, мээнин химиялык абалына терс таасирин тийгизген генетикалык факторлор себеп болот. Ошондой эле депрессияга жүрөк-кан тамыр оорулары, гормондордун деңгээлинин өзгөрүшү шарт түзөт. Андан сырткары, баңгизатка же ичкиликке көз каранды болуп калганы, ага себеп болбосо да, аны күчөтөт *.

Стресс. Анча-мынча стресс болуу пайдалуу. Ал эми стресс узакка созулса же өтө катуу болсо, денеге да, психикага да зыян келтирет. Организми өсүп жетилип келаткан жеткинчектер ошонун айынан кээде депрессияга учурашат. Анткен менен депрессиянын себептери азырынча так аныктала элек. Жогоруда айтылгандай, депрессияга бир эле учурда бир канча факторлордун болушу шарт түзүп коюшу мүмкүн.

Бала ата-энеси ажырашканда же бөлөк жашап калганда, жакын кишисинен айрылганда, зордук-зомбулукка, сексуалдык кордукка дуушар болгондо, чоң кырсыкка учураганда, ооруга чалдыкканда же начар окугандыктан башкалар басынтканда стресс болот. Бул депрессияга алып келиши мүмкүн. Ошондой эле ага ата-энесинин, өзгөчө, сабагына байланыштуу көптү талап кылганы да себеп болот. Булардан сырткары, мектептен кордук көргөнү, келечегинин белгисиз болгону, депрессиядан кыйналган атасынын же энесинин көңүл бөлбөгөнү жана алардын туруктуу болбой, бардык нерсени маанайына жараша жасаганы да таасир этет. Өспүрүмдөр депрессия менен кантип күрөшсө болот?

ЭМОЦИЯЛЫК САЛАМАТТЫГЫҢАРГА ЖАНА ДЕН СООЛУГУҢАРГА КАМ КӨРГҮЛӨ

Депрессия менен күрөшүүгө адатта дары-дармектер жана психика боюнча адистердин кеңеши жардам берет *. Иса пайгамбар: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж»,— деп айткан (Марк 2:17). Оору кайсы бир органдын, анын ичинде мээнин да иштешине таасир этет. Аң-сезим менен организм бири-бири менен тыгыз байланышта болгондуктан, жашоо мүнөзүн өзгөртүү да пайдалуу болушу ыктымал.

Эгер силер да депрессиядан кыйналып жатсаңар, эмоциялык саламаттыгыңарга жана ден соолугуңарга кам көргүлө. Пайдалуу тамак-аш жегиле, жетиштүү уктагыла, ошондой эле дайыма дене тарбия көнүгүүлөрүн жасагыла. Көнүгүү жасаганда организмде маанайды көтөрө турган химиялык заттар бөлүнүп чыгат, денеңерге кубат кирет жана уйкуңар жакшырат. Мүмкүн болсо, депрессиядан кабар берген маанайдын белгилерин жана ага эмне себеп болуп жатканын аныктаганга аракет кылгыла, ошондой эле эмне кыларыңарды ойлонуштургула. Ишенген кишиңер менен сүйлөшкүлө. Балким, үйүңөрдөгүлөр, досторуңар депрессиянын таасирин басаңдатып, аны менен күрөшүүгө жардам бере алаттыр. Жогоруда айтылган Жулияга кандай ойдо, кандай сезимде болуп жатканын күндөлүккө жазып жүргөнү жардам берген. Силер да ошентсеңер болот. Баарынан маанилүүсү, рухий муктаждыгыңарга көңүл бөлгүлө, тактап айтканда, Кудайга жакындоого аракет кылгыла. Бул жашоого карата болгон көз карашыңарга абдан таасир этет. Иса пайгамбар: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деп айткан (Матай 5:3).

Жакшы тамактангыла, көнүгүү жасагыла, жетиштүү уктагыла

Кудайга жакындоо адамды жубатат

Анна да, Жулия да Иса пайгамбардын айткандарынын тууралыгына ынанышкан. Анна Кудайга жакындата турган иштерге убакыт бөлгөндүктөн мындай дейт: «Рухий иштер менен алектенгенде өзүмдүн эле кыйынчылыктарыма көңүл топтой бербей, башкаларды көбүрөөк ойлойм. Андай кылуу дайыма эле оңой боло бербейт дечи, бирок ошонун аркасында өзүмдү бактылуу сезем». Жулияны болсо Кудайдан жардам сурап тиленгени жана Ыйык Китеп окуганы абдан жубатат. Ал мындай дейт: «Жүрөгүмдөгүнүн баарын Кудайга айтканымда жеңилдеп калам. Ошондой эле Ыйык Китепти окуганда Кудайдын көз алдында баалуу экениме, ал мага чындап кам көрөрүнө ынанам. Ыйык Китеп келечекке үмүт менен кароого да жардам берет».

Жахаба Кудай бизди жараткандыктан көз карашыбызга жана сезимдерибизге алган тарбиябыз, башыбыздан өткөн окуялар, ошондой эле генетикалык факторлор кандай таасир этерин эң жакшы билет. Ошондуктан ал айрым учурларда боорукер, түшүнүктүү адамдарды колдонуп бизди жубатып, жардам бере алат. Андан тышкары, жакында Кудай бизди бардык оорудан, анын ичинде эмоциялык оорудан да айыктыра турган заман келет. Ышая пайгамбар: «Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт»,— деп жазган (Ышая 33:24).

Ооба, Ыйык Китепте: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт»,— деп жазылган (Аян 21:4). Бул кандай гана жубатарлык сөздөр! Эгер Кудайдын адамзатка жана жерге байланыштуу кандай ой-ниети бар экенин билгиңер келсе, биздин jw.org/ky сайтыбызга кирсеңер болот. Ал жактан Ыйык Китепти онлайн окуй аласыңар, ошондой эле көптөгөн кызыктуу макалаларды, анын ичинде депрессия тууралуу да макалаларды таба аласыңар.

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлдү.

^ 10-абз. Адамдын маанайына жүздөгөн оорулар, дары-дармектер жана баңгизаттар таасир этиши мүмкүн болгондуктан, диагноздун туура коюлушу маанилүү.

^ 14-абз. «Ойгонгула!» журналы дарылануунун кандайдыр бир түрүн жактабайт.