Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Санарип техникасын чеги менен колдоносуңарбы?

Санарип техникасын чеги менен колдоносуңарбы?

Бир видеооюндан башы чыкпай калган Жени мындай дейт: «Мен бул оюнду күнүнө 8 саат ойнойм. Бул өзүнчө эле бир балээ болду».

Дэнис бир жума эч кандай электрондук каражат колдонбойм, Интернетке кирбейм деп чечкен, бирок 40 саат гана чыдаган.

Жени да, Дэнис да өспүрүмдөр эмес. Жени — төрт баланын энеси, Дэнис болсо 49 жаштагы киши.

СИЛЕР ДА санарип техникасын колдоносуңарбы? Бүгүнкү күндө аны пайдаланбагандар дээрлик жокко эсе. Себеби андай электрондук каражаттар жумушта да, башкалар менен байланышууда да, көңүл ачуу тармагында да кеңири колдонулуп, пайдасын тийгизүүдө.

Азыркы тапта көптөр, Жени менен Дэниске окшоп, техникага байланып калгандай сезилет. Мисалы, 20 жаштагы Николь мындай дейт: «Ачыгын айтсам, менин эң жакын досум — телефонум. Аны, каякка бассам да, жаныма ала жүрөм. Ал эми байланыш жок жерге барып калсам, тынчым кете баштайт. Каттарды да жарым саат сайын текшермейин тура албайм. Буга өзүмдүн да күлкүм келет».

Кээ бирөөлөр электрондук каражаттарына кат келген-келбегенин ал тургай түнкүсүн да текшерип турушат. Алар андай санарип «жан шеригинен» бөлүнүп калса, кадимкидей оорушат. Изилдөөчүлөрдүн бир даары мындай жүрүм-турумду, мейли, санарип техникасынын бардык түрүнө болобу, же Интернет, смартфон сыяктуу белгилүү бир нерсеге ганабы, кандай болбосун, көз карандылыкка теңешет. Башкалары болсо «көз карандылык» деген сөздү колдонуудан качып, мындай адатка жөн гана кишинин бүт эси-дартын ээлеп алып, аны кумарпозго айландырган көйгөй деген аныктама беришет.

Бирок аны эмне деп аташпасын, санарип техникасын чеги менен колдонбогондук көп көйгөй жаратарына шек жок. Кээде ошонун айынан кишинин үйүндөгүлөрү менен болгон мамилеси сууп калат. Маселен, 20 жаштагы бир кыз: «Атам менин жашоомдо эмнелер болуп жатканын билбейт. Ал үйдө чогуу отурганда мени менен сүйлөшүп жатып деле кат жазыша берет. Телефонун такыр колунан түшүрбөйт. Атам мени ойлойт эле болуш керек, бирок кээде иши жоктой сезилип кетет»,— деп атасына нааразы болгон.

«Оорулууларга» жардам

Кытай, Түштүк Корея, Британия жана АКШда техниканы ашкере көп колдонгон «оорулууларга» жардам бере турган атайын борборлор бар. Ал жакта андай «оорулууларга» Интернетти жана санарип техникасын колдондурбайт. Бир учурда күнүнө дээрлик 16 саат видеооюн ойногон Брет деген бир жигит: «Онлайн оюндарынын таасири баңгизаттыкындай эле болчу»,— дейт. Ал оорудан айыгыш үчүн Брет жогоруда айтылгандай борборлордун бирине кайрылган. Ошол кезде ал жумушунан да, досторунан да айрылып калган эле, өзүн да карабай калган болчу. Ушундай кейиштүү абалга туш болбош үчүн эмне кылуу керек?

ӨЗҮҢӨРДҮ ТЕКШЕРИП КӨРГҮЛӨ. Техниканын жашооңорго канчалык таасир этип жатканын аныктоого жардам берген суроолор:

  • Интернетке кирүү же электрондук каражатымды колдонуу мүмкүн болбой калса, тынчым кетип, ал тургай кыжырдана баштабаймынбы?

  • Интернетти же электрондук каражатымды өзүм белгилеп алган убакыттан кийин деле бир топко чейин колдоно бербейминби?

  • Кат келгенин текшерип жатып уйкудан калып жаткан жокмунбу?

  • Санарип техниканы үй-бүлөмө көңүл бурбай калганчалык колдонбоймунбу? Бул туурасында үй-бүлөм кандай ойдо?

Эгер санарип техникасын колдонгонуңардын айынан андан да маанилүү нерселерге, анын ичинде үй-бүлөңөргө жана башка жоопкерчиликтериңерге көңүл бөлбөй калып жатсаңар, анда тезинен чара көрүшүңөр керек (Филипиликтер 1:10).

ӨЗҮҢӨРГӨ ЧЕК КОЙГОНДУ ҮЙРӨНГҮЛӨ. Кала берсе жакшы нерсени деле чеги менен кылбаса, зыяны тиет. Ошондуктан санарип техникасын жумуш үчүн колдоносуңарбы же көңүл ачыш үчүнбү, канча убакыт колдоноруңарды алдын ала белгилеп алгыла да, ошого кармангыла.

Кеңеш. Үйдөгүлөрдөн же досуңардан силерге жардам беришин сурангыла. Ыйык Китепте: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы. Анткени... бири жыгылса, экинчиси тургузат»,— деп айтылат (Насаатчы 4:9, 10).

Көз каранды болуп калуудан сак болгула

Жаңы чыгып жаткан электрондук каражаттар керектүү маалымат алууну же жөнөтүүнү ары жеңилдетип, ары тездетип жаткандыктан, көптөрдүн аларды барган сайын көбүрөөк колдонору турган иш. Андыктан аларга байланып, көз каранды болуп калуудан сак болгула. Эгер убакытты маанилүү иштерге пайдалана билсеңер, андай кылтакка илинбейсиңер (Эфестиктер 5:16).