Ышая 2:1—22
2 Амостун уулу Ышаянын Жүйүт менен Иерусалим жөнүндө алган аяны+.
2 Акыркы күндөрдө+ Жахабанын үйүнүн тоосу+ тоолордун чокусунан бийик коюлат+, адырлардан жогору көтөрүлөт+, ага бүт элдер агылып келет+.
3 Көптөгөн элдер келип: «Келгиле+, Жахабанын тоосуна, Жакыптын Кудайынын үйүнө чыгалы. Ал бизге өзүнүн жолдорун үйрөтөт, биз анын жолдору менен жүрөбүз»,— дешет+. Анткени Сиондон мыйзам, Иерусалимден Жахабанын сөзү чыгат+.
4 Ал элдер арасында сот жүргүзүп+, көп элдерге байланышкан+ иштерди оңдойт+. Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат+. Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, алар согушууга үйрөнүшпөйт+.
5 Оо, Жакыптын үйү, кел, Жахабанын жарыгында жүрөлү+.
6 Сен өз элиңди, Жакыптын үйүн, таштап кеттиң+. Анткени алар Чыгыштан көп нерсени үйрөнүп+, пелиштиликтерге окшоп, сыйкырчылык кылып жатышат+. Алардын арасында бөтөн жерликтердин балдары көп+.
7 Алардын жери алтын-күмүшкө толуп, байлыгына эсеп жетпейт+. Жылкысы көбөйүп, арабаларына сан жетпейт+.
8 Алардын жери пайдасыз кудайларга толду+. Алар адамдын колунан жаралган нерсеге, адамдын манжалары жасаган нерсеге таазим кылып жатышат+.
9 Пенде кемсинтилип, адам басынтылып жатат, ошондуктан сен аларды кечире албайсың+.
10 Жахабанын сүрүнөн, эбегейсиз зор улуулугунан+ улам аскага кире кач, жердин астына жашын.
11 Адамдын менменсинген көздөрү жер карайт, текебер адамдар кемсинтилет+. Ал күнү Жахаба гана жогору турат+.
12 Анткени ал күн — асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын күнү+. Ал күн өзүн көтөргөндөрдүн жана менменсингендердин, даражасы бийиктердин жана карапайымдардын+,
13 Лебанондун бийик, бой тиреген бал карагайларынын+ жана Башандын+ бакыйган бак-дарактарынын,
14 көк тиреген тоолордун жана бийик адырлардын+,
15 бийик мунаралардын жана бекемделген дубалдардын+,
16 Таршыш кемелеринин+ жана мыкты кайыктардын баары үчүн каргашалуу болот.
17 Бой көтөргөн адам кемсинтилет, текеберлер басынтылат+. Ал күнү Жахаба гана жогору турат+.
18 Пайдасыз кудайлар биротоло жок болот+.
19 Жахаба жерди солкулдатыш үчүн ордунан турганда+, адамдар анын сүрүнөн, эбегейсиз зор улуулугунан+ улам аскалардагы үңкүрлөргө, жердеги чуңкурларга жашынышат.
20 Ошол күнү алар күмүштөн жасалган пайдасы жок кудайларын, алтындан жасалган пайдасыз кудайларын жер чукуурлар* менен жарганаттарга ыргытат+.
21 Жахаба жерди солкулдатыш үчүн ордунан турганда, алар анын сүрүнөн, эбегейсиз зор улуулугунан+ улам аскалардагы тешиктерге, жарлардагы жаракаларга жашынышат.
22 Таноосунда деми бар+ пендеге таянбагыла. Андан эмне пайда?+
Шилтемелер
^ Чычканга окшош жаныбар.