Эфестиктер 5:1—33
5 Ошентип, Кудайды туурагыла+, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар.
2 Машаяк өзүн силер үчүн Кудайга жыты жагымдуу тартуу+ жана курмандык катары берип+, силерди сүйгөндөй+, силер да сүйүү жолунда жүргүлө+.
3 Араңарда бузуктук+, ар кандай ыпыластык же ач көздүк+ жөнүндө сөз да болбосун+, анткени бул ыйыктарга+ жарашпайт.
4 Ошондой эле уятсыз жүрүм-турум+, маңызсыз сөздөр, адепсиз тамашалар+ сыяктуу орунсуз нерселерге да жол берилбесин. Андан көрө, Кудайга ыраазычылык айтылсын+.
5 Анткени өзүңөр билип, толук түшүнгөндөй, бузуктук кылып жүргөн+ же ыпыластыкка берилген, же ач көз+, башкача айтканда, бурканга табынып жүргөн бир да адам Машаяктын жана Кудайдын Падышалыгында мураска ээ болбойт+.
6 Эч ким силерди куру сөздөр менен алдабасын+, анткени тил албас адамдар+ жогоруда айтылган нерселер үчүн Кудайдын каарына калышат.
7 Ошондуктан алар менен эч кандай байланышыңар болбосун+.
8 Анткени силер бир кезде караңгы элеңер+, азыр болсо Мырзабыз менен биримдикте болгондуктан жарыксыңар+. Мындан ары да жарыктын балдарындай жашагыла,
9 себеби жарыктын жемишине жакшылыктын бардык түрү, адилдик, чындык кирет+.
10 Теңирге эмне жагарын баамдап биле бергиле+.
11 Мындан ары алар менен бирге караңгылыктын жемишсиз иштерине+ катышпагыла+, тескерисинче, аларды ашкерелегиле+.
12 Анткени алардын жашыруун кылган иштерин айткандан да уяласың+.
13 Ашкереленген нерсенин баары+ жарык аркылуу ачыкка чыгат, анткени ачыкка чыккандын баары+ — жарык.
14 Андыктан: «Уктап жаткан адам, ойгон+, өлгөндөрдүн арасынан тирил+. Ошондо Машаяк сага жарык чачат»+,— деп айтылат.
15 Ошентип, кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп+, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла.
16 Убакытты пайдалана билгиле*+, анткени катаал күндөрдө жашап жатабыз+.
17 Ошондуктан акылсыз болбогула, тескерисинче, Жахабанын эркин+ таанып-биле бергиле+.
18 Ошондой эле шарап ичип мас болбогула+, анткени бул адепсиздикке алып барат+. Тескерисинче, рухка толуп+,
19 бири-бириңерге забурларды+, рухий ырларды ырдап+, Кудайды даңктоо сөздөрүн айткыла+. Жүрөгүңөрдө Жахабага күү чертип ырдагыла+.
20 Мырзабыз Иса Машаяктын аты менен Кудай Атабызга ар дайым бардык нерсе үчүн ыраазычылык айткыла+.
21 Машаякты терең урматтагандыктан бири-бириңерге баш ийгиле+.
22 Аялдар күйөөлөрүнө Мырзабызга баш ийгендей баш ийишсин+,
23 анткени Машаяк жыйналыштын, дененин, куткаруучусу жана башчысы болгондой эле+, күйөө — аялынын башчысы+.
24 Жыйналыш Машаякка баш ийгендей эле, аялдар да күйөөлөрүнө бардык жагынан баш ийишсин+.
25 Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла+. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген+,
26 аны Кудайдын сөзүнүн суусу менен жууп-тазалап+, ыйыктаган+.
27 Ошентип, жыйналыш анын алдына бырыш-тырышы, тагы же ушу сыяктуу нерсеси жок, ыйык жана кемтиксиз болуп+, кооздукка бөлөнүп барат+.
28 Ошол сыяктуу эле, күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт.
29 Анткени эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, азыктандырып, бапестейт+. Машаяк да жыйналышка ушинтип кам көрөт,
30 себеби биз анын денесинин мүчөлөрүбүз+.
31 «Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»+.
32 Бул ыйык сыр+ абдан терең. Мен Машаяк менен жыйналыш жөнүндө айтып жатам+.
33 Ошентип, ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө+, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «ылайыктуу убакыт сатып алгыла».