Колосалыктар 1:1—29
1 Кудайдын эрки менен Машаяк Исанын элчиси болгон Пабылдан+ жана бир тууганыбыз Тиметейден+
2 Машаяк менен биримдикте болгон+, Колосада жашаган ыйыктарга жана ишенимдүү бир туугандарга:
Кудай Атабыздын ырайымы, тынчтыгы силер менен болсун+.
3 Силер үчүн тиленгенибизде+ Кудайга, Мырзабыз Иса Машаяктын Атасына, ар дайым ыраазычылык айтабыз+.
4 Анткени Машаяк Исага болгон ишенимиңер жана бардык ыйыктарга болгон сүйүүңөр+ жөнүндө укканбыз.
5 Андай ишеним менен сүйүүгө силер асманда өзүңөр үчүн сакталган+ нерсеге үмүттөнгөндүктөн+ ээсиңер. Ал үмүт жөнүндө болсо жакшы кабарда камтылган чындык сөздөрү аркылуу мурун эле уккансыңар+.
6 Силерге жеткен жакшы кабар жемиш берип+, бүт дүйнөгө+ тарап жаткандай эле+, Кудайдын ырайымы+ тууралуу чындыкты+ укканыңардан, так таанып-билгениңерден бери силердин да араңарда тарап жатат.
7 Силер аны Мырзабыздын биз сыяктуу эле кулу болгон сүйүктүү Эпафрастан+ үйрөнгөнсүңөр. Машаяктын ишенимдүү кызматчысы катары ал силерге биздин ордубузга кызмат кылууда.
8 Ал бизге рухтун жардамы менен көрсөтүп жаткан сүйүүңөр+ жөнүндө айтып берди.
9 Ошондуктан биз бул жөнүндө уккан күндөн тартып силер үчүн үзгүлтүксүз тиленип+, толук акылмандык+ жана рухий түшүнүк+ менен анын эркин так таанып-билишиңерди суранып жатабыз+.
10 Ошол так билимдин аркасында Жахабанын ысмына+ татыктуу жашап+, ага бардык жагынан жагышыңар үчүн, ошондой эле ар бир жакшы иште жемиш берип+, Кудайды так таанып-биле беришиңер үчүн+ тиленип жатабыз.
11 Анын даңктуу кудуретине ылайык зор күч менен бекемделип+, акырына чейин чыдамкайлык, кубаныч менен туруктуу болгула+,
12 өзүңөрдү жарыкта+ жүргөн ыйыктардын+ мурасына үлүштөш болууга+ жарактуу кылган Атабызга ыраазычылык билдиргиле.
13 Ал бизди караңгылыктын бийлигинен+ куткарып, сүйүктүү Уулунун+ падышалыгына+ киргизди+.
14 Уулу аркылуу биз кундун негизинде боштондукка чыктык, күнөөлөрүбүз кечирилди+.
15 Ал — көрүнбөс+ Кудайдын бейнеси+, бардык жаратылгандардын туңгучу+.
16 Анткени асмандагы жана жердеги калган нерселердин баары, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселер, тактылар же башкаруучулар болобу, өкмөттөр же бийликтер болобу+, ал аркылуу жаратылган+. Баары ал аркылуу+ жана ал үчүн жаратылган.
17 Ал баарынан мурун бар болгон+ жана калган нерсенин баары ал аркылуу бар боло баштаган+.
18 Ал — дененин башы, мындайча айтканда, жыйналыштын башчысы+. Бардык нерсенин биринчиси болушу үчүн+, ал — башталыш, өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген туңгуч+.
19 Анткени Кудай анын бардык жактан толуктукка ээ болушун+,
20 ошондой эле анын жаза устунунда төгүлгөн+ каны аркылуу+ тынчтыкка жол ачып+, ал аркылуу жердеги жана асмандагы калган нерселердин баарын+ Өзү менен элдештирүүнү туура көрдү+.
21 Ооба, жалаң жаман иштерди ойлогондуктан+ силер бир кездерде Кудайдан алыс элеңер+, ага душман болчусуңар.
22 Бирок азыр, анын алдында ыйык, кемчиликсиз+ жана айыпсыз болушуңар үчүн+, ал силерди Уулунун адамдык денеси, өлүмү аркылуу+ өзү менен элдештирди+.
23 Албетте, бул үчүн ишенимиңерди сактап+, пайдубалдын+ үстүндө бекем туруп+, туруктуу болуп, өзүңөр уккан+ жакшы кабарга негизделген үмүттөн четтебешиңер керек. Бул кабар асман астындагы бардык жаратылгандарга+ жарыяланды+. Мен, Пабыл, бул жакшы кабардын кызматчысы болуп калдым+.
24 Азыр силер үчүн азап тартып жатканыма+ кубанып жатам, бирок мен Машаяктын денеси — жыйналыш+ — үчүн анын башына түшкөн кыйынчылыктарга+ али толугу менен дуушар боло элекмин.
25 Кудай силердин пайдаңар үчүн мага жоопкерчилик тапшыргандыктан+, ушул жыйналыштын кызматчысы болуп калдым+. Мен Кудайдын сөзүн толук жарыялоого,
26 башкача айтканда, ыйык сырды+ жарыялоого милдеттүүмүн. Мурунку дүйнө түзүлүштөрүнө жана мурунку муундарга жашыруун болгон+ ал сыр азыр анын ыйыктарына ачылып берилди+.
27 Кудай аларга башка элдердин арасында ачылып берилген ошол ыйык сырдын+ даңктуу байлыгын көрсөтүүнү ылайык көрдү+. Ал сыр — силер менен биримдикте болгон Машаяк+, аны менен даңкталууга болгон үмүт+.
28 Биз бардык адамдарды Машаяктын жетилген жолдоочулары кылып+, Кудайдын алдына алып келиш үчүн, ар бирине насаат айтып, толук акылмандык+ менен үйрөтүп, Машаяк жөнүндө жарыялап жатабыз+.
29 Ушул максатка жетиш үчүн бүт күчүмдү жумшап+, анын мага таасир эткен зор күчү+ менен эмгектенип жатам+.