Колосалыктар 3:1—25
3 Эгер Машаяк менен бирге тирилген болсоңор+, анда асмандагы нерселерге умтулгула+; ал жакта Машаяк Кудайдын оң тарабында отурат+.
2 Жердеги эмес+, асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткүлө+.
3 Анткени силер өлгөнсүңөр+ жана өмүрүңөр+ Кудай менен биримдиктеги Машаяк+ менен бирге жашырылган.
4 Өмүрүбүз болгон Машаяк+ даңкын көрсөткөндө+, силер да ага кошулуп даңк менен көрүнөсүңөр+.
5 Андыктан бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга+, жаман каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ач көздүккө+ азгырган дене мүчөлөрүңөрдү+ өлтүргүлө+.
6 Себеби андай иштер үчүн Кудайдын каары төгүлөт+.
7 Силер да бир кездерде ошондой жашап, ошол жолдо жүрчүсүңөр+.
8 Бирок азыр булардын баарынан: каардан, ачуудан, жамандыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн+ арылгыла+; оозуңардан эч кандай адепсиз сөздөр чыкпасын+.
9 Бири-бириңерге калп айтпагыла+. Эски табиятты иштери менен кошо чечип+,
10 Жаратуучусунун бейнеси боюнча, так билимдин негизинде жаңыланып турган+ жаңы табиятты кийгиле+.
11 Мында грек да, жүйүт да, сүннөткө отургузулуу да, отургузулбоо да, бөтөн жерлик да, скиф* да, кул да, эркин адам да жок+; Машаяк — бардыгы жана бардыгында+.
12 Ошондуктан Кудай тандаган+ ыйык жана сүйүктүү адамдар катары назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти+, ак көңүлдүктү, момундукту+, жумшактыкты+ жана чыдамкайлыкты кийгиле+.
13 Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да+, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле+. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле+.
14 Ушулардан сырткары, сүйүүнү кийгиле+, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү+.
15 Жүрөгүңөрдө Машаяктын тынчтыгы+ өкүм сүрсүн+, анткени силер ал тынчтыкка бир денени түзүү үчүн+ чакырылгансыңар. Ошондой эле дайыма ыраазы болгула.
16 Машаяктын сөзү силерде толук акылмандык менен мол болсун+. Мындан ары да бири-бириңерди забурлар+, Кудайды даңктоо ырлары жана жагымдуу рухий ырлар+ менен бекемдеп, үйрөтө бергиле+. Жахабага жүрөгүңөрдөн ырдагыла+.
17 Эмне сүйлөп, эмне кылсаңар да+, баарын Мырзабыз Исанын аты менен+, ал аркылуу Кудай Атабызга ыраазычылык билдирүү менен кылгыла+.
18 Аялдар, Мырзабыздын жолдоочуларынан талап кылынгандай, күйөөңөргө баш ийгиле+.
19 Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла+, аларга каарданбагыла*+.
20 Балдар, бардык жагынан ата-энеңердин тилин алгыла+, анткени бул Теңирге жагат.
21 Аталар, балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла+.
22 Кулдар, жердеги кожоюндарыңарга бардык жагынан баш ийгиле+. Бирок адамдарга жагынууга аракет кылгандарга окшоп, көзгө көрүнүш үчүн эле эмес+, Жахабадан коркуп+, чын жүрөктөн баш ийгиле.
23 Эмне иш аткарсаңар да, аны адамдар үчүн эмес, Жахаба үчүн кылгандай+, жан-дилден кылууга умтулгула+.
24 Анткени Жахабадан сыйлыкка мурас+ аларыңарды билесиңер+. Кожоюнуңарга, Машаякка, анын кулдары катары кызмат кылгыла+.
25 Ал эми ким жамандык кылса, жаман иштери үчүн тиешесин алат+, себеби Кудай бет карамалык кылбайт+.
Шилтемелер
^ Бул сөз 1-кылымда караңгы, түркөй адамдарга карата да колдонулчу.
^ Же: «катаал болбогула».