Мазмунун көрсөтүү

Эмне үчүн тиленишим керек? Кудай тилегимди орундатабы?

Эмне үчүн тиленишим керек? Кудай тилегимди орундатабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудай адамдын тилегенин орундатарын Ыйык Китеп да, жашоодо болгон окуялар да тастыктап турат. Мисалы, Ыйык Китепте: «Ал Өзүнөн [Кудайдан] корккондордун каалоосун аткарат, зарлаган үндөрүн угат, аларды куткарат»,— деп айтылат (Забур 145:19). Бирок бул көбүнчө адамдын өзүнөн көз каранды.

Кудай эмнени талап кылат?

  •   Иса пайгамбарга, кыз Мариямга, ыйыктарга, периштелерге же сөлөкөттөргө эмес, Кудайга кайрылып тиленишибиз керек. Анткени «тиленүүлөрдү Угуучу» жалгыз гана Жахаба Кудай (Забур 65:2).

  •   Кудайдан тилеген нерсебиз Кудайдын эркине, башкача айтканда, анын Ыйык Китепке жаздырган талаптарына ылайык келиши керек (1 Жакан 5:14).

  •   Кудайга Иса Машаяк аркылуу кайрылышыбыз талап. Ошенткенибиз менен Иса Машаяктын ээлеген абалын сыйлаарыбызды көрсөтөбүз. Анткени Иса Машаяк өзү да: «Атама мен аркылуу гана барууга болот»,— деп айткан (Жакан 14:6).

  •   Кудайдан эмнени сурабайлы, бизди угарына күмөн санабашыбыз керек. Эгер анын угарына анча ишене албай жатсак, ишенимибизди арттырышын сурансак болот (Матай 21:22; Лука 17:5).

  •   Момун болушубуз керек жана чын жүрөктөн тиленишибиз керек. Ыйык Китепте: «Жахаба жогоруда болсо да, момунду көрүп турат»,— деп жазылган (Забур 138:6).

  •   Талыкпай тиленишибиз керек. Анткени Иса пайгамбар: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет»,— деп айткан (Лука 11:9).

Кудай эмнени талап кылбайт?

  •   Кудайдын адамдын тиленүүсүн орундатар-орундатпасына адамдын улуту таасир этпейт. Анткени бир пайгамбар: «Мен Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм. Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм»,— деп айткан (Элчилер 10:34, 35).

  •   Кандай абалда тиленгенибиз: отуруппу, жүздөмөндөппү, чөгөлөппү же туруп алыппы, Кудай үчүн айырмасы жок (1 Жылнаама 17:16; Некемия 8:6; Даниел 6:10; Марк 11:25).

  •   Кудайга үн чыгарып деле, ичибизден деле кайрылсак болот. Кудай башкаларга угузбай ичибизден тиленгенибизди да угат (Некемия 2:1—6).

  •   Кудайга олуттуу көйгөйлөрүбүздү да, майда-чүйдө нерселерибизди да айтып тиленсек болот. Ыйык Китепте: «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деп жазылган (1 Петир 5:7).