Матай 10:1—42
10 Иса он эки шакиртин чакырып, аларга жиндерди кууп чыгарууга, ар кандай оору-дарттарды айыктырууга бийлик берди+.
2 Анын он эки элчисинин*+ ысымдары мындай+: биринчиси — Петир деген да аты бар Симон+, андан кийин анын бир тууганы Андрес+, ошондой эле Зебедейдин уулу Жакып менен анын бир тууганы Жакан+,
3 Филип, Барталамей*+, Томас+, салык жыйноочу Матай*+, Алпейдин уулу Жакып+, Тадай*,
4 Симон Кананей*+ жана кийинчерээк Исаны сатып кеткен Жүйүт Искариот+.
5 Ушул он эки шакиртин жиберип жатып, Иса мындай буйрук берди+: «Башка элдерге алып бара турган жолго түшпөгүлө, самариялыктардын шаарына+ кирбегиле.
6 Анын ордуна, Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна баргыла+.
7 Баратканыңарда: „Асман Падышалыгы жакындап калды“,— деп кабар айткыла+.
8 Оорулууларды айыктыргыла+, өлгөндөрдү тирилткиле, пес оорулууларды сакайткыла, жиндерди кууп чыгаргыла. Бекер алдыңарбы, бекер бергиле+.
9 Белиңерге алтын, күмүш же жез тыйын түйүп албагыла+.
10 Ошондой эле азык салынган баштыгыңарды, эки кийим*, кошумча сандал же таяк албагыла, себеби эмгектенген адам ичип-жегенге татыктуу+.
11 Кайсы шаарга же айылга кирбегиле, ал жактан татыктууларды издеп тапкыла, кеткениңерче алардыкында болгула+.
12 Үйгө киргениңерде ал үйдө жашагандар менен саламдашкыла.
13 Эгерде ал үй татыктуу болсо, ага силер каалаган тынчтык консун+, ал эми татыксыз болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келсин.
14 Кайсы бир жерде силерди кабыл алышпаса же сөзүңөрдү укпай коюшса, ал үйдөн же шаардан чыгып баратканыңарда бутуңардагы чаңды күбүп салгыла+.
15 Ишенип койгула, Сот күнү* ал шаардын жазасына караганда Содом+ менен Амордун жазасы жеңилирээк болот+.
16 Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду жибергендей жиберип жатам+. Ошондуктан жыландай сак+, ошол эле учурда көгүчкөндөй куулугу жок, жөнөкөй болгула+.
17 Адамдардан сак болгула+, анткени алар силерди сотко беришет+, синагогаларында+ уруп-сабашат+.
18 Ошондой эле мен үчүн силерди башкаруучулар менен падышалардын+ алдына сүйрөп барышат. Бул аларга жана башка элдерге күбөлөндүрүшүңөр үчүн болот+.
19 Силерди сотко беришкенде, эмне айтарыңарды, кантип айтарыңарды ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эмне айтыш керектигин ошол учурда билесиңер+.
20 Себеби силер эле сүйлөбөйсүңөр, силер аркылуу асмандагы Атаңардын руху сүйлөйт+.
21 Бир тууган бир тууганын+, атасы баласын өлүмгө кыят. Балдары ата-энесине каршы чыгып, аларды өлтүрүшөт+.
22 Менин ысмым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар+, бирок ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат+.
23 Бир шаарда куугунтукташса, башкасына качкыла+. Ишенип койгула, адам Уулу келгенге чейин+, Ысрайылдын бардык шаарларын кыдырып чыгууга жетишпейсиңер+.
24 Шакирт өз устатынан, кул өз кожоюнунан жогору эмес+.
25 Шакиртке өз устатындай, кулга өз кожоюнундай болуу жетиштүү+. Эгер үй ээсин Белзебул* деп аташса+, анда үйүндөгүлөрүн да ошентип аташпайбы?
26 Ошондуктан алардан коркпогула, анткени ачылбай кала турган жашыруун эч нерсе жок, билинбей кала турган эч бир сыр жок+.
27 Силерге караңгыда айткандарымды жарыкта айткыла, шыбырап айткандарымды үйдүн төбөсүнөн жарыялагыла+.
28 Денени өлтүрүп, жанды өлтүрө албай тургандардан коркпогула+. Тескерисинче, жанды да, денени да гээнада* жок кыла ала тургандан+ корккула+.
29 Эки таранчы бир эле тыйынга* сатылат эмеспи+. Анткен менен алардын ар биринин жерге түшкөнүн асмандагы Атаңар байкап турат+.
30 Ал эми силердин чачыңардын ар бир талы саналуу+.
31 Ошондуктан коркпогула: силер топ таранчыдан да баалуусуңар+.
32 Ким мени менен биримдикте экенин башкалардын алдында ачык билдирсе, мен да аны менен биримдикте экенимди асмандагы Атамдын алдында ачык билдирем+.
33 Ал эми ким башкалардын алдында менден баш тартса, мен да андан асмандагы Атамдын алдында баш тартам+.
34 Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлобогула, тынчтык эмес+, кылыч алып келдим.
35 Анткени мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүш үчүн келдим+.
36 Ооба, адамга өз үйүндөгүлөрү душман болот.
37 Ким атасын же энесин менден артык көрсө, шакиртим болууга татыктуу эмес. Ким уулун же кызын менден артык көрсө, шакиртим болууга татыктуу эмес+.
38 Ошондой эле ким өзүнүн жаза устунун алып, артымдан ээрчибесе, шакиртим болууга татыктуу эмес+.
39 Өз жанын сактаган адам андан айрылат, ал эми мен үчүн жанынан айрылган адам аны сактап калат+.
40 Ким силерди кабыл алса, ал мени да кабыл алган болот, ал эми ким мени кабыл алса, ал мени жибергенди да кабыл алган болот+.
41 Ким пайгамбарды пайгамбар болгону үчүн кабыл алса, пайгамбардыкындай сыйлык алат+, ошондой эле ким адил адамды адил болгону үчүн кабыл алса, адил адамдыкындай сыйлык алат+.
42 Ким бул кичинелердин бирине, менин шакиртим болгону үчүн, бир эле чөйчөк муздак суу берсе, ишенип койгула, ал сыйлыксыз калбайт»+.
Шилтемелер
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
^ Мааниси: «Ынталуу».
^ Же: «ашыкча кийим».
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
^ Шайтандын дагы бир аты.
^ Кара: 9-тирк.
^ Сөзмө-сөз: «бир ассарийге». Бул — 45 мүнөттүк ишке төлөнгөн акы. Кара: 13-тирк.