Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте башкаларга берүү жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте башкаларга берүү жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте өз ыктыярыбыз жана туура ниет менен беришибиз керектиги айтылат. Анда жазылгандар көрсөтүп тургандай, башкаларга берүүнүн аркасында алган киши эле эмес, берген киши да кубаныч алат (Накыл сөздөр 11:25; Лука 6:38). Иса пайгамбар: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп айткан (Элчилер 20:35).

 Башкаларга бергенибиз кандай учурда Кудайга жагат?

 Башкаларга өз ыктыярыбыз менен бергенибиз Кудайга жагат. Ыйык Китепте: «Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— делет (2 Корунттуктар 9:7).

 Чын жүрөктөн берүү «Кудайыбыздын... көз алдындагы арам деп эсептелбеген таза сыйынууга» кирет (Жакып 1:27). Муктаж болуп турган адамга марттык менен жардам бергендер Кудай менен кызматташкан болот. Кудай берешендик көрсөткөндөргө өзүн карыздар деп эсептейт (Накыл сөздөр 19:17). Ыйык Китепте Кудайдын аларга жакшылыгын кайтарып берери айтылат (Лука 14:12—14).

 Башкаларга бергенибиз кандай учурда Кудайга жакпайт?

 Берген киши өз пайдасын көздөсө, бул Кудайга жакпайт. Буга төмөнкү нерселер кирет:

 Берген нерсебиз Кудай жек көргөн иштерге жумшалса, бул ага жакпайт. Мисалы, кимдир бирөөгө кумар оюндарын ойноого, баңгизат же ичимдик сатып алууга акча берсек, туура болбойт (1 Корунттуктар 6:9, 10; 2 Корунттуктар 7:1). Ошондой эле алты саны аман туруп акча таап иштөөдөн баш тарткан кишиге бергенибиз да туура эмес (2 Тесалоникалыктар 3:10).

 Башкаларга берип, бирок өз үй-бүлөбүзгө кам көрбөсөк, бул Кудайга жакпайт. Ыйык Китепте үй-бүлө башчылары үйүндөгүлөрүнө кам көрүшү керектиги айтылат (1 Тиметей 5:8). Ал башкаларга көп берип, бирок өз үй-бүлөсүн камсыз кылбаса, туура эмес болуп калат. Иса пайгамбар ээ болгон нерселеринин баарын «Кудайга арналган тартуу» деп айтып улгайган ата-энелерине кам көрүүдөн баш тарткандарды айыптаган (Марк 7:9—13).