Жезекиел 18:1—32
18 Жахаба сөзүн улап, мындай деди:
2 «Силер Ысрайыл жеринде: „Аталары кычкыл жүзүм жесе, уулдарынын тиши камалат“+,— деген макалды айтып жүрөсүңөр. Муну менен эмне дегиңер бар?
3 „Мен тирүүмүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— мындан ары Ысрайылда ал макалды оозго албайсыңар.
4 Мына, бардык жандар мага таандык+. Атасынын жаны да+, уулунун жаны да мага таандык+. Күнөө кылып жүргөн жан+ өлөт+.
5 Ким адил болсо, акыйкаттык жана адилдик боюнча иш кылса+,
6 тоолордо+ буркандарга багышталган курмандыктарды жебесе+, көзүн Ысрайыл үйүнүн заңдай жийиркеничтүү буркандарына бурбаса+, жакынынын аялын арамдабаса+, аялга таза эмес кезинде жакындабаса+,
7 эч кимге жаман мамиле кылбаса+, күрөөгө алганын кайрып берсе+, каракчылык кылбаса+, ачкага нанын берсе+, жылаңачты кийиндирсе+,
8 бир нерсесин үстөк алыш үчүн бербесе+, бирөөнүн аркасынан пайда көрбөсө+, колун адилетсиздиктен тартса+, эки тарапка калыс болсо+,
9 чындык боюнча жашаш үчүн+ көрсөтмөлөрүмө карманса+, өкүмдөрүмдү аткарса, ал — адил адам+. Ал сөзсүз тирүү болот“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.
10 „Кимдир бирөөнүн ушул иштердин кайсы бирин кылган, талап-тоногон+, кан төккөн уулу болсо+,
11 (бирок атасы анын бирин да кылбаса), ал тоолордо буркандарга багышталган курмандыктарды жесе+, жакынынын аялын арамдаса+,
12 бей-бечара менен жакырга жаман мамиле кылса+, каракчылык кылса+, күрөөгө алганын кайрып бербесе+, заңдай жийиркеничтүү буркандарга көзүн бурса+, жийиркеничтүү иш кылган болот+.
13 Ал бирөөнүн аркасынан пайда көргөн+, бир нерсесин үстөк алыш үчүн берген+, ошондуктан тирүү калбайт. Ушундай жийиркеничтүү иштердин баарын кылгандыктан+ ал сөзсүз өлөт. Өз канына өзү забын болот+.
14 Бирок кимдир бирөөнүн уулу атасынын кылган күнөөлөрүнүн баарын көрүп жүрсө, көрсө да, анын кылганын кылбаса+,
15 тоолордо буркандарга багышталган курмандыктарды жебесе, көзүн Ысрайыл үйүнүн заңдай жийиркеничтүү буркандарына бурбаса+, жакынынын аялын арамдабаса+,
16 эч кимге жаман мамиле кылбаса+, күрөөгө алганын менчиктеп албаса+, каракчылык кылбаса+, ачкага нанын берсе+, жылаңачты кийиндирсе+,
17 колун бей-бечараны эзүүдөн тартса+, бирөөнүн аркасынан пайда көрбөсө, үстөк албаса+, өкүмдөрүмдү аткарса+, көрсөтмөлөрүм боюнча жүрсө+, ал атасынын айыбы үчүн өлбөйт+. Ал сөзсүз тирүү болот+.
18 Ал эми атасы бир тууганын талап-тоноп+, алдап+, элинин арасында жаман иштерди кылып жүргөндүктөн+ өз айыбы үчүн өлөт+.
19 Силер: “Эмне үчүн уулу атасынын айыбы үчүн жоопко тартылбайт?”+ — деп сурайсыңар. Анткени уулу адилдик жана акыйкаттык боюнча иш кылып+, бардык көрсөтмөлөрүмө карманып жүрөт+. Ал сөзсүз тирүү болот+.
20 Күнөө кылып жүргөн жан өлөт+. Уулу атасынын айыбы үчүн жоопко тартылбайт, атасы да уулунун айыбы үчүн жоопко тартылбайт+. Адил адам адилдигине жараша+, ыймансыз адам ыймансыздыгына жараша тиешесин алат+.
21 Эгер ыймансыз адам кылып жүргөн бардык күнөөлөрүн таштап+, бүт көрсөтмөлөрүмө карманса, акыйкаттык жана адилдик боюнча иш кылса+, ал сөзсүз тирүү болот, өлбөйт+.
22 Кылган кылмыштарынын бири да эскерилбейт+. Ал адил иштерди кылгандыгы үчүн тирүү болот“+.
23 „Мен ыймансыздын өлгөнүнө сүйүнөмбү?+ — дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Жок, мен анын өз жолдорунан кайтканына, тирүү жүргөнүнө сүйүнөм“+.
24 „Эгер адил адам адилдигинен жазып, адилетсиздик кылса+, ыймансыздын кылган жийиркеничтүү иштеринин баарын кайталап жашаса+, жасаган адил иштеринин бири да эсте калбайт+. Ал ишенимсиздик кылганы үчүн, күнөөгө батканы үчүн өлөт+.
25 Силер: “Жахабанын жолу туура эмес”,— дейсиңер+. Ысрайыл үйү, уксаңар. Менин жолум туура эмеспи+ же силердин жолуңар туура эмеспи?+
26 Эгер адил адам адилдигинен жазып, адилетсиздик кылса+ жана ошон үчүн өлсө, ал адилетсиздик кылганы үчүн өлөт+.
27 Эгер ыймансыз адам ыймансыз иштерин таштап, акыйкаттык жана адилдик боюнча иш кылса+, ал өз жанын сактап калат+.
28 Ал өз иштерин көрүп+, кылмыштарынын баарын таштаса+, сөзсүз тирүү болот, өлбөйт+.
29 Ысрайыл үйү: “Жахабанын жолу туура эмес”,— деп айтат+. Оо, Ысрайыл үйү, менин жолдорум туура эмеспи+ же силердин жолдоруңар туура эмеспи?“+
30 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт+: „Ошондуктан, Ысрайыл үйү, мен силерди, ар бириңерди жүргөн жолдоруңарга жараша соттойм+. Өкүнүп, бардык кылмыштарыңарды таштагыла+, өзүңөрдү күнөөгө түртө турган бир да нерсеге жол бербегиле+.
31 Кылып келген кылмыштарыңардан арылгыла+, жаңы жүрөккө+, жаңы рухка ээ болгула+. Оо, Ысрайыл үйү, силерге өлүмдүн эмне кереги бар?“+
32 „Мен бирөөнүн өлгөнүнө сүйүнбөйм+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Ошондуктан кайрылгыла, жашагыла“»+.