Тит 3:1—15
3 Аларга мындан ары да эскерт: өкмөткө жана бийликтерге баш ийип+, тил алышсын+, бардык жакшы иштерге даяр болушсун+,
2 эч кимди жамандашпасын, урушчаак болушпасын+. Баарына жумшактык менен мамиле кылып+, эстүү* болушсун+.
3 Анткени биз да бир кездерде акылсыз, тил албас, адашкан, ар кандай каалоолор менен ырахаттануунун кулу болгон, кара ниеттик, көрө албастык кылган, көңүл иренжиткен, бири-бирин жек көргөн адамдардан болчубуз+.
4 Бирок Куткаруучу Кудайыбыздын+ боорукердиги+, адамзатка болгон сүйүүсү айкын болгондо+,
5 өмүр алышыбыз үчүн+, ал бизди тазалап*+, ыйык рух аркылуу жаңылантып+, адил иштерибизден улам эмес+, өзүнүн кайрымдуулугунан улам+ куткарды.
6 Кудай ал рухту бизге Куткаруучубуз Иса Машаяк аркылуу мол берди+.
7 Натыйжада биз анын ырайымынын негизинде+ адил деп жарыяланып+, түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө+ ылайык, мурасчы болобуз+.
8 Бул сөздөр чындык+. Ошондуктан Кудайга ишенгендер мындан ары да жакшы иштерди кылууга көңүл коюшу үчүн, ушулар жөнүндө ар дайым айта беришиңди каалайм+. Бул жакшы жана пайдалуу.
9 Маңызсыз талаш-тартыштардан+, ата-текти сүрүштүрүүдөн+, чыр-чатактардан+ жана Мыйзамга байланышкан+ уруш-талаштардан кач. Анткени анын баары пайдасыз, маанисиз.
10 Жалган окууларды тараткан адамга+ бир жолу, анан дагы бир жолу акыл айткандан кийин+ андан алыс бол+.
11 Анткени анын туура жолдон чыгып, күнөөгө батып жүргөнүн, өзүнө өзү өкүм чыгарып койгонун билесиң+.
12 Сага Артемасты же Тихикти+ жибергенимде, Никополго келүүгө аракет кыл. Анткени мен ошол жерде кыштоону чечтим+.
13 Мыйзамды жакшы билген Зенас менен Аполосту жолго керектүүнүн баары менен камсыз кыл+.
14 Кызматында жемишсиз болуп калбашы үчүн+ биздикилер да жакшы иштерди кылууга жана ошонун аркасында негизги муктаждыктарын канааттандырууга үйрөнүшсүн+.
15 Жанымдагылардын бардыгы сага салам айтып жатышат+. Бизди жакшы көргөн ишенимдештерибизге менден салам айт.
Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин+.