2 Корунттуктар 6:1—18

6  Кудай менен бирге эмгектенип жатып+ силерден дагы өтүнөрүбүз, Кудайдын ырайымына ээ болгон соң, анын кандай максатта көрсөтүлгөнүн көз жаздымда калтырбагыла+.  Анткени ал: «Мен сени ырайым кылууга ылайыктуу убакта уктум, сага куткарылуу күнүндө жардам бердим»,— дейт+. Мына, азыр өзгөчө ылайыктуу убак+. Мына, азыр куткарылуу күнү+.  Кызматыбыз кынтыксыз болушу үчүн+, башкалардын мүдүрүлүшүнө эч бир жагынан себепкер болбойбуз+.  Тескерисинче, бардык жагынан өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтөбүз+. Муну көптөгөн учурларда: башыбызга мүшкүл түшкөндө, муктаж болгондо, кыйынчылыктарга кабылганда+,  таяк жегенде, түрмөгө түшкөндө+, козголоң учурунда, эмгектенгенде, уйкусуз түндөрдө, тамак-ашсыз калганда+ туруктуу болуу менен,  ошондой эле тазалыгыбыз, билимибиз, чыдамкайлыгыбыз+, боорукердигибиз+, эки жүздүүлүгү жок сүйүүбүз+, ыйык рух,  чындык сөздөрү, Кудайдын күчү менен көрсөтөбүз+. Кудайдын кызматчылары экенибизди оң жана сол колубузга* адилдиктин куралдарын алганда да+,  даңкка бөлөнгөндө да, кордолгондо да, жамандалганда да, макталганда да, ошондой эле жалганчыдай көрүнсөк да+, чынчыл болгонубуз менен,  таанымал эместей көрүнсөк да+, таанымал болгонубуз менен, өлүүгө тийиш болгондой эсептелсек да, тирүү жүргөнүбүз менен+, жазаланып жаткандай көрүнсөк да+, өлүмгө кыйылбаганыбыз менен+, 10  кайгылуу көрүнсөк да, дайыма кубанычтуу жүргөнүбүз менен, жарды көрүнсөк да, көптөрдү байытканыбыз менен, эч нерсебиз жоктой көрүнсө да, баарына ээ болгонубуз менен көрсөтөбүз+. 11  Корунттуктар, биз силерге ачык сүйлөдүк, жүрөгүбүздү+ кенен ачтык. 12  Биз силерге сезимдерибизди ачык көрсөттүк+, бирок силер анткен жоксуңар+. 13  Силерди балдарымдай көрүп айтып жатам+: биздин мамилеге жооп кайтарып, силер да жүрөгүңөрдү кенен ачкыла. 14  Ишенимдеш эместер менен бир моюнтурукту* кийбегиле+. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар?+ Же жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?+ 15  Ошондой эле Машаяк менен Белиардын* ортосунда кандай биримдик бар?+ Же ишенген киши менен ишенбеген кишинин ортосунда кандай жалпылык бар?+ 16  Кудайдын ибадатканасы менен буркандардын ортосунда кандай байланыш бар?+ Биз тирүү Кудайдын ибадатканасыбыз+. Бул жөнүндө Кудай: «Алардын арасында жашап+, алардын арасында жүрөм. Мен алардын Кудайы болом, алар менин элим болот»,— деген+. 17  «„Ошондуктан алардын арасынан чыккыла, бөлүнгүлө,— дейт Жахаба,— мындан ары арам нерсеге жолобогула“+, „ошондо мен силерди кабыл алам“»+. 18  «„Мен силерге ата болом+, силер менин уул-кыздарым болосуңар“+,— дейт Кудурети Күчтүү Жахаба»+.

Шилтемелер

Же: «чабуул коюу жана коргонуу үчүн».
Сөзмө-сөз: «чак келбеген моюнтурукту».
«Эч нерсеге жарабаган» дегенди билдирген бул еврей сөзү Шайтанга карата колдонулат.