Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ЖАШТАР

Жанга баткан жалгыздык

Жанга баткан жалгыздык

КӨЙГӨЙ

«Менин эки дос кызым бар болчу. Алар эмне кылса да чогуу кылышчу, мен болсо дайыма четте калчумун. Алар убакытты кандай сонун өткөргөнүн көп айтышчу. Бир күнү бир курбу кызыма чалсам, аныкында дагы бир кыз бар экен, анан нары жактан эки кыздын сүйлөшкөнү, каткырып күлүп жатканы угулду. Мен качан болсо бирөөлөрдүн жыргап-куунап жүргөнүн тек гана укчумун. Ошондой учурларда ого бетер жалгызсырачумун!» (Мария) *.

Сенин да өзүңдү башкалар бөлүп салгандай сезип жалгызсыраган учурларың болду беле? Эгер ошондой болсо, Ыйык Китептеги кеңештер жакшы жардам болот. Аларды карап чыгуудан мурун жалгызсыроого байланыштуу айрым нерселерге токтололу.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

Ар бир эле кишинин жалгызсыраган учуру болот. Жалгызсырагандардын арасында дайыма элдин көңүлүнүн борборунда жүргөндөр да бар. Себеби кишинин жалгызсырашы досторунун санына эмес, алар менен болгон мамилесинин сапатына байланыштуу болот. Көпчүлүктүн арасында барктуу болгондой көрүнгөндөр деле, чыныгы достору болбогондуктан, ар дайым эл менен аралашып жүрсө да, жалгызсырашат.

Ден соолукка зыян. Окумуштуулар 148 изилдөөнүн натыйжасын иликтеп көрүп, эл менен көп аралашпоо мезгилсиз өлүмгө дуушар кыларын жана ошондой ыктымалдуулукту жогорулатарын: «ашыкча салмактуулуктан эки эсе зыяндуу» экенин, ошондой эле «күнүнө 15 тамеки чеккенге барабар» экенин аныкташкан.

Коркунучтуу жагы. Жалгыздыгы жанына батып турганда киши ким менен болсо да дос болууга даяр болуп калат. «Жалгызсыраганда иши кылса эле бирөөнүн көңүл бурушуна зар болуп каласың,— дейт Алан деген бир жигит.— Андайда: „Эч ким көңүл бурбай койгондон көрө, ким болсо да мейли, иши кылып эле бирөө көңүл бурса“,— деп ойлой башташың ыктымал. Бирок мунун аягы жаман болуп бүтүшү мүмкүн».

Электрондук каражаттар жардам бере албайт. «Бир эле күндүн ичинде жүздөгөн кишилер менен SMS же электрондук кат жазышсам да, аябай жалгызсыраган учурларым болчу»,— дейт Натали деген бир кыз. Тайлер аттуу өспүрүм болсо мындай дейт: «SMS жазышууну шам-шум эткенге, ал эми кимдир бирөө менен жүз көрүшүп сүйлөшүүнү ысык тамакка салыштырса болот. Кээде шам-шум этип алган деле жакшы дечи, бирок ысык тамаксыз болбойт».

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Шак эле жаман ойлобо. Интернеттен досторуңдун сүрөттөрүн барактап жатып алардын отуруштан түшкөн сүрөтүн көрүп калдың дейли. Андайда дароо эле «алар мени атайын бөлүп салды» деп ойлосо да болот, антип ойлобой, башкача ойлосо да болот. Иштин чоо-жайын билбеген соң дароо эле жаман ойлоонун эмне кереги бар? Акылыңды жаман ойго жумшагандан көрө, жакшы жагына буруп, чакырылбай калганыңдын башка да себептери болушу мүмкүн экенин эске ал. Жалгызсырашыңа көбүнесе жагдайдын өзү эмес, ошол жагдайга кандай караганың себеп болот. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 15:15.)

Жүйөсүз ойлордон кач. Жалгызсыраганда: «„Мени эч качан эч жакка чакырышпайт“ же „Башкалар менден дайыма оолактай беришет“»,— деп ойлошуң мүмкүн. Бирок мындай жүйөсүз ойлордун жалгыздыктын сазына батыргандан башка пайдасы жок. Алар сени түбү жок туңгуюкка түртүшү мүмкүн. Анткени ошентип ойлой берип өзүңдү эл бөлүп салган кишидей сезип, башкалардан оолактай баштайсың, анан ошонун айынан жалгызсырайсың. Ал эми жалгызсыраганда кайра эле өзүңдү эл бөлүп салган кишидей сезесиң. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 18:1.)

Өзүңдөн улуураактар менен достош. Ыйык Китепте Дөөтү пайгамбардын Жонатан деген өзүнөн отуз жаш улуу киши менен өспүрүм кезинен тартып эле достошкону жазылган. Экөөнүн курагындагы чоң айырмага карабай алар ортосунан кыл өтпөгөн достордон болушкан (1 Шемуел 18:1). Сен да ошондой досторду таба аласың. «Мен өзүмдөн улуураактар менен достошуу канчалык жакшы экенин жакында эле түшүндүм,— дейт 21 жаштагы Киара.— Менин өзүмдөн бир топ улуу жакын досторум бар. Мага алардын бардык нерсеге туура караганы жана дайыма бир калыпта жүргөнү аябай жагат». (Ыйык Китептеги принцип: Аюп 12:12.)

Жалгыз болуунун пайдасы да бар экенин унутпа. Кээ бирөөлөр жалгыз калды дегиче, жалгызсырай башташат. Бирок жалгыз болуу менен жалгызсыроонун айырмасы бар. Маселен, Иса Машаякты алалы. Ал эл менен көп аралашкан. Бирок кээде жалгыз болуунун да пайдасы бар экенин түшүнгөн (Матай 14:23; Марк 1:35). Сен да ошондой учурлардын пайдалуу жагын ойлоп көрсөң болот. Жалгыз болууну дайыма эле жаман нерсе катары көрө бербей, андай учурларды жакшы нерселер жөнүндө ой жүгүртүү үчүн пайдалан. Бул сага башкалар достошкусу келгидей адам болууга жардам бериши мүмкүн (Накыл сөздөр 13:20).

^ абз. 4 Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.