Матай 19:1—30

19  Ушул сөздөрдү айткандан кийин Иса Галилеядан чыгып, Иордандын аркы өйүзүнө, Жүйүт жерине барды+.  Анын артынан көп эл ээрчип жүрдү. Иса аларды айыктырды+.  Ошондо фарисейлер келип, аны сынаш үчүн: «Эркек кишинин аялы менен ар кандай себеп боюнча ажырашканы мыйзамга ылайык келеби?» — деп сурашты+.  Иса аларга: «Жараткандын эң башында адамдарды эркек-аял кылып жаратып+:  „Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып+, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот“+,— деп айтканын окуган жок белеңер?  Ошентип, эми алар — эки эмес, бир дене. Андыктан Кудай кошконду* адам ажыратпасын»+,— деп жооп берди.  Фарисейлер ага: «Анда эмне үчүн Муса эркектин талак кат берип, аялы менен ажырашса болорун айткан?» — дешти+.  Иса: «Жүрөгүңөрдүн катаалдыгынан улам+ Муса аялыңар менен ажырашканга жол берген. Бирок башында андай эмес болчу+.  Силерге айтып коёюн, аялы менен бузуктуктан башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши ойноштук кылган болот»+,— деп айтты. 10  Ошондо шакирттери Исага: «Эгер никеге байланыштуу талап ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгон жакшы эмеспи»,— дешти+. 11  Ал: «Баары эле ушуга ылайык жашай албайт, Кудайдан белек алгандар гана жашай алат+. 12  Айрымдар төрөлгөнүнөн эле үйлөнүүгө жараксыз болот+, башкаларын адамдар жараксыз кылып коёт. Ал эми кээ бирөөлөр үйлөнүүдөн өз эрки менен, асман Падышалыгы үчүн баш тартышат. Ким бойдок калгысы келсе, бойдок калсын»,— деди+. 13  Иса колун коюп* тилениши үчүн, ага кичинекей балдарды алып келишти. Бирок шакирттер аларды урушуп жатышты+. 14  Ошондо Иса: «Балдарды коё бергиле, аларга мага келгенге тоскоолдук кылбагыла. Анткени асман Падышалыгы ушуларга окшогондорго таандык»,— деп айтты+. 15  Анан балдардын үстүнө колун койду* да+, ал жерден кетти. 16  Андан кийин бир жигит келип, Исадан: «Устат, түбөлүк өмүргө ээ болушум үчүн кандай жакшылык кылышым керек?» — деп сурады+. 17  Ал: «Эмне үчүн менден жакшылык жөнүндө сурап жатасың? Жакшылыкты аныктай турган* Бирөө гана бар+. Эгер өмүргө ээ болгуң келсе, анда осуяттарды дайыма аткар»+,— деп жооп берди. 18  «Кайсы осуяттарды?»+ — деди жигит. Иса: «Киши өлтүрбө+, ойноштук кылба+, уурдаба+, жалган күбө болбо+, 19  ата-энеңди сыйла+, жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деп айтты+. 20  Жигит ага: «Мен мунун баарын аткарып келатам. Дагы эмне кылышым керек?» — деди. 21  Иса: «Эгерде жеткилең болууну кааласаң, бар да, бүт мал-мүлкүңдү сатып, кедей-кембагалдарга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот+. Анан келип, менин жолдоочум бол»+,— деп жооп берди. 22  Муну укканда жигит капа болуп, жолуна түштү, анткени мал-мүлкү абдан көп эле+. 23  Ошондо Иса шакирттерине: «Ишенип койгула, бай кишинин асман Падышалыгына кириши кыйын+. 24  Буга да ишенип койгула, байдын Кудайдын Падышалыгына киришине караганда, төөнүн ийненин көзүнөн өтүшү оңоюраак»,— деди+. 25  Муну укканда шакирттер абдан таң калып: «Анда ким куткарыла алат?» — дешти+. 26  Иса аларды карап: «Бул адамдардын колунан келбейт, ал эми Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок»,— деди+. 27  Ошондо Петир: «Мына, биз баарын таштап, сенин артыңдан ээрчидик. Бул үчүн биз эмне алабыз?» — деп сурады+. 28  Иса мындай деп жооп берди: «Ишенип койгула, кайра жаратуу убагында адам Уулу даңктуу тактысына отурганда, силер да, менин артымдан ээрчигендер, он эки тактыга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар+. 29  Менин ысмым үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, же балдарын, же жерин калтырган ар бир адам мурдагыдан да көп эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт+. 30  Биринчилердин көптөрү акыркы, ал эми акыркылар биринчи болот+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «бир моюнтурукка кошконду».
Же: «батасын берип».
Мт 19:13түн шилт-н кара.
Сөзмө-сөз: «жакшы».