Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акча тартыш болгондо, кантип күн көрсө болот?

Акча тартыш болгондо, кантип күн көрсө болот?

 Каржы каатчылыгынан улам акчаңар тартыш болуп, эптеп күн көрүп жашаганга туура келип жатабы? Пандемиялардын, табигый кырсыктардын, саясий баш аламандыктардын жана согуштардын айынан экономика бир заматтын ичинде эле түшүп кетиши мүмкүн. Албетте, күтүлбөгөн жерден кирешеңер азайып калганда, санаа тартпай койбойсуңар. Бирок Ыйык Китепте камтылган даанышман кеңештерди колдонсоңор, аз акчаңарды да туура пайдалана аласыңар.

1. Жаңы жагдай-шартка ылайыкташкыла.

 Ыйык Китептеги принцип: «Мен... молчулукта жашоонун да, жакырчылыкта жашоонун да сырын билдим» (Филипиликтер 4:12).

 Капчыгыңар бөксөрүп калса да, жаңы жагдай-шартка ылайыкташканды үйрөнө аласыңар. Канчалык эрте ылайыкташып, айрым нерселерди өзгөртсөңөр, өзүңөргө да, үй-бүлөңөргө да бул кыйынчылыкты көтөрүп кетүү ошончолук оңой болот.

 Өкмөт тарабынан кандай жөлөк пул же башка уюмдар тарабынан кандай гуманитардык жардам берилип жатканы жөнүндө билгенге аракет кылгыла. Андай жардамдар кыска убакыттын ичинде көрсөтүлгөндүктөн тез аранын ичинде иш-аракет кылгыла.

2. Үй-бүлөңөр менен чогуу-чараан иш кылгыла.

 Ыйык Китептеги принцип: «Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт, ал эми кеңешчилер көп болсо, ишке ашат» (Накыл сөздөр 15:22).

 Акчага байланыштуу бул кыйынчылык тууралуу үй-бүлөңөр менен чогуу талкуулагыла. Оюңарды ортого салсаңар, баарыңарга өзгөрүүлөрдү туура кабыл алганга жана аларды колдогонго оңой болот. Ар бириңер сарамжал болуунун, акчаны ыгы жок коротпоонун аркасында каражатыңарды көпкө жеткире аласыңар.

3. Бюджет түзүп алгыла.

 Ыйык Китептеги принцип: «Отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыккыла» (Лука 14:28).

 Аз эле акча менен жашаганга мажбур болгондо, акчаңардын эсеп-чотун чыгарып турганыңар өзгөчө маанилүү. Бюджет түзүш үчүн азыркы жагдайыңарга жараша ай сайын канча киреше түшөрүн жазгыла. Андан соң ай сайынкы чыгашаңарды тизмелегиле. Буга анча маанилүү эмес нерселерди сатып алганга дайыма кетирген чыгымдар да кирет. Күтүлбөгөн жагдайлар үчүн акча бөлүп койгонуңар жакшы. Аны ай сайынкы чыгымдардын катарына кошкула.

 Кеңеш: Чыгымдарыңарды эсептеп жатканда майда-чүйдө нерселерге кеткен акчаңарды да эсептегенди унутпагыла. Аларга билинбей эле көп акча кетип каларын билгенде аябай таң калышыңар мүмкүн. Мисалы, бир киши чыгымдарын эсептеп көрүп, сагызга эле жыл сайын жүздөгөн долларларды короторун байкаган!

4. Чыгымдарыңарды маанилүүлүгүнө жараша тизмелеп, айрым нерселерди өзгөрткүлө.

 Ыйык Китептеги принцип: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

 Кирешеңерди чыгашаңар менен салыштыргыла. Акчаңарды капчыгыңарга жараша коротуш үчүн эмнелерге азыраак жумшасаңар болорун же кайсы нерседен таптакыр эле баш тартсаңар болорун аныктагыла. Өзүңөрдү төмөнкү жактардан текшерип көргүлө:

  •   Унаа. Эгер бир нече унааңар бар болсо, бирөөнү сата аласыңарбы? Же кымбат машинеңер бар болсо, аны жөнөкөйүрөөгүнө алмаштыра аласыңарбы? Бир жакка такси менен баргандын ордуна, коомдук унаа менен же велосипед менен бара аласыңарбы? Же болбосо такыр унаасыз жүрө аласыңарбы?

  •   Көңүл ачуу. Акы төлөп көргөн спутниктик, кабелдик телекөрсөтүүлөрдү же интернет каналдарын кайсы бир убакытка чейин колдонбой коё аласыңарбы? Же алардын арзаныраактарын колдоно аласыңарбы?

  •   Коммуналдык кызматтар. Үй-бүлөңөр менен чогуу сууну, электр тогун, жылуулукту кантип үнөмдөсөңөр болорун сүйлөшкүлө. Зарыл болбосо, жарыкты өчүрүп койгондо жана жуунганда сууну азыраак колдонгондо эч нерсе деле өзгөрбөчүдөй сезилиши мүмкүн. Бирок буларды адат кылып алсаңар, акчаңар бир топ үнөмдөлөт.

  •   Тамак-аш. Кафеден тамактана бергенден көрө үйүңөрдөн тамак жасап жегиле. Эмне жасаарыңарды алдын ала ойлонуштуруп алгыла. Шартыңар жол берсе, азык-түлүктү көбүрөөк кылып алып койгула. Тамакты да көп-көп кылып жасап койгула. Артып калган азык-түлүктү, тамак-ашты ысырап кылбагыла. Көрүнгөндү ала бербеш үчүн базарга барарда тизме түзүп алгыла. Өзүңөрдүн жергеңерде өскөн жашылча жемиштерден алып жегиле. Адатта, алар арзаныраак болот. Акчаңарды ден соолукка зыян келтирген тамак-ашка коротпогула. Балким, жашылча-жемиштерди өзүңөр өстүрө алаттырсыңар.

  •   Кийим-кече. Кийимиңер эскирип калганда гана жаңысын сатып алгыла. Моданы кубалагандан качкыла. Жыл мезгилдеринин аягында кийим-кечелерди сатып түгөтүп жаткан дүкөндөрдү издегиле. «Секонд хэнд» дүкөндөрүнөн деле абалы жакшы кийимдерди сатып алса болот. Жуулган кийимдерди атайын кийим кургаткан машинеге салгандын ордуна, эгер жагдай-шартыңар жол берсе жана аба ырайы жакшы болсо, күнгө жайып кургаткыла.

  •   Сатып алчу буюмдар. Бир нерсе сатып алардан мурун: «Муну алганга чамам жетеби? Бул мага чынында эле керекпи?» — деп ойлонгула. Тиричилик техникаларын, электрондук каражаттарды же унааңарды жаңысына алмаштырбай тура аласыңарбы? Анткендин ордуна, мүмкүн, кереги тийбей калган, колдонулбай калган буюм-тайымдарды сатып жибереттирсиңер. Мунун аркасында жашооңор жөнөкөй болуп, кирешеңер кичине болсо да көбөйүп калат.

 Кеңеш: Кирешеңер күтүлбөгөн жерден азайып калганда, балким, жаман адаттарыңарды таштоо жөнүндө ойлонуп көрөттүрсүңөр. Аларга ден соолукка зыяндуу, бир топ акчаңарды соргон нерселер, мисалы, тамеки, кумар оюндары же ичкиликти кыянат колдонуу кирет. Ушул сыяктуу нерселерди өзгөрткөнүңөр акчаңарды үнөмдөгөнгө эле эмес, жашооңорду жакшыртканга да жардам берет.

5. Кудайдын Сөзүнө кайрылгыла.

 Ыйык Китептеги принцип: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу» (Матай 5:3).

 Ыйык Китепте акчага карата тең салмактуу көз карашта болгонго жардам берген мындай сөздөр жазылган: «Акылмандык, акча сыяктуу эле, коргойт. Бирок билим менен акылмандыктын артыкчылыгы аларга ээ болгондордун өмүрүн сактаганында» (Насаатчы 7:12). Мындай акылмандык Кудайдын Сөзүндө камтылат. Көптөгөн адамдар андагы даанышман кеңештерди колдонуунун аркасында акчаны ойлоп көп тынчсызданбай калышкан (Матай 6:31, 32).