Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОН СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ

Ал «бардыгын көкүрөгүнө түйүп алган»

Ал «бардыгын көкүрөгүнө түйүп алган»

1, 2. Мариямга узак жолго чыгуу эмне үчүн оңой болгон эмес?

МАРИЯМ дене бою уюп, кыйналып баратат. Эшектин үстүнөн түшпөй келатканына бир нече саат болду. Эшекти жетелеп, алдыда Жусуп бир калыпта баратат. Алардын бет алган жагы — алыскы Бетлехем. Мариямдын боюндагы бала жолду карай туйлап, энесинин курсагын улам тепкилеп коёт.

2 Мариямдын «ай-күнүнө жетип», көз жарарына аз калган (Лк. 2:5). Эгин талааларындагы бирин-серин көрүнө калган дыйкандар төрөр маалы келип калган жаш келиндин жанына күч келтирип, кайда сапар алганын түшүнө бербей, узата карап калышат. Мариям Назаретте эле кала бербей, эмнеге узак жолго чыкты болду экен?

3. Мариям кандай тапшырма алган жана азыр эмнени карап чыгабыз?

3 Бир нече ай мурун бул жаш кыз адамзат тарыхындагы эң эле өзгөчө тапшырма алган: ал Кудайдын эли көптөн бери күтүп келген Машаяктын энеси болуу сыймыгына ээ болгон (Лк. 1:35). Бирок төрөй турган маал жакындап калганда алыскы сапарга аттанууга туура келип калды. Эми Бетлехемге жеткиче дагы бир топ кыйналат окшойт. Келгиле анда, ага эч нерсеге карабай ишенимин бекем сактоого эмне жардам бергенин карап көрөлү.

Бетлехемге сапар тартуу

4, 5. а) Жусуп менен Мариям эмне үчүн Бетлехемге барышы керек болгон? б) Цезардын буйругу кайсы пайгамбарлыктын аткарылышы болгон?

4 Жолго чыккандардан жалгыз эле Жусуп менен Мариям эмес болчу. Цезарь Август ар бир жарандын туулган жерине барып, каттоодон өтүшү керектигине байланыштуу буйрук чыгарган эле. Жусуп падышанын буйругуна баш иет. Ыйык Китепте: «Жусуп да Галилеядагы Назарет шаарынан чыгып, Жүйүт жерине, Дөөтүнүн шаары Бетлехемге жол тартты, анткени Дөөтүнүн тукумунан эле»,— деп айтылат (Лк. 2:1—4).

5 Цезардын ал буйрукту чыгарганы кокустан эмес. Жети кылымдай мурун бир пайгамбар Машаяктын Бетлехемде төрөлөрүн айткан. Кызыктуусу, Назареттен 11 эле чакырым алыстыкта жайгашкан Бетлехем деген шаар бар болчу. Бирок пайгамбар Машаяктын «Бетлехем Эфратада» төрөлөрүн айткан. (Оку: Микей 5:2.) Назареттен ал чакан шаарчага чейин Самария аркылуу адырлуу жолдор менен 130дай чакырым жол жүрүш керек болгон. Мына так ошол Бетлехемден Жусуп менен Мариямдын ата-бабаларынан болгон айтылуу Дөөтү падыша чыккан.

6, 7. а) Мариям жолдо кандай кыйынчылыктарга туш болмок? б) Мариям турмушка чыккандан кийин эмне өзгөргөн? (Шилтемени да карагыла.)

6 Мариям Жусуптун чечимин колдоп, ага баш ийгенби? Кантсе да, боюнда бар аялга узак жол жүрүү оңой эмес. Кургакчыл мезгил бүтүп, жылуусу качкан күз да келип калган кез. Капилеттен жаан төгүп салышы толук мүмкүн. Анын үстүнө, деңиз деңгээлинен 760 метр бийиктикте жайгашкан Бетлехемди көздөй кеткен жол барган сайын кыйындап, өргө айланат. Жөө киши ал жакка бир нече күн дегенде араң жетет. Кош бойлуу Мариям бат-баттан эс алып турушу керек болгондуктан, жол ого бетер узарары турган иш. Ай-күнүнө жетип калганда кайсы эле келин үйдө эле болуп, кокус толгоосу башталып калса, жардам бере турган жакындарынын жанында болгусу келбесин? Ушунун баарына карабай жолго чыккан Мариям, чынында эле, кайраттуу келин экен!

Бетлехемге сапар тартуу оңой эмес болгон

7 Луканын Инжилинде Жусуптун «ай-күнүнө жетип калган аялы Мариям менен бирге каттоодон өтүш» үчүн Бетлехемге жол тартканы айтылат (Лука 2:4, 5). Мариям турмушка чыга элек кезинде чечимдерди өзү чыгарчу. Эми күйөөсүн үй-бүлө башчысы катары урматтап, ал чыгарган чечимдерди даярдуулук менен колдоого дилгир *. Ал күйөөсүнө баш ийүү менен Кудайга болгон ишенимин иш жүзүндө көрсөткөн.

8. а) Мариямга баш ийүүгө дагы эмне түрткү берген? б) Мариям Кудайдын ар бир кызматчысына кандай үлгү калтырган?

8 Мариямга баш ийүүгө дагы эмне түрткү берген? Ал Машаяктын Бетлехемде төрөлөрү жөнүндөгү пайгамбарлыкты билгенби? Бул туурасында Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Бирок ал пайгамбарлык диний жетекчилерге да, карапайым элге да жакшы маалым болгонуна караганда, аны Мариям да билген көрүнөт (Мт. 2:1—7; Жкн. 7:40—42). Анткени ал Ыйык Жазманы жакшы билген (Лк. 1:46—55). Мариямга Бетлехемге барууга күйөөсүнө баш ийгени түрткү бергенби же падышанын буйругуна баш ийгениби же пайгамбарлыкка ылайык иш кылганыбы, кандай болбосун, ал баарыбызга жакшы үлгү калтырган. Жахаба момун, тил алчаак кишилерди абдан баалайт. Баш ийбестик өкүм сүргөн азыркы заманда Мариямдын үлгүсү Кудайдын ар бир кызматчысына тил алчаак болууга түрткү берет.

Машаяктын төрөлүшү

9, 10. а) Мариям менен Жусуп Бетлехемге жакындап калганда, кыязы, эмнелер жөнүндө ойлонушкан? б) Жусуп менен Мариям кайсы жерден түнөк жай табышкан жана эмне үчүн?

9 Мариям алыстан аба агымы менен кошо каалгып чайпалгансыган Бетлехемдин караанын көргөндө жеңилдей түшүп, көкүрөк кере дем алат. Шагы ийилип, мөмөсү төгүлүп турган зайтун дарактарын аралап, улам жогору көтөрүлгөн сайын Мариям менен Жусуп бул шаарчанын бай тарыхын эстеп, ойго чөгүп барган чыгар. Бетлехем, Микей пайгамбар айткандай, Жүйүт жергесиндеги шаарлардын эң эле кичинекейлеринин бири болсо да, дал ушул жерден миң жылдан ашуун убакыт мурун Бууз, Наами жана Дөөтү падышалар чыккан.

10 Жубайлар узак жол басып, акыры, көздөгөн жерине да келип жетишет. Шаарчада эл быкылдайт. Каттоодон өткөнү келгендер аябай көп болгондуктан, Жусуп менен Мариямга түнөгөнгө бир да жай калбай калат *. Алар малканага түнөгөнгө аргасыз болушат. Анысы аз келгенсип, толгон жерден Мариямдын толгоосу ошол жерден башталып калса болобу! Ошондо Жусуп келинчегинин жан кейиткен оорусуна аралжы болгусу келип, ыңгайлуураак жай таап бере албаганына ичтен сызган чыгар.

11. а) Мариямды ар бир эле аял түшүнөт деп эмне үчүн айта алабыз? б) Иса кандай мааниде «тун уул» болгон?

11 Мариямга канчалык кыйын болгонун ар бир эле аял жакшы түшүнөт болуш керек. Андан 4 000 жылдай мурун Жахаба тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан аялдардын азап менен төрөрүн айткан болчу (Башт. 3:16). Андыктан Мариям да төрөттөн кыйналса керек. Лука Мариямдын кантип төрөгөнүнө майда-чүйдөсүнө чейин токтолгон эмес. Ал тек гана: «Тун уулун төрөдү»,— деп жазган (Лк. 2:7). Ошентип, Мариям, бери дегенде эле, жети баласынын эң улуусун төрөгөн (Мр. 6:3). Бирок ушунусу башка балдарынан өзгөчө болчу. Ал Мариямдын эле тун уулу эмес, Кудайдын жалгыз Уулу, «бардык жаратылгандардын туңгучу» болгон (Кол. 1:15).

12. Мариям баласын каякка жаткырган жана бул оюн-зоок, сүрөт, тасмаларда көрсөтүлгөндөрдөн канчалык айырмаланат?

12 Мариям төрөгөндөн кийин, Ыйык Китепте айтылгандай, «баланы ороп, акырга жаткырган» (Лк. 2:7). Рождество жөнүндөгү оюн-зооктордо, сүрөттөрдө, тасмаларда Иса төрөлгөндөгү жагдайды ашыра кооздоп, көркөмдөп салышат. Бирок чынында кандай болгону тууралуу ой жүгүртүп көрөлү. Мариям баласын мал жем-чөп жеген кадимки эле акырга жаткырган. Малкананы жыты жагымдуу, таза жер деп айта албайсың. Кайсы эле ата-эне шарты болуп туруп, баласынын жылуу-жумшак, таза жерде эмес, малканада төрөлүшүн кааласын? Ар бир эле ата-эне баласы үчүн баарын кылганга даяр. Андыктан Мариям менен Жусуптун да Кудайдын Уулу үчүн эң жакшысын кылганга даяр болгону шексиз.

13. а) Мариям менен Жусуп кандайча колунан келгендин баарын кылышкан? б) Ата-энелер Жусуп менен Мариямды кантип туурай алышат?

13 Ошентсе да Жусуп менен Мариям ошондой жагдайга туш болгонуна капаланып, кыжалат болбой, колунан келгендин баарын кыла беришкен. Алсак, Мариям уулун жылуулап ороп, желп эткен суук желге урунтпай акырга жаткырган. Ал ушундай ыңгайсыз шартта да чүрпөсүнө эне мээримин төгүп, кам көрө берген. Анткен менен күйөөсү экөө тең баласына Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө жардам берүү баарынан маанилүү экенин жакшы түшүнүшкөн. (Оку: Мыйзам 6:6—8.) Бүгүнкү күндө көптөр Кудайга кызмат кылууну баалашпаса да, акылдуу ата-энелер балдарын тарбиялоодо Жусуп менен Мариямды туурап жатышат.

Койчулар жубайларды бекемдешет

14, 15. а) Койчулар эмне үчүн жаңы төрөлгөн баланы көрүүгө шашышкан? б) Койчулар баланы көргөндөн кийин эмне кылышкан?

14 Малкана ичи мемиреп тыптынч. Бир маалда опур-топур болуп, көңүлүнө толгон кубанычын төгүп, бакылдаша койчулар кирип келишет. Алар малын күзөтүп жүргөн жеринен шашып келишиптир *. Койчулар таң кала караган жубайларга жаңы эле шумдуктуу бир окуяга күбө болушканын жарыша айтып киришет. Көрсө, түн бир оокумда айлана Жахабанын даңкынан жаркырап, аларга бир периште келиптир. Периште Бетлехемде жаңы эле Машаяк төрөлгөнүн сүйүнчүлөп, аны жалаякка оролуп, акырда жаткан жеринен табышарын айтыптыр. Анан көз көрүп, кулак укпаган бир ажайып окуя болуптур! Жанагы периштенин жанына дагы көп сандаган периштелер пайда болуп, баары бир үндөн Кудайды даңкташыптыр (Лк. 2:8—14).

15 Койчулардын Бетлехемге шашып келгенинин себеби ушунда болгон. Алар периштенин айтканы чын чыгып, ымыркайдын акырда жатканын көргөндө аябай сүйүнүшсө керек. Койчулар кубанычы койнуна батпай, уккан-көргөндөрүн башкаларга айтып беришет. Аларды «уккандардын баары таң калышат» (Лк. 2:17, 18). Ошол учурдагы диний жетекчилер койчуларды киши катары көрүшчү эмес. Бирок Жахаба андай карапайым, ишенимдүү кишилерди жогору баалаган. Койчулардын келгени Мариямга кандай таасир эткен?

Жахаба карапайым, ишенимдүү койчуларды жогору баалаган

16. Мариямдын терең ой жүгүрткөн аял болгонун кайдан билебиз жана ал ишенимин эмнеден улам бекем сактай алган?

16 Мариям төрөт азабынан кийин бүткөн бою салмактанып, кыйналып турса да, койчулардын айткан ар бир сөзүн кунт коюп угат. Ал жөн эле угуп койбостон, «айтылгандар жөнүндө ойлонуп, бардыгын көкүрөгүнө түйүп алат» (Лк. 2:19). Мариям аябай терең ой жүгүрткөн аял болчу. Периштенин койчуларга айткандары ал үчүн абдан маанилүү болгон. Жахаба Кудай төрөлгөн бала чынында ким экенин жана кандай маанилүү иш аткарарын Мариямдын түшүнүшүн каалаган. Мариям ар бир сөздү ынта коюп угуп, маани-маңызын аңдаштырган. Кийин ошол сөздөрдү улам эсине түшүрүп, терең ой жүгүрткөн. Ошондуктан ал ишенимин өмүр бою бекем сактай алган. (Оку: Еврейлер 11:1.)

Мариям койчуларды кунт коюп угуп, ар бир сөздү көкүрөгүнө түйүп алган

17. Ой жүгүртүү жагынан Мариямды кантип туурасак болот?

17 Мариямды кантип туурасак болот? Жахаба бизге чындык сөзү жазылган Ыйык Китепти берген. Бирок аны окуп, ой жүгүртпөсөк, эч кандай пайда албайбыз. Андыктан Ыйык Китепти жөн эле бир адабий чыгармадай эмес, Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Сөзү катары күнүгө окушубуз керек (2 Тим. 3:16). Ошондой эле, Мариямдай болуп, окугандарыбызды көкүрөгүбүзгө түйүп алып, терең ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. Эгер Ыйык Китептен окугандарыбыз жөнүндө жана аларды жашоодо кантип колдонсок болору тууралуу ой жүгүртсөк, ишенимибизди азыктандырып, бекемдей беребиз.

Мариям дагы кайсы сөздөрдү «көкүрөгүнө түйүп алган»?

18. а) Мариям менен Жусуп кандайча Мусанын мыйзамына ылайык иш кылышкан? б) Мариям менен Жусуптун чалган курмандыгынан алардын материалдык абалы жөнүндө эмнени билүүгө болот?

18 Төрөлгөнүнө сегиз күн болгондо Мариям менен Жусуп, Мусанын мыйзамы боюнча, баласын сүннөткө отургузуп, периште айткандай, атын Иса коюшат (Лк. 1:31). Анан 40 күндөн кийин, тазалануу убагы бүткөндө, Бетлехемден 10 чакырымдай алыс жайгашкан Иерусалимдеги ибадатканага барып, Мусанын мыйзамындагы кедейлерге караштырылган көрсөтмөгө ылайык, эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү курмандыкка чалышат. Башка ата-энелердей болуп, курмандыкка кой чала алышпаса да, алар колунан келгенди кылып, Мыйзамды аткарышкан. Кандай болбосун, ибадатканадан экөөнүн тең ишеними аябай бекемделген (Лк. 2:21—24).

19. а) Шымон Мариямдын жүрөгүнүн түпкүрүндө кала турган кандай сөздөрдү айткан? б) Исаны көргөндө Анна эмне кылган?

19 Ибадатканадан жубайлардын жанына Шымон деген карыя басып келип, Мариямдын жүрөгүнүн түпкүрүндө кала турган сөздөрдү айтат. Жахаба ага убадаланган Машаякты көрмөйүнчө өлбөй турганын убада кылган болчу. Ошондуктан Кудай ыйык руху аркылуу ага кичинекей Исанын убадаланган Куткаруучу экенин ачып берет. Шымон аларга батасын берген соң Мариямга кийин жүрөгү «чоң кылыч» сайылгандай сыздай турганын айтат (Лк. 2:25—35). Карыянын сөздөрү жүрөк титиретерлик болсо да, алар Мариямга 33 жыл өткөндөн кийин болгон каргашаны көтөрүп кетүүгө күч берген. Кичинекей Исаны Анна деген пайгамбар аял да көрөт. Ал «Иерусалимдин куткарылуусун күтүп жүргөндөрдүн баарына бала жөнүндө айта баштайт». (Оку: Лука 2:36—38.)

Ибадатканадан Мариям менен Жусуптун ишеними бекемделген

20. Жусуп менен Мариямдын Исаны ибадатканага алып барганы эмне үчүн жакшы болгон?

20 Жусуп менен Мариямдын кичинекей Исаны Иерусалимдеги ибадатканага алып барганы кандай сонун болгон! Ошентүү менен алар Исаны тырмактайынан эле Жахабанын үйүнө барып турууга үйрөтө башташкан. Алар Мыйзамда жазылгандарды мүмкүнчүлүгүнө жараша так аткарышкан жана жылуу сөздөрдү угуп, бекемделишкен. Мариямдын ибадатканадан ишеними бекемделип, көкүрөгүнө көптөгөн асыл сөздөрдү түйүп, ой жүгүртүүгө жана башкалар менен бөлүшүүгө чечкиндүү болуп кайтканы шексиз.

21. Канткенде Мариямдыкындай күчтүү ишенимге ээ боло алабыз?

21 Бүгүнкү күндө да ата-энелердин Жусуп менен Мариямды туурап жатканын көрүү кандай жагымдуу! Алар балдарын жыйналышка дайыма алып барышат. Андай ата-энелер Кудайга колунан келишинче кызмат кылышат жана бир туугандарга жылуу сөзүн айтып, бекемдешет. Өздөрү да жыйналыштан сергип, жүрөгү кубанычка толуп, асыл ойлорду көкүрөгүнө түйүп, башкалар менен бөлүшкөнгө бел байлап кайтышат. Алар менен ийиндеш туруп кызмат кылуу өзүнчө эле рахат! Келгиле, мындан ары да Мариямды туурай берели. Ошондо ишенимибиз аныкындай күчтүү болуп, күн өткөн сайын бекемделе берет.

^ 7-абз. Мариям мурунураак Элизабеттикине сапар тартканда «камданып, шашылыш түрдө... жөнөп» кеткен (Лк. 1:39). Ошол кезде ал Жусуп менен баш кошууга убадалашканы менен, турмушка чыга элек болгондуктан, болочок күйөөсү менен кеңешпей эле иш кылган. Ал эми баш кошкондон кийин жагдай өзгөрүп, жолго чыгууну өзү эмес, Жусуп чечкен.

^ 10-абз. Ошол убакта жергиликтүү эл шаарга токтогон жолоочуларды, жер кезген соодагерлерди түнөк жай менен камсыз кыла турган.

^ 14-абз. Ошол маалда койчулардын түнкүсүн койлору менен талаада жүргөнү Иса Машаяктын койлор кыштоого түшө турган декабрь-январь айларында эмес, октябрдын баштарында төрөлгөнүн тастыктап турат.