Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

Ал эли үчүн жанын берүүгө даяр болгон

Ал эли үчүн жанын берүүгө даяр болгон

1—3. а) Эстер күйөөсүнүн алдына баратканда эмне үчүн корккон? б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

ЖҮРӨГҮ дүкүлдөй соккон Эстер мууну калтырап, Шушандагы ак сарайга жакындап келет. Ак мөңгү жамынган Загрос тоолоруна жакын жердеги дөбөдөн орун алган ак сарайдын жанынан суусу көк кашка Хоаспес дарыясы агып өтөт. Ак сарайдагы айнек менен капталган дубалдын бетине чегилген жаачылардын, айбаттуу арстандардын, канаты бар букалардын түркүн түскө боёлгон түспөлдөрү, жол-жол болуп оюлуп жасалган көк тиреген тирөөчтөрү, заңкайган айкелдери ары сүрдүү, ары сестүү көрүнөт. Мунун баары келген кишиге зоболосу зор падышанын чексиз күчкө, бийликке ээ экенинен кабар берет. Ошол падыша — Эстердин күйөөсү.

2 Кудайга бекем ишенген бир да жүйүт кызы Акашбероштой кишиге турмушка чыксам деп эч качан кыялданбайт болчу *. Ал падышаны Кудайдын буйругуна баш ийген, байбичеси Сааранын кеп-кеңешин уккан Ыбрайым пайгамбарга салыштырып болбойт (Башт. 21:12). Падыша Эстердин Кудайы Жахаба жана анын мыйзамдары жөнүндө билчү эмес. Бирок ал перстердин мыйзамдарын беш колдой билет. Ошол мыйзамдардын бирине ылайык, чакырылбай туруп перс өкүмдарынын алдына барган киши өлүм жазасына тартылчу. Эстер ал мыйзамды бузуп, падышанын алдына баратат. Ал ак сарайдын ички короосуна жакындап келип, алыстан падышанын караанын көргөндө ажал менен беттешкендей эле болот. (Оку: Эстер 4:11; 5:1.)

3 Эмне үчүн Эстер өмүрүн тобокелге салган? Ишеними күчтүү болгон ал асыл жүрөк аялдан эмнеге үйрөнө алабыз? Адегенде, келгиле, анын кандайча дүйнө жүзүнө укурук салган Персия падышалыгынын канышасы болуп калганына токтололу.

Эстердин балачагы

4. Эстердин балачагы жөнүндө эмнени билебиз?

4 Эстер томолой жетим болчу. Ыйык Китепте анын ата-энеси жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Бир билгенибиз, алар ага Хадаса деген ат коюшкан. Бул ысым еврейче назик ак гүл ачкан мирт деген бадалды билдирет. Эстердин ата-энеси каза болуп калганда, аны Мордохай деген жашы өр тартып калган аталаш тууганы асырап алган. Ал кайрымдуу киши Эстерди өз кызындай кылып чоңойткон (Эст. 2:5—7, 15).

Мордохай асырап алган кызы менен сыймыктанчу

5, 6. а) Мордохай Эстерди кантип тарбиялаган? б) Эстер менен Мордохайдын Шушандагы жашоосу кандай болгон?

5 Мордохай менен Эстер башка жүйүт туткундары менен бирге Персиянын борбор калаасында жашашчу. Тегерегиндегилер аларды өз динин тутуп, Кудайдын мыйзамдарына карманып жашаганы үчүн жактырбай, жаман мамиле кылышса керек. Ошентсе да Эстер асырап алган атасынын мээримдүү Жахаба Кудайдын өз элин байыркы учурда далай жолу куткарганы жана дагы деле кам көрүп жатканы жөнүндө айтып бергендерин көкүрөгүнө түйүп, ишенимин өрчүтө берген (Леб. 26:44, 45). Ушундан улам Эстер менен Мордохайдын мамилеси жыл өткөн сайын ынак боло берген.

6 Мордохайдын ак сарайдагы кызматчылар менен бирге дайыма дарбазанын алдында отурганына караганда, ал ак сарайда кандайдыр бир кызматты аткарса керек (Эст. 2:19, 21; 3:3). Эстердин балалыгы кандай өткөнү жөнүндө Ыйык Китепте эч нерсе айтылбаса да, анын багып алган атасына күйүмдүү, үй иштерине тың кыз болгону шексиз. Калыбы, алар дарыянын аркы өйүзүндө жакырлар турган конушта жашашкан. Эстер соода кылганы Шушан базарына барганда алтын-күмүш жасалгаларды, оймо-чиймелүү не бир түркүм буюмдарды суктана карап, базар аралай басканды жакшы көрсө керек. Балким, ошондо кымбат-баалуу буюмдар кийин анын бут алдына төшөлөрү үч уктаса да түшүнө кирген эместир.

«Келбети келишкен, сулуу кыз»

7. Башти эмне үчүн канышалык даражадан ажыратылган жана падыша эмне кылган?

7 Күндөрдүн бир күнүндө Шушандагы ак сарайды күбүр-шыбыр аралап, баары уу-дуу болот. Акашберош падыша аттуу-баштуу төрөлөрүн чоң тойго чакырып, аларды чүйгүн тамак, мыкты шарап менен сыйлап жаткан эле. Башти каныша да падышадан кем калбай, аялдар үчүн өзүнчө той өткөрүп жаткан. Анан падыша чүрөктөй сулуу канышасын төрөлөрүнө көрсөтүп мактаныш үчүн чакыртат. Бирок Башти келбей коёт. Эл алдында уят болгон падыша каарданып, кеңешчилеринен канышаны кантип жазалоо керектигин сурайт. Падыша, алардын кеңеши боюнча, Баштини канышалык даражадан ажыратып, башка каныша тандоону чечет. Ошентип, падышанын кол алдындагылар улуу өлкөнүн чар тарабынан Баштинин ордун баса турган чырайлуу кыздарды издей башташат (Эст. 1:1—2:4).

8. а) Эстер чоңойгон сайын Мордохай эмне үчүн тынчсызданган? б) Эмне үчүн сулуулукка карата тең салмактуу көз карашта болушубуз керек? (Накыл сөздөр 31:30ду да карагыла.)

8 Мордохай кечээ эле ойноп жүргөн тырмактай кызынын бойго жетип, гүлү бирден ачылып, айдай сулуу бийкеч болуп чыга келгенин карап отуруп, бир чети кубанып сыймыктанса, бир чети келечегин ойлоп санаа тартат. Ыйык Китепте Эстердин «келбети келишкен, сулуу кыз» болгону айтылат (Эст. 2:7). Кудайдын Сөзүндө сулуулукка карата тең салмактуу көз караш чагылдырылган. Албетте, сулуулук жакшы дечи, бирок ал акылмандык, момундук менен бирге жүрсө, андан бетер жакшы. Болбосо киши сулуулугуна чиренип, бой көтөрүп кетиши же дагы башка жаман сапаттарды өрчүтүп алышы мүмкүн. (Оку: Накыл сөздөр 11:22.) Бул сөздөрдүн калетсиз экенине кошулат чыгарсыңар. Эстер сулуу болгону үчүн бой көтөрүп кеткенби же момун бойдон калганбы? Аны убакыт көрсөтмөк.

9. а) Падышанын кызматчылары Эстерди алып кетип бараткандагы жагдайды сүрөттөп бергиле. б) Мордохай Эстерди Жахабага ишенбеген кишиге эмне үчүн берип койгон? (Кутучаны да карагыла.)

9 Падышанын кызматчылары Эстерди байкабай коюшкан эмес. Алар аны Мордохайдын колунан жулуп кетип, дарыянын аркы өйүзүндөгү ак сарайга алып кетишет (Эст. 2:8). Мордохай кызындай көргөн Эстерди жүрөк этинен айрып, тарттырып ийип отуруп калат. Ал кызын Жахабага ишенбеген бир да кишиге, мейли падыша болсун, бербейт эле. Бирок турмуштун агымына багынып бербеске арга жок *. Эстер кетер алдында атасынын ар бир сөзүн, кеп-кеңешин көңүлүнө салып, бүт ыкласын коюп укса керек. Ал Шушандагы ак сарайга кеткен жолду карай жандырмагы жок көп суроолуу ойлорго чырмалып, эртеңки күнү кандай болорун билбей коркуп барат.

«Эстер көргөндөрдүн баарына жакты»

10, 11. а) Жаңы чөйрө Эстерге кандай таасир этиши мүмкүн эле? б) Мордохай Эстердин ал-жайын билиш үчүн эмне кылчу?

10 Эстер мурун билип көрбөгөн, таптакыр башка бир дүйнөгө келип калгандай эле болгон. Эми ал көз карашы, тили, маданияты ар башка болгон, Персиянын булуң-бурчунан алынып келген кыздардын арасында. Аларды падышанын алдына алып барарда аялдарды кайтарган Хегайдын көзөмөлү астында бир жыл бою ар кандай жыпар жыттуу майлар менен майлап, сулуулашат (Эст. 2:8, 12). Баары белен ушундай чөйрөдө жашаган кыздар тоту кушча токсон түрлөнүп, керээли кечке күзгүдөн чыкпай, «мен баарынан сулуумун» дегенсип, бири-бири менен атаандашса керек. Ал эми Эстерчи?

11 Эстерди Мордохайчалык эч ким ойлобосо керек, ал анын дүйнөдөгү эң жакшы көргөн, жан ачыр кишиси. «Эстердин ал-жайын билиш үчүн Мордохай күн сайын аялдар үйүнүн короосунун алдына келип» турчу (Эст. 2:11). Ал падышанын кызматчыларынан бапестеп баккан кызы жөнүндө укканда кубанычы койнуна, сыймыгы ичине батпай калчу.

12, 13. а) Ак сарайдагылар Эстерге кандай мамиле кылышкан? б) Мордохай эмне үчүн сүйүнгөн?

12 Эстер Хегайга абдан жагып калгандыктан, ал мээримдүүлүк көрсөтүп, падышанын үйүнөн ага кызмат кыла турган жети кыз тандап, аялдар үйүнүн эң жакшы жерине жайгаштырат. «Эстер көргөндөрдүн баарына жаккан» (Эст. 2:9, 15). Ал башкаларга сулуу болгону үчүн эле жакканбы? Жок, алар анын ички дүйнөсүнө да суктанышкан.

Эстер сулуулукка караганда, момундук, акылмандык маанилүү экенин билген

13 Ыйык Китептен: «Эстер өзүнүн эли, туугандары жөнүндө эч кимге эч нерсе айткан жок, анткени Мордохай айтпа деген болчу»,— дегенди окуйбуз (Эст. 2:10). Мордохай ак сарайда жүйүттөрдү жек көргөндөр бар экенин билгендиктен Эстерге тек-жайы жөнүндө эч кимге ооз ачпашы керектигин айткан. Ал Эстердин үйдөн алыс жүрсө да, анын акыл-насаатынан кыл жылбай, айтканын айткандай кылып жатканын билип, аябай сүйүнгөн чыгар.

14. Жаштар Эстерди кантип туурай алышат?

14 Бүгүнкү күндө да жаштар, Эстердей болуп, ата-энесинин же аларды чоңойтуп-өстүргөндөрдүн жүрөгүн кубанта алышат. Алар ата-энесинин көзү жокто да тегерегиндеги адеп-ахлаксыз, жеңил ойлуу, ырайымсыз адамдардын терс таасирине алдырбай, Кудайдын адил мыйзамдарына бекем кармана алышат. Ошентүү менен алар, Эстерди туурап, асмандагы Атасынын жүрөгүн кубантышат. (Оку: Накыл сөздөр 27:11.)

15, 16. а) Падыша эмне үчүн Эстерди жакшы көрүп калган? б) Эстерге жашоосундагы чоң өзгөрүүгө көнүп кетиш эмне үчүн кыйын болгон?

15 Эстердин падышанын алдына барар убактысы келип жеткенде ага сулуулугун арттырыш үчүн каалаган буюмун тандап алууга мүмкүнчүлүк берилет. Бирок ал момундук көрсөтүп, Хегай айткандан башка эч нерсе сураган эмес (Эст. 2:15). Ал ак сарайда жөнөкөйлүк, момундук сапатын чагылдыргандар жокко эсе экенин көргөндүктөн падышага жалаң гана сулуулук менен жага албасын түшүнгөн окшойт. Анын ойлогону туура чыкканбы?

16 Ыйык Китепте: «Бардык кыздардын ичинен падыша Эстерди жактырып калды. Ал аны башка кыздарга караганда көбүрөөк жакшы көрүп, ага көбүрөөк мээримдүүлүк көрсөттү. Падыша анын башына таажы кийгизип, Баштинин ордуна каныша кылды»,— делет (Эст. 2:17). Карапайым жүйүт кызына дүйнө жүзүндө бийлигине атаандаша алчу бир да киши жок өкүмдардын аялы болуп, каныша таажысын кийип, жашоосу бир заматта өзгөрүп кеткенине көнүп кетиш кыйын болгону айтпаса да түшүнүктүү. Эстер ушундай даражага жеткенине манчыркап, эч кимди көзгө илбей калды беле? Жок, ал бой көтөрүп кеткен эмес.

17. а) Эстер кандайча асырап алган атасынын тилин ала берген? б) Бүгүнкү күндө Эстерди тууроо эмне үчүн маанилүү?

17 Эстер жүйүт элинен экенин эч кимге айтпай, мурдагыдай эле Мордохайдын тилин ала берген. Кийинчерээк Мордохай Акашберош падышаны өлтүрүүнү көздөп жүргөн эки кишинин арам оюн билип калып, Эстерге кабарлаганда, ал дароо баарын падышага билдирип, чыккынчылардын бетин ачкан (Эст. 2:20—23). Анын момун, тил алчаак болгону Кудайга бекем ишенерин көрсөтүп турган. Тил алчаактык бааланбай, тил албастык менен козголоңчулдук кеңири жайылган азыркы дүйнөдө Эстерди туураганыбыз кандай гана маанилүү! Кудайга чындап ишенген адамдар, Эстердей болуп, тил алчаактыкты дайыма жогору баалашат.

Эстердин ишеними сыналат

18. а) Мордохай эмне үчүн Амандын алдында тизе бүккөн эмес? (Шилтемени да карагыла.) б) Кудайдын ишенимдүү кызматчылары Мордохайды кантип туурашат?

18 Падышанын ак сарайында Аман деген киши зор бийликке ээ болот. Падыша анын зоболосун көтөрүп, оң колу кылат. Атүгүл баарына анын алдында тизе бүгүп, таазим кылышын буйруйт (Эст. 3:1—4). Бирок бул мыйзам Мордохай үчүн кыйынчылык туудурат. Ал падышага баш ийүүгө дилгир, бирок Кудайга баш ийүү ал үчүн баарынан маанилүү. Аман Шемуел пайгамбар өлтүргөн амалыктыктардын падышасы Агактын тукумдарынан болгон (1 Шем. 15:33). Амалыктын тукумдары ушунчалык зөөкүр болгондуктан Жахабанын жана ысрайыл элинин душманы болуп калган. Ошондуктан Жахаба ал элге өкүм чыгарган болчу * (Мыйз. 25:19). Анан кантип Жахабага берилгендик менен кызмат кылган жүйүт Амалыктын тукумунан чыккан кишиге тизе бүксүн? Мордохай эч качан андай кылбайт. Бүгүнкү күндө да Кудайдын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары өмүрүнө коркунуч туулганына карабай: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деген сөздөргө ылайык иш кылышат (Элч. 5:29).

19. Аман эмне кылууну ойлогон жана мүдөөсүн ишке ашырыш үчүн падышаны кантип көндүргөн?

19 Мордохайдын таазим кылбаганына Амандын каары кайнап, аны өлтүрүүнү чечет. Бирок кекке ууккан Аманга бул да аздык кылып, анын элин бүт бойдон, эмгектеген баласынан бүкчүңдөгөн карысына чейин, кырып жок кылууну ойлойт. Ал жөргөмүштүн торундай арам сөзүн жайып, падышага жүйүт элин жамандап барат. «Элдердин арасына чачырап кеткен, өздөрүн обочо алып жүргөн бир эл бар» — деп, кайсы эл экенин так айтпай, жаңжал отун жагат. Анан калса, сөздү алыстан кайрып, ал элдин пайда-батасы жок, падышанын мыйзамдарына баш ийбеген, козголоңчул эл экенин кыйытып айтат. Атүгүл падышанын казынасына көп акча салып, жүйүттөрдү кырып жок кылууга кеткен чыгымды өзү жаба турганын билдирет *. Амандын сөзүнө муюган падыша ага мөөр шакегин карматып, мүдөөсүн ишке ашырууга макулдугун берет (Эст. 3:5—10).

20, 21. а) Жүйүттөрдү кырууга байланыштуу суук кабар бүтүндөй Персиянын карамагындагы жүйүттөргө жана Мордохайга кандай таасир эткен? б) Мордохай Эстерге эмне деп айттырып жиберген?

20 Көп өтпөй чабармандар жүйүттөргө өлүм өкүмү чыгарылган кабарды кең өлкөнүн туш тарабына жеткирип жөнөшөт. Бабыл туткунунан мекенине кайтып барып, Иерусалимдин дубалдарын эптеп тургузуп жаткан жүйүттөрдүн бул суук кабарды укканда үрөйлөрү учат. Мордохай санаалаштарынын, туугандарынын, деги эле жамы журттун тагдыры кыл таразага түшкөнүн ойлоп, заманасы куурулат. Ушунчалык кайгыга баткандыктан кийимин айрып, таар жамынат, үстүнө күл чачып, шаардын так ортосуна барып катуу боздоп ыйлайт. Ал учурда Аман калың журтту азапка салганына кебелип да койбой, падыша менен шарап ичип отурган. (Оку: Эстер 3:12—4:1.)

21 Мордохай создуктурбай иш-аракет кылышы керектигин түшүнөт. Бирок ал жалгыз эмне кыла алат? Эстер Мордохайдын катуу кайгырып жатканын угуп, кийим берип жиберет, бирок ал албай коёт. Мордохай жанындай жакшы көргөн кызынын бутпарас элдин падышасына турмушка чыгышына Жахаба Кудай эмне үчүн жол берип койгонун ойлоп, далай жолу түйшөлсө керек. Мына эми бардыгы айдан ачык болду окшойт. Мордохай Эстер канышага элин аман алып калыш үчүн падышадан «суранышы керектигин айттырып жиберет» (Эст. 4:4—8).

22. Эстер күйөөсүнүн алдына баруудан эмне үчүн корккон? (Шилтемени да карагыла.)

22 Мордохайдын сөздөрүн укканда Эстер апкаарый түшөт. Буга чейин анын ишеними мынчалык сыналып көргөн эмес чыгар. Ал коркконун жашырбай Мордохайга айттырып жиберет. Анткени, перстердин мыйзамына ылайык, падышанын алдына чакырылбай барган киши өлүм жазасына тартылмак. Падышанын сунулган алтын таягы гана ажалдан алып кала алат. Анын үстүнө, Баштинин жоругунан кийин падышанын алдына чакырылбай барганы өтө эле опурталдуу. Падышанын аны чакыртпаганына да 30 күндүн жүзү болуп калган. Ал көлөкөдөй туруксуз падышанын ага болгон сезими өчүп, көңүлү сууп калганбы деп да ою миң санаага бөлүнөт * (Эст. 4:9—11).

23. а) Мордохай Эстердин ишенимин бекемдеш үчүн эмне деген? б) Мордохай бизге кандай үлгү калтырган?

23 Мордохай Эстердин ишенимин бекемдеш үчүн чечкиндүүлүк менен жооп берип, эгер ал иш-аракет кылбаса, куткарылуу башка жактан келерин айттырат. Көпчүлүк жүйүттөрдү кырып жок кылабыз деп кылычтарын кайрап отурса, Эстер Акашберош падышанын ага ырайым кыларына үмүттөнө алат беле? Ошондо Мордохай Жахаба Кудайдын өз элинин тукум курут болуп кетишине жол бербей турганына жана убадаларын сөзсүз аткарарына бекем ишенерин көрсөтөт (Жаш. 23:14). Анан Эстерге: «Ким билет, балким, сен ушундай оор мезгил үчүн канышалык даражага жеткендирсиң»,— деп айтат (Эст. 4:12—14). Ушундай күчтүү ишенимге ээ болгон Мордохайды туурагың келеби? Ал Кудайга толугу менен таянган. Ал эми бизчи? (Накыл 3:5, 6).

Өлүмдөн да күчтүү ишеним

24. Эстер кандайча бекем ишеним жана кайраттуулук көрсөткөн?

24 Эстерге чечим чыгарууга убакыт келип жетти. Ал Мордохайдан шаардагы жүйүттөрдүн баары аны менен чогуу үч күн орозо кармашын суранып: «Мыйзамга каршы келсе да, падышага барам. Өлсөм өлөм» — деп, бекем ишенимин жана кайраттуулугун көрсөтөт (Эст. 4:15—17). Эстер эзели ошол күндөрдөгүдөй жалындуу тиленип көрбөсө керек. Акыры, ажалга тике карай турган күн да келет. Ал падышага жагыш үчүн эң мыкты кийимин кийип жасанат да, үйүнөн чыгат.

Эстер Кудайдын элин сактап калыш үчүн өз өмүрүн тобокелге салган

25. Эстердин күйөөсүнө бараткандагы жагдайды сүрөттөп бергиле.

25 Бөлүмдүн башында айтылгандай, Эстер ак сарайдын короосуна бет алат. Ал сыртынан сыр билгизбегени менен, ичтен ой-санаа сызып, улам-улам тиленип, ак сарайга жакындай берет. Ички короого кирери менен көздөрү тактыда отурган сүрдүү падышага кадала түшөт. Эстер чачы менен сакалы тармалынан келген падышанын жүзүнөн ырайымдын жышанасын сезгиси келет. Ошондо бир көз ирмем бир кылымга тете болсо керек. Акыры, күйөөсү да аны көрөт. Падыша көргөн көзүнө ишене албай айран-таң. Бирок капилеттен анын сүрдүү жүзү жумшара түшөт да, аялын көздөй алтын таягын сунат (Эст. 5:1, 2).

26. Эмне себептен Иса пайгамбардын жолдоочулары Эстердей кайраттуу болушу керек жана Эстер дагы эмне кылышы керек эле?

26 Падыша аялына кулак төшөп, эмне максат менен келгенин айтууга мүмкүнчүлүк берет. Эстер Кудайга болгон ишенимдүүлүгүнөн жазбай, эли үчүн жанын берүүгө даяр болуп, баарыбызга сонун үлгү калтырган. Биз аны чын жүрөктөн туурагыбыз келет. Иса пайгамбар анын жолдоочуларын чыныгы сүйүү айырмалап турарын айткан (Оку: Жакан 13:34, 35.) Мындай сүйүү көрсөтүү үчүн Эстердикиндей кайраттуулук талап кылынат. Ооба, ал падышанын алдына барып, Кудайдын эли үчүн жанын берүүгө даяр болгонун көрсөткөн, бирок бул чоң иштин башталышы эле болчу. Ал падышага анын эң жакын кеңешчиси Амандын кара өзгөй, митаам киши экенин кантип далилдейт? Элин кантип аман алып калат? Ушул суроолорго кийинки бөлүмдөн жооп алабыз.

^ 2-абз. Көптөрдүн ою боюнча, Акашберош б.з.ч. 5-кылымдын башында Персия империясын бийлеген Ксеркс I болгон.

^ 9-абз. 16-бөлүмдөгү «Эстерге байланыштуу суроолор» деген кутучаны карагыла.

^ 18-абз. Аман Амалыктын тукумдарынын эң акыркыларынан болсо керек, анткени «Амалыктын тукумдарынын аман калгандары» Хиския падышанын күндөрүндө жок кылынган (1 Жылн. 4:43).

^ 19-абз. Аман 10 000 талант күмүш, бүгүнкү акча менен, жүз миллиондогон доллар акча сунуш кылган. Эгер Акашберош падыша, чынында эле, Ксеркс I болсо, ага Амандын сунушу жакса керек. Анткени ага гректер менен согушууга көп акча керек болгон. Бирок ал кийинчерээк баары бир деле жеңилип калган.

^ 22-абз. Ксеркс I аябай өзгөрүлмө, ачуусу чукул падыша болгон. Грек тарыхчысы Геродот анын Грецияга каршы согуш жүргүзгөнүн баяндап жазган. Падыша Геллеспонт кысыгына кемелерден турган көпүрө курууну буйруган. Катуу бороон-чапкын көпүрөнү талкалап кеткенде, ал көпүрөнүн долбоорчуларынын башын алдырып, Геллеспонт кысыгын «жазалап», сууну тилдеп, сабоого буйрук берген. Ошол эле согуш учурунда бир бай киши уулун аскерден бошотууну өтүнгөндө, Ксеркс I анын уулун экиге бөлүп, сөөгүн башкаларга эскертүү болуш үчүн көрсөткөн.