Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

«Бардык ишенгендердин атасы»

«Бардык ишенгендердин атасы»

1, 2. Нух пайгамбардын күндөрүнөн кийин дүйнө кандайча өзгөргөн жана Ыбрам ага кандай караган?

ЫБРАМ Ур шаарындагы төбөсү көк челген бийик мунараны үнсүз тиктеп турат *. Анын чокусунан чыккан түтүн, жүлүндөй болуп, көккө карай созулуп барып, жайылып кетет. Ай кудайынын дин кызматчылары адатынча курмандыгын чала башташкан экен. Табынганы келген эл кыжы-кужу. Ыбрам башын чайкай, кабагын чытып, оор үшкүрүнөт. Быкылдаган элге толгон көчөлөрдү аралай басып, жайылып кеткен жалган сыйынуу жөнүндө ойлонуп, ичтен тымызын күйөт. Нух пайгамбардын күндөрүнөн бери жалган сыйынуу күндөн күнгө канат жайып барат.

2 Нух пайгамбар Ыбрам жарык дүйнөгө келерден эки жыл мурун көз жумган. Ал Топон суу тартылгандан кийин үй-бүлөсү менен кемеден чыгып, Жахаба Кудайга курмандык чалган. Жахаба болсо аны менен келишим түзүп, белги катары асан-үсөндү пайда кылган (Башт. 8:20; 9:12—14). Ошол учурда жер бетинде бир гана Жахаба Кудайга сыйынышчу. Андан бери Нух пайгамбардын урпактары он муунду түзүп, элдин саны көбөйүп, Жахаба Кудайды дээрлик унутуп баратышат. Кичинесинен чоңуна чейин — жалган кудайга сыйынгандар. Атүгүл Ыбрамдын атасы Терахтын да жалган сыйынууга катыштыгы бар. Ал жалган кудайлардын айкелин жасаган киши болсо керек (Жаш. 24:2).

Ыбрам кантип күчтүү ишеним өрчүткөн?

3. Ыбрам замандаштарынан эмнеси менен айырмаланган жана биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?

3 Жахабага болгон ишеними күчтүү болгондуктан, Ыбрам замандаштарынан айырмаланып турчу. Жүздөгөн жылдардан кийин элчи Пабыл Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен аны «бардык ишенгендердин атасы» деп атаган. (Оку: Римдиктер 4:11.) Анда эмесе, келгиле, Ыбрам кантип күчтүү ишеним өрчүткөнүн карап көрөлү. Бул бизге да аныкындай ишеним өрчүтүүгө жардам берет.

Топон суудан кийинки доор

4, 5. Ыбрам Жахаба жөнүндө кимден укса керек жана эмне үчүн ушинтип айтууга болот?

4 Ыбрам Жахаба жөнүндө кайдан билген? Ал жашаган учурда Кудайдын айрым ишенимдүү кызматчыларынын көзү тирүү болчу. Алардын бири Шем болгон. Ал Нух пайгамбардын тун уулу болбосо да, ысымы көбүнчө биринчи айтылат. Мунун себеби анын Кудайга бекем ишенгендигинде болушу мүмкүн *. Топон суудан бир нече убакыт өткөндөн кийин Нух пайгамбар Жахабаны «Шемдин Кудайы» деп атаган (Башт. 9:26). Мындан Шемдин Жахаба менен ынак болгонун жана таза сыйынууну жогору баалаганын көрүүгө болот.

5 Ыбрам Шемди жакын тааныган болуш керек. Анын кичинекей кезинде төрт кылымды карыткан ал мартабалуу карыяны балалык кызыгуусу менен карап, даанышман кеп-сөздөрүн кунт коюп угуп отурганын элестетсеңер. Шем зордук-зомбулукка жык толгон ыймансыз дүйнөнүн Топон суу менен жок болгонун, андан кийин сегиз киши бир уруу болуп, бир уруу журт болуп, кайрадан жер бетин толтура баштаганын жана текебер Нимроттун Кудайга каршы козголоң чыгарганын көргөн. Шем берилгендигин сактап, ал козголоңго катышкан эмес. Ошондуктан Жахаба Бабыл мунарасын кургандардын тилин аралаштырып салганда, Шем менен анын үй-бүлөсү Нух пайгамбар сүйлөгөн тилде, адамзаттын алгачкы эне тилинде, сүйлөй берген. Ыбрам да Шемдин үй-бүлөсүнө кирген. Шемдин аны жакшы көргөнү шексиз. Шем узак өмүр сүрүп, Ыбрам бир топ жашка чыкканга чейин тирүү болгон. Чамасы, Ыбрам Жахаба жөнүндө көп нерселерди Шемден уккан.

Ыбрам кеңири жайылган жалган сыйынуудан оолак болгон

6. а) Ыбрамдын Топон суу жөнүндө уккандарынан көп нерсеге үйрөнгөнү эмнеден көрүнүп турат? б) Ыбрам менен Саранын жашоосу кандай болгон?

6 Кандай болбосун, Ыбрам Топон суу жөнүндө уккандарынан көп нерсеге үйрөнгөн. Ал, Нух пайгамбардай болуп, Жахабанын жолунда жүрүүгө чечкиндүү болгон. Мына ушул себептен Ур шаарындагы жалган кудайларга сыйынгандар менен, атүгүл алар жакын туугандары болсо да, камыр-жумур болуп кетпей, өзүн таза сактаган. Ыбрам Сара деген жакшы аялга үйлөнгөн. Сара мүчөсү келишкен сулуу эле зайып болбостон, Жахабага ишенген, берилген аял да болгон *. Экөө балалуу болушпаса да, Жахабага чогуу кызмат кылуудан зор кубаныч алганы шексиз. Алар Ыбрамдын бир тууганынын жетим калган баласы Лотту чоңойтуп-өстүрүшкөн.

7. Биз Ыбрамды кантип туурай алабыз?

7 Ур шаарында жалган сыйынуу гүлдөп турса да, Ыбрам менен Сара Жахабага берилгендигин сакташкан. Биз да Жахабага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылууну кааласак, аларды туурап, бул дүйнөдөн оолак болушубуз керек. Иса пайгамбар жолдоочуларынын «бул дүйнөгө таандык болбой» турганын жана дүйнө аларды жек көрөрүн айткан. (Оку: Жакан 15:19.) Эгер Жахабага кызмат кылганың үчүн үйүңдөгүлөрүң, досторуң сени жаман көрүшсө, жалгыз эмес экениңди унутпа. Ыбрам менен Сара да көп кыйынчылыктарга карабай Кудайдын жолунда жүрүшкөн.

«Жериңди, туугандарыңды калтыр»

8, 9. а) Ыбрамдын эсинен кеткис кандай окуя болгон? б) Жахаба Ыбрамга эмне деген?

8 Бир жолу Ыбрамдын эсинен кеткис окуя болот. Кудай ага маанилүү бир нерсе айтат. Ыйык Китепте ал окуя тууралуу майда-баратына чейин айтылбаса да, анда Ыбрамга «даңктын Кудайы көрүнгөнү» жазылган. (Оку: Элчилер 7:2, 3.) Ыбрам, сыягы, периште аркылуу ааламдын Эгедеринин даңкын көргөн. Ошондо ал тирүү Кудай менен жансыз айкелдердин айырмасы асман менен жердей экенин көрүп, жан дүйнөсү козголгон чыгар.

9 Жахаба: «Жериңди, туугандарыңды калтырып, мен көрсөтө турган жерге бар»,— деген. Ал Ыбрамга өзү көрсөтө турган жерге барышы керектигин айтып, каякка экенин тактаган эмес. Ыбрам өз мекенин, агайын-тууганын калтырышы керек болчу. Байыркы убакта Ортоңку Чыгышта тууган-туушкандар менен болгон карым-катнаш зор мааниге ээ болгон. Андыктан туугандарынан бөлүнүп, башка жакка көчүп кетүү каргашалуу иштей, айрымдар үчүн атүгүл өлүмдөн да жаман нерсе болчу.

10. Ыбрам менен Сарага Ур шаарынан көчүп кетүү эмне үчүн оңой болгон эмес?

10 Ыбрам менен Сарага өз үй, өлөң төшөгүн калтырып, бөтөн жер, бөтөн элге көчүп кетиш оңой болгон эмес. Ур шаары өсүп-өнүккөн, эли көп калаа болгон. ( «Бир кездерде гүлдөгөн шаар» деген кутучаны карагыла.) Археологиялык казуу иштеринен байыркы Ур шаарына байланыштуу көп нерселер ачылган. Андагы заңгыраган үйлөрдүн атүгүл кызматчы-кулдарга да караштырылган бөлмөлөрү, ортосунда кенен короосу, ыңгайлуу шарттары болгон. Аларда таза суу аккан түтүктөрдүн, даараткананын жана кир суу агып чыккан түтүктөрдүн да болгону көңүлгө аларлык. Ыбрам менен Сара да жаш эмес болчу. Ыбрам 70тен, Сара болсо 60тан ашып калган эле. Анын үстүнө, Ыбрам камкор күйөө катары жубайына колунан келишинче ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, жакшы кам көрүүнү каалаганы күмөнсүз. Экөөнүн Кудайдын буйругу жөнүндө сүйлөшүп, корккон кообун, чиеленген суроолорун ортого салып, түн бир оокумга чейин кобурашып отурганын элестетсеңер. Ыбрам жан шеригинин баарына макул болуп, майкөл-сүткөл жашоосун таштап, Кудай айткандай кылууга даяр болгонуна абдан кубанса керек.

11, 12. а) Ыбрам менен Сарага кандай чечимдерди чыгарууга жана кандай даярдыктарды көрүүгө туура келген? б) Ыбрамдын үй-бүлөсүнүн Ур шаарынан чыкканын сүрөттөп бергиле.

11 Жолго чыгары го чечилди, эми аяк-башты жыйнап, жол камылгасын да көрүш керек. Эмнелерди алып, эмнелерди калтырышат? Кулдарын, кызматчыларын эмне кылышат? Атасы Терах эмне болот? Алар аны да кошо алып кетмекчи болушат. Буга Терах дароо эле макул болгон көрүнөт, анткени Ыйык Китепте анын демилгени колго алып, бүт үй-бүлөсү менен Урдан чыкканы айтылат. Ошондон кийин ал жалган кудайларга сыйынбай калган өңдөнөт. Сапарга Ыбрамдын бир тууганынын баласы Лот да аттанмакчы болот (Башт. 11:31).

12 Ошентип, жолго чыга турган күн да келет. Ыбрамдын үйүндөгүлөрүнүн, кызматчыларынын азык-түлүк артылган, буюм-тайым токулган төөлөрдү, эшектерди жетелеп, малды айдап, шаардын сыртына чогулуп жатканын элестетсеңер *. Туш тараптан моюн созуп, баарынын назары Ыбрамда. Баары журт атасы эмне дээр экен деп, өрөпкүп күтүп турушат. Акыры, кербен ордунан козголуп, Ур шаары артта кала берет.

13. Бүгүнкү күндө Кудайдын көптөгөн кызматчылары Ыбрам менен Сараны кантип туурап жатышат?

13 Бүгүнкү күндө да Жахабанын көптөгөн кызматчылары жарчыларга муктаждык бар жерлерге көчүп барууда. Башкалары болсо көбүрөөк кызмат кылыш үчүн чет тилин үйрөнүп жатышат. Ал эми айрымдары кызматтын мурун катышып көрбөгөн же катышкысы келбеген башка түрлөрүнө катышып, такшалууга бел байлашууда. Андай бир туугандарга айрым нерселерден баш тартууга туура келет. Алардын, Ыбрам менен Сараны туурап, Кудайдын эркин даярдуулук менен аткарып жатканы, чынында эле, мактоого татырлык! Эгер, Ыбрам менен Сараны туурасак, Жахабанын бизге батасын мол төгөрүнө, баш тарткан нерселерибиздин ордун ашыгы менен толтурарына шектенбесек болот. Ал ишенимдүү кызматчыларын эч качан сыйлыксыз калтырбайт (Евр. 6:10; 11:6). Ыбрам Кудайдан кандай бата алган?

Эфратты кечип өтүү

14, 15. Урдан Харанга чейинки сапар кандай болгон жана Ыбрам эмне үчүн Харанга убактылуу токтоону чечкен?

14 Чиркештирилген төөлөр жолдун коюу чаңын буруксутуп, чубаган кербен сапар улап барат. Ыбрам менен Сара бирде жөө басып, бирде төө минип, жолду карай кеп улап барышат. Алардын кобур-собуру, кызматчылардын опур-топуру төөлөрдүн мойнундагы түркүм үн чыгарган жылаажындын шыңгырагы менен айкалышып, теребелди толтурат. Ыбрамдын эзели узак жолго чыгып көрбөгөн үй-бүлөсү жол арытып, жер-жерлерден төөлөрдү чөгөрүп, чатырларды тигип, көчмөн жашоонун ыгын ала берет. Ыбрам жашы өр тартып калган атасынын жолду карай кыйналбай барышына колунан келишинче кам көрөт. Күндөр, жипке тизилген шурудай, биринин үстүнө бири кошулуп, чубалган кербен Эфрат дарыясын бойлой түндүк-батыш тарапка бет алып кете берет.

15 Ошентип, 960 чакырымдай жол жүргөндөн кийин кербен дүйнөнүн чар тарабынан үзүлбөй соодагерлер каттаган жолдун түйүн шаары Харанга келип жетет. Үйлөрүнүн чатыры томпогой келген бул шаарга Ыбрам бир нече убакытка токтоону чечет. Кыязы, Терах алдан-күчтөн тайып, андан ары жол жүрүүгө дарманы келбей калган көрүнөт.

16, 17. а) Кудай Ыбрам менен кандай келишим түзгөн? б) Ыбрам Харанда жүргөндө кандай бата алган?

16 Акыры, Терах 205 жашка чыгып, көз жумат (Башт. 11:32). Ошондо Жахаба Ыбрам менен дагы бир жолу сүйлөшөт. Атасынан айрылып, күйүт тартып турган Ыбрамды бул кадимкидей кайраттандырганы шексиз. Кудай ага Ур шаарында берген көрсөтмөсүн кайталаган соң ой-ниетин тереңирээк ачып берет. Ал Ыбрамдан «улуу эл» чыгарарын жана жер жүзүндөгү бардык элдер ал аркылуу бата аларын убада кылат. (Оку: Башталыш 12:2, 3.) Кудайдын өзү менен келишим түзгөн Ыбрам кубанычы койнуна батпай, андан ары сапарын улоого бел байлайт.

17 Бул жолкусунда жол камылгасын көрүүгө көбүрөөк убакыт кеткен. Анткени Харанда жүргөндө Кудай Ыбрамга батасын берип, мүлкүнө мүлк кошуп, дагы көп кулдарга ээ кылган (Башт. 12:5). Ооба, улуу элдин атасы боло турган Ыбрамга мал-мүлк, кызматчы-кулдар керек болгон. Жахаба, Ыбрамды байыткандай, кызматчыларынын баарына эле байлык бере бербейт. Бирок аларды, анын эркин аткара алышы үчүн, зарыл нерселер менен камсыз кылат. Ошентип, Ыбрам үйүндөгүлөрүнүн баарын алып, андан ары белгисиздикке жол тартат.

Ыбрам менен Сара гүлдөгөн Ур шаарын таштап, көчүп-конуп жашоого даяр болушкан

18. а) Кайсы күн Кудайдын элинин тарыхындагы маанилүү күн болгон? б) Кийинчерээк 14-нисанда дагы кандай маанилүү окуялар болгон? ( «Маанилүү күн» деген кутучаны карагыла.)

18 Харандан чыккандан бир нече күн өткөндөн кийин Ыбрам Каркемишке жеткен. Кербенчилер Эфрат дарыясын, адатта, ошол жерден кечип өтүшчү. Калыбы, Ыбрам Эфрат дарыясын б.з.ч. 1943-жылдын 14-нисанында кечип өткөн. Ошол күн Кудайдын элинин тарыхындагы эң маанилүү күн болгон (Чыг. 12:40—43). Түштүк тарабында Жахаба Ыбрамга көрсөтө турган жер керилип жаткан. Так ошол күнү Кудайдын Ыбрам менен түзгөн келишими күчүнө кирген.

19. Жахабанын убадасы өз ичине эмнени камтыган жана ал убаданы укканда Ыбрам эмне жөнүндө ойлонсо керек?

19 Кербен түштүктү көздөй каалгый жүрүп отуруп, Шекем шаарына жакын жайгашкан Море адырынын чоң дарактарынын жанына келип токтойт. Ал жерден Жахаба Ыбрам менен дагы бир ирет сүйлөшүп, андан ошол жерге ээлик кыла турган тукум чыгарын убадалайт. Муну укканда Ыбрам Жахабанын адамзатты куткара турган «тукум» жөнүндөгү Эйден багында берген убадасы тууралуу ойлонсо керек (Башт. 3:15; 12:7). Ошондон тартып ал Жахабанын ой-ниетинин аткарылышына кандайдыр бир салым кошорун аз-аздан түшүнө баштаган көрүнөт.

20. Зор сыймык ыйгарганы үчүн, Кудайга терең ыраазы болгонун Ыбрам кантип көрсөткөн?

20 Ыбрам зор сыймык ыйгарганы үчүн Кудайга терең ыраазы болгон. Кудай убада кылган жерде канаандыктар жашагандыктан, Ыбрам сак болгон. Ал алгач Моренин чоң дарактарынын жанына, анан Бейтелге жакын жерде курмандык жайын куруп, кыязы, болочок урпактарына кам көргөнү үчүн ыраазы болуп, Кудайды даңктаган. Ошондой эле канаандыктарга өзү сыйынган Кудайы жөнүндө айтса керек. (Оку: Башталыш 12:7, 8.) Албетте, Ыбрам жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон. Ошентсе да артка кылчайып, Ур шаарындагы бардар жашоосун эңсеген эмес. Ал дайыма алдыга умтулуп жашаган. Еврейлер 11:10до: «Ал пайдубалы бекем, куруучусу жана жаратуучусу Кудай болгон шаарды күтүп жүргөн»,— деп айтылат.

21. Ыбрамдан айырмаланып, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө эмнелерди билебиз жана сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

21 Бүгүнкү күндө Жахабанын кызматчылары, Ыбрамга салыштырмалуу, каймана маанидеги ал шаар тууралуу, тактап айтканда, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө алда канча көп нерсени билишет. Биз Кудайдын Падышалыгынын асманда башкарып жатканын, жакында бул дүйнөнү жамандыктан тазалаарын жана Ыбрамга убадаланган Тукумдун — Иса Машаяктын — Падыша катары бийлик жүргүзүп жатканын жакшы билебиз. Ыбрам тирилип, Кудайдын мурун ал үчүн бүдөмүк болгон убадаларынын маани-маңызын түшүнгөнүн көргөндө кандай гана кубанабыз! Жахабанын ар бир убадасынын аткарылганын өз көзүң менен көргүң келеби? Анда, Ыбрамдай болуп, Жахабанын иши үчүн жаныңды аяба, ага баш ий, андан алган сыймыктуу тапшырмаларың үчүн дайыма ыраазычылык билдир. «Бардык ишенгендердин атасы» болгон Ыбрамды туурасаң, кандайдыр бир мааниде ал сенин да атаң болот.

^ 1-абз. Кийинчерээк Кудай Ыбрамдын атын «көптүн атасы» деген маанини туюнткан Ыбрайым деген атка өзгөрткөн (Башт. 17:5).

^ 4-абз. Ыбрам да Терахтын тун уулу болгон эмес, бирок анын ысмы көбүнчө бир туугандарыныкынан биринчи айтылат.

^ 6-абз. Кийинчерээк Кудай Саранын атын «каныша» деген маанини туюнткан Саара деген атка өзгөрткөн (Башт. 17:15).

^ 12-абз. Айрым окумуштуулар Ыбрамдын убагында төөлөрдүн колго үйрөтүлгөнүн талашка салышат. Бирок алар ырастоосун бышыктай турган жүйөлүү далилдерди келтире алышпайт. Ыйык Китепте Ыбрамдын төөлөрү болгону бир нече жолу айтылат (Башт. 12:16; 24:35).