Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Ал Кудайдын жардамы менен кайраттанган

Ал Кудайдын жардамы менен кайраттанган

1, 2. Илияс пайгамбар бир күндүн ичинде кандай кереметтүү окуяларга күбө болгон?

КАШ карайып, кеч караңгысы улам коюулап барат. Изреилге чейин дагы бир топ бар. Илияс пайгамбар жашы өр тартып калганына карабай, «Жахабанын колу» үстүндө болгондуктан, чарчоо дегенди билбей чуркап баратат. Оргуштаган мындай күч-кубатты ал эзели сезип көргөн эмес. Ал атүгүл Ахаптын жебедей сызган аргымактарынан ашып кетти. (Оку: 1 Падышалар 18:46.)

2 Ахап падышанын арабасы артта калып, карааны да көрүнбөй калды. Жаан экени же тер экени билинбей, жаак ылдый суу шорголойт. Бирок пайгамбардын оюнун баары бүгүнкү окуяда. Анын Кудайы Жахаба улуу жеңишке жетип, чыныгы сыйынуу даңкталды. Ушул тапта нөшөргө жуулуп жаткан Кармел тоосунда Жахаба пайгамбары аркылуу Баалга сыйынууга катуу сокку урду. Баалдын жүздөгөн пайгамбарларынын айыбы ачылып, өлүм жазасына тартылышты. Андан соң пайгамбар Жахабадан үч жарым жылдан бери какшып турган жерге жаан жаадырышын сураганда, тилеги кабыл болуп, жаан да төгүп берди! (1 Пад. 18:18—45).

3, 4. а) Изреилге кетип баратканда Илияс пайгамбар, кыязы, эмнени ойлоп кубанган? б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Отуз чакырымдай алыстыкта жайгашкан Изреилди көздөй бет алган пайгамбардын көңүлү ушундай ачылып, жүрөгү кандайдыр бир жакшылыкты күткөнсүп туйлайт. Ал мындан кийин баары жакшы болот деп ойлогон чыгар. Эми Ахап өзгөрүлөт болуш керек. Жахабанын ажайып иштерин көргөндөн кийин анын Баалга сыйынганын коюп, Изабелди теске салып, Жахабанын кызматчыларын куугунтуктаганын токтоткондон башка аргасы жок.

«Изреилге жетер-жеткиче Ахаптын алдында чуркап барды»

4 Жашоодо баары ойдогудай боло баштаганда, жүрөгүбүздө үмүт жана түшкөнү табигый эле нерсе. Кыйынчылык артта калып, алдыда жалаң гана жакшылык күтүп тургандай сезилиши мүмкүн. «Биздикиндей эле сезимдери бар киши болгондуктан» Илияс пайгамбар да ушундай ойдо болсо керек (Жкп. 5:17). Тилекке каршы, ал дагы далай кыйынчылыктарды баштан өткөрмөк. Көп өтпөй эле кубанычы заматта күбүлүп түшүп, коркунучка алдырып, атүгүл ушунчалык көңүлү чөккөндүктөн өзүнө өлүм тилеген. Буга эмне себеп болгон? Жахаба кантип анын ишенимин бекемдеп, кайраттандырган? Келгиле, ушулар тууралуу билели.

Күтүлбөгөн чукул өзгөрүү

5. Кармел тоосундагы окуялардан кийин Ахап падышада Жахабадан коркуу сезими пайда болгонбу?

5 Ахап падыша Изреилдеги ак сарайына жеткенде өзгөрүлгөнүнөн кабар берген кандайдыр бир иштерди жасай баштады беле? Ыйык Китептен: «Ахап Изабелге Илиястын кылган иштерин, анын пайгамбарлардын баарын кылычтап өлтүргөнүн бүт айтып берди»,— дегенди окуйбуз (1 Пад. 19:1). Ахап падышанын Жахаба жөнүндө бир ооз да сөз кылбаганына көңүл бурсаңар. Баарына адамдык көз караш менен караган падыша кереметтерди Жахаба эмес, Илияс пайгамбар кылгандай айткан. Ооба, ал Жахаба Кудайдан коркуп калган эмес. Ахаптын сөздөрүн укканда уу тырмак Изабел каныша эмне кылган?

6. Изабел Илияс пайгамбарга эмне деп айттырган, бул эмнени билдирген?

6 Изабелдин каары кайнаган. Көзүнө кан толо жаалданып: «Тигилердин жаны кыйылгандай эле, эртең ушу убакта сенин да жаныңды кыйбасам, кудайларым мени катуу жазаласын»,— деп Илияс пайгамбарга айттырып жиберет (1 Пад. 19:2). Бул жөн эле курулай сөздөр эмес болчу. Каныша, мындайча айтканда, Баалдын пайгамбарлары үчүн өч алып, Илияс пайгамбарды бир күндүн ичинде өлтүрө турганын айтып, өзүнүн өмүрү менен ант берген. Изреилдеги бир кепеде мемиреп уйкуда жаткан Илияс пайгамбардын кабарчы келгенде чочуп ойгонуп, канышанын сөздөрүн укканда жүрөгү шуу дей түшкөнүн элестетсеңер. Эми ал эмне кылат?

Көңүл чөгөттүккө жана коркунучка алдырган

7. Изабел канышанын сөздөрү Илияс пайгамбарга кандай таасир эткен жана ал эмне кылган?

7 Баалга сыйынуунун таш-талканы чыкты деп ойлоп жаткан пайгамбардын үмүтү жерге тебеленип, заматта жексен болот. Изабел канышанын оңолоюн деген түрү жок. Башка ишенимдүү пайгамбарлардын көбү анын буйругу менен өлүм жазасына тартылган эле. Эми кезек Илияс пайгамбарга келип жетти көрүнөт. Изабелдин жүрөк үшүткөн сөздөрүн укканда Илияс пайгамбар коркуп кеткен. Ал Изабелдин аны кыйнап өлтүрүп жатканын элестетип жиберсе керек. Балким, ушул нерселер жөнүндө эле ойлоно бергендиктен, кайраты качып, коркунучка алдыргандыр. Айтор, ал «жанын сактап калыш үчүн» качып жөнөгөн (1 Пад. 18:4; 19:3).

Кайраттуу болгубуз келсе, үрөйүбүздү учурган нерселер жөнүндө ойлоно бербешибиз керек

8. а) Элчи Петирдин башынан өткөн окуя Илияс пайгамбардыкына эмнеси менен окшош? б) Илияс пайгамбар менен элчи Петирдин башынан өткөн окуялардан эмнеге үйрөнө алабыз?

8 Кудайдын кызматчыларынын ичинен жалгыз эле Илияс пайгамбар коркунучка алдырган эмес. Кийинчерээк элчи Петир да коркунучка алдырган. Мисалы, Иса пайгамбар аны суунун үстү менен басууга чакырганда, ал басып баратып, «шамалды көрүп коркуп кеткендиктен чөгө баштаган». (Оку: Матай 14:30.) Илияс пайгамбар менен элчи Петирдин башынан өткөн окуялардан маанилүү бир нерсеге үйрөнө алабыз. Кайраттуу болгубуз келсе, үрөйүбүздү учурган нерселер жөнүндө эле ойлоно бербей, бизге үмүт, кайрат берген Кудайга таянышыбыз зарыл.

«Болду, жетишет!»

9. Илияс пайгамбардын сапарын жана абалын сүрөттөп бергиле.

9 Коркунучка жеңдирген Илияс пайгамбар түштүк-батышты көздөй бет алып, 150 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Жүйүт жеринин түштүк чек арасынын жанындагы Беир-Шебага кетип калат. Ал жактан кызматчысын калтырып, андан ары чөл аркылуу өзү жалгыз жолун улайт. Жанына тамак-аш да албай, «бир күн жол жүрөт». Анын кумсарган кумдак чөл аркылуу мээ кайнаткан ысыкта заар тилдүү канышанын сөздөрү кулагында жаңырып, муңдуу баратканын элестетсеңер. Күн баткан тараптан асман танабы кызыл өрт болуп алоолонуп киргенде, Илияс пайгамбар чарчап-чаалыгып, ырп этерге да алы калбай калат. Алдан тайып, как эткен карга, кук эткен кузгун жок ээн чөлдөгү соксойгон жалгыз бадалдын түбүнө көчүк басат (1 Пад. 19:4).

10, 11. а) Илияс пайгамбардын Кудайга айткан сөздөрү эмнени билдирген? б) Келтирилген аяттардын негизинде ишенимдүү кызматчылардын кандай сезимде болгонун сүрөттөп бергиле.

10 Кайгысы жанына баткан пайгамбар: «Оо, Жахаба, жанымды алчы, ата-бабаларымдан менин эмнем артык?» — деп өзүнө өлүм тилейт. Ал ата-бабаларынын эбак эле сөөгү сөпөт болуп, эч кимге пайдасын тийгизе албай калганын жакшы билет (Нас. 9:10). Өзүн алардан эч айырмасы жоктой, колунан эч нерсе келбеген бечарадай сезет. Ошондуктан: «Болду, жетишет!» — деп сыздайт, бүт дүйнө капкараңгы көрүнүп, өлүп тынгысы келет.

11 Кудайдын кызматчысынын ушунчалык кайгыга батканына таң калышыбыз керекпи? Жок. Ыйык Китепте көңүлү чөккөндүктөн өлгүсү келген ишенимдүү кызматчылар жөнүндө көп эле айтылат. Алардын айрымдары: Ребека, Жакып, Муса жана Аюп пайгамбарлар (Башт. 25:22; 37:35; Сан. 11:13—15; Аюп 14:13).

12. Көңүлүң чөккөн учурларда Илияс пайгамбарды кантип туурасаң болот?

12 Азыр биз «өзгөчө оор мезгилде» жашап жаткандыктан, көптөрдүн, атүгүл Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын да көңүлү чөккөнү таң калыштуу эмес (2 Тим. 3:1). Эгер сен да оор кыйынчылыкка туш болуп жатсаң, Илияс пайгамбардай болуп, Кудайга жүрөгүңдөгүнүн баарын айт. Анткени Жахаба — «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай». (Оку: 2 Корунттуктар 1:3, 4.) Ал Илияс пайгамбарды кантип сооротуп, кайраттандырган?

Жахаба пайгамбарына күч-кубат берет

13, 14. а) Жахаба периштеси аркылуу пайгамбарына кантип кам көргөн? б) Жахабанын ар бир кызматчысын, алардын алы эмнеге жетер-жетпесин жакшы билгени эмне үчүн жүрөк козгоорлук?

13 Ээн талаа, эрме чөлдөгү жалгыз бадалдын түбүндө өлүм тилеп, аянычтуу отурган пайгамбарын көргөндө Жахаба кандай сезимде болду экен? Ал катуу уйкуга кеткенде, Жахаба периштесин жиберет. Периште аны акырын ойготуп: «Тур, тамактанып ал»,— дейт. Илияс пайгамбар туруп, жаңы бышкан нандан жеп, суудан ичет. Ал периштеге ыраазычылык билдиргенби? Ыйык Китепте анын тамактанып алып, кайра уктап калганы эле айтылат. Ал аябай чарчагандыктан сүйлөгөнгө да дарманы келбесе керек. Периште аны, сыягы, таң заарда дагы ойготуп: «Тур, тамактанып ал, анткени узак жол жүрөсүң»,— дейт (1 Пад. 19:5—7).

14 Периште Илияс пайгамбардын кайсы жакка бет аларын жана бара турган жерине өз күчү менен жете албай турганын билген. Көздөгөн максаттарыбызды, алыбыз эмнеге жетер-жетпесин өзүбүздөн да жакшы билген Кудайга кызмат кылуу кандай гана жагымдуу! (Оку: Забур 103:13, 14.) Андан ары пайгамбар эмне кылат?

15, 16. а) Жахаба берген нан менен суу Илияс пайгамбарга кандайча күч-кубат берген? б) Жахабанын бизге рухий жактан кам көрүп жатканына эмне үчүн ыраазы болушубуз керек?

15 Илияс пайгамбар нандан жеп, суудан ичип, күчтөнүп алган соң 40 күн, 40 түн жол жүрүп, тээ Хореп тоосуна чейин барат (1 Пад. 19:8). Ал, 6 кылымдай мурун жашаган Муса пайгамбардай жана 10 кылымдай өткөндөн кийин жашаган Иса пайгамбардай болуп, 40 күн, 40 түн оозуна наар алган эмес (Чыг. 34:28; Лк. 4:1, 2). Тамактанып алгандан кийин бардык кыйынчылыктары чечилип калбаса да, ошол нан менен суу ага керемет жолу менен күч-кубат берип турган. Ошентип, бир топ жашка келип калган пайгамбар жадагалса жалгыз аяк жолу жок кум жамынган чөлдө бир күн эмес, бир жума эмес, бир жарым айдай жол жүргөн!

16 Жахаба бүгүнкү күндө кызматчыларына кереметтүү түрдө тамак-аш бербейт. Бирок ал бизди андан да маанилүү болгон рухий тамак менен камсыз кылат (Мт. 4:4). Ыйык Китептен жана ага негизделген адабияттардан алган билимибиз бизге кызматыбызды улантканга күч берип турат. Рухий жактан тамактанып турсак эле, кыйынчылыктарыбыз өзүнөн-өзү чечилип калбайт. Бирок анын аркасында туруктуулугубуздан жазбай, баарын көтөрүп кете алабыз жана «түбөлүк өмүргө» ээ болобуз (Жкн. 17:3).

17. Илияс пайгамбар каякка барган жана ал жер эмнеси менен өзгөчө болгон?

17 Илияс пайгамбар 320 чакырымдай жолду басып өтүп, акыры, Хореп тоосуна жетет. Ал тоодо зор мааниге ээ окуялар болгон. Так ошол тоодо Жахаба күйүп жаткан бадалдан периштеси аркылуу Муса пайгамбар менен сүйлөшкөн. Так ошол тоодо Жахаба ысрайыл эли менен Мыйзам келишимин түзгөн. Узак жол жүрүп келген Илияс пайгамбар тоодогу үңкүрлөрдүн бирине түнөгөнү кирет.

Жахаба пайгамбарын кайраттандырып, бекемдейт

18, 19. а) Жахаба Илияс пайгамбарга периштеси аркылуу кандай суроо берген жана ал эмне деп жооп берген? б) Илияс пайгамбардын жообунан көңүлү чөккөнүнүн кайсы үч себебин көрүүгө болот?

18 Хореп тоосунда Жахаба Илияс пайгамбардан, калыбы, периштеси аркылуу: «Бул жерде эмне кылып жүрөсүң, Илияс?» — деп сурайт. Пайгамбардын баарын айтып киргенине караганда, Жахаба ага жылуу-жумшак кайрылса керек. Ал: «Мен асман аскерлеринин Кудайы Жахабага бүт ынтам менен кызмат кылдым. Ысрайыл уулдары болсо сенин келишимиңди бузуп, курмандык жайларыңды талкалап, пайгамбарларыңды кылычтап өлтүрүштү. Жалгыз мен калдым, бирок менин да жанымды кыюуну көздөп жатышат»,— деп арыз-муңун айтат (1 Пад. 19:9, 10). Анын бул сөздөрүнөн көңүлү чөккөнүнүн үч себебин көрүүгө болот.

19 Биринчиден, ага кылгандарынын баары бекер убара, бошко кеткен аракеттей көрүнгөн. Жахабанын ысмын ыйык тутуп, кызматын баалап, аны «бүт ынтасы» менен аткарганына карабай, жагдай ого бетер оорлой бергендей сезилген. Козголоңчул эл кайра эле теңирден тескери иш кылып, жалган сыйынуу күч ала берген. Экинчиден, ал өзүн жалгыз сезген. Бүтүндөй ысрайыл элинде Жахабага кызмат кылгандардан эч ким калбай калды деп ойлоп: «Жалгыз мен калдым»,— деген. Үчүнчүдөн, ал коркунучка алдырган. Ишенимдүү пайгамбарлардын көбү өлтүрүлгөндүктөн, эртеби-кечпи менин да түбүмө жетишет деп ойлогон. Ага ушунун баарын ачык айтуу кыйынга турса керек. Бирок ал намыстанып же уялып, ичиндеги уйгу-туйгу сезимдерин жашырып койгон эмес. Ооба, Илияс пайгамбар Кудайга көкүрөгүн өйүгөн ой-санаасын айтып берүү менен баарыбызга жакшы үлгү көрсөткөн (Заб. 62:8).

20, 21. а) Илияс пайгамбар Хореп тоосунда эмнелерге күбө болгон? б) Жахаба Илияс пайгамбарга зор күчкө ээ экенин эмне үчүн көрсөткөн?

20 Илияс пайгамбардын арыз-муңун уккандан кийин Жахаба эмне кылган? Периште Илияс пайгамбарга үңкүрдүн оозуна барып турушун айтат. Эмне болорун билбесе да, ал периште айткандай кылат. Күтүлбөгөн жерден катуу шамал башталат. Жулкунган шамал аска-таштарды уратып, бырын-чырын чыгарат. Ошондо тула бойду дүркүрөткөн бир укмуштай добуш чыкса керек. Илияс пайгамбардын аркыраган шамалдан жүзүн калкалап, үстүндөгү делпектеген калың чапанын бекем кармап, шамал менен бой тирешип турганын элестетсеңер. Ал аңгыча жер-сууну солкулдаткан катуу жер титирөө болот. Ошондо пайгамбар жыгылып кете жаздап, буттарына араң ээ болот. Эс-учун жыйгыча эле жалбырттап күйгөн алоолонгон от пайда болот. Оттун куйкалаган илебинен качып, үңкүрдүн ичкери жагына кетенчиктейт (1 Пад. 19:11, 12).

Жахаба эбегейсиз зор күчүн колдонуп, Илияс пайгамбарды жубатып, кайраттандырган

21 Бирок Жахаба бул табият кубулуштарынын биринде да болгон эмес. Илияс пайгамбар Жахабанын «булутка минген», жаан жаадырган кудай деп эсептелген Баал сыяктуу жөн эле бир ойдон чыгарылган кудай эмес экенин жакшы билген. Жахабаны кайсы бир табият күчүнө теңегенге болбойт, анткени ал — бардык табият күчтөрүн жараткан Кудай. Ал эбегейсиз зор күчкө ээ болгондуктан, аны «асмандын асманы да батыра албайт»! (1 Пад. 8:27). Илияс пайгамбар Жахабанын эбегейсиз күчүн көргөндө эмне болгон? Анын алгач кайраты качып, коркунучка алдырганын эстесеңер. Таңыркаткан күчкө ээ болгон Жахаба ал тарапта болсо, Ахап менен Изабелге окшогон пенделерден эмнеге коркушу керек эле? (Оку: Забур 118:6.)

22. а) Кудай Илияс пайгамбарды баалай турганын кантип көрсөткөн? б) «Жай, акырын чыккан үн» кимдики болушу мүмкүн? (Шилтемени карагыла.)

22 Бир убакта теребел кулак-мурун кескендей жымжырт боло түшөт. Анан баягы «жай, акырын чыккан үн» дагы угулат. Ошондо Илияс пайгамбар жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерин дагы бир ирет айтып берет *. Ал ошондон кийин аябай эле жеңилдеп калса керек. Периштенин «жай, акырын» айткан көрсөтмөлөрүн укканда пайгамбардын ого бетер кайраттанып калганы шексиз. Жахаба аны баалай турганына ынандырган. Кантип? Ал пайгамбарына Баалга сыйынууну жок кылуу үчүн эмнелерди кылууга ниеттенип жатканын ачып берген. Ооба, Илияс пайгамбардын эмгеги текке кеткен эмес болчу, анткени Жахаба жалган динге каршы күрөшүүнү уланта берген. Ал Илияс пайгамбарга өзгөчө тапшырмаларды берип, ниетин ишке ашырууда аны андан ары да колдоно берерин билдирген (1 Пад. 19:12—17).

23. Илияс пайгамбар өзүн жалгыз сезбеши үчүн, Жахаба эмне кылган?

23 Андан тышкары, Илияс пайгамбар өзүн жалгыз сезбеши үчүн, Жахаба эки нерсе кылган. Биринчиден, кийинчерээк анын ордуна пайгамбар болуп кызмат кыла турган Элишаны дайындашы керектигин айткан. Ал жаш жигит Илияс пайгамбарга шерик болуп, ага бир нече жыл бою колдоо көрсөтмөк. Муну укканда Илияс пайгамбардын көңүлү көтөрүлгөн чыгар. Экинчиден: «Мен Ысрайылда Баалдын алдында тизе бүкпөгөн, аны өппөгөн 7 000 кишини калтырдым»,— деген жүрөк толкуткан сөздөрдү айткан (1 Пад. 19:18). Ооба, Илияс пайгамбар жалгыз эмес болчу. Баалга табынбаган миңдеген ишенимдүү кишилер бар экенин укканда анын жүрөгү жылыганы күмөнсүз. Илияс пайгамбардын ошол оор убакта Жахабага берилгендигин сактап, ишенимдүү кызмат кылганы ал кишилерге дем-шык берип турса керек. Ырас, Хореп тоосунда Жахабанын «жай, акырын чыккан үнүн» укканда Илияс пайгамбардын жүрөгү козголбой койгон эмес.

Ыйык Китеп, «жай, акырын чыккан үнгө» окшоп, жетекчилик берет

24, 25. а) Бүгүнкү күндө Жахабанын «жай, акырын чыккан үнүн» кандайча уга алабыз? б) Илияс пайгамбардын Жахабанын жардамы менен кайраттанып калганын кайдан билебиз?

24 Табияттын зор күчүн көргөндө бизде да кастарлоо сезими пайда болот. Анын баары Жараткандын чексиз күчкө ээ экенинен кабар берет (Рим. 1:20). Жахаба мурдагыдай эле ишенимдүү кызматчыларын колдош үчүн эбегейсиз зор күчүн колдонууга даяр (2 Жылн. 16:9). Бирок Кудай жөнүндө анын Сөзү болгон Ыйык Китептен көбүрөөк биле алабыз. (Оку: Ышая 30:21.) Ыйык Китеп, кандайдыр бир мааниде, «жай, акырын чыккан үнгө» окшош. Эгер анда жазылгандарга ылайык жашасак, Жахаба ал аркылуу бизди жетектейт, оңдойт, бекемдейт жана жакшы көрөрүнө ынандырат.

25 Хореп тоосунда Жахабанын Илияс пайгамбарды кайраттандырганы ага кандай таасир эткен? Ал кайрадан мурдагыдай эле жалган сыйынууга тайманбастык менен каршы күрөшүүгө бел байлаган. Эгер сооронучтун булагы болгон Кудайдын Сөзүн дилгирлик менен окусак, ишеними күчтүү болгон Илияс пайгамбарды туурай алабыз (Рим. 15:4).

^ 22-абз. «Жай, акырын чыккан үн» Жахабанын сөзүн айтып келген, 1 Падышалар 19:9да кеп кылынган периштеники болушу мүмкүн. Ал эми 15-аятта ал үн Жахабадан чыкканы айтылат. Бул периште жөнүндөгү билдирүү Жахабанын атынан иш кылып, ысрайыл элин чөлдө жетектеген периштени эсибизге салат (Чыг. 23:21). Албетте, ал экөө тең бир эле периште болгон деп ишенимдүү түрдө айта албайбыз, бирок Иса Машаяктын жерге келгенге чейин Жахабанын «Сөзү» жана Өкүлү катары кызмат кылганы көңүлгө аларлык (Жкн. 1:1).