Мазмунун көрсөтүү

Байыркы убакта жашаган аялдардан эмнени үйрөнө алабыз?

Байыркы убакта жашаган аялдардан эмнени үйрөнө алабыз?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте бизге үлгү калтырган жана сабак боло турган көптөгөн аялдар тууралуу жазылган (Римдиктер 15:4; 2 Тиметей 3:16, 17). Бул макалада ал аялдардын айрымдары тууралуу кыскача маалымат берилет. Алардын көбүнөн үлгү, айрымдарынан сабак алсак болот (1 Корунттуктар 10:11; Еврейлер 6:12).

  Абигейил

Ким болгон? Абигейил аябай бай, бирок өтө катаал Набал деген кишинин аялы эле. Ал кыраакы, момун, келбети келишкен, Жахаба Кудайга жаккан сапаттарды чагылдырган аял болгон (1 Шемуел 25:3).

Эмне кылган? Кыргындын алдын алыш үчүн Абигейил акылмандык, кыраакылык менен иш кылган. Жолдошу Набал менен ысрайыл элинин келечектеги падышасы Дөөтү качкын катары жашынып жүргөн аймакта жашаган. Дөөтү менен анын кишилери ал жакта жүргөндө Набалдын койлорун талап-тоноочулардан коргоп турушкан. Бир жолу Дөөтү азык-түлүк суратып кишилерин жөнөткөндө, Набал керсейе сүйлөп, эч нерсе бербей турганын айткан. Буга Дөөтүнүн каары кайнаган. Ошентип, ал кишилерин алып, Набалды жана анын үйүндөгү эркек аттуунун баарын кырыш үчүн аттанган (1 Шемуел 25:10—12, 22).

Күйөөсүнүн эмне кылганын укканда Абигейил дароо ишке киришкен. Ал Дөөтү менен анын кишилерине бере турган азык-түлүктү кулдарына берип, Дөөтүдөн ырайым кылышын сураныш үчүн алардын артынан жөнөгөн (1 Шемуел 25:14—19, 24—31). Дөөтү анын тартуусун, момундугун көргөндө жана акылдуулук менен берген кеңешин укканда Кудай аны канга забын болуудан сактап калыш үчүн жибергенин түшүнгөн (1 Шемуел 25:32, 33). Көп өтпөй Набал көз жумуп, Абигейил Дөөтүгө турмушка чыккан (1 Шемуел 25:37—41).

Кандай үлгү алсак болот? Бай, абдан сулуу аял болсо да, Абигейил бой көтөрүп кеткен эмес. Тынчтык болушу үчүн, өзү күнөөлүү болбогонуна карабай кечирим сураганга даяр болгон. Курчуп турган жагдайды сылыктык, кайраттуулук, даанышмандык менен эң сонун кылып чечкен.

  Дебора

Ким болгон? Ал пайгамбар болгон. Ысрайыл элинин Кудайы Жахаба өз элине карата болгон эркин ал аркылуу билдирип турган. Ошондой эле Кудай ысрайылдыктардын ортосундагы көйгөйлөрдү чечиш үчүн аны колдонгон (Бийлер 4:4, 5).

Эмне кылган? Ал пайгамбар аял Кудайдын кызматчыларын эр жүрөктүк менен колдогон. Дебора Кудайдын буйругу менен Барак деген кишини чакыртып, ысрайылдыктарды алардын душманы болгон канаандыктарга каршы баштап барышы керектигин айткан (Бийлер 4:6, 7). Барак Деборадан аны менен барышын өтүнгөндө, ал коркунучка алдырбай, аны менен жөнөгөн (Бийлер 4:8, 9).

Кудай ысрайыл элин жеңишке жеткиргенде, Барак менен Дебора согуштун жүрүшү баяндалган ырды ырдашкан. Ал ырдын дээрлик жарымын Дебора чыгарган. Ошол ырда ал канаандыктарды жексен кылууга зор салым кошкон дагы бир эр жүрөк аял Жаел тууралуу айтып өткөн (Бийлер 5-бөлүм).

Кандай үлгү алсак болот? Ал жан аябас, кайраттуу болгон. Башкаларды Кудайдын көз алдында туура иш кылууга үндөгөн. Алар ошондой кылганда, алкап-мактаган.

  Делила

Ким болгон? Ал ысрайыл элинин бийи Шымшон сүйүп калган аял болгон (Бийлер 16:4, 5).

Эмне кылган? Ал Шымшонду пелиштиликтердин колуна салып бериш үчүн алардан акча алган. Кудай Шымшонду ысрайыл элин пелиштиликтерден куткарыш үчүн колдонгон. Шымшон кереметтүү күчкө ээ болгондуктан, пелиштиликтер аны жеңе албай коюшкан (Бийлер 13:5). Ошондуктан алар аны Делила аркылуу колго түшүрүүнүн амалын издешкен.

Пелиштиликтер Шымшондун күчүнүн сыры эмнеде экенин билип бериши үчүн Делилага акча сунушташкан. Делила макул болуп, бир нече жолу аракет кылгандан кийин, акыры, Шымшондун сырын билип алган (Бийлер 16:15—17). Анан аны пелиштиликтерге жеткирген. Пелиштиликтер болсо Шымшонду колго түшүрүп, камап коюшкан (Бийлер 16:18—21).

Кандай сабак алсак болот? Анын окуясы бизге эскертүү иретинде жазылган. Ач көздүгүнөн улам ал өзүмчүлдүк кылган жана Жахаба Кудайдын кызматчысын алдап, сатып кеткен.

  Эстер

Ким болгон? Эстер жүйүт элинен болгон. Аны Персиянын падышасы Акашберош каныша кылып тандап алган.

Эмне кылган? Эстер канышалык даражасынан пайдаланып, өз элин тукум курут болуп кетүүдөн сактаган. Ал Персия империясынын карамагында жашаган жүйүттөрдүн баары белгиленген күнү жок кылынышы керектиги тууралуу падышанын жарлыгы чыкканын уккан. Ал буйрук падышадан кийинки орунду ээлеген Аман деген кара санатай кишинин демилгеси менен чыгарылган (Эстер 3:13—15; 4:1, 5). Эстер аны асырап алган агасы Мордохайдын жардамы менен Амандын арам оюн күйөөсү Акашберошко билдирген (Эстер 4:10—16; 7:1—10). Ошондо Акашберош падыша Эстер менен Мордохайга жүйүттөрдүн өзүн коргоого укук берген башка буйрук чыгарууга уруксат эткен. Натыйжада жүйүттөр душмандарынын көзүн тазалашкан (Эстер 8:5—11; 9:16, 17).

Кандай үлгү алсак болот? Эстер кайраттуу, момун, жөнөкөй болуу жагынан мыкты үлгү калтырган (Забур 31:24; Филипиликтер 2:3). Чырайлуу болсо да, жогорку абалды ээлесе да ал башкалардан кеңеш жана жардам сураган. Күйөөсүнө кайрылганда сылык-сыпаалык, урмат-сый менен сүйлөгөн, ошол эле учурда кайраттуулук көрсөткөн. Жүйүттөрдүн өмүрүнө коркунуч туулганда, өзүнүн ошол элден экенин жашырган эмес.

  Обо эне

Ким болгон? Ал эң биринчи жаралган жана Ыйык Китепте аты айтылган аялдардын биринчиси болгон.

Эмне кылган? Обо эне Кудайдын так-айкын буйругуна баш ийбей койгон. Ал, күйөөсү Адам Атадай эле, жеткилең болгон жана өз алдынча чечим чыгара алган. Ошондой эле Кудайга таандык сапаттарды, алсак, сүйүүнү, акылмандыкты чагылдыра алгыдай болуп жаралган (Башталыш 1:27). Ал Кудайдын Адам атага бир дарактын жемишинен жегенге тыюу салганын, андан жесе өлүп калышарын айтканын билген. Бирок Шайтан ага дарактан жесе өлбөй турганын айтып, алдаган. Ал аны Кудайга көз карандысыз болсо, жакшы жашаарына ишендирген. Ошондуктан Обо эне дарактын жемишинен жеп, күйөөсүн да жегенге ынандырган (Башталыш 3:1—6; 1 Тиметей 2:14).

Кандай сабак алсак болот? Обо эненин окуясы жаман каалоолорго алдыруу кесепеттүү болорун эске салып турат. Ал Кудайдын ачык-айкын буйругун бузуп, өзүнө таандык болбогон нерсени алууну көксөгөн (Башталыш 3:6; 1 Жакан 2:16).

  Анна

Ким болгон? Ал Элкана деген кишинин аялы жана ысрайыл элинин белгилүү пайгамбары Шемуелдин энеси болгон (1 Шемуел 1:1, 2, 4—7).

Эмне кылган? Ал балалуу боло электе Кудайдан тиленип, сооротуп-жубатышын суранчу. Күйөөсүнүн андан башка да аялы болгон. Пенина деген ал күндөшүнүн балдары бар болчу. Ал эми Аннанын турмуш курганынан бери көп убакыт өтсө да, согончогу канаган эмес. Пенина аны чүнчүтүп, ыза кыла бере турган. Бирок Анна Кудайдан тиленип, жубатышын суранчу. Бир жолу Кудайдан тиленип жатып, эгер ал аны уулдуу кылса, уулун ысрайыл эли сыйынган ыйык чатырда кызмат кылууга арнаарын айтып убада берген (1 Шемуел 1:11).

Кудай Аннанын тилегин кабыл кылып, ал уулдуу болгон. Анна сөзүнө туруп, уулу Шемуел Кудайга кызмат кылышы үчүн, аны ыйык чатырга кичинекей кезинде эле алып барган (1 Шемуел 1:27, 28). Анна жыл сайын жеңи жок узун көйнөк тигип, ага алып барып турчу. Кудай батасын берип, Анна дагы үч уул, эки кыздуу болгон (1 Шемуел 2:18—21).

Кандай үлгү алсак болот? Ал жүрөгүндөгүсүн төгүп, Кудайдан тиленгендиктен кыйынчылыктарын көтөрүп кете алган. 1 Шемуел 2:1—10-аяттарда анын эмне деп тиленгени жазылган. Аннанын тиленгенде ыраазычылык билдирип айткан сөздөрү Кудайга бекем ишенгенин көрсөтүп турат.

  Жаел

Ким болгон? Ал башка улуттагы Хебер деген кишинин аялы болгон. Жаел Кудайдын элин эр жүрөктүк менен колдогон.

Эмне кылган? Канаандыктардын аскер башы Сисера анын чатырына келгенде, ал токтоосуз түрдө иш кылган. Сисера ысрайылдыктар менен болгон согушта жеңилип калгандан кийин баш маана издеп Жаелдикине келген. Ошондо Жаел аны чатырына киргизип, жашырып койгон. Анан ал уктап жатканда, анын көзүн тазалаган (Бийлер 4:17—21).

Ушундай иш кылуу менен Жаел Дебора айткан: «Жахаба Сисераны аялдын колуна салып берет»,— деген пайгамбарлык сөздү аткарган (Бийлер 4:9). Ошенткени үчүн Жаел «аялдардын ичинен... баарынан көп бата алган» аял катары мактоого арзыган (Бийлер 5:24).

Кандай үлгү алсак болот? Ал демилгени колго алып, кайраттуулук менен иш кылган. Анын окуясы, пайгамбарлык сөзү аткарылышы үчүн, Кудай окуялардын жүрүшүн жетектеп коёрун көрсөтүп турат.

  Изабел

Ким болгон? Ал ысрайыл элинин падышасы Ахаптын аялы болгон. Изабел ысрайылдык эмес болчу. Ал Жахабага эмес, канаандыктардын кудайы Баалга сыйынган.

Эмне кылган? Изабел өктөм, катаал, мерез каныша болгон. Ал Баалга сыйынууну жана аны менен байланышкан жыныстык адеп-ахлаксыздыкты жайылткан. Чыныгы Кудай Жахабага эч кимдин сыйынышын каалаган эмес (1 Падышалар 18:4, 13; 19:1—3).

Көздөгөнүнө жетиш үчүн Изабел алдамчылыкка, киши өлтүрүүчүлүккө барган (1 Падышалар 21:8—16). Кудай алдын ала айткандай, ал ырайымсыздык менен өлтүрүлүп, адамча көмүлбөй калган (1 Падышалар 21:23; 2 Падышалар 9:10, 32—37).

Кандай сабак алсак болот? Изабелдин окуясы бизге эскертүү иретинде жазылган. Ал бузуку, ыймансыз аял болгон. Ошондуктан анын аты кылган иши үчүн уялып койбогон, адеп-ахлаксыз, бийликти урматтабаган аялды сүрөттөш үчүн колдонулуп калган.

  Лия

Ким болгон? Ал Жакып пайгамбардын биринчи аялы эле. Ал эми анын сиңдиси Рахил Жакыптын экинчи аялы болгон (Башталыш 29:20—29).

Эмне кылган? Лия Жакыпка алты уул төрөп берген (Рут 4:11). Жакып чынында Лияга эмес, Рахилге үйлөнмөк. Бирок алардын атасы Лабан ага Рахилдин ордуна Лияны аялдыкка берип койгон. Алданып калганын түшүнгөн Жакып Лабанга барганда, Лабан салт боюнча кичүүсү улуусунан мурда турмушка чыкпай турганын айткан. Бир жумадан кийин Жакып Рахилге үйлөнгөн (Башталыш 29:26—28).

Жакып Лияга караганда Рахилди көбүрөөк сүйчү (Башталыш 29:30). Ошондуктан эже-сиңди Жакыптын сүйүүсүнө ээ болуш үчүн бир-бирине атаандашышкан. Кудай Лиянын сезимдерин эске алып, ага алты уул, бир кыз берген (Башталыш 29:31).

Кандай үлгү алсак болот? Ал Кудайдан тиленип, ага таянган. Ошондой эле үй-бүлөсүндөгү оор жагдайдан улам Кудайдын аны колдоп жатканын көрбөй калган эмес (Башталыш 29:32—35; 30:20). Лиянын жашоосу жөнүндөгү билдирүү эркектин көп аял алганы үй-бүлөнү канчалык азапка саларын айкын көрсөтүп турат. Кудай көп аял алууга кайсы бир убакытка чейин жол берип келген. Бирок никени негиздегенде эркектин бир эле аялы, аялдын бир эле күйөөсү болушун ниет кылган (Матай 19:4—6).

  Марта

Ким болгон? Ал Лазар менен Мариямдын бир тууганы болгон. Үчөө Иерусалимге жакын жайгашкан Бетания кыштагында жашашкан.

Эмне кылган? Марта Иса пайгамбардын жакын досторунан болгон. Иса «Марта менен Мариямды жана Лазарды жакшы көрчү» (Жакан 11:5). Марта аябай меймандос болгон. Бир жолу Иса алардыкына конокко келгенде, Мариям анын сөздөрүн кунт коюп угуп отурган. Марта болсо конок камын көрүп, түйшүктөнүп жаткан. Анан ал Исага Мариямдын жардам бербей жатканын айтып нааразы болгон. Ошондо Иса Мартанын көз карашын жумшактык менен оңдогон (Лука 10:38—42).

Күндөрдүн биринде Лазар ооруп калганда, Марта менен Мариям Исага киши жиберип, ал жакка келишин суранышкан. Алар Иса келсе, аны айыктырат деп бекем ишенишкен (Жакан 11:3, 21). Бирок Лазар өлүп калган. Мартанын Иса менен сүйлөшкөндө айткан сөздөрүнөн анын Кудайдын өлгөндөрдү тирилтери жөнүндөгү убадасына жана Исанын Лазарды тирилтүүгө кудурети жетерине ишенгени көрүнүп турат (Жакан 11:20—27).

Кандай үлгү алсак болот? Марта меймандостук көрсөтүү үчүн күжүрмөн эмгектенген. Ошондой эле кеңешти даярдуулук менен кабыл алган. Оюн ачык билдирген жана Кудайга бекем ишенерин айкын көрсөткөн.

  • Марта жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Ишенем» деген макаланы карагыла.

  Мариям (Исанын энеси)

Ким болгон? Ал жүйүт элинен болгон. Кудай кереметтүү түрдө Исанын өмүрүн анын жатынына салып койгондуктан, ал аны кыз кезинде эле төрөгөн.

Эмне кылган? Мариям Кудайдын эркин момундук менен аткарган. Кудайдын периштеси ага боюна бүтүп, эл көптөн бери күтүп келаткан Машаякты төрөй турганын айткан кезде, Жусуп экөө баш кошууга убадалашып койгон болчу (Лука 1:26—33). Ошого карабай Исанын энеси болууга даярдуулук менен макул болгон. Иса төрөлгөндөн кийин, Мариям менен Жусуп дагы төрт уулдуу жана бери дегенде, эки кыздуу болушкан. Демек, Мариям кыз бойдон өткөн эмес (Матай 13:55, 56). Зор сыймыкка ээ болсо да, ал Иса жерде жүргөндө да, Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын жыйналышында кызмат кылып жүргөн убакта да, башкалардын аны мактап-даңкташын, өзгөчө мамиле кылышын күткөн эмес.

Кандай үлгү алсак болот? Мариям олуттуу жоопкерчиликти аткарууга даяр, ишеними күчтүү аял болгон. Ал Ыйык Жазманы абдан жакшы билген. Бир эсептөөгө ылайык, Лука 1:46—55-аяттарда жазылган сөздөрдү айтканда Мариям Ыйык Жазмадан 20дай үзүндү келтирген.

  Мариям (Марта менен Лазардын бир тууганы)

Ким болгон? Ал бир туугандары Лазар, Марта үчөө Иса пайгамбар менен ынак достордон болушкан.

Эмне кылган? Мариям Кудайдын Уулу Иса Машаякты жогору баалаарын көп жолу далилдеген. Ал Исанын анын бир тууганы Лазарды өлүмдөн алып калмактыгына ишенерин көрсөткөн. Ошондой эле Исанын Лазарды тирилткенине күбө болгон. Ал бир тууганы Мартага жардам бербей, Исанын сөздөрүн угуп отурганда, Марта ага нааразы болгон. Бирок Иса аны Кудай ачып берген чындыкты биринчи орунга койгону үчүн мактаган (Лука 10:38—42).

Бир жолу Мариям «кымбат баалуу жыпар жыттуу май» алып келип, Исанын башы менен бутун майлаган (Матай 26:6, 7). Ошентүү менен өзгөчө меймандостук көрсөткөн. Ал жерде Исанын жанында отургандар аны ысырап кылып жатат деп айыпташкан. Бирок Иса аны коргоп: «[Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү] жакшы кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аялды да эстеп, кылган иши жөнүндө айтышат»,— деген (Матай 24:14; 26:8—13).

Кандай үлгү алсак болот? Ал Кудайга бекем ишенген. Кудайга сыйынууну күндөлүк иштерден жогору койгон. Ошондой эле кымбатка турса да, жыпар жыттуу май сатып алып, Исага момундук менен урмат көрсөткөн.

  Магдалалык Мариям

Ким болгон? Ал Исанын ишенимдүү шакирти болгон.

Эмне кылган? Магдалалык Мариям Иса менен анын шакирттерин коштоп жүргөн аялдардын бири болгон. Ал акча-каражатын алардын муктаждыгына марттык менен жумшаган (Лука 8:1—3). Магдалалык Мариям Исаны кызматынын акырына чейин коштоп жүргөн. Исаны өлүм жазасына тартышканда, ошол жерге барган. Ал Исанын тирилгенине биринчилерден болуп күбө болгондордун арасында да болгон (Жакан 20:11—18).

Кандай үлгү алсак болот? Ал Исаны кызматта керектүү нерселер менен камсыз кылып, марттык көрсөткөн жана өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүүлүгүн сактаган.

  Мириям

Ким болгон? Мириям Муса пайгамбар менен Арундун эжеси болгон. Ал — Ыйык Китепте пайгамбар деп аталган аялдардын биринчиси.

Эмне кылган? Пайгамбар болгондуктан Мириям элге Кудайдын эркин билдирип турган. Ошондой эле Ысрайылда көрүнүктүү абалды ээлеген жана Кудай Кызыл деңизде мисирликтерди жок кылганда, эркектерге кошулуп жеңиш ырын ырдаган (Чыгуу 15:1, 20, 21).

Кийин Мириям менен Арун Мусаны сындашкан. Сыягы, алар текеберденгендиктен жана ич күйдүлүк кылгандыктан ошентишкен. Алар Мусаны жамандап жатканда, «Жахаба угуп» турган. Ошондуктан ал экөөнө катуу кеңеш берген (Сандар 12:1—9). Анан Мириямды пес оорусуна чалдыктырган. Себеби Мусага карата айтылган сын пикирди, калыбы, ал баштаган. Муса Кудайдан жалынып, Мириямды кечиришин өтүнгөндө, ал пес оорусунан айыккан. Ал жети күн конуштун сыртында жашап, айыккандан кийин элдин арасына кайтып келген (Сандар 12:10—15).

Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, Кудай Мириямды оңдоп-түзөгөндө, ал аны туура кабыл алган. Ошондон көп кылымдар өткөндөн кийин Кудай Мириямдын өзгөчө сыймыкка ээ болгонун сөз кылып, ысрайыл элине: «Алдыңан Муса, Арун, Мириямдарды жибергем»,— деген (Микей 6:4).

Кандай сабак алсак болот? Анын окуясынан Кудай кызматчыларынын бири-бирине же бири-бири жөнүндө кандай сөздөрдү айтып жатканын угуп турарын көрүүгө болот. Ошондой эле Кудайга жагыш үчүн текебердиктен, ич күйдүлүктөн алыс болушубуз керектигин билебиз. Бул терс сапаттар бирөөнүн кадыр-баркын түшүрүп коюшубузга түртүшү мүмкүн.

  Рахил

Ким болгон? Ал Лабандын кызы, Жакыптын сүйгөн жары болгон.

Эмне кылган? Рахил Жакыпка турмушка чыгып, эки уул төрөп берген. Ал эки уулунун урпактары байыркы ысрайыл элинин 12 уруусуна кирген. Рахил күйөөсү Жакыпка атасынын койлорун кайтарып жүргөндө жолуккан (Башталыш 29:9, 10). Ал эжеси Лияга салыштырмалуу «мүчөсү келишкен, татынакай кыз» болчу (Башталыш 29:17).

Жакып Рахилди сүйүп калып, ага үйлөнүш үчүн жети жыл иштегенге макул болгон (Башталыш 29:18). Бирок Рахилдин атасы Лабан аны алдап, Рахилдин ордуна Лияны берип койгон. Кийин Лабан Рахилге үйлөнүүгө уруксат берген (Башталыш 29:25—27).

Жакып Лия менен анын балдарына караганда Рахил менен анын эки уулун көбүрөөк жакшы көргөн (Башталыш 37:3; 44:20, 27—29). Ошондуктан эже-сиңдинин ортосунда атаандаштык пайда болгон (Башталыш 29:30; 30:1, 15).

Кандай үлгү алсак болот? Үй-бүлөлүк турмушу оор болсо да, ал Кудайдын анын үнүн угарынан үмүт үзгөн эмес (Башталыш 30:22—24). Анын окуясынан эркектин көп аял алганы канчалык азапка саларын көрүүгө болот. Ошондой эле Кудайдын никени негиздегенде эркектин бир эле аялы болушун ниет кылганы акылмандыкка жатканын айгинелеп турат (Матай 19:4—6).

  Рахап

Ким болгон? Ал канаандыктардын Жерихо деген шаарында жашаган бузулган аял болгон. Кийин Жахаба Кудайдын кызматчысы болуп калган.

Эмне кылган? Рахап жер чалгындап келген эки ысрайылдык кишини жашырып койгон. Себеби ал ысрайыл элинин Кудайы Жахабанын аларды Мисирден кантип алып чыкканын, кийин аморлуктардын кол салуусунан кантип куткарганын уккан.

Рахап чалгынчыларга жардам берип, алардан Жерихону талкалаш үчүн келгенде аны да, үй-бүлөсүн да сактап калышын өтүнгөн. Алар макул болушкан. Бирок мындай шарт коюшкан: ал эки чалгынчынын келгенин эч кимге айтпашы, ысрайылдыктар чабуул койгондо, өзү да, үйүндөгүлөрү да сыртка чыкпашы жана белги катары терезесине кызыл жипти байлап коюшу керек болчу. Ал алардын айтканындай кылгандыктан, ысрайылдыктар Жерихону басып алганда, үй-бүлөсү менен аман калган.

Кийин Рахап ысрайылдык кишиге турмушка чыгып, Дөөтү падышанын да, Иса Машаяктын да чоң энелеринен болуп калган (Жашыя 2:1—24; 6:25; Матай 1:5, 6, 16).

Кандай үлгү алсак болот? Ыйык Китепте Рахап ишеним күчтүү аял катары сүрөттөлөт (Еврейлер 11:30, 31; Жакып 2:25). Анын окуясы Кудайдын кечиримдүү экенин, баарына тегиз караарын жана тек-жайы кандай болбосун, ага таянгандарга батасын берерин тастыктап турат.

  Ребека

Ким болгон? Ал Ыскактын жубайы жана Жакып, Эйсап деген эгиздердин энеси болгон.

Эмне кылган? Ребека кыйынга турса да Кудайдын эркин аткарган. Бир жолу ал кудуктан суу алып жатканда, бир киши ичкенге суу сураган. Ребекка дароо суу берип, төөлөрүн да сугарып берерин айткан (Башталыш 24:15—20). Андан суу сураган киши Ыбрайым пайгамбардын кулу болчу. Ал Ыбрайымдын уулу Ыскакка келинчек алып келиш үчүн алыс жактан жол арытып келген (Башталыш 24:2—4). Жолдон ал Кудайдан тиленип, батасын беришин өтүнгөн болчу. Ребеканын эмгекчил, меймандос кыз экенин көргөндө Кудайдын анын тилегине жооп бергенин, Ребеканы Ыскактын аялы кылып тандаганын түшүнгөн (Башталыш 24:10—14, 21, 27).

Ребека ал кишинин кандай максат менен келгенин билгенде аны менен барып, Ыскакка турмушка чыгууга макул болгон (Башталыш 24:57—59). Кийин ал эгиз бала төрөгөн. Кудай ага улуу баласы Эйсап кичүүсү Жакыпка кызмат кыларын алдын ала айткан (Башталыш 25:23). Ыскак Эйсапка тун уул ала турган батаны берейин деп жатканда, Ребека демилгени колго алып, ал батаны Жакып алышына кам көргөн. Анын ошондой иш-аракет кылганы Кудайдын эркине ылайык келген (Башталыш 27:1—17).

Кандай үлгү алсак болот? Ребека жөнөкөй, эмгекчил, меймандос болгон. Бул сапаттар ага жакшы зайып, мээримдүү эне жана Кудайдын мыкты кызматчысы болгонго жардам берген.

  • Ребека тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Барам» деген макаланы карагыла.

  Рут

Ким болгон? Ал өз кудайын, туулган жерин калтырып, Жахаба Кудайга кызмат кылыш үчүн Ысрайылга көчүп келген мааптык аял болгон.

Эмне кылган? Рут кайненеси Наамини абдан жакшы көрөрүн иш жүзүндө далилдеген. Наами Ысрайылда ачарчылык болгондо күйөөсү, эки баласы менен Маап жерине көчүп барган болчу. Анын эки уулу мааптык кыздарга, Рут менен Орпага, үйлөнүшкөн. Кийинчерээк Нааминин күйөөсү, эки уулу көз жумуп, үчөө жесир калган.

Кургакчылык аяктаганда, Наами Ысрайылга кайтууну чечкен. Рут менен Орпа да аны менен жөнөмөкчү болгон. Бирок Наами алардан туугандарына кайтып барышын суранган. Орпа ошондой кылган (Рут 1:1—6, 15). Рут болсо кайненесин таштабастан, ага берилгендик көрсөткөн. Ал аны аябай жакшы көргөн жана анын Кудайы Жахабага кызмат кылууну каалаган (Рут 1:16, 17; 2:11).

Рут Нааминин туулган жери Бетлехемге келгенден көп өтпөй элге кайненесин таштабаган, эмгекчил келин катары таанымал болуп калган. Бууз деген бай киши Рутка абдан ыраазы болгондуктан марттык менен аны жана Наамини азык менен камсыз кылган (Рут 2:5—7, 20). Рут кийинчерээк ага турмушка чыгып, Дөөтү падышанын да, Иса Машаяктын да чоң энелеринен болуп калган (Матай 1:5, 6, 16).

Кандай үлгү алсак болот? Кайненеси Наамини да, Жахаба Кудайды да жакшы көргөндүктөн Рут эли-жерин таштап кеткенге даяр болгон. Ал эмгекчил болгон жана кыйын болгон учурда да, берилгендигинен, ишенимдүүлүгүнөн жазган эмес.

  Саара

Ким болгон? Ал Ыбрайым пайгамбардын жубайы жана Ыскактын энеси болгон.

Эмне кылган? Саара гүлдөгөн Ур шаарындагы ыңгайлуу жашоо-шартынан баш тартууга даяр болгон. Анткени Кудайдын Ыбрайым пайгамбарга берген убадасынын аткарыларына бекем ишенген. Кудай Ыбрайымга Урду таштап, Канаан деген жерге барууну айткан. Ал ага батасын берерин, андан улуу эл чыгарарын убада кылган (Башталыш 12:1—5). Ошол кезде Саара 60тарда болсо керек. Алар Урдан кеткенден кийин улам бир жерге көчүп-конуп, чатырларда жашашкан.

Көчмөндүк жашоо Сааранын өмүрүнө коркунуч туудурса да, ал Кудайдын жетекчилигине баш ийген Ыбрайымга жөлөк-таяк болгон (Башталыш 12:10, 15). Көптөгөн жылдардан бери балалуу боло албаганы аны кайгыга батырса керек. Бирок Кудай Ыбрайымдын тукумуна батасын берерин убада кылган (Башталыш 12:7; 13:15; 15:18; 16:1, 2, 15). Кийин ал Сааранын ага уул төрөп берерин айткан. Ошентип, Саара төрөй турган курактан өтүп калган кезинде уул төрөгөн. Ал учурда өзү 90 жашта, абышкасы 100 жашта болчу (Башталыш 17:17; 21:2—5). Алар уулуна Ыскак деген ат коюшкан.

Кандай үлгү алсак болот? Саарага окшоп, биз да Кудайдын убадаларынын, атүгүл такыр аткарылбачудай сезилген убадаларынын да аткарыларына толук ишенсек болот (Еврейлер 11:11). Саара жолдошуна урмат көрсөткөн зайып катары да мыкты үлгү калтырган (1 Петир 3:5, 6).

  Шуламдык кыз

Ким болгон? Кыштакта жашаган ал сулуу кыз Сулаймандын ыры китебиндеги негизги каарман болгон. Ыйык Китепте анын аты айтылбайт.

Эмне кылган? Шуламдык кыз сүйгөн жигитине берилгендик сактаган (Сулаймандын ыры 2:16). Келбети келишкен ал кызга байлыгы ашып-ташыган Сулайман падыша ашык болуп калып, анын жүрөгүн багындырганга аракет кылган (Сулаймандын ыры 7:6). Башкалар аны Сулайманды тандаганга үндөшкөн, бирок шуламдык кыз андан баш тарткан. Ал карапайым койчу жигитин сүйгөн жана ага берилгендик сактаган (Сулаймандын ыры 3:5; 7:10; 8:6).

Кандай үлгү алсак болот? Ал аябай сулуу болгонуна, көптөрдүн көзү түшкөнүнө чиренип, бой көтөрүп кеткен эмес. Ал курбу-курдаштарынын кысымы же байлыкка жана кадыр-баркка ээ болууну каалоо сезими койчу жигитине болгон сүйүүсүн өчүрүп салышына жол берген эмес. Андан тышкары, сезимдерин башкара билип, адеп-ахлактык тазалыгын сактаган.

  Лоттун аялы

Ким болгон? Ыйык Китепте анын аты айтылбайт. Бирок анын эки кызы болгону жана алардын Содом шаарында жашаганы жазылган (Башталыш 19:1, 15).

Эмне кылган? Ал Кудайдын буйругуна баш ийбей койгон. Содом жана ага коңшу шаарлардагы элдер жыныстык адеп-ахлаксыздыкка белчесинен батып, бузулуп кеткендиктен, Кудай ал шаарларды жок кылууну чечкен. Содомдо жашаган Лот деген адил кызматчысын жакшы көргөндүктөн аны коопсуз жерге алып чыгыш үчүн Кудай эки периштесин жөнөткөн (Башталыш 18:20; 19:1, 12, 13).

Периштелер Лоттун үй-бүлөсүнө ал шаардан чыгып, артын карабай качышы керектигин, болбосо өлүп каларын айтышкан (Башталыш 19:17). Бирок Лоттун «аялы артын карап» жибергенде «туз мамыга айланып калган» (Башталыш 19:26).

Кандай сабак алсак болот? Анын окуясы дүнүйө-мүлктү сүйүү Кудайга баш ийбестикке алып барарын тастыктап турат. Иса пайгамбар анын окуясынан сабак алышыбыз керектигин эскерткен. Ал: «Лоттун аялын эстегиле»,— деген (Лука 17:32).

 Мезгил сызыгы

  1.  Обо эне

  2. Топон суу (Б. з. ч. 2370-ж.)

  3.  Саара

  4.  Лоттун аялы

  5.  Ребека

  6.  Лия

  7.  Рахил

  8. Чыгуу (Б. з. ч. 1513-ж.)

  9.  Мириям

  10.  Рахап

  11.  Рут

  12.  Дебора

  13.  Жаел

  14.  Делила

  15.  Анна

  16. Ысрайыл элинин биринчи падышасы (Б. з. ч. 1117-ж.)

  17.  Абигейил

  18.  Шуламдык кыз

  19.  Изабел

  20.  Эстер

  21.  Мариям (Исанын энеси)

  22. Исанын чөмүлүшү (Б. з. 29-ж.)

  23.  Марта

  24.  Мариям (Марта менен Лазардын бир тууганы)

  25.  Магдалалык Мариям

  26. Исанын өлүшү (Б. з. 33-ж.)