Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ

Ал Кудайга жүрөгүндөгүсүн төккөн

Ал Кудайга жүрөгүндөгүсүн төккөн

1, 2. а) Жолго чыгууга камынып жатканда Аннанын жүрөгүн эмне өйүгөн? б) Аннанын башынан өткөн окуядан эмнеге үйрөнө алабыз?

КӨПТӨН күткөн кубанычтуу күндөр да келди. Анна жолго чыгууга камынып, жүрөгүн өйүгөн ойлордон бир аз да болсо алаксыганга аракет кылат. Жыл сайын ушул маалда күйөөсү Элкана бүт үй-бүлөсүн Жахаба Кудайга сыйынуу үчүн Шилодогу ыйык чатырга алып барып турат. Жахаба караштырган ал майрам элди кубанычка бөлөйт. (Оку: Мыйзам 16:15.) Анна бала кезинен эле андай майрамды жакшы көрөт. Бирок акыркы жылдары эмнегедир жарык күнүн кара булут каптачу болду.

2 Күйөөсү аны жанындай жакшы көрөт. Бирок анын Пенина деген дагы бир аялы бар. Ал Аннаны кас көрүп, такыр эле өчөшүп алган сыяктанат. Атүгүл майрам күндөрүн да күндөшүн кордогонго оңтойлуу учур катары көрөт. Жарга такалгандай сезилген жагдайда Аннанын Жахабага болгон ишеними ага бекем болууга кандайча жардам берген? Эгерде жан дүйнөңдү кыйнаган кыйынчылык менен алпурушуп жүргөн болсоң, Аннанын башынан өткөн окуянын сага күч берери шексиз.

«Эмнеге кайгырып... жатасың?»

3, 4. Анна кандай кыйынчылыктар менен күрөшкөн жана аларды көтөрүү ал үчүн эмне себептен оор болгон?

3 Ыйык Китепте айтылгандай, Анна эки чоң кыйынчылык менен күрөшкөн. Биринчиден, ал аны жек көргөн күндөшү менен бир үйдө жашачу. Экинчиден, ал төрөбөс аял эле. Биринчисине чыдап, көтөрүп кетсе болот, бирок экинчисин чечүү анын колунан келбейт. Негизи, балалуу болууну самаган, бирок төрөй албаган аялдарга аябай эле кыйын. Ал эми Аннанын убагында андан да жаман болчу. Ар бир үй-бүлө атасынын атын өчүрбөй, тукумун улап кете турган перзенттин жарык дүйнөгө келишин чыдамсыздык менен күтө турган. Ошон үчүн согончогу канабаган аялдар уятка калып, сөз болушчу.

4 Ансыз деле кыйналган жүрөгүн ого бетер сыздаткан күндөшү болбогондо, балким, Анна башына түшкөн мындай оор кыйынчылыкты көтөрүп кете алмактыр. Бирок эркектин бир нече аялы болсо, андай үй-бүлөдө эч качан баары ойдогудай болбойт. Атаандаштык, чыр-чатак, көз жаш боло жүргөн нерсеге айланат. Бул Эйден багында эркекке бир эле аял берген Жахабанын ой-ниетинен кандай гана айырмаланып турат (Башт. 2:24). Ыйык Китепте көп аял алуунун үй-бүлөнү азапка саларын көрсөткөн окуялар бар. Элкананын үй-бүлөсү буга айкын далил боло алат.

5. Пенина Аннаны кантип ыза кылчу жана эмне үчүн?

5 Элкана Аннаны көбүрөөк жакшы көрөт. Ал алгач Анна менен баш кошкон, анан, жүйүттөрдүн салтына ылайык, бир нече жылдан кийин Пенинаны алган. Пенина күйөөсүн кызганып, Аннанын көңүлүн оорутуунун амалын издей берчү. Күйөөсүнө көп бала төрөп бергенине маашырланып, улам төрөгөн сайын көөдөнүн көтөрчү болду. Күндөшүн сооротуп, кайгысын тең бөлүшкөндүн ордуна, ого бетер жарасын чукуйт да турат. Ыйык Китепте Пенинанын «аны дайыма ызалантып, көңүлүн оорута бергени» айтылат (1 Шем. 1:6). Ал муну атайын кылат, күндөшүн ызалантып, максатына жеткенде кадимкидей табасы кана түшөт.

Анна бала төрөй албаганына жаны кейип турса да, Пенина аны ого бетер ыза кылчу

6, 7. а) Анна эмне үчүн күйөөсүнө даттанган эмес? б) Аннанын бала төрөбөгөнү Жахабанын каарына калганын билдиргенби? (Шилтемени карагыла.)

6 Бүт үй-бүлө Шилого барганда, Пенина үчүн Аннаны басынтканга дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жахабага арнап курмандыкка чалынган малдан Элкана Пенина менен анын уул-кыздарына бир нече устукан берсе, Аннага, баласы жок болгондуктан, бир эле устукан берет. Ошондо Пенина анын баласы жоктугун дагы бир ирет эсине салып басынтат. Анын сөздөрү ушунчалык чучукка жеткендиктен, Аннанын көзүнөн жаш куюлуп, тамакка да көңүлү чаппай калат. Жакшы көргөн аялынын көңүлү чөгүп, тамак ичпей жатканын байкаган Элкана: «Анна, эмнеге ыйлайсың? Эмнеге кайгырып, тамак жебей жатасың? Мен сен үчүн он уулдан артык эмесминби?» — деп сооротконго аракет кылат (1 Шем. 1:4—8).

7 Элкана Аннанын баласы жок болгону үчүн кайгырып жатканын жакшы билет. Күйөөсүнүн жакшы көрөрүн көрсөткөн жылуу сөздөрү Аннага жагымдуу болгону шексиз *. Ыйык Китепте Пенинанын кара өзгөйлүгү жөнүндө Элкананын сөз кылганы же Аннанын күйөөсүнө даттанганы жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Анна күндөшүнүн кылык-жоругун күйөөсүнө айтса, ансыз деле күйүп турган отко май тамызгандай болмоктугун түшүнсө керек. Анын үстүнө, Элкана муну билген күндө да бир нерсени өзгөртө алат беле? Эгер Пенина ого бетер өчөшүп, балдарын, үйдөгү кулдарын ага каршы тукурса, эмне болот? Анда Анна өз үйүнө батпай, такыр эле чүнчүп кетпейби?

Жаман мамилеге туш болгондо Анна Жахабадан жардам сурап тиленген

8. Жаман мамилеге туш болгондо же адилетсиздикке кабылганда Жахабанын адилеттүү Кудай экенин унутпаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

8 Элкана иштин чоо-жайын толук билбеген күндө да, Жахаба баарын көрүп турган. Анын Сөзүндө Пенинанын карасанатайлык кылганы ачык эле жазылган. Андыктан бул окуя жүрөгүнүн түпкүрүндө кимдир бирөөгө көрө албастык кылып, тымызын жек көргөндөр үчүн олуттуу эскертүү болуп эсептелет. Ошол эле учурда Аннага окшогон тынчтыкка умтулган ак ниет кишилерди адилеттүү Кудай баарын өз убагында, өзү туура көргөн жол менен орду-ордуна коёруна ынандырат. (Оку: Мыйзам 32:4.) Анна да жардам сурап кайрылгандарды Жахаба эч качан таштабай турганын жакшы билчү.

«Жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды»

9. Күндөшүнүн жаман мамиле кыларын билсе да, Аннанын Шилого барууну чечкенинен эмнеге үйрөнө алабыз?

9 Таң атпай эле үйдүн ичи опур-топур. Атүгүл майда балдар да жолго чыгуунун камын көрүүдө. Алдыда Шилого чейин Эпрайымдын адырлары аркылуу 30 чакырымдан ашуун бир-эки күндүк жол жатат *. Анна күндөшүнүн баягысын кыларын беш колдой билсе да, үйдө калып калбай, баары менен жолго чыгат. Бул жагынан ал бизге сонун үлгү көрсөткөн. Башкалардын жаман мамилесинен улам Кудайга сыйынганыбызды токтотуп койсок, акылдуулукка жатпай калмак жана туруктуу болууга күч берген канча деген баталардан кур калып калмакпыз.

10, 11. а) Анна эмне үчүн ыйык чатырга баргыча шашкан? б) Анна асмандагы Атасына жүрөгүндөгүсүн кантип төккөн?

10 Бир күн кечке адырларды аралай, ийри-буйру жолдорду басып өтүп, Элкананын үй-бүлөсү Шилого жакындап калды. Шило адырлардын курчоосундагы дөңсөөдө жайгашкан. Шаарга жакындаган сайын Анна Жахабадан эмнени тилээрин ойлоп, ойго чөгүп барат. Шилого жеткенде Элкананын үй-бүлөсү тамакка отурат. Анна тамак ичип бүтөрү менен Жахабанын ыйык чатырына барганча шашат. Кире бериште башкы дин кызматчы Эйли отурган. Бирок ойго батып келаткан Анна аны да байкабайт. Ал Ыйык чатырда тилеги Кудайга жетерине кымындай да шектенбейт. Анын кейиштүү абалын эч ким түшүнбөсө да, асмандагы Атасы баарын түшүнүп турат. Анна топтолуп кеткен ызасына эрк берип, шолоктоп ыйлай баштайт.

11 Көз жашын көл кылып, Жахабага баарын төгүп берет. Эриндерин акырын гана кыбыратып, ичтеги бук болуп камалган бардык сырын асмандагы Атасына бир топко чейин айтат. Анна балага зар болуп жүргөнүн эле айткан эмес. Ал Кудайдан алсам эле дебей, берсем деп да жашачу. Ошондуктан эгер Кудай уул берсе, аны ыйык кызмат кылууга биротоло берерин айтып ант берет (1 Шем. 1:9—11).

12. Аннанын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, тиленүүгө байланыштуу эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

12 Ооба, Анна тиленүү жагынан Кудайдын кызматчыларынын баарына мыкты үлгү калтырган. Жахаба өз элин, мээримдүү ата-энесине бала кандай эркин кайрылса, ага да ошондой эркин кайрылып, бардык ой-санаасын ачык айтууга чакырат. (Оку: Забур 62:8; 1 Тесалоникалыктар 5:17.) Элчи Петир тиленүү жөнүндө ыйык рухтун жетеги менен: «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деп жазган (1 Пет. 5:7).

13, 14. а) Эйли кандай жаңылыш жыйынтык чыгарган? б) Аннанын Эйлиге жооп бергенинен эмнеге үйрөнсөк болот?

13 Тилекке каршы, адамдар дайыма эле Жахабадай кайрымдуу болуп, баарын түшүнө беришпейт. Ыйлап тиленип жатканда, бирөөнүн сөзү Аннанын оюн бөлүндү кылат. Ал баятан аны карап отурган башкы дин кызматчы Эйли болчу. Ал анын эриндерин кыбыратып, шолоктоп ыйлап жатканын көрүп: «Качан соолугасың? Бар, соолугуп кел»,— деп бир тиет. Бир ооз ал-жайын сурагандын ордуна, ал аны мас экен деп жаңылыш жыйынтык чыгарат (1 Шем. 1:12—14).

14 Өзү араң жүргөндө кадырлуу кишинин минтип ак жерден күйгүзгөнү Аннага аябай эле катуу тийсе керек. Бирок Кудайга бекем ишенген Анна бул жолкусунда да туура иш кылып, бизге сонун үлгү көрсөткөн. Ал башкалардын кемчилик-каталарынын Кудай менен болгон мамилесине доо кетиришине жол берген эмес. Ал Эйлиге урмат-сый менен кайрылып, жагдайын түшүндүрүп берет. Ошондо Эйли айткан сөзүнө өкүнгөндөй: «Тынчтык менен бара бер. Ысрайылдын Кудайы тилегиңди берсин»,— деп айтат (1 Шем. 1:15—17).

15, 16. а) Аннанын Жахабага жүрөгүндөгүсүн төккөнүнүн натыйжасы кандай болгон? б) Көңүлүбүз чөгүп жүрсө, Аннаны кантип туурасак болот?

15 Аннанын ыйык чатырга келип, Жахабага жүрөгүндөгүсүн төккөнүнүн натыйжасы кандай болгон? Ыйык Китепте: «Ошондон кийин ал тамак иче баштады. Анын жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды»,— деп айтылат (1 Шем. 1:18). Анна кадимкидей жеңилдей түшкөн. Ал, мындайча айтканда, жонундагы оор жүктү асмандагы чексиз күч-кубаттуу Атасына арткан. (Оку: Забур 55:22.) Жахаба көтөрө албаган оор жүк барбы? Жок, болгон эмес жана эч качан болбойт!

16 Эгер көңүлүбүз чөгүп, мүңкүрөп жүрсөк, Аннадай болуп, «тиленүүлөрдү Угуучуга» ичибиздегини төккөнүбүз маанилүү (Заб. 65:2). Жахабага ишеним менен кайрылсак, анын «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы» көкүрөгүбүздөгү кайгыны сүрүп чыгарат (Флп. 4:6, 7).

«Биздин Кудайыбыздай аска жок»

17, 18. а) Элкана Аннанын антын колдоорун кантип көрсөткөн? б) Пенина эмне кыла албай калган?

17 Эртеси Анна ыйык чатырга күйөөсү менен барат. Анна күйөөсүнө Кудайдан эмнени тилегенин, эмне деп ант бергенин баарын айтып берсе керек. Кудайдын мыйзамына ылайык, күйөөсү аялынын берген антын бекитүүгө да, жокко чыгарууга да укугу бар болчу (Сан. 30:10—15). Бирок Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Элкана аялынын антын жокко чыгарган эмес. Экөө өз үйүнө кайтканга чейин ыйык чатырга барып сыйынып турушат.

18 Пенина күндөшүнүн анын какшыгын, ачуу сөздөрүн капарына албай калганын качан байкаган? Ыйык Китепте бул жөнүндө эч нерсе деп айтылбайт. Бирок «жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды» деген сөздөрдөн Аннанын маанайы өзгөргөнүн билүүгө болот. Кандай болбосун, Пенина көп өтпөй эле күндөшүнүн анын сөздөрүн мурдагыдай жүрөгүнө жакын албай калганын түшүнгөн. Ошондон кийин Ыйык Китепте Пенина жөнүндө эч нерсе айтылбайт.

19. Анна кандай бата алган жана ал бата Кудайдан экенин унутпаганын кантип көрсөткөн?

19 Арадан айлар өтүп, Анна көңүл толкуткан зор кубанычка бөлөнөт. Анын тилеги кабыл болуп, боюна бүтөт. Төбөсү көккө жете сүйүнүп турса да, бул Кудайдын батасы экенин бир саамга да унуткан эмес. Ал көз жарып, уулду болуп, атын Шемуел коёт. Бул ысымдын мааниси «Кудайдын ысмын чакыруу» дегенди билдирет. Анна дайыма Кудайдын ысмын чакырып, ага кайрыла турган. Баласын эмчектен чыгарганга чейин ал үч жыл катары менен Шилого барбай коё турууну чечет. Боор этинен жаралган чүрпөсү менен ажырашар маал жакындаган сайын кайратын жыйнап, өзүн ошол күнгө даярдай берет.

20. Анна менен Элкана Жахабага берген антын кантип аткарышкан?

20 Аннага өз баласын бирөөнүн колуна берүү оңой болбогону күмөнсүз. Албетте, ал ыйык чатырда кызмат кылган аялдардын Шемуелге жакшы кам көрөрүн билет. Ошентсе да бала деп соккон жүрөгү миң бурап ооруп турат. Анткен менен Анна менен Элкана уулун Кудайга кызмат кылууга кыйылып эмес, чын жүрөктөн беришет. Анан курмандыкка мал чалып, Эйлиге Кудайга берген антын аткарып жатышканын айтып, уулун колуна тапшырышат.

Шемуел үчүн Анна дүйнөдөгү эң сонун эне болгон

21. Аннанын тиленүүсүнөн анын Кудайга болгон ишеними бекем болгону кандайча көрүнүп турган? ( «Эки өзгөчө тиленүү» деген кутучаны да карагыла.)

21 Анна ошондо Кудайга кайрылып, аны даңктаган. Кудай анын тиленүүсүн Ыйык Китепке жаздырууну туура көргөн. 1 Шемуел 2:1—10-аяттарды окуганда Аннанын ар бир сөзүнөн Кудайга канчалык бекем ишенгенин көрүүгө болот. Ал Жахабаны алкап, зор күчүн кереметтүү жол менен колдонорун: менменсингендерди басынтып, мүңкүрөгөн бей-бечараларды жогору көтөрөрүн, адамды өмүрүнөн ажырата аларын же өлүмдөн сактап кала аларын айткан. Ошондой эле асмандагы Атасын ыйыктыгы, адилеттүүлүгү жана берилгендиги үчүн даңктаган. Анна: «Биздин Кудайыбыздай аска жок»,— деп ишенимдүү түрдө айта алган. Ооба, Жахаба эч качан өзгөрбөйт. Ал жардам сурап кайрылган, кайгыга батып, кыйналган кызматчыларына кол сунууга дайым даяр, аларды эч качан таштабайт.

22, 23. а) Шемуелдин ата-энеси аны жакшы көрөрүнө кантип ынандырып турган? б) Анна Жахабадан дагы кандай бата алган?

22 Кичинекей Шемуел Кудайга бекем ишенген ушундай апасы болгонуна сыймыктанган болуш керек. Ал ыйык чатырда кызмат кылып жүргөндө апасын сагынса да, анын сүйүүсүнөн эч качан өксүгөн эмес. Апасы ага жыл сайын жеңи жок узун көйнөк тигип келип берип турчу. Шемуелди көйнөктөн да аны тигип жатканда уулун эстеп жалынып-жалбарган энесинин мээрими жылытып турса керек. (Оку: 1 Шемуел 2:19.) Аннанын алып келген көйнөгүн баласына кийгизип, этек-жеңин оңдоп-түзөп, эт-жүрөгү элжирей эркелетип жатканын элестетсеңер. Шемуел үчүн ал дүйнөдөгү эң сонун эне болгону күмөнсүз. Кийин Шемуел ата-энеси менен мекендештери сыймыктанган эр-азамат болуп чоңойгон.

23 Жахаба ишенимдүү кызматчысы Аннага андан ары батасын берип, дагы беш бала берген (1 Шем. 2:21). Бирок Анна үчүн жашоодогу эң чоң бата асмандагы Атасы Жахаба менен болгон мамилеси болчу. Ал жыл өткөн сайын аны менен ынак боло берген. Аннаны туурасаң, сен да Жахаба менен ынак боло аласың.

^ 7-абз. Ыйык Китепте: «Жахаба ага бала берген эмес»,— деп айтылса да, момун, ишенимдүү Анна Кудайдын каарына калган деп ырастоого эч кандай негиз жок (1 Шем. 1:5). Ыйык Китепте Кудай убактылуу жол берген окуялар жөнүндө кээде аларды Кудай кылгандай айтылат.

^ 9-абз. Бул аралык Элкана төрөлүп-өскөн Рама шаары Иса пайгамбардын күндөрүндөгү Ариматая деген шаардын ордунда жайгашкан деген божомолдоонун негизинде аныкталды.