Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ

«Мен Жахабанын кулумун!»

«Мен Жахабанын кулумун!»

1, 2. а) Мариямга ким келген? б) Мариямдын жашоосу эмне үчүн өзгөргөн?

МАРИЯМ босогодо турган бейтааныш жолоочуну таң кала карап турат. Жолоочу Мариямдын атасын да, апасын сурабаганына караганда, кыздын өзүнө келген окшойт. Ал назареттик эмес көрүнөт, болбосо аны дароо эле тааныйт эле. Бул чакан шаарда чоочун кишилер шак эле көзгө урунат. Анын үстүнө, сымбаты да бир башкача. Ал: «Саламатсыңбы, Кудайдын ырайымына ээ болгон кыз! Жахаба сени менен!» — деп учурашып, Мариямды ого бетер таң калтырат. (Оку: Лука 1:26—28.)

2 Галилеянын Назарет шаарында жашаган Элинин кызы Мариям жөнүндөгү билдирүү Ыйык Китепте мына ушундайча башталат. Ал Жусуп деген Кудайга бекем ишенген карапайым жыгач уста менен баш кошууга убадалашып койгон. Ошондуктан ага келечегин элестетүү кыйынга деле турбайт. Ал күйөөсү менен чогуу турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, бала-бакыраны чоңойтуп, барды да, жокту да бирге көрүүгө даяр. Бирок жолоочу келип кеткенден кийин, Мариямдын жашоосу түп-тамыры менен өзгөрөт. Ал Кудайдан өзгөчө тапшырма алат.

3, 4. Мариямдын чынында кандай аял болгонун аныкташ үчүн эмне кылышыбыз керек?

3 Айрымдар Ыйык Китепте Мариям жөнүндө көп деле маалымат берилбегенине таң калышат. Анын тек-жайы, кулк-мүнөзү жөнүндө аз эле айтылат, ал эми сырткы көрүнүшү жөнүндө дегеле сөз кылынбайт. Бирок Ыйык Китепте ал жөнүндө айтылган аз эле маалыматтан көп нерсени биле алабыз.

4 Мариям жөнүндө ар кайсы диндерде жаңылыш ойлор кеңири тараган. Сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун эмгегинде анын сырткы көрүнүшү ар кандайча сүрөттөлөт. Ал эми христиан чиркөөлөрү бул карапайым, момун аялга атүгүл «Кудайдын энеси», «Асман канышасы» деген наамдарды ыйгарып, даңктап-даңазалашат. Бирок ал чынында кандай аял болгонун аныкташ үчүн ушундай жалган ой-түшүнүктөргө эмес, Ыйык Китепте айтылгандарга көңүл бурушубуз керек. Мунун аркасында анын ишеними канчалык күчтүү болгонун, андан эмнеге үйрөнө аларыбызды билебиз.

Периштенин келиши

5. а) Жебирейил периште учурашканда, Мариям эмне жөнүндө ойлонгон жана мындан ал жөнүндө эмнени биле алабыз? б) Мариямдан эмнеге үйрөнө алабыз?

5 Мариямга келген жолоочу жөнөкөй эле киши эмес, Жебирейил периште болчу. Периште: «Кудайдын ырайымына ээ болгон кыз!» — деп кайрылганда, Мариям катуу толкунданып, бул саламдашуу эмнени билдирет болду экен деп ойлонгон (Лк. 1:29). Периштенин сөздөрү эмнени билдирген? Мариям адамдардан өзгөчө мамиле күтчү деле эмес. Бирок периште Жахабанын өзү ага көңүл буруп, ырайымына ээ кылганын айткан! Ошентсе да Мариям Кудайдын ырайымына ээ болдум деп бой көтөргөн эмес. Биз да өзүбүздү Кудайдын ырайымына ээ болгон киши катары эсептебей, анын ырайымына ээ болууга ар дайым умтула берсек, Мариямды туураган болобуз. Кудай бой көтөргөндөргө каршы, ал эми жөнөкөй, момун кишилерди жакшы көрөт, колдойт (Жкп. 4:6).

Мариям Кудайдын ырайымына ээ болдум деп бой көтөргөн эмес

6. Мариям кандай сыймыкка ээ болгон?

6 Жебирейил периште Мариямдын теңдешсиз зор сыймыкка ээ болорун, тарыхтагы эң улуу кишинин энеси болорун, айтат. Ошондо Мариямдан ого бетер момун болуу талап кылынган. Жебирейил периште: «Жахаба Кудай ага атасы Дөөтүнүн тактысын берет. Ал Жакыптын үйүнө түбөлүккө Падыша болот, анын Падышалыгынын акыры болбойт»,— деп айтат (Лк. 1:32, 33). Мариям миң жылдай ашуун убак мурун Кудайдын Дөөтү падышага анын тукумунан чыккан бирөө түбөлүккө бийлик кыларын убадалаганын билген (2 Шем. 7:12, 13). Эми ал Кудайдын эли кылымдар бою күтүп келген ошол Машаяктын энеси болот турбайбы!

Жебирейил периште Мариямга теңдешсиз зор сыймыкка ээ болорун айткан

7. а) Мариямдын периштеге берген суроосунан өзү жөнүндө эмнени билүүгө болот? б) Жаштар Мариямдан кандай үлгү ала алышат?

7 Периште Мариям төрөй турган бала «Эң Жогорку Кудайдын Уулу» деп аталарын да айтат. Бирок жөнөкөй пенде кантип Кудайдын Уулун төрөй алат? Мариям, дегеле, кантип төрөйт эле? Ал Жусуп менен убадалашып койгону менен, күйөөгө тие элек болчу да. Ошон үчүн ал: «Эркек көрө элек болсом, бул кандайча болот?» — деп периштеден ачык эле сурайт (Лк. 1:34). Мариямдын «эркек көрө элек» экенин тартынбай айтканына көңүл бурсаңар. Ал кыз абийирин сактап жашаганына сыймыктанган. Бүгүнкү күндө көптөгөн жаштар өзүнүн аруулугун барктабай, жыныстык мамиледе болууга шашышат. Ал эми өзүн адеп-ахлактык жактан таза сактагандарды шылдыңдашат. Ооба, дүйнө аябай эле өзгөрдү. Бирок Жахаба өзгөргөн жок (Мал. 3:6). Ал азыр да Ыйык Китептеги адеп-ахлактыкка байланыштуу мыйзамдарга карманып жашагандарды жогору баалайт. (Оку: Еврейлер 13:4.)

8. Мариям жеткилеңсиз болгонуна карабай кандайча жеткилең уул төрөй алмак?

8 Мариям Кудайдын ишенимдүү кызматчысы болсо да, жеткилеңсиз болгон. Анда ал кантип Кудайдын жеткилең Уулун төрөй алат эле? Жебирейил периште ага: «Үстүңө ыйык рух түшөт. Сени Эң Жогорку Кудайдын күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган бала Кудайдын Уулу, ыйык деп аталат»,— деп түшүндүрөт (Лк. 1:35). «Ыйык» деген сөз «таза», «аруу» деген маанини туюнтат. Негизи, жеткилеңсиз пенделердин балдарына күнөө тукум кууп өтөт. Ошол себептен Жахаба керемет жасаган. Ал асманда жашаган Уулунун өмүрүн Мариямдын жатынына көчүрүп, энеден балага күнөө тукум кууп өтпөшү үчүн, ыйык руху аркылуу Уулун күнөөдөн коргогон. Мариям периштеге ишенди беле? Анын айткандарын кандай кабыл алган?

Мариямдын Жебирейил периштеге айткан жообу

9. а) Сынчылар Мариям тууралуу кандай жаңылыш ойдо? б) Жебирейил периште Мариямдын ишенимин кантип бекемдеген?

9 Сынчылар, анын ичинде христиан динин изилдеген айрым окумуштуулар «эркек көрө элек» кыздын бала төрөгөнүнө ишене беришпейт. Алар аябай билимдүү болушса да, жөнөкөй эле нерсени түшүнүшпөйт. Жебирейил периште айткандай, «Кудайдын бир да сөзү аткарылбай калбайт» (Лк. 1:37). Мариямдын ишеними күчтүү болгондуктан, ал Жебирейил периштенин айткандарына ишенген. Бирок аны ишенчээк кыз болгон деп айтууга болбойт. Ой жүгүрткөн башка адамдардай эле, Мариям далилдерди көрүп, бекем ишенимге ээ болгон. Жебирейил периште ага далилдерди келтирген болчу. Мисалы, ал төрөбөгөн, жашы өр тартып калган Элизабет деген тууганынын Кудайдын батасы менен боюна бүткөнүн айткан.

10. Мариям Кудайдан тапшырма алганда кооптонгон деп эмне үчүн айта алабыз?

10 Эми Мариям эмне кылат? Кудай ага өзгөчө тапшырма берип, Жебирейил периште аркылуу айткандарынын баарын аткарарына ынандырган. Бирок Мариям такыр кооптонгон эмес деп айтууга болбойт. Биринчиден, ал Жусуп менен баш кошууга убадалашып койгон. Жусуп анын боюнда бар экенин укканда ага үйлөнүүдөн баш тартып койбойт болду бекен? Экинчиден, Жахабанын берген тапшырмасы аябай олуттуу эле. Мариям бардык жаратуулардын ичинен Кудайдын эң жакшы көргөн Уулун тогуз ай бою курсагында көтөрүп, аман-эсен төрөшү керек. Анан чүрпөсүн ыймансыз дүйнөдөгү ар кандай кырсык-жамандыктан коргоп, калкалашы керек. Ооба, мындан өткөн олуттуу тапшырма болбос чыгар!

11, 12. а) Кудайдан тапшырма алганда айрым кайраттуу, ишенимдүү эркектер кандай жооп кайтарышкан? б) Мариямдын Жебирейил периштеге айткан жообунан эмнени билүүгө болот?

11 Ыйык Китепте айрым кайраттуу, ишенимдүү эркектердин да Кудайдан тапшырма алганда корккону айтылат. Алсак, Муса пайгамбар сөзгө чоркок болгону үчүн Кудайдын өкүлү болуп кызмат кыла албай турганын айткан (Чыг. 4:10). Жеремия пайгамбар өзүн өтө эле жаш деп эсептеген (Жер. 1:6). Жунус пайгамбар болсо такыр эле качып кеткен (Жун. 1:3). Ал эми Мариям тууралуу эмне айтууга болот?

12 Анын момундугунан, тил алчаактыгынан кабар берген: «Мен Жахабанын кулумун! Мен жөнүндө эмне деп айтсаң, ошонун баары аткарылсын»,— деген сөздөрү Кудайга ишенген адамдардын баарына күчтүү таасир этет (Лк. 1:38). Негизи, кулдар толугу менен кожоюнунан көз каранды болушчу. Мариям Жахабаны өзүнүн Кожоюну деп эсептеп, ага толугу менен таянган. Ал анын канатынын астында коопсуз болорун, ага берилгендигин сактагандарга берилгендик менен мамиле кыларын жана оор тапшырмасын аткарууга бүт күчүн жумшаса, мол бата аларын билген (Заб. 18:25).

Мариям Жахабанын канатынын астында коопсуз болорун билген

13. Кудайдан алган тапшырмабыз аткарууга мүмкүн эместей сезилсе, Мариямды кантип туурасак болот?

13 Кээде Кудай бизге оор, аткарууга мүмкүн эместей сезилген тапшырмаларды берет. Бирок Ыйык Китепте ага толугу менен таянууга көптөгөн себептер бар экени айтылат (Накыл 3:5, 6). Эгер, Мариямдай болуп, Жахабага толугу менен таянсак, ал бизге батасын берип, ишенимибизди бекемдейт.

Элизабет менен жолугушуу

14, 15. а) Мариям Элизабеттикине барганда, Жахаба анын ишенимин кантип бекемдеген? б) Мариямдын Лука 1:46—55-аяттарда жазылган сөздөрүнөн эмнени билүүгө болот?

14 Жебирейил периштенин Элизабет жөнүндө айткандарын угуп, Мариям аябай сүйүнөт. Аны ушундай учурда Элизабеттен башка ким жакшы түшүнө алат? Ошондуктан ал Жүйүт жеринин тоолуу аймагында жашаган тууганына шашып жөнөйт. Үч-төрт күн жол жүрүп, акыры, дин кызматчы болгон Закарыя менен анын жубайы Элизабеттин үйүнө жетет. Ошондо Жахаба дагы бир ирет анын ишенимин бекемдейт. Мариям үйгө кирип, учурашканда, Элизабеттин курсагындагы бала кубанганынан туйлап жиберет. Анан Элизабет ыйык рухка толуп, аны «Мырзамдын энеси» деп атайт. Кудай ага Мариям төрөй турган бала анын Мырзасы, Машаяк, болорун ачып берген. Элизабет Мариямды тил алчаактыгы үчүн мактап: «Сен ишенгениң үчүн бактылуусуң»,— деп айтат (Лк. 1:39—45). Ушул окуядан кийин Мариям Жахабанын айткандарынын баары аткарыларына ого бетер ишенип калса керек.

Мариям менен Элизабеттин достугу алар үчүн бата болгон

15 Анын ошондогу жүрөгү кубанычка толуп, Жахабаны даңктаган сөздөрү Ыйык Китепке жазылган. (Оку: Лука 1:46—55.) Жазмада камтылган анын эң эле көлөмдүү ошол сөздөрүнөн өзү жөнүндө көп нерсени биле алабыз. Маселен, ал Машаяктын энеси болуу сыймыгына ээ болгону үчүн Кудайга аябай ыраазы болгон. Кудайдын текеберлер менен күчтүүлөрдү басынтып, ага кызмат кылууга умтулган карапайым адамдарды жогору көтөрөрү жөнүндө айтканынан анын ишеними күчтүү болгонун көрүүгө болот. Ал Ыйык Жазманы да жакшы билген. Бир изилдөөгө ылайык, ал Еврей Жазмаларынан 20дан ашык жолу үзүндү келтирген *.

16, 17. а) Мариям менен анын уулу кандайча момундук көрсөтүшкөн жана аларды кантип туурай алабыз? б) Мариям менен Элизабеттин ортосундагы мамиледен эмнени билүүгө болот?

16 Мариям Кудайдын Сөзүндө айтылгандар жөнүндө терең ой жүгүрткөн. Ошентсе да момун болуп, оюн өзүнүн сөзү менен айтпастан, Ыйык Китептен үзүндү келтирген. Анын курсагында жаткан бала да кийин чоңойгондо момундук менен: «Мен үйрөткөн окуулар меники эмес, мени жибергендики»,— деп айткан (Жкн. 7:16). Ар бирибиз: «Мен да Кудайдын Сөзүн жогору баалаймынбы? Же көбүнчө өз оюмду, көз карашымды айтууга жакынмынбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Мариям болсо Кудайдын Сөзүн жогору баалаган.

17 Ал Элизабеттин жанында үч айдай жүрөт. Ошол убакыт аралыгында алар бири-бирин аябай бекемдеп-кубатташса керек (Лк. 1:56). Ушул билдирүү достук мамиле зор бата экенин көрсөтүп турат. Эгер Жахаба Кудайды чындап жакшы көргөндөр менен дос болсок, Кудай менен болгон мамилебиз бекемделип, ага ого бетер ынак болобуз (Накыл 13:20). Ошентип, Мариямга үйүнө кайтууга убакыт келип жетет. Жусуп анын боюнда бар экенин билгенде эмне дейт болду экен?

Мариям менен Жусуп

18. Мариям эмне кылууну чечкен жана Жусуп анын айткандарын кандай кабыл алган?

18 Мариям боюнда бар экени башкаларга билине баштаганга чейин күтүп отурган эмес. Ал Жусуп менен создуктурбай сүйлөшүүнү чечет. Бирок Кудайга бекем ишенген ал адил киши айткандарын кандай кабыл алат болду экен? Кандай болбосун, Мариям Жусупка баарын айтып берет. Жусуптун ошондо уккан кулагына ишенбей, аябай жаман болгону айтпаса да түшүнүктүү. Бир чети ал жанындай жакшы көргөн колуктусуна ишенгиси келет, бирок эмнегедир айткандары чындыкка коошпогондой көрүнөт. Ага кандай ойлор келгени тууралуу Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Ал тек гана ажырашып кетүүнү чечет, анткени ошол маалда баш кошууга убадалашып койгондор жубайлар катары эсептелчү. Бирок Жусуп Мариямдын эл алдында уятка калып, сөз болушун каалабагандыктан жашыруун ажырашууну ойлойт (Мт. 1:18, 19). Мариям ушундай боорукер кишинин жүрөгү сыздап, бушайман болуп жатканын көрүп, аябай кыйналса керек. Бирок аны күнөөлөп, ачууланган эмес.

19. Жахаба Жусупка туура иш кылууга кантип жардам берген?

19 Жахаба боорукердик менен Жусупка туура иш кылууга жардам берет. Кудайдын периштеси Жусупка түшүндө Мариямдын боюна бүткөнү Кудайдын керемети экенин айтат. Ошондо Жусуп кадимкидей жеңилдей түшсө керек. Ал, Мариямдай болуп, Жахабанын жетекчилигине ылайык иш кылууга бел байлайт: Мариямга үйлөнүп, Жахабанын Уулун чоңойтуп-өстүрүү жоопкерчилигин алат (Мт. 1:20—24).

20, 21. Жубайлар жана үй-бүлө куруу жөнүндө ойлонуп жүргөндөр Жусуп менен Мариямдан эмнеге үйрөнө алышат?

20 Жубайлар жана үй-бүлө куруу жөнүндө ойлонуп жүргөндөр 2 000 жыл мурун жашаган Жусуп менен Мариямдан көп нерсеге үйрөнө алышат. Жусуп кийин аялынын үй иштерин жакшы аткарып, балдарга жакшы тарбия берип жатканын көргөндө Жахабага өз убагында туура жетекчилик бергени үчүн ыраазы болгону шексиз. Ал олуттуу чечим чыгарарда Жахабага таянуу аябай маанилүү экенине өз тажрыйбасынан ынанган (Заб. 37:5; Накыл 18:13). Анын камкор, боорукер үй-бүлө башчысы болгону күмөнсүз.

21 Ал эми Мариямдан башында ага ишенбей койгон кишиге турмушка чыгууга даяр болгонунан эмнеге үйрөнө алабыз? Жусупка алгач баарын түшүнүү кыйынга турса да, Мариям болочок күйөөсүнүн башчылыгын урматтап, чечим чыгарышын чыдамдуулук менен күткөн. Ал чыдамдуу болуунун зор пайда алып келерин жакшы түшүнгөн жана бул жагынан бүгүнкү күндө Кудайга кызмат кылып жаткан аялдарга жакшы үлгү көрсөткөн. Ошондой эле Жусуп менен Мариям ушул окуядан кийин оюндагысын ачык айтып, чынчылдык менен сүйлөшүү канчалык маанилүү экенин түшүнүшкөн. (Оку: Накыл сөздөр 15:22.)

22. Жусуп менен Мариям кандайча никесин бекем пайдубалга негиздешкен жана аларга кандай жоопкерчилик артылган?

22 Бул жаш жубайлар өзүнүн никесин бекем пайдубалга негиздешкен. Экөө тең баарынан мурда Жахабаны жакшы көрүшкөн жана жоопкерчиликтүү, камкор ата-эне болууга аракет кылып, Кудайга жагууга умтулушкан. Алдыда аларды чоң кыйынчылыктар, ошол эле учурда мол баталар күтүп турган. Алар адамзат тарыхындагы эң улуу адамды, Исаны, чоңойтуп-өстүрүү жоопкерчилигине ээ болушкан.

^ 15-абз. Мариям Кудайдын батасы менен балалуу болгон Аннанын сөздөрүнөн да үзүндү келтирген көрүнөт. (6-бөлүмдөгү «Эки өзгөчө тиленүү» деген кутучаны карагыла.)