Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ

Ал акылдуу, кайраттуу, жан аябас аял болгон

Ал акылдуу, кайраттуу, жан аябас аял болгон

1—3. а) Эстердин күйөөсүнө жакындап келаткандагы жагдайды сүрөттөп бергиле. б) Падыша Эстерди кандай кабыл алган?

ТАКТЫГА жакындаган сайын Эстердин муштумдай жүрөгү көдөөнүн жара тээп кетчүдөй лакылдайт. Ак сарайдын ичин тунжураган, сүрдүү тынчтык бийледи. Бул тынчтыкты Эстердин тып-тып баскан кадамы, көйкөлгөн көйнөгүнүн шуудуру гана бузуп жатты. Заңгыраган ак сарайдын ичи, ченде жок бийик тирөөчтөрү, алыскы Лебанондун кедр жыгачынан жасалган оймо-чиймелене кооздолгон шыбы тим эле көз жоосун алат. Бирок Эстер аларды карап да койгон жок, анын көңүлү бүт бойдон тактыда отурган даңазалуу падышада. Азыр анын өмүрү ошол кишинин колунда.

2 Падыша алтын таягын сунган бойдон Эстерди көз айрыбай карап турат. Анын бул ишараты — аялынын өмүрүн сактап калганы, чакырылбай туруп падышага жүзмө-жүз келгенин кечирдим дегени. Эстер тактыга акырын басып келип, ыраазы боло алтын таяктын учуна колун тийгизет (Эст. 5:1, 2).

Эстер падышага ырайым кылганына ыраазы экенин көрсөткөн

3 Улуу өкүмдар улуулук сымбатынан жазбай, тактысында салабаттуу отурат. Анын үстүндөгү кымбат-баалуу кийими, бүгүнкү акча менен эсептегенде, жүз миллиондогон долларларга барабар. Эстер күйөөсүнүн катаал жүзүнөн мээримдин билинер-билинбес нурун байкап, анын жүрөгүнүн түпкүрүндө жаткан сүйүүсүн туят. Ошондо падыша ага: «Эмне өтүнүч менен келдиң, Эстер каныша? Каалаганың эмне? Атүгүл падышалыгымдын жарымын сурасаң да, берем!» — деп айтат (Эст. 5:3).

4. Эстер кандай оор ишти аткарышы керек болчу?

4 Эстердин өз элин өлүмдөн аман алып калыш үчүн падышанын алдына келгени ишеними күчтүү, кайраттуу аял экенин көрсөткөн. Бирок иштин баары али алдыда болчу. Ал мүнөзү катуу падышага белине таңуу кылган кеңешчисинин аны амалкөйлүк менен алдап, аялынын элине өлүм өкүмүн чыгарууга көндүргөн митаам киши экенин айтышы керек. Эстер кантип күйөөсүнүн көзүн ачат болду экен? Андан кандай үлгү алсак болот?

Ал «сүйлөй турган убакты» акылдуулук менен күтө билген

5, 6. а) Эстер Насаатчы 3:1, 7деги принципти кантип колдонгон? б) Эстер кандайча акылдуулук менен иш кылган?

5 Эстер күйөөсүнө бүт баарын кан сарайдагы ак сөөк төбөлдөрдүн көзүнчө айтып салабы? Андай кылса, элдин көзүнчө күйөөсүнүн аброюн тебелеп, Аманга да каршы сөзгө өтүүгө, ойлогон оюн ойрон кылууга убакыт берип коймок. Анда кандай кылганы туура? Кылымдар мурун даанышман Сулайман падыша: «Бардык нерсенин өз убагы бар,.. унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар»,— деп айткан эле (Нас. 3:1, 7). Эстер асырап алган атасы Мордохайдан бул сөздөрдү балачагында нечен ирет уккандыр. Ал акыл токтотуп, «сүйлөй турган убакты» күтүшү керек экенин түшүнөт.

6 Эстер падышага: «Эгер падышам туура көрсө, бүгүн Аман экөө меникине келишсин. Падышамды коноктош үчүн мен баарын даярдап койдум»,— дейт (Эст. 5:4). Падыша дароо макул болуп, Аманды да чакыртат. Эстердин акылмандыгын карачы! Ал күйөөсүнүн кадыр-баркын сыйлап, тынчын алган ойлорун ылайыктуу жерде, ылайыктуу убакта айтууну чечкен. (Оку: Накыл сөздөр 10:19.)

7, 8. Эстер падыша менен Аманды кантип коноктогон жана өтүнүчүн айтканга эмне үчүн шашкан эмес?

7 Эстер бүт баарын ийне-жибине чейин ойлонуштуруп, дасторкон үстүн дүйүм даамдуу тамакка толтуруп, жүрөктү шаттыкка бөлөгөн мыкты шараптан коёт (Заб. 104:15). Ыраазы болгон Акашберош көңүлү чалкып, аялынан кандай өтүнүчү бар экенин сурайт. Мына, сүйлөй турган убак келип калды окшойт!

8 Бирок каныша шашпай турууну чечип, падыша менен Аманды кийинки күнкүгө да конокко чакырат (Эст. 5:7, 8). Ал өтүнүчүн эмне үчүн айтпай койду? Анткени жагдай от менен чоктун ортосундай опурталдуу болчу. Калайык журттун өмүрү кылдын учунда тургандыктан, Эстер баарын ойлонуштуруп, жаңылып калгысы келбейт. Ошондуктан бир аз күтө туруп, дагы бир ирет күйөөсүнүн зоболосуна жараша урмат-сый көрсөтүүнү туура көрөт.

9. Чыдамдуулук эмне үчүн баалуу сапат жана чыдамдуу болуу жагынан Эстерди кантип туурай алабыз?

9 Чыдамдуулук — баалуу сапат. Эстер ичи өрт менен жалын болуп, баарын айткысы келип турса да, сабырын салып, ылайыктуу учурду күткөн. Турмушта өйдө-ылдый көп болгондуктан, баарын дароо эле орду-ордуна койгубуз келген учурларда аны туурасак болот. Көйгөйүбүздү айтып, бийлиги бар бирөөгө кайрылганда, Эстердей болуп, чыдамдуу болгонубуз маанилүү. Накыл сөздөр 25:15те: «Чыдамдуулук менен башчыны да ынандырууга болот, жумшак тил сөөктү сындырат»,— деп айтылат. Эстерди туурап, чыдамдуулук менен ылайыктуу учурду тандай билип, жумшак сүйлөсөк, сөөктөй катуу каршылыкты да «сындыра» алабыз. Жахаба Эстерге сабырдуулук, акылдуулук менен иш кылганы үчүн батасын берген.

Сабырдын түбү сары алтын

10, 11. Аман эмне үчүн ачууланган жана аялы менен достору ага кандай кеңеш беришкен?

10 Эстердин сабырдуулугунун аркасында жагдай ойдогудай нукка багыт алат. Падыша менен канышанын сыйына манчыркаган Аман коноктон «кубанычтуу, көңүлдүү чыгат». Бирок дарбазанын жанынан өтүп баратып, отурган калыбында козголбогон Мордохайды көргөндө кыжыры кайнап, ысыган бою сууй түшөт. Мордохайдын аны атайын басынтайын деген деле ниети жок, болгону, абийирине каршы иш кылып, Жахаба Кудайынын жүрөгүн капаланткысы келбейт. Бирок Аман муну тетири кабыл алып, «каары кайнайт» (Эст. 5:9).

11 Ал аялы менен досторуна Мордохайдын дагы таазим этпей койгонун айтканда, тигилер ага бийиктиги 22 метр болгон устун жасатып, падышанын уруксаты менен Мордохайды астырып салууну кеңеш кылышат. Аман алардын оюн дурус деп таап, дароо мүдөөсүн ишке ашырганга киришет (Эст. 5:12—14).

12. Падыша уйкусу качканда эмне кылган жана ага эмне айкын болгон?

12 Ошол түнү падышанын уйкусу качып, уктабай чыгат. Ал кызматчыларына өлкөдө болгон окуялар баяндалган китепти үн чыгара окуп берүүнү буйруйт. Китепте падышага жашыруун уюштурулган чыккынчылык жөнүндө да жазылган эле. Ошондо падыша карасанатай чыккынчылардын бети ачылып, жазасын алышканын эстейт. Анан оюна алда неме түшкөндөй: «Бул үчүн Мордохайга кандай сый көрсөтүлдү эле?» — деп сурайт. Кайдагы сыйлык? Мордохайдын жакшылыгы көз жаздымда калган болчу. (Оку: Эстер 6:1—3.)

13, 14. а) Аман кандайча жеңиле баштаган? б) Амандын аялы менен достору ага эмне дешкен?

13 Тынчы кеткен падыша бул чеки ишти оңдоонун жолун издеп, ак сарай кызматчыларынан короодо кимиси бар экенин сурайт. Толгон кызматчылардын ичинен короодо Аман жүргөн болчу! Ал, кыязы, Мордохайды астырыш үчүн уруксат алууга шашылып, ак сарайга таң атпай келген көрүнөт. Аман ооз ачкыча эле, падыша андан анын ырайымына ээ болгон кишиге кандай сый көрсөтүлүшү керектигин сурайт. Өзү жөнүндө сөз жүрүп жатат деп ойлогон Аман пейилди кенен салып, андай кишини сыйлоонун жөрөлгөсүн заматта ойлоп таап иет. Ал андай кишиге падыша кийимин кийгизип, падыша минген атка мингизип, атактуу төрөлөрдүн бири аны элге угуза даңктап-даңазалап, Шушанды кыдыртып чыгышы керектигин айтат. Падыша ошондой сый Мордохайга көрсөтүлүшү керектигин, шаарды кыдырып, аны даңктап-даңазалай турган төрө дал өзү боло турганын айтканда, мындайды күтпөгөн Аман деңдароо боло түшөт (Эст. 6:4—10).

14 Ал мойнунан байланган иттей болуп, кадырынан төмөн деп эсептеген ишти кыйылып аткарат да, тебеленген намысына ызаланган бойдон үйүн көздөй шашат. Аялы менен достору болгон окуяны жамандыкка жоруп, анын акыры Мордохайдан жеңилерин айтышат (Эст. 6:12, 13).

15. а) Эстердин сабырдуу болгонунун натыйжасы кандай болгон? б) Кудайды күтө билүү эмне үчүн акылдуулукка жатат?

15 Эстер сабырдуу болуп, дагы бир күн күткөндүктөн, Аман өзүн-өзү кыйрата баштаган. Падышанын түнү менен уктабай чыкканы Жахабанын кийлигишүүсү болгону шексиз (Накыл 21:1). Андыктан Кудайдын Сөзүндө күтө билүүнүн маанилүүлүгү бекеринен баса белгиленбейт. (Оку: Микей 7:7.) Эгер Кудайды күтө билсек, көйгөйлөрүбүз өзүбүз ойлогондон да жакшы чечилип калышы мүмкүн.

Ал тайманбастык менен сүйлөгөн

16, 17. а) Эстер өтүнүчүн падышага качан айткан? б) Эстер падышанын мурунку аялы Баштиден эмнеси менен айырмаланган?

16 Эстер маалкатып отурбай, падышаны экинчи жолу конокко чакырганда баарын айтууну чечет. Бирок кантип айтат? Кудай жалгап, падыша өзү сөз баштап, анын кандай өтүнүчү бар экенин сурап калат (Эст. 7:2). Мына, «сүйлөй турган убак» эми чын эле келди окшойт!

17 Эстер, кыязы, ичинен кыскача тиленип: «Оо, падышам, эгер сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, эгер падышам туура көрсө, анда суранам, өмүрүмдү сактап кал, өтүнөм, элимди куткарып кал»,— деп падышага жалынат (Эст. 7:3). Эстердин сөздүн ордун таап, падышанын баарын туура чечерине ишенерин көрсөткөнүнө көңүл бурсаңар. Ал падышаны атайылап шылдың кылган Башти канышадан кандай гана айырмаланган! (Эст. 1:10—12). Андан тышкары, ал күйөөсүн куу Аманга алданганы үчүн сындаган эмес. Ал тек гана өмүрүн сактап калышын суранган.

18. Эстер жүрөгүн өйүгөн көйгөйдү падышага кантип айткан?

18 Канышанын өтүнүчүн уккан падыша айран-таң калат. Теңдешсиз бийликке ээ болгон падышанын аялынын өмүрүнө коркунуч туудурууга ким батынды?! Эстер андан ары сөзүн улап: «Мени да, менин элимди да өлтүрүш үчүн, жок кылыш үчүн, тукум курут кылыш үчүн сатып жиберишти. Эгер бизди кулчулукка сатышкан болсо, анда унчукпайт элем. Бирок бул каргашага жол берилбеши керек, анткени бул падышага да зыян алып келет»,— деп айтат (Эст. 7:4). Эстер эч нерсени жашырбай ачык айткан жана кулчулукка сатылышкан болсо, унчукпай эле коймоктугун кошумчалаган. Бирок бир чоң элдин тукум курут болуп кетиши падышага зыян алып келе тургандыктан, Эстер унчукпай коё алган эмес.

19. Башкаларды ынандыруу жагынан Эстерден эмнеге үйрөнө алабыз?

19 Башкаларды ынандыруу жагынан Эстерден көп нерсеге үйрөнө алабыз. Жакшы көргөн жакындарыбыз же бийлиги бар киши менен кайсы бир олуттуу маселени талкуулаганда сабырдуу болуп, урмат-сый көрсөтүп, ачык сүйлөшсөк, натыйжасы жакшы болушу мүмкүн (Накыл 16:21, 23).

20, 21. а) Эстер Амандын арам оюн кантип ачыкка чыгарган? б) Аман бети ачылганда эмне кылган?

20 Акашберош падыша: «Мындай ишке батынган ким ал? Каякта ал?» — деп жаалданат. Ошондо Эстер Аманды көрсөтүп: «Касыбыз да, душманыбыз да мобул кара өзгөй Аман»,— деп айтат. Канышанын үнү жаңыра чыгып, абага көтөрүлгөндөй туюлат. Аман бир албырып, бир кубарып, өң-алеттен кетет. Ишенген кеңешчисинин куулук менен өзүнүн сүйүктүү аялына өлүм өкүмүн чыгартканын билген падышанын жаак-тарамыштары түйүлүп, көзү өрттөнүп чыгат. Анан жалбырттаган каарын суутуш үчүн бакчага чыгып кетет (Эст. 7:5—7).

Эстер тайманбастан Амандын бетин ачкан

21 Бети ачылган Аман майтарылгыс бөгөткө такалганын сезип, жан соогалап, канышанын бут алдына жыгылат. Ошол маалда ичкери кирип келген падыша Амандын каныша отурган сөөрүгө жабышып алганын көрүп, баягыдан бетер жинденип: «Эми менин көзүмчө, менин үйүмдө канышаны зордуктагың барбы?» — деп кыйкырат. Падышанын бул сөздөрү өлүм өкүмүнө тете болгон. Ошондо сакчылар дароо анын жүзүн чүмкөй салып, алып чыгып кетишет. Ак сарай кызматчыларынын бири падышага Амандын Мордохайды астырыш үчүн бийик устун даярдатып койгонун айтат. Падыша Аманды так ошол устунга өзүн асып салууну буйруйт (Эст. 7:8—10).

22. Эстерден эмнеге үйрөнө алабыз?

22 Адилетсиздик өкүм сүргөн азыркы дүйнөдө көптөргө акыйкаттык эч качан орнобочудай сезилет. Сенин да ушинтип ойлогон учурларың болобу? Эстер эч качан жакшылыктан үмүтүн үзгөн эмес, көңүлү калып, ишеними солгундаган да эмес. Ал өз убагы келгенде эр жүрөктүк менен сүйлөп, акыйкаттык үчүн күрөшүүгө бүт күчүн жумшап, калганын Жахабага тапшырган. Келгиле, биз да аны туурайлы! Андан бери Жахаба эч өзгөргөн жок. Амандын окуясынан көрүнүп тургандай, ал бүгүн да кара өзгөй кишилердин арам оюн ачыкка чыгарып, өздөрү казган орго өздөрүн түшүрүп коё алат. (Оку: Забур 7:11—16.)

Жахаба жана анын эли үчүн жанын аяган эмес

23. а) Падыша Мордохай менен Эстерге кандай сыйлык берген? б) Жакып пайгамбардын Бенжемин тууралуу айткан пайгамбарлыгы кантип аткарылган? ( «Пайгамбарлыктын аткарылышы» деген кутучаны карагыла.)

23 Акашберош падыша Мордохайдын анын өмүрүн сактап калган киши эле эмес, Эстердин асырап алган атасы экенин да билет. Ал Мордохайды Амандын ордуна өзүнөн кийинки экинчи киши кылып дайындайт. Ал эми Амандын бүт мүлкүн, сансыз дүнүйөсүн Эстерге өткөрүп берет. Эстер болсо, Амандын үйүнө Мордохайды башчы кылып коёт (Эст. 8:1, 2).

24, 25. а) Эстер эмне үчүн жаны тынч алып отуруп калган эмес? б) Эстер кандайча кайрадан өмүрүн тобокелге салган?

24 Эстер атасы менен бирге ажалдан калган соң жаны тынч алып отуруп калды беле? Эгер ал өз керт башын эле ойлосо, балким, ошондой кылмак. Бирок Амандын жүйүт элин жер үстүнөн жексен кылыш үчүн чыгарган өкүмү империянын узун элинин учуна, кыска элинин кыйырына тараган эле. Аман кыянат ишин аткаруунун ылайыктуу учурун тандаш үчүн, кыязы, сыйкырчылыктын бир түрүн колдонуп, пур, тагыраак айтканда, өкчөмө таш ыргыткан (Эст. 9:24—26). Ошол күнгө бир нече ай бар болсо да, убакыт суудай агып жаткан. Ал каргашага кантип бөгөт койсо болот?

25 Эстер кайрадан башын өлүмгө байлап, падышанын алдына чакырылбай барат. Мунусунда ал күйөөсүнөн жерди канга боёй турган ал өкүмдү жокко чыгарышын өтүнүп ыйлайт. Бирок перс өкүмдарынын атынан чыгарылган мыйзам жокко чыгарылгыс болчу (Дан. 6:12, 15). Ошондуктан падыша Эстер менен Мордохайга жаңы мыйзам чыгарууга бийлик берет. Алар жүйүттөргө өздөрүн коргоого укук берген мыйзам чыгарышат. Чабармандар учу-кыйырсыз империянын чар тарабын түрө кыдырып, жүйүттөргө кубанычтуу кабар алып жөнөшөт. Ошондо жүйүттөрдүн жүрөгүндө кайрадан жаркын үмүттүн учкуну жанат (Эст. 8:3—16). Алар жаңы мыйзамдын деми менен курал-жарак камдап, коргонууга даярданышат. «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» өз элин коргойт болду бекен? (1 Шем. 17:45).

Эстер менен Мордохай жүйүттөргө коргонууга укук берген мыйзам чыгарышкан

26, 27. а) Жахаба элин кандай жеңишке жеткирген? б) Амандын уулдары өлтүрүлгөндө кайсы пайгамбарлык аткарылган?

26 Өкүм ишке аша турган күн келгенде жүйүттөр камдуу турушкан. Жүйүт элинен чыккан Мордохай падышанын оң колу болду деген кабар жел тийген оттой тарагандыктан, көптөгөн аттуу-баштуу перстер да жүйүттөр тарапка өтүп кетишкен. Ошол күнү Жахаба жүйүттөргө тишин кайраган душмандардын баарын жок кылып, өз элин коргоп, улуу жеңишке жеткирген * (Эст. 9:1—6).

27 Амандын кун кууп келер уулдары турганда анын үйүнө башчы болуп калган Мордохайдын өмүрү эч качан коопсуз болмок эмес. Андыктан алар да өлтүрүлгөн (Эст. 9:7—10). Ошентип, ысрайыл элинин каардуу душманы болгон Амалыктын тукумдары жер бетинен жок кылынары жөнүндөгү пайгамбарлык аткарылган (Мыйз. 25:17—19). Амандын уулдары каргышка калган ошол элдин эң акыркылары болсо керек.

28, 29. а) Жахаба эмне үчүн Эстерге кан төгүүгө байланышы бар буйруктарды чыгарууга, элине согушка катышууга жол берген? б) Эстердин үлгүсү бизге кандайча жардам берет?

28 Эстер жибектей созулган назик аял болсо да, журт милдетинин оор жүгүн көтөрүүдөн коркпой, согушка, кан төгүүгө байланышы бар буйруктарды чыгарууга катышкан. Албетте, бул оңой болгон эмес. Бирок, Жахабанын эркине ылайык, ысрайыл элинен бүт адамзатты куткара турган Машаяк чыгышы керек болгондуктан, ал эл тукум курут болуп кетпеши керек болчу (Башт. 22:18). Кийин Иса Машаяк жерге келгенде жолдоочуларына согуштарга катышууга тыюу салган. Ошондуктан биз анын айткандарына ылайык иш кылабыз (Мт. 26:52).

29 Анткен менен биз бүгүнкү күндө рухий согушка катышып жатабыз. Негизги душманыбыз Шайтан Жахаба Кудайга болгон ишенимибизди кыйратыш үчүн болуп көрбөгөндөй чабуул жасоодо. (Оку: 2 Корунттуктар 10:3, 4.) Андыктан Кудайдын Эстерге окшогон ишенимдүү кызматчыларынын үлгүсү бизге зор кайрат берет. Келгиле, Эстерди туурап, башкаларды ынандырууда акылдуулук, чыдамдуулук менен иш кылып, кайраттуу бололу. Кудайдын эли үчүн жаныбызды берүүгө даяр болуп, ишенимибизди көрсөтө берели.

^ 26-абз. Жүйүттөр душмандарын биротоло кыйратышы үчүн, падыша аларга дагы бир күн берген (Эст. 9:12—14). Ошондон тартып жүйүттөр февралдын аягына жана марттын башына туш келген адар айында Пурим майрамын белгилеп келишет. Ал майрам Аман ыргыткан өкчөмө таштын, пурдун, атынан аталып калган.