Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ

Ал акыл-эстүүлүк менен иш кылган

Ал акыл-эстүүлүк менен иш кылган

1—3. а) Абигейилдин үйүндөгүлөрү кантип кооптуу жагдайга кабылышкан? б) Абигейилге байланыштуу эмнелерди билебиз?

АБИГЕЙИЛ жаш жигиттин алайган көздөрүнөн коркунучту туят. Жигит коркконунан дене бою калчылдайт. Анын коркконунун жөнү бар. Анткени абал кылычтын мизинде, кылдын учунда турган. Куралданган 400 жоокер Абигейилдин күйөөсү Набалдын үйүндөгү эркек аттуунун баарын кырып жок кылууга аттанып, катуу келаткан.

2 Кептин баары Набалда болчу. Ал ит адатын карматып, алдына келген кишилерге өктөм сүйлөп койгон. Ал мырзасы үчүн жанын бергенге даяр, далай согушта дасыккан жоокерлерге оңураңдап, алардын мырзасын басынтып салган. Буга күбө болгон жаш жигит, кыязы, Набалдын койчуларынын бири өмүрү кылдын учунда турган көп кишилерди куткарат деген үмүттө мырзайымынан көзүн албай карап турат. Бирок тал чыбыктай ийилген жалгыз аял күчтүү жоокерлерге каршы эмне кыла алат?

Тал чыбыктай ийилген жалгыз аял жоокерлерге каршы эмне кыла алат?

3 Адегенде бул асыл зайып тууралуу кененирээк билели. Абигейил деген ким болгон? Жогорудагы окуя эмне болуп башталган? Ишеним көрсөтүү жагынан Абигейилден эмнеге үйрөнө алабыз?

«Келбети келишимдүү, абдан акылдуу аял»

4. Набал кандай киши болгон?

4 Абигейил менен Набалды бири-бирине төп келген жубайлар деп айтыш кыйын. Абигейил аялдын асылы, акылдуу зайып болсо, Набал өтө катаал киши. Анткен менен анын колунда көп дүнүйө бар. Ал байлыгына чиренип, эч кимди көзгө илбейт. Башкалар ал жөнүндө кандай ойдо? Ыйык Китепте Набалга берилгендей терс сыпаттама берилген адамдар жокко эсе. Анын ысмы «акылсыз» дегенди билдирет. Мындай ысымды ата-энеси ага төрөлгөндө эле бергенби же ушундай атка кийинчерээк конгонбу, белгисиз. Эмнеси болсо да, ошол аты өзүнө куп жарашат. Ал «орой, каардуу киши». Ичимдикти суудай ичкен зөөкүр Набалды көргөн киши жүрөгү титиреп, ичинен жаман көрө турган (1 Шем. 25:2, 3, 17, 21, 25).

5, 6. а) Абигейилдин кандай жакшы сапаттары болгон? б) Абигейил Набалдай болгон начар кишиге эмне үчүн турмушка чыккан?

5 Ал эми Абигейил анын таптакыр карама-каршысы. Анын ысмынын мааниси «атам сүйүнгөн» дегенди билдирет. Кайсы эле ата татынакай кызы менен сыймыктанбасын? Бирок акылдуу ата баарынан да кызынын ички дүйнөсүнүн сулуулугуна сыймыктанат эмеспи. Тилекке каршы, ай мүчөсү жарашкан сулуулар акыл-эстүүлүк, акылмандык, кайраттуулук жана ишеним сыяктуу сапаттарды өрчүтүүнүн зарылдыгын аңдашпайт. Бирок Абигейил андай болгон эмес. Анда ай жамал чүрөктүн сулуулугу эле эмес, кыраакы жандын даанышмандыгы да бар болчу. (Оку: 1 Шемуел 25:3.)

6 Көптөр: «Сулуу десең сулуу, акылдуу десең акылдуу Абигейил эмне үчүн начар кишиге турмушка чыгып алган?» — деп ойлошу мүмкүн. Байыркы убакта уул-кыздарына өмүрлүк жарды ата-энелер таап бере турган. Же өздөрү тандашса да, үйлөнө турган эки жаш ата-энесинин макулдугун алышы керек болчу. Ким билет, балким, Абигейилдин ата-энеси алмончоктой кызын Набалга байлыгына карап өз колу менен бергендир. Же колунда жок болгону үчүн берүүгө аргасыз болгондур. Кандай болбосун, Набал бай болгону менен, жакшы күйөө болгон эмес.

7. а) Балдарынын никеге карата туура көз карашта болушун каалаган ата-энелер эмнелерден качышы керек? б) Абигейил эмне кылууга чечкиндүү болгон?

7 Акылдуу ата-энелер балдарын никеге карата туура көз карашта болууга үйрөтүшөт. Алар балдарына байлыкка карап турмуш курууга да, никедеги жоопкерчиликтерди алууга даяр боло электе эле кимдир бирөө менен сүйлөшө баштоого да кысым көрсөтүшпөйт (1 Кор. 7:36). Бирок Абигейилге мындай нерселер жөнүндө ойлонууга кеч болуп калган. Ал эбак эле Набалга турмушка чыккан. Турмушу жакшы болбой калса да, ал жакшы зайып болууга колунан келгендин баарын кыла берген.

«Аларды кордоп, кетирип жиберди»

8. Набал кимди басынткан жана бул эмне үчүн акылсыздык болгон?

8 Эми Набал Абигейилдин ансыз деле оор жашоосун ого бетер оорлотуп отурат. Ал басынткан киши Жахабанын ишенимдүү кызматчысы Дөөтү эле. Аны Жахаба Шемуел пайгамбар аркылуу Шабулдун ордуна падыша кылып дайындаган болчу (1 Шем. 16:1, 2, 11—13). Дөөтү ичи тар, канкор Шабул падышадан качып, өзүнүн берилген 600 жоокери менен ээн талаа, эрме чөлдө жашынып жүргөн.

9, 10. а) Дөөтү менен анын жоокерлери кандай шарттарда жан багышкан? б) Эмне үчүн Набал Дөөтү менен анын кишилерине ыраазы болушу керек эле? (10-абзацтын шилтемесин да карагыла.)

9 Набал Маондо жашаган, бирок Кармелге жакын жерде менчик жери болгон көрүнөт *. Ошол шаарлардын тегерек четиндеги жайыттар оттуу болгон. Набалдын койчулары анын 3 000 коюн ошол жайыттарга жая турган. Калган жердин баары ээн эле. Түштүгүндө керилген Паран чөлү жатса, чыгышында Туздуу деңизди көздөй кокту-колоң, үңкүрлөр көп болгон ээн талаа жатат. Ушундай какыраган жерде Дөөтү менен анын кишилери ар кандай азапты башынан кечирип, эптеп аңчылык менен күн көрүп келет. Алар бай Набалга койчу болуп жалданган жаш жигиттерди көп жолуктурушчу.

10 Дөөтүнүн жоокерлери Набалдын койчуларына кандай мамиле кылышкан? Алар кааласа, Набалдын койлорун уурдап алып, союп жей алышмак, бирок андайга барышкан эмес. Тескерисинче, анын койлорун да, койчуларын да коргоп, чеп болуп беришкен. (Оку: 1 Шемуел 25:15, 16.) Анткени бир жагынан жырткычтар кол салса, бир жагынан Ысрайыл жеринин түштүк чек арасы тарабынан бөтөн жерлик уурулар кирип, талап-тоноочулар чабуул жасап турушчу *.

11, 12. а) Дөөтү Набалга кантип кайрылган? б) Набалдын кылганы эмне үчүн туура эмес болгон?

11 Дөөтүгө ушундай такыр жерде жан-жөкөрлөрүнүн курсагын тойгузуш кыйын эле болсо керек. Күндөрдүн биринде ал Набалга он кишисин жиберип, тамак-аш суратат. Ал абдан ылайыктуу учурду тандайт. Анткени кыркын маалында тамак-аш мол болуп, адамдар өзгөчө берешен боло турган. Андан тышкары, ал кишилери аркылуу Набалга сөздүн ордун таап, урмат-сый менен кайрылат. Набалдан кичүү болгондуктан, аны сыйлап, «уулуң Дөөтү» деп айттыртат. Буга Набал эмне дейт? (1 Шем. 25:5—8).

12 Ал Дөөтүнүн кишилерине ызырына зиркилдеп, «аларды кордоп, кетирип жиберет». Мына ошондон кийин кулдарынын бири Абигейилге чуркап барган эле. Жанда жок зыкым Набал нанын, суусун, этин аяп, жолоочуларды кагып-силкип салат. Алардын мырзасын болсо качкын кулга теңеп, баркка албай коёт. Ал Дөөтүнү жек көргөн Шабул падышадан эч айырмаланган эмес. Бирок Жахабанын Дөөтүгө болгон көз карашы башкача болчу. Ал аны жакшы көрүп, качкын кул эмес, Ысрайылдын болочок падышасы деп эсептеген (1 Шем. 25:10, 11, 14).

13. а) Дөөтү Набалдын кылганын укканда эмне кылган? б) Жакып 1:20дагы принциптен эмнени биле алабыз?

13 Жоокерлери Дөөтүгө баарын айтып беришкенде, анын каары кайнап: «Кылычыңарды белиңерге байлагыла!» — деп буйруйт. Өзү да куралданып, 400 кишисин баштап, Набалдын үйүндөгү эркек аттуунун баарын кырып жок кылууга бет алат (1 Шем. 25:12, 13, 21, 22). Дөөтүнүн ачууланганын түшүнсө болот дечи, бирок кан төгүү үчүн чыкканы туура эмес болгон. Ыйык Китепте: «Ачуулануу менен [адам] Кудай талап кылган адилдикти чагылдыра албайт»,— делет (Жкп. 1:20). Байкуш Абигейил үйүндөгүлөрүн эми кантип аман алып калат?

«Кудай... акылыңа береке берсин»

14. а) Каргашанын алдын алуу үчүн Абигейил адегенде эмне кылган? б) Набал менен Абигейил бири-биринен эмнеси менен айырмаланып турган? (Шилтемени да карагыла.)

14 Абигейил каргашанын алдын алуу үчүн кандай иш-аракет кылат? Ал, күйөөсүнөн айырмаланып, адегенде кулун кунт коюп угат. Кулу Набалга айткандан эч майнап чыкпасын айтып: «Ал... начар киши, аны менен сүйлөшө да албайсың»,— дейт * (1 Шем. 25:17). Бай болгонуна корстон болгон Набал эч кимди укчу эмес. Андыктан мырзайымынын акылдуу аял экенин билген кул түз эле ага кайрылган болчу. Тилекке каршы, биздин күндөрдө да Набалдай болгон текебер кишилер аз эмес.

Күйөөсүнөн айырмаланып, Абигейил кунт коюп уга билген

15, 16. а) Абигейил Накыл сөздөр китебинде айтылган жакшы аялдай болгонун кантип көрсөткөн? б) Абигейилдин иш-аракети күйөөсүнө баш ийбестикке жаткан эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

15 Абигейил акыл калчап, создуктурбай иш-аракет кылат. Ыйык Китепте анын чечкиндүү иш кылганы төрт жолу айтылат. Ал ошол замат нандан, шараптан, койдун этинен, куурулган дандан, жүзүм менен анжирдин ныкталып жасалган кагынан кенен камдай баштайт. Абигейил, Накыл сөздөрдө айтылган жакшы аялдай болуп, үйүндө эмне бар, эмне жок экенин жакшы билген оокатка тың зайып болчу (Накыл 31:10—31). Анан кулдарын тамак-аш менен алдыга жиберип, өзү артынан жөнөп кетет. Бирок күйөөсүнө эч нерсе айтпайт (1 Шем. 25:18, 19).

16 Бул Абигейилдин күйөөсүнө баш бербей, өз билгенин кылганын билдиреби? Жок, анткени Набал Жахабанын майланганына каршы чыгып, үйүндөгү жазыксыз кишилердин өмүрүн тобокелге салганын эстен чыгарбашыбыз керек. Эгер Абигейил эч нерсе кылбай отуруп алса, күйөөсүнүн күнөөсүнө ортоктош болуп калмак. Бул жагдайда ал күйөөсүнө эмес, Кудайга баш ийиши керек болчу.

17, 18. Абигейил Дөөтүнү көргөндө эмне кылган жана анын сөздөрү эмне үчүн таасирдүү болгон?

17 Көп өтпөй эле Абигейил Дөөтү менен анын жоокерлеринин астынан чыгат. Бул жолкусунда да ал тез иш-аракет кылып, Дөөтүнү көрөрү менен эшектен түшүп, алдына тизелеп, жерге чейин ийиле таазим кылат (1 Шем. 25:20, 23). Анан баарын түшүндүрүп, жолдошу менен үйүндөгүлөрүнө ырайым кылышын жалбарып өтүнөт. Анын сөздөрү эмне үчүн таасирдүү болгон?

«Күңүңө сүйлөгөнгө уруксат эт»

18 Абигейил жолдошунун күнөөсүн өз мойнуна алып, Дөөтүдөн кечирип сурайт. Ошондой эле күйөөсүнүн атына жараша акылсыз экенин айтат. Муну менен ал ага акылсыз кишиге теңелбей эле койгону туура болорун айткысы келген көрүнөт. Андан тышкары, Дөөтүнүн «Жахаба үчүн согушуп келатканын» айтып, аны Жахабанын өкүлү катары кабыл аларын билдирет. Анан: «Ал сени Ысрайылга жол башчы кылат»,— деп айтуу менен Жахабанын аны падыша кылары жөнүндөгү убадасын билерин көрсөтөт. Акыры, кийин өкүнүп калбашы үчүн, жөн жерден кан төгүп, өч албай эле коюшун суранат. (Оку: 1 Шемуел 25:24—31.) Бул адилет сөздөр Дөөтүнүн көзүн ачат.

19. Дөөтү Абигейилге кандай жооп кайтарган жана аны эмне үчүн мактаган?

19 Дөөтү кандай жооп кайтарат? Ал анын алып келген азык-түлүгүн алып: «Сени бүгүн мага жиберген Ысрайылдын Кудайы Жахаба даңкталсын! Мени бүгүн канга забын болуудан, өзүм үчүн өч алуудан сактап калганың үчүн, Кудай сага батасын берсин, акылыңа береке берсин»,— дейт. Абигейилдин аны кан төгүүдөн сактап калганын түшүнүп, ага жолукканга шашылганы үчүн мактайт. Сөзүнүн соңунда момундук менен: «Үйүңө тынчтык менен бара бер. Сен айткандай кылам»,— деп айтат (1 Шем. 25:32—35).

«Күңүң сага кызмат кылганга... даяр»

20, 21. а) Абигейилдин күйөөсүнө келгени эмне үчүн мактоого татыктуу болгон? б) Абигейил кандайча акыл-эстүүлүк, кайраттуулук көрсөткөн?

20 Үйүнө кайтып баратканда Абигейил Дөөтү жөнүндө ойлонгон чыгар. Ал Кудайга бекем ишенген, боорукер Дөөтү менен таш боор, орой күйөөсүнүн ортосундагы айырма асман менен жердей экенин байкаган. Бирок ошол жөнүндө эле ойлоно берген эмес. Анткени Ыйык Китептен: «Абигейил Набалга келди»,— дегенди окуйбуз. Ооба, ал күйөөсүнө келип, мурдагыдай эле жакшы зайып болууга бүт күчүн жумшоого чечкиндүү болгон. Ал күйөөсүнө Дөөтү менен анын кишилерине кандай тартуу кылганын, чоң каргашанын алдын алганын айтып берейин деген. Анткени күйөөсү муну билгенге укуктуу болчу. Анын үстүнө, Набалдын бул окуяны башка бирөөдөн угуп, ого бетер уят болушун каалаган эмес көрүнөт. Бирок азыр айтканы туура болбосуна көзү жетип турат. Себеби Набал падышача тойлоп, өлөрчө мас эле (1 Шем. 25:36).

Абигейил Набалга анын өмүрүн сактап калганын кайраттуулук менен айткан

21 Абигейил дагы бир ирет акыл-эстүүлүк менен иш кылып, күйөөсүнүн масы тарагыча эч нерсе айтпай турууну чечет. Эртеси Набал бир аз соолугуп, айткан сөздү түшүнмөк. Бирок кыжырданып, бирдеме кылып жибериши да мүмкүн эле. Күйөөсү заарын чачып, атүгүл кол көтөрүп жиберерин билсе да, ал ага кайраттуулук менен баарын төкпөй-чачпай айтып берет. Муну укканда Набал нес болуп, калыбында катып калат (1 Шем. 25:37).

22. Набал эмне болгон жана бул билдирүүдөн үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жөнүндө эмнени билүүгө болот?

22 «Набалдын жүрөгү токтоп калайын деди, ал таштай катып калды»,— делет Ыйык Китепте. Балким, Набал инсульт болсо керек. Ал он күндөн кийин өлөт. Бирок оорудан эмес, Ыйык Китепте: «Жахаба Набалды өлтүрдү. Ал өлдү»,— деп жазылат (1 Шем. 25:38). Ооба, Набал адилеттүү түрдө тиешесин алып, Абигейилдин азаптуу күндөрү бүтөт. Жахаба бүгүнкү күндө зөөкүр адамдарды түзмө-түз жазалабаса да, бул билдирүүдөн үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук Жахабанын көз жаздымында калбай турганын айкын көрүүгө болот. Өз убагы келгенде ал адилеттүүлүктү сөзсүз орнотот. (Оку: Лука 8:17.)

23. Абигейил дагы кандай бата алган жана Дөөтүнүн аялы болорун билгенде менменсинип кетпегенин кайдан билебиз?

23 Абигейил катаал күйөөсүнөн кутулуп, башы бошогондон тышкары, дагы бир бата алат. Набалдын өлгөнүн укканда Дөөтү Абигейилге кишилерин жиберип, аны аялдыкка алгысы келерин айттырат. Ошондо ал: «Күңүң сага кызмат кылганга, мырзамдын кулдарынын бутун жууганга даяр»,— деп жооп берет. Ырас, Абигейил Дөөтүнүн аялы болорун билгенде көөдөнүн көтөрүп, менменсинип кеткен эмес. Тескерисинче, Дөөтүнүн кулдарынын кулу болууга даяр болгон. Ал бул жолкусунда да дароо иш-аракет кылып, Дөөтүнүн кишилери менен жолго чыгат (1 Шем. 25:39—42).

24. а) Абигейилдин андан аркы жашоосунда кандай кыйынчылыктар болгон? б) Жахаба жана Дөөтү Абигейилге кандай мамиле кылышкан?

24 Абигейилдин андан аркы жашоосу жомоктогудай болуп калган эмес. Себеби Дөөтүнүн Акиноам деген аялы бар эле. Ошол маалда Кудай көп аял алууга жол берсе да, андай үй-бүлөдөгү Кудайдан корккон зайыптардын да өзүнчө кыйынчылыктары болгон. Анын үстүнө, Дөөтү али падыша боло элек болчу, алдыда дагы көп кыйынчылыктар күтүп турган. Ошентсе да Абигейил күйөөсүнө турмуштун оор арабасын сүйрөгөнгө жардам берген. Кийинчерээк ага уул төрөп берген. Абигейил аялдын кадырын билген, эч кимге кор кылбай, чеп болуп берген күйөөнүн кандай болорун сезип көргөн. Бир жолу Дөөтү аны атүгүл каракчылардын колунан куткарып алган болчу (1 Шем. 30:1—19). Ооба, Дөөтү акыл-эстүү, кайраттуу, ишенимдүү аялдарды жогору баалаган жана аларды жакшы көргөн Жахаба Кудайды туураган.

^ 9-абз. Бул Илияс пайгамбар Баалдын жалган пайгамбарларын өлтүрткөн белгилүү Кармел тоосу эмес. (Ушул китептин 10-бөлүмүн карагыла.) Бул жерде чөлдүн түштүк тарабындагы чек арада жайгашкан Кармел шаары жөнүндө сөз жүрүп жатат.

^ 10-абз. Дөөтү ысрайыл жеринин четин жана ал жерде тургандардын мал-жанын коргогонун Жахаба Кудайга кылган кызматы катары көрсө керек. Жахаба Ысрайыл жерин Ыбрайым, Ыскак, Жакып пайгамбарлардын урпактарына берген болчу. Андыктан ал жерди бөтөн жерлик баскынчылардан, каракчылардан коргоо ыйык кызматтын бир бөлүгү болгон.

^ 14-абз. Кулдун Набалга карата айткан сөздөрү сөзмө-сөз «белиардын уулу» (эч нерсеге жарабаган) дегенди билдирет. Ыйык Китептин башка котормолорунда бул сөздөр «эч кимди уккусу келбеген», «аны менен сүйлөшкөндөн эч кандай пайда жок» деп берилген.