Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Ал «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн»

Ал «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн»

1, 2. Нух пайгамбардын үй-бүлөсү кандай иш менен алек болгон жана кандай кыйынчылыктарга дуушар болгон?

НУХ ПАЙГАМБАР талыган белин кармап, боюн түзөйт. Бир азга аба жутуп эс алып, жанындагы устунга отура кетет. Буюрса, кеме окшошуп келаткансыйт. Жан сергиткен жел менен кошо ысык чайырдын жыты буруксуп, балта-чоттун карс-курс эткени айлананы жаңыртат. Чекесиндеги терин улам сүртүп, баш көтөрбөй иштеп жаткан уулдарын көрүп, ичинен ыраазы. Пайгамбар күчүнө күч, акылына акыл кошкон байбичеси, уул-келиндери менен бирге кемени бир канча жылдан бери талыкпай куруп келатат. Тоодой иштин бир тобу бүттү, бирок алдыда жумуш али толтура.

2 Тегерегиндеги эл буларды акылынан айнып калган деп ойлойт. Кеме курулуп, улам бийиктеген сайын, Топон суу каптаарына түк ишенбеген элдин шылдың сөздөрү күч ала берет. Аларга жакындап келаткан алаамат жөнүндөгү кабар чындыкка коошпогон, болбогон бир кептей сезилет. Пайгамбардын бүт үй-бүлөсү менен кеме куруп жатканы жарыбаган иш менен алек болуп, өмүрүн курулай кетирип жаткандай көрүнөт. Бирок Нух пайгамбардын Кудайы таптакыр башка ойдо.

3. Нух пайгамбар кандайча «Кудайдын жолунда жүргөн»?

3 Ыйык Китепте Нух пайгамбардын «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөнү» айтылат. (Оку: Башталыш 6:9.) Бул эмнени билдирет? Нух пайгамбар Кудайга дайыма баш ийип, аны эң жакын досундай жакшы көргөндүктөн анын «жолунда жүргөн». Миңдеген жылдар өткөндөн кийин ал жөнүндө Кудайдын Сөзүнө: «Ишенимдин аркасында ал дүйнөнү айыптаган»,— деп жазылган (Евр. 11:7). Нух пайгамбар кандайча «дүйнөнү айыптаган»? Биз андан кандай үлгү алсак болот?

Бузулган дүйнөдө кынтыксыз болгон

4, 5. Нух пайгамбардын күндөрүндө адамдар эмне үчүн аябай бузулган?

4 Нух пайгамбар жашаган учурда дүйнө болуп көрбөгөндөй бузулган. Анын тушунда адамдар атүгүл чоң атасынын атасы Энох пайгамбардын күндөрүнөн да жаман болуп кеткен. Энох пайгамбар кезинде ыймансыздардын баары жок боло турган күн келерин жар салган. Элдин ыймансыздыгы анын чөбөрөсү Нух пайгамбардын күндөрүндө жетер чегине жеткен. Жер бети зордук-зомбулукка толуп, Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү болуп калган (Башт. 5:22; 6:11; Жүй. 14, 15). Адамдардын ошончолук бузулушуна эмне себеп болгон?

5 Жамандыктын жайылышы айрым периштелердин туура жолдон четтешинен башталган. Алардын бири Жахаба Кудайдын өзүнө каршы чыгып, анын ысмын каралап, Адам ата менен Обо энени күнөөгө түртүп, Шайтан Ибилис атка конгон. Нух пайгамбар жашаган убакта башка периштелер да Кудайга каршы чыгып, Шайтан тарапка ооп кетишкен. Алар сулуу кыздарга үйлөнүш үчүн асмандагы ыйык кызматын таштап, адам кейпин кийип жерге келишкен. Текебер, өзүмчүл, козголоңчул периштелер адамдарга, өсүмдүктүн азыгын соруп, соолуткан уу чөп сымал, жаман таасир этишкен (Башт. 6:1, 2; Жүй. 6, 7).

6. Нефилимдердин адамдарга тийгизген таасири кандай болгон жана Жахаба эмне кылууну чечкен?

6 Андан тышкары, периштелерден табияттан тыш балдар төрөлгөн. Алар аябагандай күчтүү, алп кишилер болушкан. Ыйык Китепте алар «нефилимдер» деп аталышкан. Ал сөз «башкаларды кулаткандар» дегенди билдирет. Зөөкүр, мыкаачы келген ал немелер ансыз деле ыймансыздыкка белчесинен баткан дүйнөнү зордук-зомбулукка толтуруп жиберишкен. «Жахаба жер бетиндеги адамдардын көп жаман иштерди кылып жатканын, алардын жүрөгүндөгү ойлору ар дайым жаман экенин» көрүп, жүз жыйырма жылдан кийин жер үстүнөн жамандыкты жок кылууну чечкен. (Оку: Башталыш 6:3—5.)

7. Нух пайгамбар менен анын аялы балдарын тарбиялоодо кандай кыйынчылыктарга туш болушкан?

7 Ушундай чөйрөдө бала тарбиялоо канчалык оор болгонун элестетүү кыйын эмес. Бирок Нух пайгамбар жакшы үй-бүлө башчысы болгон. Ал жакшы аял таап, 500гө чыкканда Шем, Хам, Жапет деген үч уулдуу болгон *. Экөө уулдарын бузулган адамдардын терс таасиринен колунан келишинче коргогон. Балдары кичинекей кезинде «күчтүү, атагы чыккан» нефилимдерге суктанса керек. Алар алп кишилердин «эрдиктери» жөнүндө эл оозунда айтылган кеп-сөздөрдү көп эле уккан чыгар. Бирок ата-энесинин аларга жамандыкты жек көргөн Жахаба Кудай жөнүндө талыкпай айтып бергени, зордук-зомбулук, козголоңчулдук анын жүрөгүн оорутарын түшүнгөнгө жардам бергени шексиз (Башт. 6:6).

Нух пайгамбар менен анын аялы балдарын терс таасирден калкалашы керек болчу

8. Ата-энелер Нух пайгамбар менен анын аялын кантип туурай алышат?

8 Ооба, ата-энелер Нух пайгамбар менен анын жубайын жакшы түшүнүшөт. Бүгүнкү күндө да зордук-зомбулук, баш ийбестик кеңири кулач жайган. Мисалы, көптөгөн шаарларда ээн баш жаштардан турган кылмыштуу топтор күч алууда. Балдарга арналган тасмалар, мультфильмдер, оюн-зооктор зордук-зомбулукка жык толгон. Андыктан ата-энелер балдарына жамандыкты түп-тамыры менен жок кыла турган Жахаба жөнүндө билим берүүнүн аркасында аларды терс таасирден калкалап, акылдуулук кылышат (Заб. 11:5; 37:10, 11). Бул жагынан алар ийгиликке жете алышат. Анткени Нух пайгамбар менен анын аялы балдарына жакшы тарбия бере алышкан. Алардын уулдары жакшы кишилерден болуп чоңоюп, Жахабага берилген кыздарга үйлөнүшкөн.

«Кеме жаса»

9, 10. а) Нух пайгамбардын жашоосу кандайча чукул өзгөргөн? б) Жахаба Нух пайгамбарга кандай көрсөтмөлөрдү берген?

9 Күндөрдүн биринде Нух пайгамбардын жашоосунда чукул өзгөрүү болот. Жахаба ал сүйүктүү кызматчысына дүйнөгө алаамат жиберерин айтып, «гофер жыгачынан кеме жасашын» буйруйт (Башт. 6:14).

10 Ал кеме кадимкидей кеме болгон эмес. Анын тумшугу, сууга матырылган бөлүгү, бургучу да жок болчу. Ал чоң жашикке окшош болгон. Жахаба Нух пайгамбарга кеменин көлөмү, түзүлүшү кандай болушу керектигине байланыштуу так-айкын көрсөтмөлөрдү берип, ичи-тышын чайыр менен капташын айткан. Анан: «Жер бетине топон суу каптатам. Жер бетиндегинин бардыгы өмүрүнөн ажырайт. Ал эми сени менен келишим түзөм. Кемеге сени менен кошо уулдарың, аялың, келиндериң кирсин»,— деген. Нух пайгамбар кемеге жан-жаныбарлардын бардык түрүн да киргизиши керек болчу. Кеменин ичине киргендер гана аман калмак (Башт. 6:17—20).

Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен эриш-аркак эмгектенген

11, 12. Нух пайгамбар кандай чоң иш жасаган жана ал ишти кандай маанай менен аткарган?

11 Нух пайгамбарды алдыда чоң иш күтүп турган. Ал узундугу — 133, туурасы — 22, бийиктиги 13 метрдей болгон килейген кеме курушу керек эле. Азыркы күнгө чейин жыгачтан жасалган андан чоң бир да кеме курула элек. Нух пайгамбар Кудай тапшырган ишти оор деп эсептеп, аны аткаруудан баш тартты беле? Же жанын кыйнабаш үчүн анча-мынча нерселерди өзү каалагандай өзгөртүп койду беле? Жок, Ыйык Китепте: «Нух баарын Кудай айткандай жасады. Ал так ошондой кылды»,— делет (Башт. 6:22).

12 Кеменин курулушуна кырк-элүү жылдай кетсе керек. Нух пайгамбардын үй-бүлөсү далай бак кыйып, сүйрөп келип, жонуп-тилип, устундарды бири-бирине аштап бириктиришкен. Кеме үч кабаттан туруп, бир канча бөлүктөргө бөлүнүп, капталынан эшик, кыязы, өйдө жагынан терезелер чыгарылган. Кеменин үстүнө суу токтобой агып кетиши үчүн, чатыры ортосунан көтөрүлүп, эки жагына жантайыңкы кылып жасалган көрүнөт (Башт. 6:14—16).

13. Кайсы иш Нух пайгамбарга кеме кургандан да кыйыныраак болсо керек жана эл анын кабарына кулак какты беле?

13 Жылдар өтүп, иштин аягы көрүнө баштаганда Нух пайгамбар өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон үйүндөгүлөрүнө аябай ыраазы болгон чыгар. Бирок бир иш ага кеме кургандан да кыйыныраак болсо керек. Ыйык Китепте анын «адилдиктин кабарчысы» болгону айтылат. (Оку: 2 Петир 2:5.) Ал ыйманы кеткен, бузулган дүйнөнүн жок болорун тайманбастык менен жарыялаган. Адамдар анын кабарына кулак какты беле? Кийинчерээк Иса пайгамбар ошол убактагы адамдардын ичип-жеп, үйлөнүп-жайланып, көр оокаттын артынан түшүп, Нух пайгамбардын сөздөрүн такыр капарына албай койгонун айткан (Мт. 24:37—39). Эл Нух пайгамбарды жана анын үй-бүлөсүн шылдыңдап, мазактаган. Атүгүл коркутуп-үркүтүп, курулуш ишин күч менен токтотууга аракет кылгандар да болгон чыгар.

Эл Жахабанын батасын көрүп турса да, Нух пайгамбарды шылдыңдашкан

14. Нух пайгамбардан жана анын үй-бүлөсүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

14 Бирок Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсүнүн ындыны өчкөн эмес. Тегерегиндегилер аларды болумсуз бир иш менен алек болгон, акылынан айныган кишилердей көрүшсө да, алар багынбай, Жахаба тапшырган ишти соңуна чыгарууга чечкиндүү болушкан. Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары алардан көп нерсеге үйрөнө алышат. Биз да бул дүйнөнүн «акыркы күндөрүндө» жашап жатабыз (2 Тим. 3:1). Иса пайгамбар биздин доордун Нух пайгамбардын дооруна окшош болорун айткан. Эгер адамдар айткан кабарыбызга кош көңүл карашса, шылдыңдашса же куугунтукташса, Нух пайгамбарды эстесек болот. Ал да так эле ушундай кыйынчылыктарга туш болгон.

«Кемеге кир»

15. Нух пайгамбар 600дөргө таяп калганда кандай оор жоготууга учураган?

15 Арадан ондогон жылдар өтүп, кеме да курулуп бүтөт. Нух пайгамбар 600дөргө таяп калганда оор жоготууга учурайт. Адегенде атасы Лемек каза болот *. Анан беш жылдан кийин чоң атасы Матушал 969 жашка чыгып, көз жумат. Ыйык Китепке ылайык, ал эң узак жашаган киши болгон (Башт. 5:27). Матушал да, Лемек да Адам атанын замандаштары болгон.

16, 17. б) Нух пайгамбар 600гө чыкканда Кудайдан кандай көрсөтмө алган? б) Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү кандай укмуштуу окуяга күбө болгон?

16 Нух пайгамбар туура 600гө чыкканда Жахаба Кудай ага: «Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир»,— деп айтат. Андан сырткары, кемеге курмандыкка чалына турган адал жаныбарлардын ар бир түрүнөн жетиден, адал эмес жаныбарлардын ар бир түрүнөн экиден киргизишин буйруйт (Башт. 7:1—3).

17 Ошондо эзели болуп көрбөгөн бир укмуш окуя болгон. Туш тараптан ар түрдүү айбанаттар, жер боортоктоп сойлогон макулуктар, көктө учкан канаттуу-куштар, айтор, көзгө илешпеген курт-кумурскалардан тартып, жерди майыштыра баскан алптардан бери миң сандап чууруп келе баштайт. Баарынан кызыгы, Нух пайгамбар аларды кемеге киргизиш үчүн артынан айдап, алдын тосуп убара болгон эмес. Ыйык Китепте айтылгандай, алар өздөрү эле «Нух кирген кемеге киришкен» (Башт. 7:9).

18, 19. а) Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон окуяларга ишенбегендерге кандай далилдерди келтирсек болот? б) Жахабанын жан-жаныбарларды Нух пайгамбар курган кеме аркылуу сактап калганынан анын акылмандыгы кандайча көрүнүп турат?

18 Айрымдар: «Ушундай да болушу мүмкүнбү? Ошончо жаныбар бири-бирине кантип эле кол салбай бир кемеде жашасын?» — деши мүмкүн. Ойлонуп көрсөңөр, ай-ааламды жараткан Кудайдын өз колунан бүткөн жандыктарды баш ийдирип, жоошутуп коюуга кантип эле кудурети жетпесин? Кийинчерээк ал атүгүл Кызыл деңизди экиге бөлүп, Күндү бир орунда токтотуп коё алган. Анда ага Нух пайгамбардын күндөрүндөгү окуяларды көзөмөлдөө кыйынга турганбы? Албетте, жок.

19 Ырас, ал жан-жаныбарларды башка жол менен деле сактап кала алмак. Бирок ал башынан эле жаныбарларга кам көрүүнү адам баласына тапшыргандыктан, аларды Нух пайгамбар курган кеме аркылуу сактап калууну чечкен (Башт. 1:28). Андыктан ата-энелер балдарына Жахабанын жан-жаныбарлардын жана адамдардын өмүрүн жогору баалаарын түшүндүрүш үчүн Нух пайгамбар жөнүндөгү билдирүүнү айтып беришсе болот.

20. Топон суу каптаарына бир жума калганда Нух пайгамбардын үй-бүлөсү эмне менен алек болсо керек?

20 Жахаба Нух пайгамбарга Топон суу бир жумадан кийин каптаарын айткан. Ошондо Нух пайгамбардын үй-бүлөсү ого бетер шашып, жаны тынбай эмгектенсе керек. Алар буту-бутуна тийбей жаныбарларды, алардын жем-чөбүн, тоютун, өздөрүнүн тамак-ашын, буюм-тайымдарын кемеге киргизип, аябай тызылдашса керек. Нух пайгамбардын байбичеси менен келиндери кеменин ичин жашоого ылайыкташтырууга өзгөчө көңүл бурушкан чыгар.

21, 22. а) Нух пайгамбардын замандаштарынын камырабай койгону эмне үчүн таң калыштуу эмес? б) Эл Нух пайгамбардын үй-бүлөсүн шылдыңдаганын качан токтоткон?

21 Ал эми ошол учурда эл эмне кылган? Алардын көз алдында жайнаган жан-жаныбар кемеге өздөрү эле агылып кирип жаткан. Алар Жахабанын Нух пайгамбардын ишине батасын берип жатканын даана көрүп турушса да, «ойлонушкан эмес». Бирок элдин камырабай койгонуна таң калбай эле койсок болот. Бүгүнкү тапта да адамдар бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө жашап жатканыбыздын айкын далилдерин көрүп турушса да, такыр ойлонушпайт. Ал эле эмес, элчи Петир айткандай, алар Кудайдын сот өкүмүн жарлагандарды шылдыңдап жатышат. (Оку: 2 Петир 3:3—6.) Убагында Нух пайгамбардын үй-бүлөсүн да замандаштары шылдыңдашкан.

22 Алар шылдыңдаганын качан токтотушкан? Ыйык Китепте Нух пайгамбардын үй-бүлөсү менен бардык жан-жаныбарлар кемеге киргенден кийин, Жахабанын «алардын артынан эшикти жапканы» айтылат. Ошондо ал кереметти көргөн шылдыңчылардын жаагы жап болгон. Ал эми шылдыңдаганын токтотпогондор жаан нөшөрлөп төгө баштаганда унчукпай калууга аргасыз болушкан. Жаан кырк күн, кырк түн чакалап куюп, Жахаба алдын ала айткандай, бүт жер жүзүн Топон суу каптаган (Башт. 7:16—21).

23. а) Жахабанын ыймансыз адамдардын өлүп жатканын көрүп ырахаттанбаганын кайдан билебиз? б) Нух пайгамбардыкындай ишенимге ээ болуу эмне үчүн маанилүү?

23 Жахаба ыймансыз адамдардын өлүп жатканын көрүп, ырахаттанган эмес (Жез. 33:11). Ал аларга оңолуп, туура жолго түшүүгө жетиштүү убакыт берген болчу. Алар оңоло алат беле? Ооба, Нух пайгамбардын жашоосу буга далил. Кудайдын жолунда жүрүп, дайыма анын тилин алуу менен Нух пайгамбар алардын да куткарылып кала алмактыгын көрсөткөн. Ошентип, «ишенимдин аркасында ал дүйнөнү айыптап», Кудайга жаккандай жашоо мүмкүн экенин тастыктаган. Ал ишениминин аркасында өзүн да, үй-бүлөсүн да аман алып калган. Эгер сен да Нух пайгамбардыкындай ишенимге ээ болсоң, өзүңдү да, жакшы көргөн жакындарыңды да аман алып кала аласың. Нух пайгамбардай болуп, сен да Жахаба Кудайдын жолунда жүрүп, аны менен ынак дос боло аласың. Ал достук түбөлүктөн түбөлүккө созулат!

^ 7-абз. Ал кезде адамдар азыркы учурга салыштырмалуу бир топ узак жашашкан. Алар, кыязы, Адам ата менен Обо эне ээ болгон жеткилеңдикке жакыныраак болгондуктан узак өмүр сүрүшкөн.

^ 15-абз. Лемек уулуна Нух деген ат койгон. Ал ысым, кыязы, «эс алуу» же «сооронуч» дегенди билдирген. Лемек уулунун адамдардын каргышка калган жерди иштеткенде тарткан азабын жеңилдетип, оор эмгектен эс алдырарын пайгамбарлык кылган (Башт. 5:28, 29). Бирок Лемек өзү айткан пайгамбарлыктын аткарылышын көргөн эмес. Ал эми анын аялы жана башка уул-кыздары, кыязы, Топон сууда өлүшкөн.