Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Ал өлсө да, «азыркыга чейин сүйлөп жатат»

Ал өлсө да, «азыркыга чейин сүйлөп жатат»

1. Эйден багына кирүүгө эмне үчүн мүмкүн эмес эле жана Абыл баарынан да эмнени самаган?

АБЫЛ көк шибер жамынган наркы дөбөдө жайбаракат оттоп жүргөн койлоруна улам сереп салып, көңүлү тынч. Бир маалда бүлбүлдөгөн жарык көзүнө уруна түшөт. Ал жерде Эйден багына эч кимди киргизбей, алоолоно жалбырттаган кылыч өз огунда тынбай айланып турат. Бир кездерде ата-энеси ошол бакта жашачу. Эми болсо ал жакка жол жабык. Абыл жеңил гана сылап өткөн кечки сыдырым желге ырахаттанып, түпкүрү жок, чеги жок тунук асманды карап, Жаратканы тууралуу терең ойго батат. Качандыр бир убакта адам баласы менен Кудайдын ортосундагы жарака бүтөлөт болду бекен? Абылдын үмүтү да, тилеги да — ушул.

2—4. Абыл кандай мааниде азыркыга чейин сүйлөп жатат?

2 Абыл азыркыга чейин сүйлөп жатат. Сен аны угуп жатасыңбы? Бул ой кызыктай угулушу мүмкүн. Анткени Адам атанын экинчи уулу Абылдын көзү өтүп кеткенинен бери доордон доор өтүп, 60тай кылым алмашты. Кудайдын Сөзүндө: «Өлгөндөр эч нерсе билбейт»,— деп да айтылат (Нас. 9:5, 10). Анын үстүнө, Ыйык Китепте Абылдын бир да сөзү жазылган эмес. Анда биз аны кандайча уга алабыз?

3 Пабыл ыйык рухтун жетеги менен: «Абыл өлсө да, ишеними аркылуу азыркыга чейин сүйлөп жатат»,— деген. (Оку: Еврейлер 11:4.) Абыл ишенимди мыкты өрчүткөн эң биринчи киши болгон. Анын ишеними ушунчалык күчтүү болгондуктан, ал бизге азыркыга чейин үлгү болуп келет. Эгер Кудайга бекем ишенүү жагынан Абылдан үлгү алсак, анын үнүн так-даана уккандай эле болобуз.

4 Ыйык Китепте Абыл жөнүндө аз эле айтылат. Бирок ал билдирүүлөрдөн көп нерсеге үйрөнө алабыз. Келгиле анда, аларга кененирээк токтололу.

Ал «дүйнө негизделген» убакта жашаган

5. Абылдын «дүйнө негизделген» убакта жашаганы эмнени билдирет? (Шилтемени да карагыла.)

5 Абыл адамзат тарыхынын алгачкы күндөрүндө жарык дүйнөгө келген. Иса пайгамбар Абылдын «дүйнө негизделген» убакта жашаганын айткан. (Оку: Лука 11:50, 51.) Ал «дүйнө» деп күнөөдөн куткарыла турган адамдар жөнүндө сөз кылган көрүнөт. Абыл адамзат доорунда жашаган төртүнчү киши болсо да, кыязы, Кудайдын көз алдында күнөөдөн куткарылууга татыктуу эң биринчи киши болгон *. Анын үй-бүлөсүндө ага жакшы үлгү болор эч ким жок болчу.

6. Абылдын ата-энеси кандай болгон?

6 Адамзат тарыхынын эң алгачкы барактары жазыла баштаганда эле азап-кайгы, бактысыздык кара булуттай каптап кирип, турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп калган. Алгачкы түгөйлөр Адам ата менен Обо эне башында күчкө толгон, сымбаты келишимдүү, жеткилең адамдардан болушкан. Алар бейпил кеңчилик, бейкут тынчтыкта чексиз өмүр сүрүшмөк. Бирок, өкүнүчтүүсү, Жахаба Кудайга каршы чыгып, бейиштин төрү Эйден багынан куулуп чыгарылышкан. Өзүмчүл каалоолоруна жетеленип, өздөрүнүн эле эмес, урпактарынын да бактысына балта чаап, жеткилеңдик менен түбөлүк өмүрдөн айрылып калышкан (Башт. 2:15—3:24).

7, 8. Обо эне Кабыл төрөлгөндө эмне деген жана кыязы, эмне деп ойлогон?

7 Эйденден куулуп чыгарылгандан кийин Адам ата менен Обо эненин турмушу күн өткөн сайын оор тартып, кыйындай берген. Алардын биринчи уулу төрөлгөндө, Обо эне: «Жахабанын жардамы менен уул төрөдүм»,— деп сүйүнгөн. Ага Кабыл деген ат коюшкан. Анын мааниси «өндүрүп чыгарылган» дегенди билдирген. Обо эне ошондо аялдан төрөлгөн «тукум» Шайтанды жок кыларына байланыштуу Кудайдын убадасы жөнүндө ойлонгон көрүнөт (Башт. 3:15; 4:1). Ал өзүн ошол пайгамбарлыктагы «аял» деп, ал эми Кабылды убадаланган «тукум» деп эсептегенби?

8 Андай болсо, ал чоң жаңылышкан. Эгер ал күйөөсү экөө тун уулуна кичинесинен тартып анын убадаланган тукум экенин айта беришсе, анда уулунун жаш жүрөгүнө текебердиктин тамыр алышына өздөрү себепкер болуп калышкан. Убакыттын өтүшү менен Обо эне дагы бир уул төрөгөн. Бирок бул жолкусунда Кабылды төрөгөндөгүдөй күчтүү сөздөрдү айткан эмес. Балага ата-энеси «дем» же «убаракерчилик» дегенди билдирген Абыл деген ысым беришкен (Башт. 4:2). Бул алардын экинчи уулуна аябай деле чоң үмүт артпаганын билдиргенби? Балким, ошондой болгондур, бирок ишенимдүү түрдө айтыш кыйын.

9. Ата-энелердин эмне кылганы акылдуулукка жатат?

9 Ата-энелердин бала тарбиялоодо биринчи түгөйлөрдүн катасын кайталабаганга аракет кылганы акылдуулукка жатат. Ата-энелер, сөзүңөр же ишиңер менен балдарыңардын жүрөгүндө текебердиктин, менменсинүүнүн жана өзүмчүлдүктүн өрчүшүнө өбөлгө түзүп жаткан жоксуңарбы? Же аларга Жахаба Кудайды сүйүүгө, аны менен дос болууга түрткү берип жатасыңарбы? Тилекке каршы, Адам ата менен Обо эне ата-энелик милдетин жакшы аткара алышкан эмес. Анткен менен алардын бир уулу жакшы киши болуп чоңойгон.

Абыл ишенимин кантип өрчүткөн?

10, 11. Кабыл менен Абыл кандай жумуш аткарышкан жана Абыл кандай сапат өрчүткөн?

10 Эки бала чоңоюп, эр жете берген. Үй-бүлөсүн багууга жардам бериши үчүн, Адам ата уулдарын ар кандай жумуштарды кылууга үйрөткөн. Кабыл жер иштетүүнү өздөштүрсө, Абыл кой баккан.

11 Бирок Абыл андан да маанилүү нерсени кылган. Ал улам чоңойгон сайын, кийинчерээк элчи Пабыл жазгандай, ишеним деген сонун сапатты өрчүтө берген. Ойлонуп көрсөңөр, Абылдын тегерегинде анын дилине ишенимдин үрөнүн сээп, аны өрчүтүүгө жардам бере турган бир да киши болгон эмес. Анда ал Жахаба Кудайга болгон ишенимин кантип өрчүткөн? Келгиле, Абылга кайсы үч нерсе жардам бергенин карап көрөлү.

12, 13. Жахабанын колунан бүткөн табиятка көз чаптыруу Абылга ишенимин өрчүтүүгө кандайча жардам берген?

12 Жахабанын колунан бүткөн табият жана аалам. Жахаба жердин каргышка каларын, жер иштетүүгө тоскоолдук кыла турган тикенек менен отоо чөп басарын айткан эле. Ошентсе да жер мол түшүмүн берип, Абылдын үй-бүлөсү тамак-аштан өксүбөй жашаган. Андан тышкары, жан-жаныбарлар, канаттуу-куштар, балыктар, тоо-таш, көлдөр, дарыялар, деңиздер, булуттар, асман, күн, ай, жылдыздар каргышка калган эмес болчу. Абыл ушунун баарын Кудайдын баа жеткис чеберчилигинин жемиши катары эсептеп, анын зор сүйүүсүн, чексиз акылмандыгын, мээримдүүлүгүн көрө алган. (Оку: Римдиктер 1:20.) Кудай жараткан нерселер жана анын касиет-сапаттары жөнүндө терең ой жүгүртүү Абылга бекем ишеним өрчүтүүгө жардам бергени күмөнсүз.

табиятка байкоо жүргүзүп, күчтүү ишеним өрчүткөн

13 Абылдын Жахаба жөнүндө ой жүгүртүүгө дайыма убакыт бөлгөнүнө шек жок. Анын табияттын кучагында кой кайтарып жүргөнүн элестетсеңер. Койчу болгондуктан ал далай бел, өркөч дөңсөөлөрдү ашып, мелмилдеген кең өрөөндөрдү аралап, агын сууларды кечип, койлорун оттуу жайыттарга, шылдырап аккан мөлтүр булактарга айдап барса керек. Кудай жараткан жандыктардын ичинен кой адам баласынын коргоосуна, кам көрүүсүнө муктаж болгон эң эле алсыз макулук келет. Абыл койлорун карап, өзү да адам баласынан алда канча акылдуу, күчтүү бирөөнүн жетекчилигине, коргоосуна муктаж экенин сезип, Кудайга кайрылганда ушу сыяктуу ойлорду айткандыр. Бул ага ишенимин бекемдегенге жардам берген.

14, 15. Абыл Жахабанын кайсы убадалары жөнүндө ой жүгүртсө керек?

14 Жахабанын убадалары. Адам ата менен Обо эне уулдарына Эйден багынан эмне үчүн куулуп чыгарылганын айтып беришсе керек. Абыл ушул тууралуу да көп ой жүгүрткөн чыгар.

15 Жахаба жердин каргышка каларын айткан. Анан ал айткандай эле, жерди тикенек менен отоо чөп баскан. Ошондой эле Жахаба Обо энеге балдарын тогуз ай бою кыйналып көтөрүп, азап менен төрөй турганын айткан. Абыл кичүү бир туугандары төрөлгөндө энесинин канчалык кыйналганын көргөн чыгар. Жахаба Обо эненин күйөөсүнүн сүйүүсүнө ашкере муктаж болорун, ал эми күйөөсү ага үстөмдүк кыларын да айткан. Ал сөздөрдүн да аткарылганын Абыл өз көзү менен көргөн. Кыскасы, ал Жахабанын бир да сөзү аткарылбай калбай турганына ынанган. Ошондуктан анда Эйден багынан башат алган жамандыкты жок кыла турган «тукум» келери жөнүндөгү Кудайдын убадасынын сөзсүз аткарыларына ишенүүгө бекем негиз болгон (Башт. 3:15—19).

16, 17. Керуптар Абылга кандай үлгү көрсөтүшкөн?

16 Жахабанын кызматчылары. Абылга үйүндөгүлөрү жакшы үлгү көрсөткөн эмес. Бирок ошол кезде жер бетинде адамдардан башка да аң-сезимдүү жаратуулар бар болчу. Адам ата менен Обо эне Бейиштен куулуп чыгарылганда, ал жакка эч ким кирбеши үчүн, Жахаба Эйден багынын кире беришине керуптарды жана мизи күйүп, тынбай айланып турган кылычты коюп койгон. (Оку: Башталыш 3:24.)

17 Абылдын бала кезинде ошол жогорку даражалуу периштелерди суктана карап турганын көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Сымбатынан жазбаган мырза сөөлөт периштелердин сырткы көрүнүшүнөн эле алардын канчалык кубаттуу экени сезилчү. Өз огунда тынбай айланган жалындаган кылыч да кастарлоо сезимин туудурчу. Күн артынан күн, жыл артынан жыл чубап, көп убакыт өтсө да, периштелер Жахаба тапшырган ишти аткаруудан түк тажабай, калыбында турганы турган. Күн дебей, түн дебей ал кубаттуу, аң-сезимдүү периштелер Кудайдын айтканынан кыл жылбай, өз милдетин так аткарышкан. Ошондон улам Абыл Жахабанын адил, берилген кызматчылары бар экенин түшүнгөн. Алар Жахабага баш ийүү, берилгендик көрсөтүү жагынан Абылга мыкты үлгү болушкан. Бул да Абылдын ишенимин бекемдегени шексиз.

Абыл керуптардын Жахабага берилгендикте кызмат кылганын көргөн

18. Бекем ишеним өрчүтүүгө бизге эмне жардам берет?

18 Ооба, Жахабанын жараткан нерселери, убадалары, кызматчылары тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында Абыл күчтүү ишеним өрчүтө алган. Биз андан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Мисалы, жаштар, үйүндөгүлөрү жакшы үлгү көрсөтпөсө да, Абылдай болуп, Жахаба Кудайга болгон күчтүү ишеним өрчүтө алышат. Бизди курчап турган көз жоосун алган табият, Ыйык Китеп жана Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын үлгүсү баарыбызга ишенимибизди бекем пайдубалга тургузууга жардам берет.

Кудай эмне үчүн Абылдын тартуусун кабыл алган?

19. Абыл убакыттын өтүшү менен эмнени түшүнгөн?

19 Ишеними өскөн сайын Абыл аны иш жүзүндө көрсөткүсү келе баштаган. Бирок адам баласы бүт ааламдын Эгедерине эмне бере алат эле? Чынында эле, Жараткан Кудай адамдын белек-бечкегине, жардамына муктаж эмес. Ошентсе да убакыттын өтүшү менен Абыл маанилүү бир нерсени — колунда болгон нерселеринин эң мыктысын асмандагы мээримдүү Атасына чын көңүлдөн тартуу кылса, анын жүрөгүн кубанта аларын — түшүнгөн.

Кабылдан айырмаланып, Абылга курмандык чалууга күчтүү ишеними түрткү берген

20, 21. Кабыл менен Абыл Жахабага эмне тартуу кылышкан жана Жахаба кимдин тартуусун кабыл алган?

20 Абыл малынын төл башыларынан мыктыларын тандап, алардын эң жакшы деп эсептелген бөлүктөрүн Жахабага тартуу кылууну чечет. Кабыл да Кудайдын ырайымына ээ болуп, бата алыш үчүн өзү өстүргөн жер жемиштерден тартуу кылмакчы болот. Бирок анын ниети Абылдыкындай эмес болчу. Бир туугандардын ниети эки башка болгону алар тартууларын алып келгенде айкын болгон.

21 Ага-ини, калыбы, Жахабанын жердеги жалгыз өкүлдөрү болгон керуптар көрүнгүдөй жерге курмандык жайын куруп, тартууларын өрттөшкөн. Жахаба алардын тартууларын кабыл алганбы? Ыйык Китептен: «Жахаба Абылды жактырып, тартуусун кабыл алды»,— дегенди окуйбуз (Башт. 4:4). Бул кандайча болгону жөнүндө Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт.

22, 23. Жахаба эмне үчүн Абылдын тартуусун кабыл алган?

22 Кудай эмне үчүн Абылдын эле тартуусун кабыл алган? Кеп Кабыл менен Абылдын эмне тартуу кылганында беле? Абыл таноосунда деми бар тирүү жандыктын канын жерге агызып, Жахабага тартуу кылган. Ал Жахабага ушундай курмандык жагарын түшүндү беле? Абыл жашаган убактан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин Кудай өз элине курмандыкка кемтиги жок козуну чалууну буйруган. Бул «Кудайдын Козусунун», тагыраак айтканда, анын Уулунун адамзат үчүн канын төгөрүн билдирген (Жкн. 1:29; Чыг. 12:5—7). Бирок Абыл курмандыкка тирүү малды чалышы керек экенин түшүнгөнү менен, Кудайдын буга байланыштуу эркин акыр-аягына чейин билген эмес болуш керек.

23 Бир билгенибиз, ал Кудайга колунда болгонунун эң жакшысын тартуу кылган. Жахабага анын тартуусу эле эмес, ниети да жаккан. Анткени Абылга иш-аракет кылууга Жахабага болгон сүйүүсү менен бекем ишеними түрткү берген.

24. а) Эмне үчүн кеп Кабылдын тартуусунда эмес болчу? б) Кабыл кандайча биздин күндөрдөгү көптөгөн адамдарга окшош болгон?

24 Ал эми Кабыл тууралуу эмне айтууга болот? Жахаба «Кабылды жана анын тартуусун жактырган» эмес (Башт. 4:5). Кеп анын тартуусунда деле эмес болчу, анткени Жахаба кийинчерээк өз элине берген мыйзамда жер-жемиштерди да тартуу кылса болорун айткан (Леб. 6:14, 15). Кеп Кабылдын жаман иштеринде болчу. (Оку: 1 Жакан 3:12.) Кабыл, биздин күндөрдөгү көптөгөн адамдарга окшоп, Кудайга берилгендей болуп көрүнүп коюу эле жетиштүү деп ойлогондур. Анын Жахабага бекем ишенбей турганы жана аны чын жүрөктөн жакшы көрбөгөнү кылган иштеринен айкын көрүнүп калган.

25, 26. Жахаба Кабылга эмне деп эскерткен, бирок Кабыл эмне кылган?

25 Кудай тартуусун кабыл албай койгондо, Кабыл инисинен үлгү алууга умтулду беле? Жок. Үлгү алмак тургай, бир тууганын жек көрүп калган. Жахаба Кабылдын жүрөгүндө уялаган жаман ойду көрүп, аны чыдамдуулук менен оң жолго салууга аракет кылган. Ал жаман оюнан кайтпаса, олуттуу күнөөгө батарын эскерткен. Ал эми туура жолго түшсө, ырайымына ээ болуп, бата аларын айткан (Башт. 4:6, 7).

26 Өкүнүчтүүсү, Кабыл Кудайдын насаатына кулак каккан эмес. Ал оюнда кылдай жамандыгы жок бир тууганын талаага ээрчитип барып, өлтүрүп салган (Башт. 4:8). Ошентип, Абыл Кудайдын душмандарынын колунан каза тапкан эң биринчи адил киши болгон. Бирок ал өлсө да, аты жер үстүнөн өчкөн эмес.

27. а) Абылдын тирилерине эмне үчүн шектенбесек болот? б) Абыл менен жолугушуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

27 Каймана мааниде Абылдын төгүлгөн каны адилеттикти талап кылып, Кудайга боздогон. Ошондуктан Кудай Кабылды кылмышы үчүн жазалаган (Башт. 4:9—12). Ооба, Абыл эбак эле өлсө да, азыркыга чейин сүйлөп жатат. Абыл, өзүнүн замандаштарына салыштырмалуу аз эле — жүз жылдай эле — жашаса да, Кудайга жаккандай өмүр сүргөн. Ал асмандагы Атасы Жахабанын аны жакшы көрөрүн, адил деп эсептээрин билген (Евр. 11:4). Азыр ал эң коопсуз жайда — Кудайдын эс тутумунда. Ошондуктан Кудай аны эч качан унутпай турганына жана аны Бейиште тирилтерине шектенбесек болот (Жкн. 5:28, 29). Сен Абылды Бейиште көргүң келеби? Эгер андан үлгү алып, күчтүү ишеним өрчүтсөң, аны сөзсүз көрөсүң!

^ 5-абз. «Дүйнө негизделген» деген сөздөр «урук себүү», «тукумдуу болуу» деген маанини туюнтуп, адамзаттын алгачкы тукумуна карата айтылган. Анда эмне үчүн Иса пайгамбар «дүйнө негизделген» деген сөздөрдү түпкү ата-энебиздин тун уулу Кабылга эмес, Абылга байланыштырып айткан? Анткени Кабыл чыгарган чечимдери, кылган иштери менен Жахаба Кудайдын эркине атайлап каршы чыкканын көрсөткөн. Андыктан ал, ата-энеси сыяктуу эле, тириле турган жана күнөөсүнөн арыла турган адамдардын арасында болбойт деп божомолдоого негиз бар.