Башталыш 3:1—24

3  Жахаба Кудай жараткан талаа жаныбарларынын+ ичинен жылан+ абдан сак болчу+. Ал аялдан+: «Чын эле Кудай силерге бактагы дарактардын баарынан эле жей бербешиңер керектигин айтты беле?»+ — деп сурады.  Аял ага: «Бактагы дарактардын жемишинен жесек болот+.  Бирок бактын ортосундагы дарактын+ жемиши жөнүндө Кудай: „Өлүп калбашыңар үчүн, андан жебегиле, ага тийбегиле“+,— деп айткан»,— деп жооп берди.  Ошондо жылан: «Жок, өлбөйсүңөр+.  Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын, жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларыңарды билет»,— деди+.  Ошондо аял дарактын жакшы* экенин, көзгө жагымдуу көрүнүп, өзүнө тартып турарын көрдү+. Анан анын жемишинен алып жеди. Күйөөсү экөө чогуу болгондо, ага да берди, ал да жеди+.  Ошондо экөөнүн тең көзү ачылып, өздөрүнүн жылаңач экенин түшүнүштү+. Андыктан анжир дарагынын жалбырактарын бириктирип, белинен ылдый жаап алышты+.  Кийинчерээк алар салкын жел согуп турган маалда бактын ичинде жүргөн Жахаба Кудайдын үнүн угушту да+, дарактардын арасына кирип, Жахаба Кудайдан* жашынып калышты+.  Жахаба Кудай адамды: «Каяктасың?» — деп кайра-кайра чакырды+. 10  Акыры, адам: «Бактан үнүңдү уктум да, жылаңач болгондуктан коркуп кетип, жашынып калдым»+,— деди. 11  Кудай андан: «Жылаңач экениңди+ сага ким айтты? Мен жебе деген дарактын жемишинен жеген жоксуңбу?»+ — деп сурады. 12  Адам: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, анан мен жедим»+,— деп жооп берди. 13  Ошондо Жахаба Кудай аялга: «Бул эмне кылганың?» — деди. Аял болсо: «Мени жылан алдады, ошондуктан жедим»+,— деп жооп берди. 14  Жахаба Кудай жыланга+: «Ушундай кылганың үчүн сен бардык үй айбанаттары менен талаа жаныбарларынын ичинен каргышка калдың. Эми өмүрүң өткөнчө бооруң менен жылып жүрөсүң жана топурак жейсиң+. 15  Аял+ экөөңөрдүн ортоңорго+, сенин тукумуң*+ менен анын тукумунун+ ортосуна кастык+ коём+. Ал*+ сенин+ башыңды жанчыйт+, сен+ болсо анын согончогун+ чагасың*+»,— деди. 16  Аялга болсо: «Кош бойлуу кезиңде тарткан азабың күчөгөндөн күчөйт+, балдарыңды кыйналып жатып төрөйсүң+. Күйөөңө болгон кумарың күчтүү болот, ал сага үстөмдүк кылат»,— деди+. 17  Ал эми Адамга мындай деди: «Аялыңды угуп, мен сага: „Андан жебе“+,— деген дарактын жемишинен жегениң үчүн, сенин айыңан жер каргышка калды+. Эми нан таап жеш үчүн өмүрүң өткөнчө жерди азап менен иштетесиң+. 18  Жерден тикенек менен отоо чөптөр өсүп чыгат+, талаа өсүмдүктөрү менен азыктанасың. 19  Өзүң алынган топуракка+ кайтмайынча маңдай териңди агызып нан таап жейсиң. Анткени сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»+. 20  Андан кийин Адам аялын Обо*+ деп атады, анткени ал тирүү жандардын баарынын энеси болмок+. 21  Жахаба Кудай териден узун кийим жасап, Адам менен анын аялына кийгизди+. 22  Анан Жахаба Кудай: «Эми адам жакшы менен жаманды билип+, биздей болуп калды. Ал колун сунуп, өмүр дарагынын+ жемишинен да алып жеп, түбөлүк жашап калбасын...» — деди. 23  Ошентип, Жахаба Кудай адамды, өзү алынган жерди+ иштетсин деп, Эйден багынан+ кууп чыкты. 24  Аны кууп чыккандан кийин Кудай өмүр дарагына барчу жолду кайтартыш үчүн Эйден багынын+ чыгыш тарабына керуптарды*+ жана мизи күйүп, айланып турган кылычты коюп койду.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жегенге жакшы».
Сөзмө-сөз: «Жахаба Кудайдын жүзүнөн».
Жекелик сандагы зера деген еврей сөзү көптүк санды да билдириши мүмкүн.
Б. а. аялдын «тукуму».
Же: «жарадар кыласың».
Мааниси: «тирүү».
Жогорку даражалуу периштелер.