Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЖЫЙЫРМА ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Ал сыноолорго карабай берилгендигин сактаган

Ал сыноолорго карабай берилгендигин сактаган

1, 2. Петир эмнени эңсеген жана анын тилеги орундалды беле?

ПЕТИР Капернаумдагы синагогада Иса пайгамбарды угуп турган элди сыдыра карап турат. Анын үйү Галилея деңизинин жээгиндеги ушул шаарда. Бул жерде Петир балык уулап оокат кылчу. Жоро-жолдоштору, тууган-туушкандары, кесиптештеринин көбү ушул жерде жашайт. Ал жердештери да, өзүнө окшоп, Улуу Окутуучунун Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарына кулак кагып, анын Машаяк экенине ишенип калышса дегенде эки көзү төрт. Бирок бул тилеги орундалбайт окшойт.

2 Угуп отургандардын көбү улуу пайгамбардын сөзүн бөлүп, кээ бирөөлөрү нааразычылыгын билдирип, кабарын четке кагышты. Баарынан да Иса пайгамбардын шакирттеринин арасынан айрымдардын ошентишкени Петирди аябай кыжалат кылды. Пайгамбардын сөзүнүн кызыгына батып, көкүрөгүн ачкан билимди, чындыкты тапканына көңүлү күр-шар толкуп жаткан шакирттердин жүзүндө баягы кубанычтын нуру байкалбай калды. Ал эле эмес, көз көрүнөө ачуусу бетине чыгып, жинденгендер да болду. Алар Иса пайгамбардын айткандарын уккусу келбей, синагогадан чыгып кетишти. Ошонусу менен анын жолун жолдоодон да баш тартышты көрүнөт. (Оку: Жакан 6:60, 66.)

3. Петирге ишеними эмне кылууга жардам берген?

3 Ал убак Петир менен башка элчилер үчүн оор мезгил болду. Петир ошол күнү өзү да Иса пайгамбардын айткандарынын маанисин түшүнгөн жок. Мырзасы өзү түшүндүрүп бербесе, чын эле, ал сөздөр уккан кишини иренжите тургандай эле болчу. Петир ошондо эмне кылган? Анын Мырзасына берилгендигин сактаар-сактабасы биринчи жолу сыналып жаткан эмес, андан кийин да далай жолу сыналмак. Келгиле, элчи Петирге Кудайга болгон ишеними ар кандай кыйынчылыктарга карабай берилгендигин сактоого кандайча жардам бергенин карап көрөлү.

Башкалар баш тартып кетишсе да, берилгендигин сактаган

4, 5. Иса пайгамбардын кайсы сөздөрүн жана иштерин эл толук түшүнгөн эмес?

4 Петир Мырзасына көп таң кала турган. Анткени анын айрым сөздөрүн, кылган иштерин эл толук түшүнө берчү эмес. Мисалы, кечөө эле ал миңдеген кишилерди керемет жолу менен тойгузду. Ыраазы болгон эл аны падыша көтөрөбүз дегенде, Иса пайгамбар алардан кетип калды да, шакирттерине Капернаумга сүзүп кетүүнү айтты. Алар түнүчүндө деңиз аркылуу сүзүп баратканда, Мырзасы дагы таң калтырып, буларга буркан-шаркан түшкөн деңиз үстү менен басып барды. Анан Петирди маанилүү нерсеге үйрөттү.

5 Таң заарда деңиздин бул жээгине келишсе, булардын артынан куйрук улаш баягы эл чубап келе баштады. Бирок алар чындык сөзүнө суусагандыктан эмес, кара курсактын камын ойлогондуктан келишкен эле. Иса пайгамбар алардын жаман оюн билип, ашкереледи (Жкн. 6:25—27). Андан соң ал элди Капернаумдагы синагогада окутуп, маанилүү, бирок татаал чындыкты айтты. Бул жолкусунда да эл аны түшүнбөй калды.

6. Иса кандай мисал келтирген жана ал мисалды эл кандай кабыл алган?

6 Иса пайгамбар элдин аны курсактарын тойгуза турган киши катары эмес, алар үчүн өмүрүн берип, түбөлүк өмүр сүрүүгө жол ача турган Машаяк катары кабыл алышын каалаган. Ошондуктан өзүн маннага, Муса пайгамбардын убагында асмандан жааган нанга, салыштырат. Айрымдар айткандарына каршы болгондо, ал айкыныраак мисал келтирип, түбөлүк өмүргө ээ болгусу келгендер анын денесин жеп, канын ичиши керектигин айтат. Муну уккан эл такыр эле чалкасынан кетип: «Бул эмне дегени?! Муну ким угуп тура алат»,— деп зиркилдеди. Атүгүл Иса пайгамбардын айрым шакирттери да андан баш тартып кетишти * (Жкн. 6:48—60, 66).

7, 8. а) Петир Иса пайгамбарга байланыштуу эмнени түшүнө элек болчу? б) Петир Иса пайгамбардын суроосуна эмне деп жооп берген?

7 Петир эми эмне кылат? Мырзасынын сөздөрү ага дагы деле бүдөмүк. Ал анын Кудайдын эркин аткарышы үчүн өлүшү керектигин али түшүнө элек. Бирок тиги ишенимсиз шакирттерден айырмаланып, Иса пайгамбарды таштап кеткен жок. Анткени анда аларда жок бир баалуу сапат бар.

8 Иса пайгамбар элчилеринен: «Балким, силердин да кеткиңер келип жаткандыр?» — деп сурайт (Жкн. 6:67). Ал 12 элчисинин баарына жалпы кайрылса да, адатынча Петир жооп берет. Петир элчилердин эң улуусу болсо керек. Анын үстүнө, ал табиятынан эле сыр жашырып бултактатпай, жумурундагысын ачык айткан киши болчу. Ал: «Мырзам, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр сенде да»,— деп айтканда, Мырзасынын жүрөгү элжирей түшкөн болуш керек (Жкн. 6:68).

9. Петир Иса пайгамбарга кантип берилгендик көрсөткөн?

9 Петирдин ал сөздөрү, чынында эле, жүрөк козгоорлук болчу. Иса пайгамбарга болгон ишеними ага маанилүү бир сапатты, берилгендикти, өрчүтүүгө жардам берген. Ал Иса Машаяктын Жахаба жиберген жападан жалгыз Куткаруучу экенин жана куткарылыш үчүн Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабарга кулак кагуу маанилүү экенин айкын түшүнгөн. Ошондой эле айрым нерселерди толук түшүнбөсө да, Иса пайгамбардан башка эч ким Кудайдын ырайымына ээ болууга, түбөлүк өмүр алууга жардам бере албасын жакшы билген.

Иса пайгамбардын окууларын жакшы түшүнбөсөк да, бизге жакпаса да, аларга ылайык жашашыбыз керек

10. Петирди берилгендик көрсөтүү жагынан кантип туурай алабыз?

10 Сен да элчи Петирдикиндей маанай чагылдырасыңбы? Өкүнүчтүүсү, бүгүн көптөр Иса пайгамбарга ишенебиз дегени менен, ага берилгендик көрсөтүшпөйт. Ага берилгендик көрсөтүш үчүн, элчи Петирдей болуп, анын окууларын жан дилибиз менен кабыл алышыбыз керек. Аларды жакшы түшүнбөсөк да, бизге жакпаса да, терең изилдеп, маани-маңызын аңдаштырып, аларга ылайык жашашыбыз керек. Анткени Иса Машаякка берилгендик көрсөткөндө гана түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнө алабыз. (Оку: Забур 97:10.)

Кеңеш берилгенде да берилгендигин сактаган

11. Иса пайгамбар шакирттери менен каякка барган? (Шилтемени да карагыла.)

11 Көп өтпөй Иса пайгамбар элчилери жана айрым шакирттери менен бирге Убадаланган жердин түндүк чек арасына, алыскы Хермон тоосуна, сапар тартат. Галилея деңизинин көгүлтүр бетинен кээде Хермондун ак кар баскан чокулары көзгө таасын көрүнөр эле. Филип Кесариясынын тегерек четиндеги айыл-кыштактарды аралай өтүп, тоого улам жакындаган сайын, ал ошончолук бийик көрүнөт *. Убадаланган жердин көбү алаканга салгандай көрүнгөн бул тоонун үстүндө Иса пайгамбар шакирттерине бир маанилүү суроо узатат.

12, 13. а) Иса пайгамбар элдин ал жөнүндө кандай ойдо болгонун эмне үчүн сураган? б) Петирдин жообунан ишеними бекем болгону кандайча көрүнгөн?

12 Иса алардан: «Эл мени ким деп ойлойт?» — деп сурайт. Ошондо Петир Мырзасынын жүзүнө үңүлүп, анын тике караган көз карашынан кандайдыр бир зор күчтү, терең акылмандыкты, ошол эле учурда боорукердикти сезсе керек. Иса пайгамбар элдин уккан-көргөнүнөн ал жөнүндө кандай жыйынтык чыгарганын билгиси келген. Шакирттер элдин кеңири таралган бир катар жаңылыш көз карашын санап өтүшөт. Бирок Иса пайгамбар өзүнүн шакирттери кандай ойдо экенин билгиси келип, түз эле: «Силер мени ким деп эсептейсиңер?» — деп сурайт (Лк. 9:18—20).

13 Кайра эле баягы Петир буйдалбастан: «Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң»,— деп жооп берип, өзүнүкү менен кошо шакирттердин ичиндеги оюн так-даана билдирет. Ошондо Мырзасынын жүзүндө, кыязы, күлүмсүрөө пайда болуп, аны чын жүрөктөн мактайт. Ал Петирге бул маанилүү чындыкты кайсы бир адам эмес, Жахаба Кудай өзү ачып бергенин баса белгилейт. Ырас, Жахаба Петирге жана чыныгы ишенимге ээ болгондордун баарына көптөр узак убакыттан бери күтүп келген Машаяктын ким экенин ачып берген. (Оку: Матай 16:16, 17.)

14. Иса Машаяк элчи Петирге кандай жоопкерчиликтерди арткан?

14 Байыркы убакта айтылган бир пайгамбарлыкта Машаяктын «куруучулар жаратпай койгон таш» болмоктугу айтылган (Заб. 118:22; Лк. 20:17). Ушул жана башка пайгамбарлыктарды эске алып, Иса Машаяк так ошол «таштын» үстүнө Жахаба жыйналышты негиздерин айткан. Анан элчи Петирге жыйналышта аткарышы керек болгон маанилүү жоопкерчиликтерди арткан. Бирок, көптөр ойлогондой, ал Петирди башка элчилердин үстүнөн койгон эмес, болгону, ага көбүрөөк милдеттерди тапшырган. Иса Машаяк ага «асман Падышалыгынын ачкычтарын берген» (Мт. 16:19). Башкача айтканда, үч башка топтогу адамдарга — жүйүттөргө, самариялыктарга жана башка элдерге — Кудайдын Падышалыгына кирүүгө жардам берүү сыймыгын ыйгарган.

15. Петир эмне үчүн кабатыр болгон жана эмне деген?

15 Кийинчерээк Иса пайгамбар «кимге көп берилсе, андан көп талап кылынарын» айткан жана ал сөздөр Петирге да тиешелүү болгон (Лк. 12:48). Иса пайгамбар шакирттерине Машаяктын Иерусалимде азап чегип, өлтүрүлөрү тууралуу да айткан. Муну укканда кабатырланган Петир аны четке алып чыгып: «Мырзам, өзүңдү ая. Мындай нерсе эч качан башыңа түшпөсүн»,— деп каршы болот (Мт. 16:21, 22).

16. Иса пайгамбар Петирге эмне деген жана ал сөздөрдө ар бирибизге пайдалуу боло турган кандай ой камтылган?

16 Петир ал сөздөрдү эч кандай жаман ою жок эле айткандыктан Мырзасынын жообуна аябай таң калса керек. Мырзасы андан жүзүн буруп, чамасы, Петирдикиндей эле ойдо болушкан башка шакирттерине карап: «Кет жанымдан, Шайтан! Сен мага тоскоол болуп жатасың, анткени сенин ойлоруң Кудайдыкы эмес, адамдыкы»,— деген (Мт. 16:23; Мр. 8:32, 33). Иса пайгамбардын ал сөздөрүндө ар бирибизге пайдалуу боло турган бир ой камтылган. Негизи, баарыбыз эле Кудайдыкындай эмес, адамдыкындай ой жүгүртүүгө жакын келебиз. Бирок адамдыкындай ой жүгүртсөк, ниетибиз таза болсо да, кимдир бирөөнү Кудайдын эмес, Шайтандын эркине ылайык иш кылууга үндөп коюшубуз мүмкүн. Мырзасынын сөзүн Петир кандай кабыл алган?

17. Иса пайгамбардын Петирге айткан сөздөрүнүн мааниси кандай эле?

17 Петир Мырзасынын аны түзмө-түз Шайтан Ибилис деп атабаганын түшүнгөн болуш керек. Анткени Иса пайгамбар Петирге Шайтанга айткан сөздөрдү айткан эмес. Ал Шайтанга: «Кет жанымдан»,— деген (Мт. 4:10). Ал эми Петирге айткан сөздөрү түп нускада «менин аркама тур» деген маанини туюнтат. Иса пайгамбар Петирдин көп жакшы сапаттары бар экенин билген. Ошондуктан аны четке какпастан, тек гана ой жүгүртүүсүн оңдогон. Петир Мырзасынын жолун торогон тоскоолдук болбой, «аркасына туруп», жөлөк болгон таяныч болушу керек эле.

Кеңешти кабыл алып, ой жүгүртүүбүздү өзгөртсөк, Жахаба жана Машаяк менен мамилебиз ынак болот

18. Петир кандайча берилгендик көрсөткөн жана аны кантип туурай алабыз?

18 Петир Мырзасынын сөзүнө теригип, ачууланып же таарынып калды беле? Жок, ал момундук көрсөтүп, ой жүгүртүүсүн оңдошу керектигин түшүнгөн. Ошонусу менен Мырзасына дагы бир ирет берилгендигин көрсөткөн. Баарыбыз эле бирде болбосо, бирде кеңешке муктаж болобуз. Эгер кеңешти момундук менен кабыл алып, ой жүгүртүүбүздү өзгөртсөк, Иса Машаяк жана Жахаба Кудай менен болгон мамилебиз барган сайын ынак боло берет. (Оку: Накыл сөздөр 4:13.)

Петир кеңеш берилгенде да берилгендигин сактаган

Берилгендигин сактаганы үчүн бата алган

19. Иса пайгамбар жүрөк толкутарлык кандай сөздөрдү айткан жана Петирге кандай ойлор келсе керек?

19 Бир аздан соң Иса пайгамбар: «Ишенип койгула, бул жерде тургандардын айрымдары адам Уулунун падыша катары келатканын көрмөйүнчө өлүшпөйт»,— деген жүрөк толкутарлык сөздөрдү айтат (Мт. 16:28). Муну укканда Петир ал сөздөрдүн маанисин түшүнгүсү келип, бүйүрү кызыса керек. Бирок жаңы эле ашкере сөз уккандыктан, балким, өзүн Мырзасынын жактыруусунан айрылгандай сезип, жакшы нерседен үмүттөнбөй калгандыр.

20, 21. а) Петир кандай көрүнүшкө күбө болгон? б) Петир жаңылыш ойдо болгонун кантип түшүнгөн?

20 Кызыктуусу, бир жума өткөндөн кийин Иса пайгамбар Жакыпты, Жаканды жана Петирди ээрчитип, «бийик тоого», калыбы, жакын жердеги Хермон тоосуна чыгат. Ал жерден элчилерди уйку басканына караганда, түн ортосу болуп калса керек. Бирок Иса пайгамбар тиленип жатканда, бир укмуштуу окуя болуп, уйкуга мас болуп турган элчилердин көздөрү умачтай ачыла түшөт (Мт. 17:1; Лк. 9:28, 29, 32).

21 Көз ачып-жумгуча Мырзасынын жүзү күн нурундай жаркырап, кийими көз уялткыдай аппак болуп калат. Анан эле көрүнүштө Муса пайгамбар менен Илияс пайгамбар пайда болот. Алар Машаяк менен «Иерусалимде боло турган окуялар тууралуу», кыязы, анын өлтүрүлөрү жана кайра тирилери жөнүндө сүйлөшүшөт. Ошондо Петир мурунураак Мырзасына өзүн аяшы керектигин айтканда канчалык жаңылыш ойдо болгонун айкын түшүнөт (Лк. 9:30, 31).

22, 23. а) Петир ак ниет, боорукер экенин кантип көрсөткөн? б) Петир, Жакып жана Жакандар дагы кандай сыймыкка ээ болушкан?

22 Петир Муса менен Илияс пайгамбардын кетип баратканын көрүп, нары жакта байкоочу катары эле карап тура бергиси келбей, көрүнүштү бир азга болсо да узартуунун айласында: «Устат, бул жер бизге абдан жакты. Ушул жерге үч алачык жасайлы: бири сага, бири Мусага, бири Илияска болсун»,— дейт. Петир эмне деп айтканын өзү да түшүнбөй калат. Анткени эбак көзү өтүп кеткен пайгамбарларга эч кандай алачыктын деле кереги жок болчу. Ал тек гана көрүнүш эле. Ошентсе да анын сөздөрүнөн боорукердиги, ак ниеттүүлүгү байкалган (Лк. 9:33).

Петир, Жакып жана Жакан Машаяктын кубулуусун көрүп, зор сыймыкка ээ болушкан

23 Ошол түнү Петир, Жакып жана Жакан дагы бир сыймыкка ээ болушат. Алар турган тоонун үстүн булут каптайт. Анан булут ичинен Жахаба Кудайдын: «Бул — менин тандап алган Уулум. Уулумду уккула»,— деп айтканын угушат. Көрүнүш ошону менен аяктап, шакирттер Мырзасы менен калышат (Лк. 9:34—36).

24. а) Иса Машаяктын кубулуусу Петирге кандай таасир эткен? б) Иса Машаяктын кубулуусу ишенимибизди кандайча бекемдейт?

24 Иса Машаяктын кубулуусу Петир үчүн чоң мааниге ээ болгон, биз үчүн да чоң мааниге ээ. Ондогон жылдар өткөндөн кийин ал ошол түнү көрүнүш аркылуу Иса Машаяктын Падышалык даңкын, улуулугун өз көзү менен көргөнүн жазган. Ошол көрүнүш аркылуу Кудайдын Сөзүндөгү көптөгөн пайгамбарлыктар бышыкталган. Анын аркасында Петир ишенимин бекемдеп, алдыда кабыла турган кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө күч алган. (Оку: 2 Петир 1:16—19.) Иса Машаяктын кубулуусу биздин да Падышалыкка байланыштуу пайгамбарлыктарга болгон ишенимибизди бекемдейт. Эгер, Петирдей болуп, Жахаба бийлик кылууга дайындаган Мырзабызга берилгендигибизди сактап, аны туурап, кеңештерине кулак кагып, момундук менен күн сайын жолун жолдосок, биз да Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында мол баталарга ээ болобуз.

^ 6-абз. Мындан элдин канчалык өзгөрмө болгонун айкын көрүүгө болот. Бир күн мурун эле Исаны Кудай жиберген пайгамбар деп жаткан эл синагогада анын айткандарына кыжыры кайнаган (Жкн. 6:14).

^ 11-абз. Алар деңиз деңгээлинен 210 метр төмөн жайгашкан Галилея деңизинен баштап деңиз деңгээлинен 350 метр бийиктикте жайгашкан бул жерге чейин кооз жерлерди аралап, 50 чакырым жол жүрүшкөн.