Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОН ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ

Ал мыкты үй-бүлө башчысы болгон

Ал мыкты үй-бүлө башчысы болгон

1, 2. а) Жусуп менен Мариямдын жашоосунда кандай чукул өзгөрүү болгон? б) Жусуп аялына эмнени айтышы керек эле?

ЖУСУП эки жагын кооптоно карап, эшектин жонуна дагы бир жүк артып, капталга акырын чапкылап койду. Көз карашы алда кайда кеткендей алдыдагы узак жолду ойлоп, терең ойго батат. Сүйлөгөн тили, үрп-адаты такыр башка болгон бөтөн эл, бөтөн жерде үй-бүлөсүнүн көргөн күнү кандай болот болду экен?

2 Адегенде суук кабарды айтып, сүйүктүү жарын түпөйүл кылгысы келген эмес. Бирок айтпаска аргасы жок болду. Түшүндө Кудай периштеси аркылуу Ирод падышанын баланы өлтүргөнү жатканын жана тезинен үй-бүлөсү менен Мисирге качышы керектигин айттырды. (Оку: Матай 2:13, 14.) Муну укканда Мариямдын эне жүрөгү зырп дей түштү. Эч кимге зыяны жок бейкүнөө наристеге кара санап, өлтүрүүгө кимдин колу барат? Бул ой атанын да, эненин да акылына сыйбай турду. Бирок алар баарын Жахабага тапшырып, жолго чыгышты.

3. Жусуптун үй-бүлөсү менен Бетлехемден чыгып баратканын сүрөттөп бергиле. (Сүрөттү да карагыла.)

3 Эч кандай жамандыктан капары жок Бетлехем мемиреп таттуу уйкуда жатканда, Жусуп менен Мариям түн жамына шаарчадан чыгып, түштүк тарапты көздөй бет алышты. Аларды тез эле караңгылык жутуп кетти. Түн суюлуп, чыгыш жактан таң агара баштаганда Жусуп бирин-серин көрүнгөн жылдыздарга көз чаптырып, ар түрдүү ойлордун толкунуна термелип барат. Карапайым жыгач уста зулум күчкө каршы туруп, үй-бүлөсүн кантип калкалап калат? Аялын, баласын кантип багат? Жахаба Кудай ыйгарган ыйык милдетин аткарып, адамзат үчүн эң асыл баланы кантип аман-эсен чоңойтот? Мунун баарын ойлоп, ою миң санаага бөлүнөт. Ушундай кыйынчылыктарды башынан кечирген Жусуп аталарга, дегеле баарыбызга ишеним көрсөтүү жагынан жакшы үлгү калтырган.

Жусуп үй-бүлөсүн коргогон

4, 5. а) Жусуптун жашоосу кандайча түп-тамыры менен өзгөргөн? б) Периште Жусупту олуттуу жоопкерчиликти алууга кантип үндөгөн?

4 Назаретте чоңоюп-өскөн Жусуптун жашоосу мындан бир нече убакыт мурун эле такыр башкача болчу. Ал Эли деген кишинин ыймандуу, ак ниет кызы менен баш кошууга убадалашкан эле. Анан эле бир күнү колуктусу ага боюнда бар экенин айтып келди. Ошондо Жусуп жаман болуп, ажырашууну чечкен. Бирок колуктусун эл алдында уят кылбаш үчүн жашыруун түрдө ажырашууну ойлогон *. Бактыга жараша, ага түшүндө периште көрүнүп, Мариямдын боюна Жахабанын ыйык руху аркылуу бүткөнүн, ал баланын «өз элин күнөөлөрүнөн куткарарын» жана Мариямды үйүнө алып келгенден коркпошу керектигин айткан (Мт. 1:18—21).

5 Адил, тил алчаак Жусуп периште айткандай кылып, Кудайдын сүйүктүү Уулун чоңойтуп-өстүрүү жоопкерчилигин өз мойнуна алган. Кийинчерээк боюнда бар аялы менен, падышанын буйругу боюнча, Бетлехемге каттоодон өткөнү барган. Ошол жактан Мариям көз жарган.

6—8. а) Кайсы окуялардан улам Жусуптун үй-бүлөсүнүн жашоосу башка багытка бурулган? б) Жол көрсөткөн «жылдыз» Шайтандан болгонун кайдан билебиз? (Шилтемени да карагыла.)

6 Каттоодон өткөндөн кийин Жусуп менен Мариям Назаретке кайтпай эле, Иерусалимден анча алыс эмес жайгашкан Бетлехемге отурукташып калган. Кедей болушса да, Жусуп үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай, эч кимге кор кылбай баккан. Бирок бир жыл өтүп-өтпөй эле турмуштун агымы кайрадан башка багытка бурулду.

7 Күндөрдүн биринде күн чыгыш тараптан, кыязы, тээ алыскы Бабылдан жылдыз төлгөчүлөр жүйүттөрдүн падышасы боло турган баланы издеп келишет. Аларга бир «жылдыз» жол көрсөтүп, Жусуп менен Мариямдын үйүнө алып келиптир. Ал кишилер Жусуптун үй-бүлөсүнө кадырлуу кишилерге мамиле кылгандай урмат-сый көрсөтүшөт.

8 Өздөрү билгенби, же жокпу, ал жолоочулар наристенин өмүрүнө коркунуч туудурушкан. Көрсө, жанагы жол көрсөткөн «жылдыз» аларды адегенде Иерусалимге алып барган экен *. Ал жактан жылдыз төлгөчүлөр бийлик дегенде кара башын сайган Ирод падышага келечекте жүйүттөргө падыша боло турган баланы издеп жүргөнүн айтышыптыр. Аны уккан Ироддун жүрөгүндө ичи тарлыктын жалыны жалбырттайт.

9—11. а) Жусуптун үй-бүлөсүн ким колдоп-коргоп турган? б) Жусуптун үй-бүлөсүнүн Мисирге тарткан сапары апокрифтик уламыштарда айтылгандардан канчалык айырмаланган?

9 Бирок Жусуптун үй-бүлөсүн Ирод падыша менен Шайтандан да алда канча күчтүү бирөө колдоп турган. Жылдыз төлгөөчүлөр Исаны көргөндө ага толтура белек-бечкек тартуу кылышкан. Ошондо Жусуп менен Мариям күтүлбөгөн жерден кымбат баалуу ладан менен миррага, алтынга марып жатып калышканына ишенип-ишенбей, аябай таң калышса керек. Жылдыз төлгөчүлөр баланы кайсы жерден табышканын Ирод падышага айтып бармакчы болушат. Бирок Жахаба буга жол бербей, аларга түш аркылуу өз өлкөсүнө башка жол менен кайтууну буйруйт. (Оку: Матай 2:1—12.)

10 Алар кетери менен Жахаба периштеси аркылуу Жусупка: «Тур, бала менен анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол, анткени Ирод баланы өлтүрүш үчүн издегени жатат»,— деп айтат (Мт. 2:13). Ошентип, бөлүмдүн башында кеп кылынгандай, Жусуп дароо жолго чыгат. Баласынын өмүрү ал үчүн баарынан маанилүү болгондуктан Жахабанын айткандарын буйдалбастан аткарып, Мисирге жөнөйт. Жолоочулар берген кымбат-баалуу буюмдар ага бөтөн жерде үй-бүлөсүнө кам көрүүдө аябай чоң жардам болгон.

Жусуп уулун коргош үчүн чечкиндүү иш-аракет кылган

11 Апокрифтик уламыштарда Жусуптун үй-бүлөсүнүн Мисирди көздөй тарткан сапары ашыра кооздолуп, апыртылып баяндалат. Мисалы, аларда кичинекей Исанын жолду кереметтүү түрдө кыскартканы, ата-энесин каракчылардан коргогону, атүгүл энеси мөмөсүн үзүп алышы үчүн, финик пальмасын ийип бергени айтылат *. Бирок, чынында, алар жол азабын тартып, узак аралыкты басып өтүшкөн.

Жусуп үй-бүлөсүн коргош үчүн жанын аяган эмес

12. Азыркы бузулган дүйнөдө балдарын тарбиялап жаткан ата-энелер Жусуптан эмнеге үйрөнө алышат?

12 Ата-энелер Жусуптан көп нерсеге үйрөнө алышат. Ал үй-бүлөсүн коргош үчүн бүт иштерин жыйыштырып, жан аябастык менен иш кылган. Ооба, Жусуп үй-бүлөсүн Жахаба берген баалуу белек катары көргөн. Азыркы бузулган, каардуу дүйнөдө балдардын ой жүгүртүүсүн бузган, жүрүм-турумуна терс таасир эткен, атүгүл өмүрүнө коркунуч туудурган нерселер аябай көп. Балдарын ар кыл жамандыктан коргош үчүн, Жусуптай болуп, чечкиндүү иш-аракет кылган ата-энелер, чынында эле, мактоого татырлык.

Жусуп үй-бүлөсүнө кам көргөн

13, 14. Жусуп менен Мариям эмне үчүн Назаретте жашап калышкан?

13 Жусуп менен Мариям Мисирде көпкө турган эмес көрүнөт, анткени көп өтпөй эле Кудайдын периштеси Ирод падышанын өлгөнүн кабарлаган. Ошондуктан Жусуп үй-бүлөсү менен кайра мекенине кайткан. Жахаба байыркы убакта бир пайгамбары аркылуу: «Уулумду Мисирден чакырып алгам»,— деп айттырган болчу (Мт. 2:15). Жусуп ошол пайгамбарлыктын аткарылышына салым кошкон. Эми ал үй-бүлөсү менен каякка барат болду экен?

14 Ал сак болуп, этияттык менен иш кылат. Ирод падышанын ордун баскан Архелай да канкор, зулум падыша болгондуктан, Жусуп Жахаба Кудайдын жетегине баш ийип, кыянат иштерге жык толгон Иерусалим шаарынан алысыраак, өзү чоңоюп-өскөн Назаретке, кетип калат. Ошентип, үй-бүлөсү менен ошол жерде жашап калат. (Оку: Матай 2:19—23.)

15, 16. Жусуптун жумушу кандай болгон жана ал кандай шаймандарды колдонгон?

15 Назаретте алар жупуну жашашкан. Жан багуу бир топ эле кыйын болгон. Ыйык Китепте Жусуптун жыгач уста болгону айтылат. Жыгач устанын иши оор болчу, анткени ал үй куруш үчүн жана кайык, көпүрө, араба, дөңгөлөк, моюнтурук, айыл чарбада колдонулган башка буюм-тайымдарды жасаш үчүн адегенде бакты кыйып, аны сүйрөп келип, кургатчу (Мт. 13:55). Бул машакаттуу мээнет болчу. Ал кездеги жыгач усталар короосунда же үйүнүн жанында курулган устаканада иштей турган.

16 Жусуп колдонгон шаймандардын айрымдары атасынан калган көрүнөт. Ал бурчтук, жипке асма салмоор, боорлонгон жип, балта, араа, сүргүч, балка, жыгач балка, жонгуч, көзөгүч сыяктуу шаймандарды, желимдин ар кандай түрлөрүн, ошол кезде кымбат турган мыктарды колдонгон болуш керек.

17, 18. а) Иса атасынан эмнени үйрөнгөн? б) Жусупка эмне үчүн кара жанын карч уруп иштөөгө туура келген?

17 Колунан көөрү төгүлгөн атасы иштеп жатканда, кичинекей Исанын андан көзүн албай таңыркай тиктеп турганын элестетсеңер. Ал атасынын ишке каныккан көздөрүн, каруулуу колдорунда шаймандар ойноп жатканын көрүп, ичи элжирей суктанганы шексиз. Кыязы, Жусуп уулуна балыктын кургатылган териси менен бактын одуракай жерлерин сүрүп-жылмалоону тапшырып, иштин көзүн таанууга жаштайынан үйрөтө берген. Ал кичинекей устага сикомор, эмен, зайтун дарактары бири-биринен эмнеси менен айырмаланарын да түшүндүрсө керек.

Жусуп уулун өнөр сырына бала кезинен үйрөткөн

18 Иса кара жумушка дасыккан күчтүү атасынын үйүндөгүлөрүн эркелеткен мээримдүү, жумшак үй-бүлө башчысы экенин да билген. Кийинчерээк Жусуп менен Мариям Исадан башка, бери дегенде, алты балалуу болушкан (Мт. 13:55, 56). Андыктан Жусупка бала-бакырасын багыш үчүн кара жанын карч уруп иштөөгө туура келген.

Жусуп үй-бүлөсүнүн Кудай менен болгон мамилесин бекемдөө маанилүү экенин билген

19. Жусуп үй-бүлөсүнүн Кудай менен болгон мамилесин бекемдеш үчүн эмнелерди кылчу?

19 Анткен менен Жусуп үй-бүлөсүнүн Кудай менен болгон мамилесин бекемдөө баарынан маанилүү экенин жакшы билген. Ошол себептен ал балдарына Жахаба Кудай жана анын мыйзамдары жөнүндө айтып берүүгө убакыт бөлгөн. Мариям экөө балдарын дайыма синагогага алып барып турушчу. Ал жерде Кудайдын мыйзамы окулуп, элге түшүндүрүлө турган. Синагогага барып келгенден кийин Иса толгон-токой суроолорду жаадырчу болуш керек. Жусуптун алардын ар бирине жооп берүүгө аракет кылганы күмөнсүз. Андан сырткары, ал үй-бүлөсүн 120 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Иерусалимде өткөрүлгөн чоң майрамдарга да алып барып турчу. Бала-бакырасы менен жыл сайын өткөрүлгөн Пасах майрамына барып-келгенге эки жума кетчү.

Жусуп үй-бүлөсү менен Иерусалимдеги ибадатканага барып турчу

20. Үй-бүлө башчылары Жусупту кантип туурай алышат?

20 Бүгүнкү күндө да үй-бүлө башчылары Жусупту туурашат. Алар, балдары эч нерседен кем болбошу үчүн, жан үрөп иштешсе да, биринчи кезекте алардын Кудай менен болгон мамилесин бекемдөөгө умтулушат. Ошондой эле үй-бүлөлүк сыйынууну үзгүлтүксүз өткөрүш үчүн жана балдарын жыйналыштарга, жыйындарга алып барып туруш үчүн бүт күчүн жумшашат. Жусуптай болуп, алар балдарына Жахаба жөнүндө билим берүүдөн маанилүү эч нерсе жок экенин жакшы билишет.

«Сарсанаа болуп бүттүк»

21. Пасах майрамы өткөрүлгөн учур кандай болгон жана Жусуп менен Мариям Исанын жок экенин качан байкашкан?

21 Иса 12 жашка чыкканда, Жусуп үй-бүлөсүн адаттагыдай эле Иерусалимдеги майрамга алып барат. Теребел көк-жашыл тукабага жамынган жаздын жаркыраган күнүндө алды-арты көрүнбөгөн эл чубап, Пасах майрамына баратат. Көңүлдөрү куунак эл алыстан өсүмдүгү суйдаң келген дөбөдөгү Иерусалимди көргөндө үн созо забурларды ырдап кирет (Заб. 120—134). Ар кайсы жерден жүз миңдеген кишилер агылып келип, бака-шака түшүп, майрамды белгилешет. Майрамдан кийин келгендердин баары кайрадан үйлөрүнө сапар тартышат. Жусуп менен Мариям көпчүлүк менен опур-топур болуп кетип баратып, Исаны туугандары менен келатат деп ойлошот. Анын жок экенин Иерусалимден чыккандан бир күн өткөндөн кийин гана байкашат. Ошондо ата-энеге кандай ойлор келгенин элестетсеңер (Лк. 2:41—44).

22, 23. Исанын жок экенин билгенде Жусуп менен Мариям эмне кылышкан жана Иса табылганда, Мариям эмне деген?

22 Жусуп менен Мариям санаасы санга бөлүнүп, кайра артты көздөй баласын жаны калбай издеп жөнөшөт. Кечөө эле Иерусалимдин шаңга бөлөнгөн көчөлөрү бүгүн буларга кайрымсыз, чоочун сезилет. Алар үнү бүткүчө кыйкырып, баланы издебеген жери калбайт. Эми аны кайдан табышат? Үч күн издегенден кийин Жусуп, балким, Жахаба тапшырган ыйык милдетти дурустап аткара албай калдымбы деп сыздагандыр. Акыры, алар ибадатканага барып, Исаны кадырлуу, билимдүү кишилердин ортосунда отурган жеринен табышат. Ошондо алар жүрөгү ылдыйлап, тынч ала түшүшөт (Лк. 2:45, 46).

23 Иса билерман кишилердин айткандарын кунт коюп угуп, суроо узатып отуруптур. Тигилер болсо бармактай баланын орду менен айткан терең жоопторуна, тунук акылына таң берип отурган экен. Муну көргөн ата-энеси да аябай таң калат. Ыйык Китепте Жусуптун ошондо Исага бир нерсе дегени жазылган эмес. Бирок Мариямдын: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сени издеп, сарсанаа болуп бүттүк»,— деген сөздөрүнөн экөөнүн тең кандай сезимде болгонун биле алабыз (Лк. 2:47, 48).

24. Бала тарбиялоо оңой эмес экени Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?

24 Ушул билдирүүдөн бала тарбиялоо оңой эмес экенин айкын көрүүгө болот. Атүгүл бала жеткилең болгон күндө да, кыйынчылыктар болбой койбойт. Ал эми азыркы коогалаңдуу дүйнөдө бала тарбиялоо барган сайын кыйындап барат. Бирок Кудай ата-энелердин кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын жакшы билет. Бул алардын жүрөгүн жылытары талашсыз.

25, 26. Иса ата-энесине эмне деп жооп берген жана Жусуп анын айткандарын укканда кандай сезимде болгон көрүнөт?

25 Иса асмандагы Атасы Жахабага жакын болгусу келгендиктен жана ал жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалагандыктан ибадатканада калып калган. Ал ата-энесинин аны аябай издегенине таң калып: «Мени эмнеге издедиңер? Атамдын үйүндө болушум керектигин билген эмес белеңер?» — деп айткан (Лк. 2:49).

26 Жусуптун Исанын сөздөрү жөнүндө далай жолу ойлонгону шексиз. Ал уулу менен сыймыктанса керек. Анткени ага Жахаба Кудай менен ынак мамиле өрчүтүүгө жардам бериш үчүн көп күч-аракет жумшаган. Иса асырап алган атасы менен балачагынан тартып жакын мамиледе болгондуктан мээримдүү, камкор ата кандай болорун жакшы билген.

27. Ата катары сага кандай сыймыктуу жоопкерчилик артылган жана эмне үчүн Жусупту туурашың керек?

27 Аталар, эгер балдарыңарды коргоп, мээримиңерге бөлөсөңөр, аларга Жахабаны асмандагы мээримдүү, камкор атасындай көрүүгө жардам бере аласыңар. Өгөй аталардын жана асырап алган балдары бар аталардын да, Жусуптай болуп, ар бир баласын жогору баалап, ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле кылганы маанилүү. Балдарыңарга асмандагы Атасы Жахаба Кудай менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам бергиле! (Оку: Эфестиктер 6:4.)

Жусуп туруктуу болгон

28, 29. а) Лука 2:51, 52деги сөздөрдөн Жусуп жөнүндө эмнени билебиз? б) Исанын акылдуу болуп чоңоюшуна Жусуп кандай салым кошкон?

28 Ыйык Китепте Жусуптун андан аркы жашоосу жөнүндө аз эле айтылса да, алардан көп нерсени биле алабыз. Ыйык Жазмада Исанын «ата-энесине баш ийип, дайыма тил алчаак болгону» жана анын «өсүп-жетилип, барган сайын акылмандыгы артып, Кудайдын да, адамдардын да жактыруусуна ээ боло бергени» айтылган. (Оку: Лука 2:51, 52.) Жеткилең Исанын атасын сыйлап, ага баш ийгенинен Жусуптун үй-бүлө башчысы катары милдетин мыкты аткарганын билүүгө болот.

29 Андан тышкары, Исанын барган сайын акылмандыгы арта бергени Жусуптун анын акылдуу болуп чоңоюшуна чоң салым кошконун айгинелеп турат. Ошол кезде жүйүттөрдүн ооздон оозго айтылып келген бир ылакабы бар болчу. Ал ылакапта бош убактысы көбүрөөк кишилер гана чындап акылдуу боло алышары, ал эми жыгач уста, дыйкан, темир уста сыяктуу кара жумуш кылгандар жакшыны жамандан айырмалай алышпай турганы, адилеттүү сот жүргүзүүгө жөндөмсүз экени жана алардын накыл сөздөр айтылган жерге барбай эле коюшу керектиги айтылган. Иса кийинчерээк ал ылакапты төгүнгө чыгарган. Атасы карапайым уста болсо да, ага кичинекей кезинен тартып эле Жахабанын адилеттүү иштери жана анын көз алдында эмне жакшы, эмне жаман экени жөнүндө көп айтып берген.

30. Жусуп аталарга кандай үлгү калтырган?

30 Жусуп Исаны колунан келишинче бапестеп баккандыктан, ал билеги күчкө толуп, ден соолугу чың киши болуп чоңойгон. Андан тышкары, ал аны өнөр сырына бала кезинен машыктырып, көзүн каныктырып, колун үйрөткөн. Ошондуктан Иса жыгач устанын уулу катары эле эмес, «жыгач уста» катары да таанымал болгон (Мр. 6:3). Ырас, Жусуп мыкты устат болгон. Бүгүнкү күндө да аталар, балдары кийин өз жанын багып кете алышы үчүн, аларды ар тараптуу өнөргө үйрөтүү менен акылдуулук кылышат.

31. а) Жусуптун качан өлгөнүн кайсы окуялардан божомолдоого болот? ( Кутучаны карагыла.) б) Жусуп бизге кандай үлгү калтырган?

31 Иса 30дарга чыгып, чөмүлгөндөн кийинки билдирүүлөрдө Жусуп жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Иса кызматын баштаган убактарда Мариям жесир болгон деп божомолдоого болот. ( «Жусуп качан каза болгон?» деген кутучаны карагыла.) Ооба, Жусуп милдетин мыкты аткарган үй-бүлө башчысы катары жакшы үлгү калтырган. Ал — аталар үчүн, үй-бүлө башчылары үчүн, дегеле Жахаба Кудайдын кызматчыларынын баары үчүн сонун үлгү!

^ 4-абз. Ал кезде баш кошууга убадалашып койгондор никелешкен жубайлардай эле эсептелчү.

^ 8-абз. Ал «жылдыз» кадимки жылдыз болгон эмес, аны Кудай да жиберген эмес. Шайтандын ал табияттан тыш көрүнүштү колдонуп, Исаны өлтүрүүгө аракет кылганы айдан ачык.

^ 11-абз. Ыйык Китепте Иса пайгамбардын «биринчи кереметти» чөмүлгөндөн кийин гана жасаганы так-айкын жазылган (Жкн. 2:1—11).