Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | МАРИЯМ

Анын жүрөгүнө канжар сайылгандай болгон

Анын жүрөгүнө канжар сайылгандай болгон

МАРИЯМ чөгөлөп отурат. Өзөгүн өрттөгөн кайгыдан жүрөгү канчалык сыздап жатканын айтууга сөз жетпейт. Уулунун бир нече саат кыйналып, жан берерде кыйкырганы кулагында дагы деле жаңырып турат. Түшкү маал болгонуна карабай, айлананы караңгылык каптап калган болчу. Уулу өлгөндө, жер катуу силкинген эле (Матай 27:45, 51). Мариямга анын өлгөнүнө баарынан да Жахаба Кудай өзгөчө кайгыргандай, анысын бүт дүйнөгө жарыялагандай сезилген.

Голгота же Баш-Сөөк деп аталган жерди чулгап турган караңгылык түш оогондон кийин тарай баштайт. Мариям ичинен кан өтүп, уулун жоктоп ыйлап отурат (Жакан 19:17, 25). Өткөн күндөр көз алдына тартылып, мындан 33 жылдай мурунку убак эсине түшөт. Күйөөсү Жусуп экөө ымыркайын көтөрүп алып Иерусалимдеги ибадатканага барышканда, улгайып калган Шымон деген пайгамбарга жолугушкан. Ал пайгамбар Исанын укмуштуудай иштерди жасай турганын, бирок бир күнү Мариямдын жүрөгүнө «чоң кылыч сайылгандай» болорун айткан (Лука 2:25—35). Мариям ал сөздүн өзөгүн мына азыр, уулунан айрылып, кан жутуп отурган маалда, түшүнүп жатат.

Мариямдын жүрөгүнө канжар сайылгандай эле болгон

Адам үчүн өз кан-жанынан жаралган баласынан айрылуудан өткөн азап жок чыгар. Өлүм — ырайымсыз душман. Ал бизди сыздатып туруп, жакындарыбызды колдон жулуп кетет (Римдиктер 5:12; 1 Корунттуктар 15:26). Андайда күйүттү кантип көтөрүп кетүүгө болот? Ыйык Китептен Мариямга эмне жардам бергенин биле алабыз. Анда эмесе, келгиле, Иса Машаяк кызматын баштагандан өлгөнгө чейинки жана андан кийинки окуяларга токтололу.

«АЛ СИЛЕРГЕ ЭМНЕ ДЕСЕ, ОШОНУ КЫЛГЫЛА»

Иса өлгөнгө чейин үч жарым жыл мурунку убакка кайрылалы. Мариям ошол кезде уулунун жашоосу өзгөрө турган убак жакындап калганын сезип жүргөн. Назарет деген чакан шаардагылар Жакан пайгамбардын элге сууга чөмүлүп, өкүнүшү керектигин жарыялап жүргөнүн кеп кылып жатышкан. Уулу аны кызматын башташы керектигинен кабар берген белги катары көргөнүн Мариям түшүнсө керек (Матай 3:1, 13). Исанын үй-жайын таштап кетишин Мариям да, бир туугандары да каалаган эмес чыгар. Эмне үчүн ушундай деп айтсак болот?

Ошол кезде Мариямдын күйөөсү Жусуптун көзү өтүп кеткенине көп эле болуп калса керек. Эгер ошондой болсо, Мариям жакын адамынан айрылуу деген эмне экенин жакшы билген чыгар *. Ошондой эле ал убакта Исаны «жыгач устанын... уулу» деп эле эмес, «жыгач уста» деп да аташчу. Элдин ошентип айтканына караганда, сыягы, ал атасынын ишин улап, жыгач устачылык кылган жана энесин, инилерин, карындаштарын баккан (Матай 13:55, 56; Марк 6:3) *. Иса үйдүн улуусу болгондуктан устачылыкка, кыязы, өзүнөн кийинки иниси Жакыпты үйрөткөн күндө да, анын үйдөн кеткени баарына кыйын болмок. Балким, Мариям, Иса кызмат кылып кетип калса, кантип оокат кылабыз деп корккондур. Бирок Ыйык Китепте баяндалган бир окуядан Иса Машаяк болгондо, Мариям кандай кабыл алганын билүүгө болот (Жакан 2:1—12).

Иса Жакан пайгамбарга барып чөмүлүп, Машаяк болгон, башкача айтканда, Кудайдын өзгөчө тапшырмасын аткарууга дайындалган (Лука 3:21, 22). Ошондон кийин ал элчилерин тандай баштаган. Ал кыска убакыт ичинде көп иш бүтүрүш керек болчу, ошентсе да үй-бүлөсү, достору менен бирге көңүл ачууга убакыт тапкан. Бир жолу ал апасы, элчилери жана бир туугандары менен бирге Назареттен 13 километрдей алыс жайгашкан Каана шаарына үйлөнүү тоюна барган. Той учурунда апасы бир нерсени байкап калган. Балким, ал той өткөргөндөр бир нерсеге кабатыр болуп, чый-пыйы чыгып жатканын көрсө керек. Алардын шарабы түгөнүп калган эле. Ысрайылдыктар үчүн бул уят нерсе болчу. Ошондуктан Мариям бул тууралуу Исага айтмакчы болот.

Ал уулуна: «Шарабы түгөнүп калыптыр»,— дейт. Мариям муну ага эмне үчүн айткан? Ал уулунун укмуштуу иштерди кыла ала турган улуу адам экенин билген. Ошондуктан ошондой иштерди жасай баштайт деп үмүттөнсө керек. Чынында, Мариям ага: «Уулум, бир нерсе кылсаңчы»,— деп айткандай эле болгон. Бирок Иса апасын таң калтырып: «Эмне кылышымды каалайсың?» — деп жооп берет. Ыйык Китептин түп нускасы жазылган тилде бул сөздөр анын энесине каршы болгонун билдирет. Муну менен ал энесин жумшактык менен оңдоп, ага кызматына байланыштуу көрсөтмө бербеши керектигин эскерткен. Анткени көрсөтмөлөрдү Атасы, Жахаба Кудай, бермек.

Мариям акылдуу, момун аял болгондуктан уулунун кеңешин кабыл алган. Ошондуктан тойдо кызмат кылып жүргөндөргө: «Ал силерге эмне десе, ошону кылгыла»,— деп айткан. Мариям уулуна тигиндей же мындай кыл деп айтпашы керектигин, тескерисинче, өзү да, башкалар да ал айткандай кылышы керектигин түшүнгөн. Иса да, энесиндей болуп, баш кошуп жаткандардын уят болушун каалаган эмес. Ошондуктан сууну шарапка айлантып, биринчи кереметин жасаган. Натыйжада «шакирттери ага ишенип калышкан». Энеси да ага ишенип, аны жөн эле уулу эмес, Мырзасы жана Куткаруучусу катары көрүп калган.

Бир да ата-эне, Мариямга окшоп, Исадай болгон жеткилең баланы чоңойтуп көргөн эмес. Бирок ата-энелердин баары Мариямдан көп нерсеге үйрөнө алышат. Балдар эресеге жеткенде кыйынчылыктар болору күмөнсүз. Анткени ата-энелер уулу же кызы чоңоюп калса деле, кичинекей кезиндегидей мамиле кыла бериши мүмкүн. Бирок мындай кылуу эстүүлүккө жатпайт (1 Корунттуктар 13:11). Анда ата-энелердин кандай мамиле кылганы туура? Алар балдарынын андан ары да Ыйык Китепте жазылгандарга кармана берерине, ошонун аркасында Жахаба Кудайдын батасын аларына ишеним артышы керек. Ата-энелердин момун болуп, балдарына ишенгенинин натыйжасы жакшы болот. Иса энеси Мариямдын окуяларга бай кийинки жылдары да аны колдоп турганына ыраазы болгону шексиз.

«ИНИЛЕРИ... ИСАГА ИШЕНИШЧҮ ЭМЕС»

Иса Машаяктын үч жарым жылга созулган кызматы баяндалган Инжилдерде Мариям жөнүндө көп деле айтылбайт. Ал кезде Мариям, кыязы, жесир болгондуктан балдарды өзү жалгыз тарбиялап, жаш балдары менен үйдө отурса керек. Ошондуктан Исаны ээрчип Ысрайыл жерин кыдырып кабар айта албаганы түшүнүктүү (1 Тиметей 5:8). Мариям анткен менен пайгамбарлардын Машаяк жөнүндө айткандары тууралуу ой жүгүрткөн жана синагогага — Кудайга сыйына турган жайга — үй-бүлөсү менен барып турган (Лука 2:19, 51; 4:16).

Андыктан Иса Назареттеги синагогада сөз сүйлөгөндө, элдин арасында Мариям да отурса керек. Машаякка байланыштуу көп кылымдар мурун айтылган пайгамбарлык сөздөр уулунун жашоосунда аткарылганын билгенде жана аны уулунун өз оозунан укканда Мариям абдан толкунданган чыгар. Бирок жердештери ага ишенбей койгондо, атүгүл аны өлтүргөнгө аракет кылышканда, жүрөгү ооруса керек (Лука 4:17—30).

Башка балдарынын да Исага ишенбей койгону Мариямды кейиткен. Ыйык Китепте Исанын инилери жөнүндө: «Алар Исага ишенишчү эмес»,— деп жазылат (Жакан 7:5). Ал эми карындаштары тууралуу эч нерсе айтылбайт. Кандай болбосун, үйүндөгүлөрүнүн диний көз карашы бирдей болбогонунан улам Мариям бир топ кыйналса керек. Бирок ал Кудайга болгон берилгендигинен жазган эмес, ошол эле учурда балдарына үстөмдүк кылбастан же мажбурлабастан, жүрөгүн козгогонго аракет кыла берген.

Бир жолу Исанын туугандары аны элдин арасынан «алып кетиш» үчүн келишкен. Алардын арасында инилеринин да болгону шексиз. Алар аны «акылынан айнып калган» деп ойлошкон (Марк 3:21, 31). Мариям, албетте, андай ойдо эмес болчу, бирок ал жакка балдары менен чогуу барган. Балким, ал балдары Исанын айткандарын угуп, ага ишенип калат деп үмүттөнгөндүр. Бирок ал ойлогондой болгон эмес. Иса канча керемет жасаса да, эң туура нерселерди окутса да, инилери ага ишенбей коюшкан. Мариям аларга ачууланды беле? Жок, ачууланган эмес.

Эгер силердин да үй-бүлөңөр диний көз карашыңарды колдобосо, Мариямдан үлгү алсаңар болот. Ал ындыны өчүп, багынып калган эмес. Ал балдарына Исага ишенгендиктен жүрөгү кубанычка толгонун, жан дүйнөсү тынч экенин көрсөткүсү келген. Ошондой эле Кудайга берилгендик менен кызмат кылып жаткан уулун колдогон. Бирок үйдөн алыс жүргөн уулу Исаны сагынган учурлары деле болсо керек. Балким, инилери, карындаштары менен чогуу анын кашында болушун да каалагандыр. Ошентсе да ал энелик сезими үстөмдүк кылышына жол берген эмес. Анткени Исага колдоо көрсөтүү теңдешсиз сыймык экенин түшүнгөн. Силер да балдарыңарга жашоодо Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга койгонго жардам бересиңерби?

«ЖҮРӨГҮҢӨ... ЧОҢ КЫЛЫЧ САЙЫЛАТ»

Исага ишенгени үчүн Кудай Мариямга батасын берди беле? Жахаба ага ишенгендерди эч качан унутпайт, ошондуктан Мариям да анын көз жаздымында калган эмес (Еврейлер 11:6). Мариям уулунун насаат сөздөрүн өз оозунан же башкалардан укканда кандай сезимде болгонун элестетип көрсөк.

Иса көбүнчө Жусуп менен Мариямдан үйрөнгөн нерселерин мисал кылган

Уулунун мисалдарын укканда Мариямдын эсине анын бала чагы түшсө керек. Иса жоголгон тыйынын издеп үйүн шыпырган аялды, жаргылчак тарткандарды, чыракты мисал келтиргенде, Мариям Исанын кичинекей кезиндегисин, ушул сыяктуу иштерди кылып жүргөндө анын жанында жүргөнүн эстегендир (Лука 11:33; 15:8, 9; 17:35). Ал эми Иса анын моюнтуругу ыңгайлуу, жүгү жеңил экенин айтканда, Жусуптун Исага моюнтурукту кантип ыңгайлуу жана мал кыйналбагыдай кылып жасаш керектигин түшүндүрүп жаткан жагымдуу учур көз алдына тартылгандыр (Матай 11:30). Жахабанын ага Машаяк боло турган адамды тарбиялап-чоңойтуу сыймыгын ыйгарганы жөнүндө ойлонуу Мариямга терең канааттануу тартууласа керек. Ошондой эле ал жөнөкөй эле нерселерди, алсак, күнүмдүк турмушту, тиричиликтеги буюмдарды мисал келтирип, мааниси терең ойлорду түшүндүрө билген эң улуу окутуучунун накыл кебин угуудан да рахат алгандыр.

Бирок Мариям текеберденип кеткен эмес. Иса энесин аздектеп, башкалардын аны кудайдай көрүшүнө эч качан жол берген эмес. Бир жолу Исанын сөзүн угуп жаткан элдин арасынан бир аял аны төрөгөн аялдын бактылуу экенин айтканда, Иса: «Жок, Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деген (Лука 11:27, 28). Дагы бир жолу ага энеси менен бир туугандары издеп жүргөнүн айтышканда, ал Кудайдын эркин аткаргандар гана анын энеси, бир туугандары экенин айткан. Мариям буга таарынган эмес, анткени кандаш туугандардын ортосундагы мамилеге караганда, Кудай кошкон туугандардын ортосундагы мамиле жогору турушу керек экенин түшүнгөн (Марк 3:32—35).

Уулунун устунга кадалып, жаны кыйналып өлгөнүн көргөндө Мариямдын жүрөгү канчалык тилинип сыздаганын сүрөттөөгө сөз табылбас. Исанын өлүмүнө күбө болгон элчи Жакан Исанын жаны кыйналып жатканда «жаза устунунун жанында» энеси турганын жазган. Ал уулунун акыркы деми чыкканга чейин жанынан кеткен эмес. Ар бир дем алган сайын, сүйлөгөн сайын жаны көзүнө көрүнүп кыйналганына карабай Иса аны карап турган энесин жакшы көргөн элчиси Жаканга табыштаган, анткени инилери ага ишене элек болчу. Ошондуктан ал энесин аларга эмес, өзүнүн ишенимдүү жолдоочусуна тапшырган. Ал, ушундайча, Кудайга ишенген киши өзүнүн жакындарына, өзгөчө, алардын Кудай менен болгон мамилесинин бекем болушуна кам көрүшү керектигин көрсөткөн (Жакан 19:25—27).

Иса жан бергенде, Шымон пайгамбар айткандай эле, Мариямдын жүрөгүнө канжар сайылгандай болгон. Мариямдын канчалык кайгырганын сөз менен жеткире албагандай эле, үч күндөн кийин канчалык кубанганын да сүрөттөөгө сөз жетпейт. Анткени үч күндөн кийин Мариям кереметтин керемети болгонун — Исанын тирилгенин — билген. Ошондой эле ал Исанын өзүнүн уялашы Жакыпка да көрүнгөнүн билгенде андан бетер кубанганы шексиз (1 Корунттуктар 15:7). Бул жолугушуу Жакыптын да, башка инилеринин да жүрөгүн козгогон. Кийинчерээк алар Исанын Машаяк экенине ишенип калышкан. Ыйык Китепте ошондон көп өтпөй эле алардын жыйналышка энеси менен бирге барып, дайыма Кудайга кайрылып «тиленип жүрүшкөнү» айтылат (Элчилер 1:14). Кийинчерээк алардын экөө, Жакып менен Жүйүт, Ыйык Китептин айрым китептерин жазышкан.

Уулдары Исанын жолдоочусу болгонуна Мариям аябай кубанган

Мариям тууралуу Ыйык Китептеги билдирүү анын уулдары менен жыйналышка барып, тиленип жүргөнү менен аяктайт. Ырас, ал бизге эң сонун үлгү калтырган! Ишеними күчтүү болгондуктан, Мариям жүрөгүнө канжар сайылгандай болсо да, кайгыны көтөрүп кеткен. Ошон үчүн Кудайдын батасын алган. Биздин да ишенимибиз күчтүү болсо, башыбызга кандай гана кыйынчылык түшпөсүн, көтөрүп кетебиз жана өзүбүз ойлогондон да көп бата алабыз.

^ 8-абз. Инжилдерде Исанын 12 жашындагы окуядан кийин Жусуп жөнүндө айтылбайт, ал эми Мариям менен анын башка балдары жөнүндө жазылат. Ошондой эле Исаны бир жолу Жусуптун эмес, «Мариямдын уулу» деп аташканын кезиктирүүгө болот (Марк 6:3).

^ 8-абз. Жусуп Исанын атасы болгон эмес, Иса ыйык рухтан төрөлгөн. Ошондуктан анын инилери менен карындаштары тек гана жатындаш туугандары болгон (Матай 1:20).