Матай 2:1—23

2  Ирод* падышанын убагында+ Жүйүт* жериндеги Бетлехем+ шаарында Иса төрөлгөндөн кийин, Иерусалимге чыгыштан астрологдор+ келишти.  Алар: «Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн падышасы кайда?+ Биз чыгыштан анын жылдызын көрүп+, ага таазим кылганы келдик»,— дешти.  Муну укканда Ирод падышанын жана аны менен бирге Иерусалимдеги бүт элдин тынчы кетти.  Ирод жогорку дин кызматчылар* менен китепчилердин* баарын чогултуп, Машаяктын кайсы жерде төрөлүшү керек экенин сурай баштады.  Алар ага мындай дешти: «Жүйүт жериндеги Бетлехем шаарында төрөлмөк+, анткени пайгамбар аркылуу мындай деп жазылган:  „Жүйүт жериндеги Бетлехем+, сен Жүйүт башкаруучуларынын көз алдында эч нерсеге арзыбаган шаар эмессиң, анткени сенден ысрайыл элимди кайтара турган+ башкаруучу чыгат“»+.  Ошондо Ирод астрологдорду жашыруун чакыртып, жылдыздын качан пайда болгонун сурап билип алды.  Анан аларды Бетлехемге жөнөтүп жатып: «Баргыла да, баланы жакшылап издегиле. Табарыңар менен мага кабарлап койгула: мен да барып, ага таазим кылайын»,— деди+.  Падыша ушуларды айткандан кийин, алар жөнөп кетишти. Чыгышта көрүнгөн жылдыз+ алардын алдында жылып отуруп, бала турган жерге келип токтоду. 10  Муну көргөндө астрологдор аябай сүйүнүп кетишти. 11  Алар үйгө кирип, бала менен анын энеси Мариямды көрүштү да, чөгөлөп, балага таазим кылышты. Анан кымбат баалуу буюмдарын алып чыгып, ладан, мирра* деген жыпарзаттар менен алтын тартуу кылышты. 12  Андан соң Кудай аларга Иродго кайтып барбоону түш аркылуу эскерткендиктен+, алар өз өлкөсүнө башка жол менен жөнөп кетишти. 13  Алар кеткенден кийин, Жусупка түшүндө Жахабанын периштеси көрүнүп+: «Тур, бала менен анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол, анткени Ирод баланы өлтүрүш үчүн издегени жатат»,— деди. 14  Ошондо Жусуп турду да, бала менен анын энесин алып, түн ката Мисирге жөнөдү. 15  Анан Ироддун көзү өткөнчө ошол жакта жашады. Бул Жахабанын пайгамбары аркылуу: «Уулумду Мисирден чакырып алгам»+,— деген сөздөрү аткарылышы үчүн болду+. 16  Астрологдорго алданып калганын түшүнгөндө Ирод аябай каарданып, Бетлехемдеги жана анын тегерек-четиндеги эки жашка чейинки эркек балдардын баарын өлтүрүш үчүн кишилерин жөнөттү. Баланын жашын астрологдордон сурап билгени боюнча аныктады+. 17  Ошондо Жеремия пайгамбар аркылуу айтылган бул сөздөр аткарылды: 18  «Рамада зар какшап, боздоп ыйлап жаткан үн угулду+. Рахил+ балдарынан ажырагандыктан аларды жоктоп, сооронгусу келбей ыйлап жатты». 19  Ироддун көзү өткөндөн кийин, Мисирде жашап жаткан Жусупка түшүндө Жахабанын периштеси көрүнүп+: 20  «Тур, баланы жана анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө, анткени баланы өлтүргүсү келгендер* өлдү»,— деди. 21  Ошондо Жусуп туруп, бала менен анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди. 22  Бирок Жүйүт аймагында Ироддун ордуна уулу Архелайдын падышалык кылып жатканын угуп, ал жакка баргандан коркту. Түшүндө Кудай эскерткендиктен+, ал Галилея+ аймагын көздөй жөнөдү. 23  Ал жерге барып, Назарет+ деген шаарда жашап калды. Бул пайгамбарлардын: «Аны* назареттик деп аташат»+,— деген сөздөрү аткарылышы үчүн болду.

Шилтемелер

Улуу Ирод.
Иудея.
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Сөзмө-сөз: «баланын жанын издегендер».
Б. а. Машаякты.