Марк 6:1—56

6  Ал жактан чыгып, Иса шакирттери менен өз жерине келди+.  Ишемби күнү ал синагогада элди окута баштады. Аны уккандардын көпчүлүгү таң калып: «Мунун баарын бул кайдан билет?+ Мындай акылмандыкты кайдан алган? Ушундай кереметтерди кантип жасап жатат?  Бул жыгач уста эмеспи?+ Жакыптын+, Жусуптун, Жүйүттүн жана Симондун бир тууганы+, Мариямдын уулу эмеспи?+ Карындаштары деле арабызда жүрүшпөйбү»,— деп жатышты. Ошентип, алардын Исага ишенгиси келген жок+.  Ал болсо: «Пайгамбар бардык жерде урматталат. Аны өз жеринде, өз үйүндө+ жана туугандарынын арасында гана урматташпайт»+,— деп айтты.  Иса ал жерде бир нече оорулуунун үстүнө колун коюп, аларды айыктыргандан башка эч кандай керемет жасаган жок.  Ал мекендештеринин ишенбегенине таң калды. Анан тегеректеги айыл-кыштактарды кыдырып, элди окутту+.  Иса он эки шакиртин чакырып, эки-экиден бөлүп жөнөтө баштады+. Ошондой эле аларга жиндерди кууп чыгарууга бийлик берди+.  Ал жолго таяктан башка эч нерсе: нан да, азык салынган баштык да+, акча* да+,  эки кийим да албоону, сандалдарын кийүүнү буйруду+. 10  Андан кийин: «Кайсы үйгө кирбегиле+, кеткениңерче ошол жерде болгула+. 11  Кайсы жерде силерди кабыл алышпаса же угушпаса, ал жактан чыгып баратканыңарда бутуңардагы чаңды күбүп салгыла. Бул аларга каршы күбөлөндүрүү болсун»,— деп айтты+. 12  Анан шакирттер жолго чыгып, эл өкүнүшү үчүн+, кабар айта башташты. 13  Алар көптөрдүн ичинен жиндерди кууп чыгарып+, көп сандаган оорулууларды май менен майлап+ айыктырышты+. 14  Исанын ысмы баарына белгилүү болуп калгандыктан, ал тууралуу Ирод падыша да укту. Кээ бирөөлөр: «Чөмүлдүрүүчү Жакан тирилиптир, ошондуктан ал аркылуу кереметтер жасалып жатат»,— деп айтып жатышты+. 15  Башкалары: «Бул — Илияс»,— десе+, дагы бирөөлөрү: «Бул — байыркы пайгамбарларга окшогон эле пайгамбар»,— деп жатышты+. 16  Буларды уккан Ирод болсо: «Мен башын алдырган Жакан тирилиптир»,— деди+. 17  Анткени ал мурун Жаканды кармап келүүгө кишилерин жиберип, аны чынжыр менен байлатып, түрмөгө камап койгон болчу. Муну ал агасы Филиптин аялы Иродия үчүн кылган эле. Себеби Ирод ага үйлөнүп алганда+, 18  Жакан: «Бир тууганыңдын аялын алганың мыйзамга каршы келет»,— деп бир канча жолу айткан болчу+. 19  Иродия болсо Жаканга кек сактап+, аны өлтүртө албай жүргөн+. 20  Бирок Ирод Жакандын адил, ыйык адам экенин билгендиктен+ андан коркчу+, ошондуктан аны коргоп жүрчү. Жакандын сөздөрүн укканда+ ал эмне кыларын билбей калчу, ошентсе да аны укканды жакшы көрөр эле. 21  Ирод туулган күнүн белгилеп+, төрөлөрү менен миң башыларын жана Галилеядагы аттуу-баштуу кишилерди чакырып той өткөргөндө, Иродия үчүн ыңгайлуу учур+ келди. 22  Анын кызы ортого чыгып, бийлеп берди. Кыздын бийи Иродго жана анын конокторуна+ жагып калды. Ошондо падыша ага: «Каалаганыңды сура, баарын берем»,— деди. 23  Анан: «Сураганыңдын баарын+, атүгүл падышалыгымдын жарымын да берем»,— деп ант берди+. 24  Кыз энесине барып: «Эмне сурайын?» — деди. Энеси: «Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын сура»,— деп айтты+. 25  Кыз дароо падышанын алдына барып: «Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын табакка салып, мага азыр алып келишсин»,— деди. 26  Падыша буга аябай капаланды. Бирок конокторунун алдында ант берип койгондуктан кыздын өтүнүчүн четке каккысы келген жок+. 27  Падыша ошол замат жан сакчысына Жакандын башын алып келүүнү буйруп, түрмөгө жиберди. Ал барып, анын башын алды да+, 28  табакка салып, кызга алып келди, кыз болсо энесине берди+. 29  Муну укканда Жакандын шакирттери келишти да, сөөгүн алып кетип, мүрзөгө коюшту+. 30  Элчилер Исага келип, баарын: эмне кылышканын жана элди эмнеге окутушканын айтып беришти+. 31  Ал: «Мени менен ээн жерге барып+, бир аз эс алып алгыла»,— деди+. Анткени келген-кеткендер көп болгондуктан, алардын тамак ичкенге да убактысы болгон жок+. 32  Ошондуктан алар өздөрүнчө болуш үчүн кайыкка түшүп, ээн жерге кетишти+. 33  Бирок эл алардын кетип баратканын көрүп калгандыктан, алардын кеткенин көптөр билип калды. Ошон үчүн ал жакка бардык шаарлардын тургундары алардан мурун чуркап барышты+. 34  Иса кайыктан түшкөндө көп элди көрүп, аларга боору ооруду+. Анткени алар койчусу жок койлордой эле+. Анан аларды көп нерсеге окута баштады+. 35  Кеч кирип бараткандыктан, шакирттери Исанын жанына келип: «Бул жер ээн экен, анын үстүнө, кеч да кирип баратат+. 36  Элди тарат, тегеректеги айыл-кыштактарга барып, жегенге бир нерсе сатып алышсын»,— дешти+. 37  Иса: «Аларга тамак-ашты силер бергиле»,— деди. Шакирттери болсо: «Эки жүз динарга нан сатып келип, элге берелиби?» — деп сурашты+. 38  Иса аларга: «Канча наныңар бар? Барып, карап келгилечи»,— деди. Алар карап келип: «Беш нан, эки балык бар экен»,— дешти+. 39  Анан Иса элге топ-топ болуп+ көк чөпкө отурууну буйруду+. 40  Алар жүздөн, элүүдөн болуп отурушту+. 41  Иса беш нан менен эки балыкты алды да, асманды карап, тиленди+. Анан нандарды сындырып+, элге таратыш үчүн, шакирттерине бере баштады. Эки балыкты да бардыгына бөлүп берди. 42  Ошентип, баары тоё жешти+. 43  Балыктарды кошпогондо, жегенден калган нанды чогултканда, он эки себет толду. 44  Нан жеген эркектердин саны болсо 5 000 эле+. 45  Ошондон кийин эле Иса шакирттерине кайыкка түшүп, аркы өйүздөгү Бетсаида тарапка барууну буйруду. Өзү болсо элди таратканы калды+. 46  Алар менен коштошкондон кийин тиленүү үчүн тоого чыкты+. 47  Кеч киргенде, кайык деңиздин ортосуна жетип калган эле. Иса болсо тоодо жалгыз болчу+. 48  Ал шакирттеринин каршы тараптан соккон шамалдан улам калактарын араң шилеп баратышканын көрдү+. Анан түнкү төртүнчү күзөт* маалында деңиздин үстү менен басып, аларды көздөй жөнөдү, бирок алардын жанынан кыя өтүп кетмекчи болду. 49  Анын деңиздин үстү менен басып келатканын көргөндө шакирттери көздөрүнө бир нерсе көрүнүп жатат деп ойлоп, катуу кыйкырып жиберишти+. 50  Анткени аны баары көрүп, коркуп кетишти. Бирок Иса ошол замат аларга кайрылып: «Кайраттуу болгула, бул менмин. Коркпогула»,— деди+. 51  Анан алар отурган кайыкка түштү, ошондо шамал басылып калды+. Шакирттер буга аябай таң калып жатышты. 52  Себеби алар нанга байланыштуу кереметтин маанисин дагы деле түшүнө элек эле, жүрөктөрү да ачыла элек болчу+. 53  Аркы өйүздөгү Генисаретке жетип, шакирттер кайыгын жээкке жакын токтотушту+. 54  Алар кайыктан түшөрү менен, ал жердегилер Исаны тааныды. 55  Анан ошол аймакты аралап чуркап, элге кабарлап чыгышты. Ошондо алар оорулууларын замбилге салып, Иса каякта жүрөт деп угушса, ошол жакка алып барышты. 56  Ал кайсы айыл-кыштакка же шаарга кирбесин+, эл оорулууларын базар аянттарына алып келип, андан, жок дегенде, сырт кийиминин этегиндеги чачыларга+ колдорун тийгизүүгө+ уруксат сурап, жалбарып жатышты. Колун тийгизгендердин баары айыгып жатты+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «бел капчыкка салынган жез акча».
Мр 13:35тин шилт-н кара.