Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЖЫЙЫРМАНЧЫ БӨЛҮМ

«Ишенем»

«Ишенем»

1. Марта эмне үчүн күйүт тарткан жана анын абалы канчалык оор болгон?

МАРТАНЫН көз алдынан бир тууганы коюлган, калдайган таш менен жабылган мүрзө такыр кетпей койду. Анын азаптуу күйүтү көкүрөгүнө мүрзөдөгү таштан да оор салмак басып, тынчтык бербей, жан кейитет. Бир боорунан айрылып, аны экинчи көрө албай турганына түк да ишенгиси келбейт. Акыркы төрт күндөн бери ый-өкүрүктөн кулагы тунуп, көңүл айтып келгендердин жүздөрү түштөгүдөй элес-булас кубулуп, же өлүү же тирүү экенин сезбегендей деңдароо.

2, 3. а) Исаны көргөндө Марта кандай сезимде болгон? б) Мартанын сөздөрүнөн эмнени биле алабыз?

2 Марта азыр Бетаниянын сыртында Лазарды жанындай жакшы көргөн, жан аяшпас досунун маңдайында турат. Аны көргөндө ого бетер мукактанып, көзүнө жаш алат. Иса эртерээк келгенде бир тууганын ажалдан алып калбайт беле! Ошентсе да анын карааны эле соороткондой болду. Анын жүрөктү жылыта караганынан кайгысына ортоктош экенин туюп, кадимкидей кайраттана түштү. Исанын суроосу өлгөндөрдүн тирилерине болгон үмүтүн жандандырып, ишенимин бекемдеди. Ошондо Марта: «Сенин дүйнөгө келиши керек болгон Машаяк, Кудайдын Уулу экениңе ишенем»,— деп Ыйык Китептин барактарына жазылып калган күчтүү сөздөрдү айткан (Жкн. 11:27).

3 Анын бул сөздөрү ишеними күчтүү аял болгонун айгинелеп турат. Ыйык Китепте Марта жөнүндө бир аз эле айтылса да, ал билдирүүлөрдөн көп нерсеге үйрөнүп, ишенимибизди бекемдей алабыз. Келгиле анда, ал жөнүндөгү биринчи билдирүүгө токтололу.

«Убара болуп, жаныңды кыйнап жатасың»

4. Мартанын канча бир тууганы болгон жана алар Иса пайгамбар менен кандай мамиледе болушкан?

4 Марта, Мариям жана Лазар бир туугандар болчу. Алар Бетанияда бир үйдө ынтымактуу жашашчу. Бир нече ай мурун эле Лазар бир туугандары менен чогуу кадырлуу конокту, Иса Машаякты, күтүп жаткан эле. Кээ бир окумуштуулар Мартанын конок тосууда демилгени колго алганынан жана айрым учурларда аты биринчи аталганынан аны үйдүн улуусу болсо керек деп ырасташат (Жкн. 11:5). Үч бир туугандын үй-бүлө курган-курбаганы белгисиз. Алар Иса пайгамбардын жакын досторунан болушкан. Жүйүт жеринде кызмат кылып жүргөн кезде көптөгөн каршылыктарга, жаман мамилеге дуушар болгон Иса пайгамбар Лазардын үйүнө келип, эс алып, дем-күч алып кете турган. Лазардын үйү ал үчүн бейкут жай болгону шексиз.

5, 6. а) Иса пайгамбардын келишине Марта эмне үчүн аябай даярданган? б) Иса пайгамбар келгенде, Мариям эмне кылган?

5 Марта үйдүн ырыскы-берекесин сактаган жанда жок мээнеткеч аял болгон. Ал жаны тынбай, дайыма үй иштери менен алек болчу. Иса келерде ал адатынча эле конок камылгасын көрүп жаткан. Ардактуу конокту жана аны менен кошо келе турган кишилерди сыйлап тосуп алып, кенен дасторкон жаймакчы болот. Ошол убакта меймандос болуп, конок күтүү укумдан тукумга, атадан балага ооп келген салт болчу. Үй ээси конокту кучак жайып тосуп алып, бетинен өөп, бутун жууп, башына жыпар жыттуу май куя турган. (Оку: Лука 7:44—47.) Анын алдына чүйгүн тамак тартып, үйдүн мыкты бөлмөсүнө жаткырып, мүмкүнчүлүгүн эч аябай ызааттачу.

6 Марта менен Мариям тамак-ашын белендеп, жан тындырбас мээнетте. Айрымдар Мариямды Мартага караганда сезимталыраак, билим алууга ынтызар болгон деп мүнөздөшөт. Ал башында эжесине жардам берип эле жаткан, бирок Иса пайгамбар келип, Кудай жөнүндө сонун сөздөрдү айта баштаганда, үй-иштерин таштап, аны угуп отуруп калат. Ошол учурдагы диний жетекчилерден айырмаланып, Иса пайгамбар аялдарга терең урмат-сый менен мамиле кылган жана аларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтууга дилгир болгон. Мариям ушундай мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кудуңдап сүйүнүп, пайгамбардын айткандарын кунт коюп угуп, анын ар бир сөзүн бүткүл жан-дили менен кабыл алат.

7, 8. Марта эмне үчүн туталанган жана нааразычылыгын кантип көрсөткөн?

7 Меймандарын ойдогудай тосуш үчүн дагы көп нерсе кылыш керек. Ошон үчүн Марта ого бетер карбаластап убараланат. Ары-бери жүгүрө басып, күйпөлөктөп жаткан Марта сиңдисинин ордунан тап жылбай отурганын кайра-кайра карап туталанып, кабагын бүркөп мурчуят. Аны түшүнсө болот, анткени баарына жалгыз кантип жетишмек эле?

8 Марта, акыры, нааразычылыгын ичине ката албай, Иса пайгамбардын сөзүн бөлүп: «Мырзам, Мариямдын бардык ишти мага таштап койгону сага баары бирби? Айтып койчу, мага жардам берсин»,— деп бурк этет (Лк. 10:40). Анын кесе айткан сөздөрүнөн ыза болгону даана байкалган. Ал атүгүл Иса пайгамбардан Мариямды теске салышын талап кылган.

9, 10. а) Иса пайгамбар Мартага эмне деген? б) Иса пайгамбар Мартанын конок камылгасын ойлогону туура эмес деп айтты беле?

9 Ошондо Иса пайгамбар жумшактык менен: «Марта, Марта, сен көп нерсеге убара болуп, жаныңды кыйнап жатасың. Негизи, аз эле же бир эле нерсе керек. Мариям болсо жакшысын тандап алды, бул андан эч качан тартылып алынбайт»,— деп айтат (Лк. 10:41, 42). Анын сөздөрү Мартаны таң калтырса керек. Иса пайгамбар эмнени айткысы келген? Марта рухий нерселерди баалабайт дегенчелик кылды беле? Же анын дасторкон камын ойлоп, жан алакетке түшкөнү туура эмес дегиси келди беле?

Марта Мырзасынын кеңешин момундук менен кабыл алган

10 Жок. Иса пайгамбар ак пейил, оюнда кылдай да жамандыгы жок Мартанын мунун баарын чын жүрөктөн кылып жатканын жакшы билген. Ал мейманды дасторконду кенен жая тосуп алуу туура эмес деп да айткысы келген эмес. Анткени өзү да мурун Матайдын үйүнө чоң тойго барган болчу (Лк. 5:29). Кеп Мартанын меймандостугунда эмес, эмнени биринчи орунга коюп жатканында болгон. Ал убара болуп жатып, маанилүү нерсени этибарга албай калган. Эмне баарынан маанилүү болгон?

Иса Мартанын меймандостугун баалаган жана анын ниети таза экенин билген

11, 12. Иса пайгамбар Мартанын оюн кантип тууралаган?

11 Мартанын үйүндө Жахаба Кудайдын Уулу Иса Машаяк чындык сөзүн айтып жаткан болчу. Анын сөздөрүн угуудан маанилүү эмне бар эле? Иса пайгамбар Мартанын ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзгөн сонун мүмкүнчүлүктү колдонбой жатканына капа болсо керек, анткен менен анын чечим чыгаруу укугун сыйлап, угуп отурууга мажбурлаган эмес *. Бирок Мартанын Мариямга Иса пайгамбардан билим алышына тоскоолдук кылууга укугу жок болчу.

12 Ошондуктан Иса пайгамбар Мартанын көңүлүн тынчтандырыш үчүн ысымын жумшактык менен эки жолу кайталап, көп убара болуп, жанын кыйнабай эле коюшу керектигин айткан. Айрыкча, Кудай жөнүндөгү баалуу сөздөр айтылып жатканда бир аз эле тамак жетиштүү болмок. Мариям, чынында эле, «жакшысын тандап алгандыктан», Иса пайгамбар андан кантип ошол нерсени тартып алат эле?

13. Иса пайгамбардын Мартага айткан сөздөрүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

13 Бул окуядан биз көп нерсеге үйрөнө алабыз. «Рухий муктаждыгыбызды» канааттандырууга кайсы бир нерселердин тоскоол болушуна эч качан жол бербешибиз керек (Мт. 5:3). Албетте, Мартадай болуп, кең пейил, эмгекчил болгубуз келет, бирок конок тоскондо көп убара болуп жатып, маанилүү нерселерди этибарга албай калгыбыз келбейт. Биз бир туугандарыбызды чүйгүн тамак берип сыйлаш үчүн эле эмес, «рухий белектер» менен бөлүшүп, бири-бирибизди бекемдеш үчүн конокко чакырабыз. (Оку: Римдиктер 1:11, 12.) Дасторконго колдо бар тамакты коюп деле сонун пикирлешип, бири-бирибизге дем-шык берсек болот.

Кайгы жана кубаныч

14. Мартанын кеңешти кабыл алганын кайдан билебиз жана ал бизге кандай үлгү калтырган?

14 Марта Иса пайгамбардын айткандарына кулак кагып, көз карашын өзгөрткөнбү? Ооба. Анткени элчи Жакан Мартанын иниси Лазар жөнүндөгү билдирүүсүндө: «Иса Марта менен Мариямды жана Лазарды жакшы көрчү»,— деген сөздөрдү айткан (Жкн. 11:5). Иса пайгамбардын алардыкында конок болуп кеткенине бир нече ай болуп калган. Марта анын сөзүнө теригип, таарынып калбай, кеңешин көкүрөгүнө түйүп алган. Ал бул жагынан да бизге сонун үлгү калтырган. Кимибиз эле кеңешке такыр муктаж эмесмин деп айта алабыз?

15, 16. а) Лазар ооруп калганда, Марта эмне кылган? б) Марта менен Мариямдын үмүтү орундалды беле?

15 Бир күнү Лазар катуу ооруп калат. Марта инисинин жан кейиткен азабын жеңилдеткиси келип, аябай күйпөлөктөйт. Күн тынымын, тун уйкусун көрбөй эже-сиңди Лазардын жанынан чыкпай, чарк айланат. Бирок анын абалы начарлагандан начарлай берет. Бир тууганынын үстүнө үйрүлүп түшкөн эже-сиңди анын нуру качкан көздөрүн, кер-сары тарткан өңүн көрүп, жүрөктөрү зыркырайт. Марта инисин жалооруй карап, чогуу өткөргөн бактылуу күндөрдү да, кайгылуу күндөрдү да көз алдынан өткөрүп, жүзү муңайым тартат.

16 Лазардын оорусунан өйдө болбой турганына көздөрү жеткенде Марта менен Мариям Иса пайгамбарга киши жиберип: «Мырзам, жакшы көргөн досуң ооруп жатат»,— деп айттырып жиберишет (Жкн. 11:1, 3). Ал Бетаниядан эки күн дегенде келе турган алыс жерде кабар айтып жүргөн. Алар анын Лазарды аябай жакшы көрөрүн билгендиктен досуна жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кыла турганына шектенишкен эмес. Андыктан Иса пайгамбар өтө кеч болуп кала электе келет деп үмүттөнүшкөн чыгар. Бирок Лазар каза болгондо, бүлбүлдөп турган үмүтү жалп өчүп, кан жутуп отуруп калышат.

17. Марта эмнени ойлоп түпөйүлдөнгөн жана Иса пайгамбардын келатканын укканда эмне кылган?

17 Марта менен Мариям аза күтүп, сөөктү жерге беришет. Бетаниянын тегерек-четинен кайгысына ортоктош, санаасына санаалаш болгондордун аягы үзүлбөй чууруп келип жатат. Иса пайгамбардан болсо эч кандай кабар жок. Ан сайын Мартанын ичи бук болуп, түпөйүл сезими улам күчөсө керек. Лазардын сөөгү коюлганына төрт күн болгондо Марта Иса пайгамбардын Бетанияга жакындап калганын угат. Ал ичи эңшерилип кайгырып турса да, сиңдисине эчтеке айтпай эле Иса пайгамбарды көздөй чуркап жөнөйт. (Оку: Жакан 11:18—20.)

18, 19. Марта эмнеге бекем ишенген жана бул эмне үчүн көңүлгө аларлык?

18 Марта Мырзасын алыстан көрөрү менен эле: «Мырзам, бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу» — деп, сиңдиси экөөнүн ичтеги бук болуп камалган арманын төгүп жиберет. Бирок али да болсо үмүтү үзүлө элек Марта Мырзасына: «Кудайдан эмне сураба, ал сага берерин билем»,— деп айтат. Ошондо Иса пайгамбар дароо: «Бир тууганың тирилет» — деп, анын ишенимин бекемдейт (Жкн. 11:21—23).

19 Марта Иса пайгамбар келечекте боло турган тирилүү жөнүндө айтып жатат деп ойлоп: «Анын акыркы күнү, тирилүү убагында тирилерин билем»,— дейт (Жкн. 11:24). Анын тирилүүгө бекем ишенгени көңүлгө аларлык. Садукейлер деп аталган диний жетекчилер, Ыйык Жазмада ачык-айкын жазылса да, тирилүү болоруна ишенишчү эмес (Дан. 12:13; Мр. 12:18). Ал эми Марта Иса пайгамбардын тирилүү болору жөнүндө окутканын, атүгүл өлгөндөрдү тирилткенин да жакшы билчү. Бирок Иса пайгамбар буга чейин өлгөнүнө бир аз эле убакыт болгон кишилерди тирилткен эле. Ал өлгөнүнө төрт күн болуп калган Лазарды тирилте алат болду бекен?

20. Иса пайгамбардын жана Мартанын сөздөрүнүн мааниси эмнени билдирген?

20 Ошондо Иса пайгамбар: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»,— деген көптөргө тааныш сөздөрдү айткан. Ооба, Жахаба Кудай Уулуна миллиарддагандарды тирилтүүгө бийлик берген. Иса пайгамбар Мартадан: «Буга ишенесиңби?» — деп сурайт. Марта ушул бөлүмдүн башында айтылгандай, буйдалбастан: «Ишенем»,— деп жооп берет. Ал Исанын пайгамбарлар алдын ала айткан дүйнөгө келиши керек болгон Машаяк экенине, Кудайдын Уулу экенине ишенген. (Жкн. 5:28, 29; оку: Жакан 11:25—27.)

21, 22. а) Иса пайгамбар күйүт тарткандарды көргөндө эмне болгон? б) Лазардын тирилгенин сүрөттөп бергиле.

21 Жахаба Кудай менен анын Уулу Иса Машаяк Мартаныкындай күчтүү ишеним көрсөткөндөрдү баалайбы? Бул суроого жооп алыш үчүн андан ары эмне болгонун карап көрөлү. Марта тезинен сиңдисин чакырып келет. Иса пайгамбар Мариямды жана аны менен кошо келген күйүт тарткан элди көргөндө каңырыгы түтөйт. Ал башкалардын алдында сезимин көрсөтүүдөн тартынбай, көзүнө жаш алат. Анан мүрзөдөн ташты алып салууну буйруйт (Жкн. 11:28—39).

22 Марта: «Мырзам, эмдигиче жыттанып кетсе керек, төрт күн болуп калбадыбы»,— деп тынчсызданат. Иса пайгамбар ага: «Эгер ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң деп айткан элем го»,— деп эскертет. Марта ишенген, Жахаба Кудайдын даңкын да көргөн. Так ошол учурда Жахаба Уулуна Лазарды тирилтүүгө күч берген. Иса пайгамбардын: «Лазар, чык!» — деп айткан сөздөрү, кепинге оролгон Лазардын мүрзөдөн акырын кыбырап чыгып келатканы, Иса пайгамбардын: «Кепинин чечкиле, бассын»,— деп айткандары, Мариям экөөнүн бир тууганын кыса кучактагандагы эреркеткен ыйы, укмуштуудай бир сүйүнүч алып учканы Мартанын өмүрүнүн аягына чейин жаркын элес болуп калса керек. (Оку: Жакан 11:40—44.) Ошондо анын көөдөнүн баскан муң көпөлөкчө учуп жок болгон!

Марта ишенгени үчүн Лазардын тирилгенин көргөн

23. Жахаба менен Иса Машаяк эмне кылууну каалашат жана ан үчүн сен эмне кылышың керек?

23 Бул билдирүү өлгөндөрдүн тирилиши тек гана куру кыял эмес, Ыйык Китептеги жүрөк жылыткан негизги окуулардын бири экенин жана андай окуялар чынында эле болгонун көрсөтүп турат (Аюп 14:14, 15). Жахаба Кудай менен Иса Машаяк Марта, Мариям, Лазардыкындай күчтүү ишенимге ээ болгондорго сыйлык берүүнү абдан каалайт. Эгер бекем ишеним өрчүтсөң, Жахаба менен Иса Машаяктын сен үчүн даярдап койгон сыйлыгын сөзсүз аласың.

«Конокторду тейлеп жүрдү»

24. Ыйык Китепте Марта жөнүндөгү акыркы билдирүүдө эмне деп айтылган?

24 Ыйык Китепте ошондон кийин Марта жөнүндө бир эле жолу айтылат. Иса пайгамбардын жердеги өмүрүнүн акыркы жумасы болчу. Алдыда азаптуу күндөрдү башынан кечирерин жакшы билген пайгамбар Иерусалимден үч чакырымдай эле алыстыкта жайгашкан Бетаниядагы досторунукуна барган. Ал пес оорусу менен ооруган Симондун үйүндө Лазар менен бир дасторкондо отурган, «Марта болсо конокторду тейлеп жүргөн» (Жкн. 12:2). Ошондон кийин Ыйык Китепте Марта жөнүндө эч нерсе айтылбайт.

25. Кудайдын элинин арасында Мартадай болгон эже-карындаштардын болгону эмне үчүн жакшы?

25 Ооба, Марта адатынча жаны тынбай эмгектенип жүргөн. Ыйык Китепте ал жөнүндөгү биринчи билдирүүдө да, акыркы билдирүүдө да анын башкалардын камын ойлоп, мээнеттенип жүргөнү айтылат. Бүгүнкү күндө Кудайдын элинин арасында Мартадай туруктуу, кең пейил, Жахаба жана бир туугандары үчүн өзүн аябаган эже-карындаштардын болгону кандай сонун! Мартанын өмүрүнүн аягына чейин ошондой бойдон калганы шексиз. Анын сонун сапаттары, бекем ишеними алдыда боло турган кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге жардам берген деп ишенимдүү түрдө айта алабыз.

26. Мартанын күчтүү ишеними эмне кылууга жардам берген?

26 Симондун үйүндө конок болгондон бир нече күн өткөндөн кийин эле Мартанын сүйүктүү Мырзасы азаптуу өлүмгө дуушар болот. Аны өлтүргөн кара мүртөз кишилер бир тууганы Лазардын да көзүн тазалоону көздөшкөн, анткени ал тирилгенден кийин көптөр Иса Машаякка ишенип калган болчу. (Оку: Жакан 12:9—11.) Албетте, өлүм эртеби, кечпи, Мартаны бир туугандарынан ажыраткан. Алардын качан жана кантип өлгөнүн билбейбиз, бирок Мартанын күчтүү ишеними ага акырына чейин туруктуу болгонго жардам бергенинен шектенбесек болот. Ошондуктан баарыбыз аны тууроого чакырылабыз.

^ 11-абз. 1-кылымда жүйүттөрдүн коомунда аялдардын билим алышын туура көрүшчү эмес. Алар көбүнчө үй-иштери менен эле алек болушчу. Андыктан Мартага сиңдисинин окутуучунун жанында айткандарын угуп отурганы өөн учураса керек.