Микей 5:1—15
5 «Жортуул кызы, эми денеңди кескиле+. Бизди душман курчап жатат+. Ысрайылдын сотун таяк менен жаакка чабышат+.
2 Бетлехем Эфрата+, Жүйүттүн миңдегендеринин арасында өтө эле кичинекей болсоң да+, сенден+ менин атыман Ысрайылда башкаруучу боло турган+, эзелки заманда, байыркы күндөрдө жаралган бирөө чыгат+.
3 Ошондуктан төрөй турган аял төрөгөнгө чейин+ Кудай аларды таштап кетет+. Башкаруучунун калган бир туугандары Ысрайыл уулдарына кайтып келет.
4 Ал ордунан туруп, аларды Жахабанын күчү менен, Жахаба Кудайынын ысмынын улуулугу+ менен кайтарат+. Алар коопсуз жашайт+, анткени ал жердин учу-кыйырына чейин улуулугу менен белгилүү болот+.
5 Ал тынчтык алып келет+. Ашурлук биздин жерге келип, мунаралуу чебибизди тебелегенде+, ага каршы жети койчуну, төрө катары башкарууга сегиз адамды тургузабыз.
6 Алар Ашур жерин+ жана Нимрот+ жерин кире беришинде кылыч менен кайтарат+. Жерибизге ашурлук келип, тебелей баштаганда, ал бизди куткарат.
7 Жакыптын калдыгы+ көптөгөн элдердин арасында Жахабадан келген шүүдүрүмдөй+, адамга үмүт артпаган, адам баласын күтпөгөн шүүдүрүмдөй+, чөптү сугарган нөшөрдөй болот+.
8 Жакыптын калдыгы элдердин, көптөгөн элдердин, арасында токой жырткычтарынын арасындагы арстандай болот, отордун арасына кирип, койлорду жара тартып, тебелеп-тепсеген жалдуу жаш арстандай болот+; аларды эч ким куткарбайт.
9 Сенин колуң душмандарыңды жеңет+, сага кас болгондордун баары кырылып жок болот»+.
10 «Ошол күнү,— дейт Жахаба,— мен аттарыңды жок кылам, арабаларыңды талкалайм+.
11 Жериңдеги шаарларды ойрон кылам, чептериңди уратам+.
12 Колуңдан көз байлоочулугуңду жок кылам, ошондо сыйкырчыларыңдын+ бири да калбайт.
13 Оюп жасалган буркандарыңды, ыйык түркүктөрүңдү жок кылам. Ошондон кийин колуң жасаган нерселерге таазим кылбай каласың+.
14 Мен сенин ыйык мамыларыңды кулатам+, шаарларыңды жер менен жексен кылам.
15 Тилимди албаган элдерден ачуум менен, кайнаган каарым менен өч алам»+.