Галатиялыктар 3:1—29
3 Акылсыз галатиялыктар, силерди ким алдады?+ Иса Машаяктын устунга кадалганын+ өз көзүңөр менен көргөндөй эле болбодуңар беле.
2 Силерден бир нерсени сурайын: силер рухту+ мыйзамды аткаруунун аркасында алгансыңарбы+ же жакшы кабарды ишеним менен укканыңардын аркасында алгансыңарбы?+
3 Ушунчалык да акылсызсыңарбы? Рухтун жетеги менен баштап+, эми дененин жетеги+ менен бүтүрүп жатасыңарбы?
4 Ушунча азаптын баарына бекер чыдадыңарбы?+ Бекер деп ойлобойм.
5 Ошентип, силерге ким рух берип+, ким араңарда кереметтерди жасап жатса+, ал муну мыйзамды аткаруунун аркасында жасап жатабы же жакшы кабарды ишеним менен укканынын аркасындабы?
6 Ыбрайым «Жахабага ишенген, ошон үчүн адил деп эсептелген»+.
7 Силер, албетте, ишеними барлардын+ Ыбрайымдын уулдары+ экенин билесиңер.
8 Ыйык Жазма да Кудайдын башка улуттагыларды ишенимдин негизинде адил деп жарыялай турганын алдын ала билип, Ыбрайымга: «Сен аркылуу бардык элдер бата алышат»+,— деп жакшы кабар жарыялаган.
9 Ошондуктан ишеними барлар ишенимдүү Ыбрайым менен бирге+ бата алышууда+.
10 Мыйзам талап кылган иштерге таянгандардын баары каргышка калат. Анткени: «Ким Мыйзам түрмөгүндө жазылгандардын баарын дайыма аткарбаса, ал каргышка калсын»+,— деп жазылган.
11 Андан сырткары, эч кимдин мыйзам аркылуу Кудай алдында адил деп жарыяланбай турганы белгилүү+, себеби «адил адам ишениминин аркасында жашайт»+.
12 Мыйзам болсо ишенимге негизделбейт, бирок «андагы осуяттарды аткарган адам алар аркылуу тирүү болот»+.
13 Машаяк бизди сатып алып+, Мыйзамдын каргышынан бошоткон+, өзү болсо биздин ордубузга каргышка калган+. Анткени: «Устунга кадалган ар бир адам — каргышка калган адам»+,— деп жазылган.
14 Мунун баары Ыбрайымга убада кылынган бата Иса Машаяк аркылуу башка элдерге да тийиши үчүн+ жана биз ишенимибиз аркылуу+ убадаланган рухту алышыбыз+ үчүн болду.
15 Бир туугандар, турмуштан бир мисал келтирейин: келишим бекитилгенден кийин, аны адам бекитсе да, эч ким жокко чыгарбайт же ага эч нерсе кошумчалабайт+.
16 Убадалар Ыбрайымга+ жана анын тукумуна берилген+. «Тукумдарыңа» деп көптөр жөнүндө сөз жүргөндөй айтылбастан, «тукумуңа»+ деп бирөө жөнүндө айтылган+. Ал — Машаяк+.
17 Дагы айтарым, 430 жылдан кийин+ берилген Мыйзам+ Кудайдын мурун бекиткен келишимин бузбайт жана берилген убаданы жокко чыгарбайт+.
18 Анткени мурас мыйзамга негизделсе, анда ал убадага негизделген болбойт+. Ал эми Кудай мурасты Ыбрайымга убада аркылуу берген+.
19 Анда Мыйзам эмнеге берилген? Ал, убада алган тукум келгенге чейин+, кылмыштарды айкын кылыш үчүн+ кошулуп берилген. Мыйзам периштелер аркылуу+ арачынын* колу менен берилген+.
20 Бир эле тарап болгондо, арачынын кереги жок, Кудай болсо бирөө+.
21 Анда Мыйзам Кудайдын убадаларына каршы келеби?+ Эч качан! Анткени өмүргө ээ кыла ала турган мыйзам берилген болсо+, анда адилдикке мыйзам аркылуу жетүүгө болор эле+.
22 Бирок Иса Машаякка болгон ишенимге негизделген убада ишенгендерге берилиши үчүн+, Ыйык Жазма+ бардыгын күнөөнүн камагына алган+.
23 Ишеним келгенге чейин+, биз ачылып берилиши керек болгон ошол ишенимди күтүп+, мыйзамдын кайтаруусу астында камакта болгонбуз+.
24 Ошентип, ишенимдин негизинде адил деп жарыяланышыбыз үчүн+, Мыйзам Машаякка алып баруучу тарбиячыбыз болгон+.
25 Бирок азыр, ишеним келгендиктен+, биз тарбиячынын көзөмөлү астында эмеспиз+.
26 Машаяк Исага ишенгендиктен баарыңар Кудайдын уулдарысыңар+.
27 Машаяк менен биригүү үчүн чөмүлтүлүп+, баарыңар Машаяктай болуп калдыңар+.
28 Мындан ары араңарда жүйүт да, грек да+, кул да, эркин адам да+, эркек да, аял да жок+, анткени баарыңар Машаяк Исанын жолдоочулары катары биримдиктесиңер+.
29 Эгер Машаякка таандык болсоңор, анда силер чын эле Ыбрайымдын тукумусуңар+, убада боюнча мурасчыларсыңар+.
Шилтемелер
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.