Жакан 15:1—27

15  Мен чыныгы жүзүм сабагымын+, Атам болсо багбан+.  Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты ал кыйып салат+, ал эми жемиш бергенин, дагы көбүрөөк жемиш бериши үчүн+, тазалап, бутайт+.  Силер мен айткан сөз аркылуу тазаландыңар+.  Мени менен биримдикте болгула, ошондо мен да силер менен биримдикте болом+. Бутак өз алдынча жемиш бере албагандай эле, силер да мени менен биримдикте болбосоңор, жемиш бере албайсыңар+.  Мен жүзүм сабагымын, силер болсо бутактарсыңар. Ким мени менен биримдикте болсо жана мен да аны менен биримдикте болсом, ал көп жемиш берет+. Ал эми менсиз эч нерсе кыла албайсыңар.  Ким мени менен биримдикте болбосо, ал кыйылып ташталган, куурап калган бутакка окшош. Андай бутактар чогултулуп, отко ыргытылат+.  Эгер мени менен биримдикте болсоңор жана сөздөрүмдү жүрөгүңөрдө сактасаңар, каалаганыңарды сурагыла — орундалат+.  Силер көп жемиш берип, шакирттерим экениңерди далилдеп жатканыңардан улам Атам даңкталып жатат+.  Атам мени сүйгөндөй эле+, мен да силерди сүйөм. Менин сүйүүмдөн айрылбагыла. 10  Мен Атамдын осуяттарын аткарып+, анын сүйүүсүнөн айрылбаганымдай эле, силер да менин осуяттарымды аткарсаңар+, сүйүүмдөн айрылбайсыңар. 11  Муну силерге менин кубанычымды толук сезишиңер үчүн айтып жатам+. 12  Менин осуятым бул: бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө+. 13  Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок+. 14  Эгер силерге буйругандарымды аткарсаңар, менин досторумсуңар+. 15  Эми силерди кул деп атабайм, анткени кул кожоюнунун эмне кылып жатканын билбейт. Мен силерди досторум деп атадым+, себеби силерге Атамдан уккандарымдын баарын ачып бердим+. 16  Силер мени эмес, мен силерди тандадым жана дайыма көп жемиш беришиңер үчүн+, жемишиңер түбөлүккө сакталышы үчүн дайындадым. Ошондуктан Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла, ал силерге берет+. 17  Буларды силерге бири-бириңерди сүйүшүңөр үчүн айтып жатам+. 18  Эгерде дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун мени жек көргөнүн билгиле+. 19  Эгер бул дүйнөгө таандык болсоңор, дүйнө өзүнүкүн сүймөк+. Бирок силер бул дүйнөгө таандык болбогондуктан+ жана мен силерди дүйнөдөн тандап алгандыктан, дүйнө силерди жек көрөт+. 20  Силерге айткан сөзүм эсиңерде болсун: кул кожоюнунан жогору эмес. Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат+. Эгер менин сөзүмдү сакташса, силердин да сөзүңөрдү сакташат. 21  Мунун баарын силерге менин шакирттерим болгонуңар үчүн кылышат, анткени мени жибергенди билишпейт+. 22  Эгер келбесем жана эч нерсе айтпасам, алар күнөөкөр болушмак эмес+. Азыр болсо аларда күнөөсүн актоого эч негиз жок+. 23  Ким мени жек көрсө, ал Атамды да жек көрөт+. 24  Эгерде менден башка эч ким көрсөтпөгөн кереметтерди алардын арасында көрсөтпөсөм+, күнөөкөр болушмак эмес+. Бирок кереметтеримди көрүшкөнүнө карабай алар мени да, Атамды да жек көрүшөт+. 25  Бул алардын Мыйзамындагы: „Мени себепсиз эле жек көрүштү“+,— деген сөздүн аткарылышы үчүн болду. 26  Мен силерге Атамдан жардамчы жиберем+. Атамдан келе турган ал чындык руху мен жөнүндө күбөлөндүрөт+. 27  Силер да мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр+, анткени башынан эле мени менен болдуңар.

Шилтемелер