Лука 22:1—71

22  Пасах деп аталган калама майрамы+ жакындап келаткан эле.  Жогорку дин кызматчылар менен китепчилер Исаны өлтүрүүнүн амалын издеп жатышты+, бирок элден коркушту+.  Ошол убакта он эки шакирттин бири Жүйүт Искариоттун ичине Шайтан кирди+.  Ошондо Жүйүт жогорку дин кызматчылар менен ибадаткананын күзөт башчыларына барып, Исаны алардын колуна кантип салып берери жөнүндө сүйлөштү+.  Алар кубанып, ага күмүш акча берүүнү сунуш кылышты+.  Жүйүт макул болуп, Исаны алардын колуна эл жокто салып бериш үчүн ыңгайлуу учурду издей баштады+.  Ошентип, пасах курмандыгы союла турган калама майрамынын биринчи күнү келди+.  Иса Петир менен Жаканды жөнөтүп жатып: «Барып, бизге пасах тамагын даярдагыла»,— деди+.  Алар: «Кайсы жерге даярдашыбызды каалайсың?» — деп сурашты. 10  Ал: «Шаарга барганыңарда, алдыңардан кумурага суу көтөргөн киши чыгат+. Анын артынан ээрчип барып, ал кирген үйгө киргиле+. 11  Анан үйдүн ээсине: „Устат сенден: “Мен шакирттерим менен пасах тамагын жей турган конок бөлмөсү каерде?” — деп сурап жатат“,— деп айткыла+. 12  Ал силерге үстүнкү кабаттагы чоң бөлмөнү көрсөтөт. Анда керектүүнүн баары болот. Пасах тамагын ошол жерге даярдагыла»,— деди+. 13  Шакирттер барганда, бардыгы Иса айткандай болуп чыкты. Алар пасах тамагын даярдашты+. 14  Тамак иче турган убак келгенде, Иса шакирттери менен дасторконго отурду+. 15  Анан аларга: «Азап чегеримдин алдында силер менен ушул пасах тамагын жегенди самап жүргөм. 16  Анткени, силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышалыгында бардыгы аткарылганга чейин пасах тамагын жебейм»,— деп айтты+. 17  Иса чөйчөктү алып+, Кудайга ыраазычылык билдирди да, шакирттерине: «Муну алып, ар бириңер ичкиле. 18  Силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышалыгы келгенге чейин, шарап ичпейм»,— деди+. 19  Андан кийин нанды алып+, Кудайга ыраазычылык билдирген соң аны сындырды да, шакирттерине узатып жатып: «Бул силер үчүн бериле турган+ денемди билдирет+. Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп айтты+. 20  Кечки тамактан кийин чөйчөктү да алып+, мындай деди: «Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган+ канымдын+ негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет+. 21  Мага чыккынчылык кыла турган киши+ мени менен бир дасторкондо отурат+. 22  Дегинкиси, адам Уулу алдын ала айтылган жол менен баратат+, бирок ага чыккынчылык кыла турган кишинин башына каран түн түшөт!»+ 23  Ошондо шакирттери андай ишке кимиси барышы мүмкүн экенин өз ара талкуулай башташты+. 24  Анан алар кимиси баарынан чоң экени тууралуу катуу талашып киришти+. 25  Иса аларга мындай деди: «Падышалар элге үстөмдүк кылышат, элдин үстүнөн бийлик жүргүзгөндөр жакшылык кылуучулар* деп аталат+. 26  Бирок силер андай болбогула+. Араңардан ким чоң болсо, ал кичүүдөй болсун+, ал эми ким башчы болсо, ал кызматчыдай болсун+. 27  Кимиси чоң: дасторкондо отурганыбы же кызмат кылганыбы? Дасторкондо отурганы эмеспи? Мен болсо силердин араңарда кызматчыдаймын+. 28  Анткен менен силер, сыноолорго кабылганымда+, жанымда болдуңар+. 29  Атам мени менен Падышалык келишимин түзгөндөй+, мен да силер менен Падышалык келишимин түзөм+. 30  Ошентип, силер Падышалыгымда менин дасторконумдан+ ичип-жейсиңер+, тактыларга отуруп+, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар. 31  Симон, Симон, Шайтан+ силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү талап кылды+. 32  Бирок мен сенин ишенимиңдин алсырап калбашын сурап жалындуу тилендим+. Өкүнгөнүңдөн кийин бир туугандарыңды бекемде»+. 33  Ошондо Петир: «Мырзам, сени менен түрмөгө отурганга да, өлгөнгө да даярмын»,— деди+. 34  Буга Иса: «Петир, сага айтып коёюн, бүгүн короз кыйкырганга чейин, мени билбейм деп үч жолу танасың»,— деп айтты+. 35  Андан кийин Иса шакирттеринен: «Силерди капчыксыз, баштыксыз, бут кийимсиз жөнөткөнүмдө+, бир нерсеге муктаж болдуңар беле?» — деп сурады. Алар: «Жок»,— дешти. 36  Ошондо Иса: «Бирок азыр кимдин капчыгы бар болсо, ал аны да, баштыгын да алсын. Кимдин кылычы жок болсо, ал сырт кийимин сатып, кылыч сатып алсын. 37  Силерге айтып коёюн: „Кылмышкер катары эсептелди“+,— деген сөздөр мага байланыштуу аткарылышы керек. Анткени мен жөнүндө жазылгандар аткарылып жатат»,— деп айтты+. 38  Шакирттери ага: «Мырзам, бул жерде эки кылыч бар»,— дешти. «Ошол жетет»,— деди Иса. 39  Анан сыртка чыгып, адатынча Зайтун тоосун көздөй бет алды. Шакирттери артынан жөнөдү+. 40  Ал жакка жеткенде Иса аларга: «Азгырыкка алдырбаш үчүн тиленгиле»,— деди+. 41  Өзү болсо таш ыргытым жерге барды да, чөгөлөп, мындай деп тилене баштады: 42  «Ата, эгер кааласаң, бул чөйчөктү менден алыстата көр. Бирок мен каалагандай эмес+, сен каалагандай болсун»+. 43  Ошондо асмандан периште келип, аны бекемдеди+. 44  Жан дүйнөсү кыйналгандыктан, Иса ого бетер жалындуу тилене баштады+. Анын тери кан тамчыларындай жерге таамп жатты+. 45  Тиленип бүткөндөн кийин шакирттерине келди. Алардын кайгыдан улам чарчап, уктап калышканын көрүп+: 46  «Эмне үчүн уктап жатасыңар? Тургула, азгырыкка алдырбаш үчүн тиленгиле»,— деп айтты+. 47  Ал сүйлөп жатканда, он эки шакирттин бири Жүйүт бир топ кишини баштап келди да+, Исаны өбүш үчүн жанына барды+. 48  Ошондо Иса: «Жүйүт, адам Уулун өөп туруп сатканы жатасыңбы?» — деди+. 49  Эмне болорун түшүнгөндө жанындагылары Исага: «Мырзам, кылыч менен чаап салалыбы?» — дешти+. 50  Алардын бири башкы дин кызматчынын кулунун оң кулагын шылый чапты+. 51  Иса болсо: «Токтоткула, жетишет»,— деди да, кулдун кулагына колун тийгизип, айыктырып койду+. 52  Анан өзүн кармаганы келген жогорку дин кызматчыларга, ибадаткананын күзөт башчыларына жана аксакалдарга: «Каракчыны кармачудай болуп, кылыч, союл көтөрүп келгениңер кандай?+ 53  Күн сайын ибадатканада силер менен жүргөндө+ мага тийген жок элеңер го+. Бирок азыр силердин убагыңар+, караңгылык+ бийлик+ кылган убак»,— деди. 54  Алар Исаны кармап, башкы дин кызматчынын үйүнө+ алып кетишти+. Петир болсо аларды алыстан ээрчип барды+. 55  Ошол жердегилер короонун ортосуна от жагып, чогуу отурушканда, Петир да алардын арасына барып отурду+. 56  Ошондо бир күң оттун жанында отурган Петирди көрүп, тигиле карады да: «Бул да аны менен чогуу жүргөн»,— деди+. 57  Бирок Петир: «Мен аны тааныбайм»+,— деп танып койду+. 58  Бир аздан кийин аны дагы бирөө көрүп: «Сен да ошолордун бирисиң»,— деп айтты. Бирок Петир: «Жок, андай эмес»,— деди+. 59  Бир сааттай өткөндөн кийин, дагы бирөө: «Чын эле, бул да аны менен жүргөн, анткени бул галилеялык!» — деп ишендире айта баштады+. 60  Петир болсо: «Эмне деп жатканыңды түшүнгөн жокмун»,— деди. Ал сүйлөп бүтө электе, короз кыйкырды+. 61  Иса бурулуп, Петирди карады. Ошондо Петир анын: «Короз кыйкырганга чейин, сен менден үч жолу баш тартасың»,— деген сөздөрүн эстеди+. 62  Анан сыртка чыгып, өксөп ыйлады+. 63  Исаны кайтарып турган кишилер аны+ шылдыңдап+, уруп-сого башташты+. 64  Анан бетин жаап: «Пайгамбар болсоң, айтчы, сени ким урду?» — деп сурап жатышты+. 65  Алар аны дагы башка көптөгөн жаман сөздөр менен кордошту+. 66  Таң атканда, эл аксакалдары: жогорку дин кызматчылар менен китепчилер чогулуп+, Исаны Синедриондун залына алып келишти да, ага+: 67  «Эгер Машаяк болсоң+, айт бизге»,— дешти. Ал: «Айтсам деле, баары бир ишенбейсиңер+. 68  Сурасам, жооп бербейсиңер+. 69  Бирок ушундан тартып адам Уулу+ кудуреттүү Кудайдын+ оң жагына отурат»+,— деп айтты. 70  Ошондо алардын баары: «Демек, сен Кудайдын Уулу экенсиң да?!» — дешти. «Муну өзүңөр айтып жатасыңар»,— деди Иса+. 71  Алар: «Бизге дагы башка кандай далил керек?+ Муну азыр эле өз оозунан укпадыкпы»,— дешти+.

Шилтемелер

«Жакшылык кылуучу» деген сөз айкашы бул жерде ардактуу наам катары колдонулган.