Мазмунун көрсөтүү

Тирилүү деген эмнени билдирет?

Тирилүү деген эмнени билдирет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китептеги грек тилинен которулган «тирилүү» (грекче анаʹстасис) деген сөз «туруу» же «кайра туруу» деген маанини туюнтат. Андыктан өлгөн кишинин тирилтилиши анын өлүм уйкусунан тургузулуп, өлгөнгө чейин кандай киши болсо, кайра эле ошондой болуп калыбына келтирилерин билдирет (1 Корунттуктар 15:12, 13).

 «Тирилүү» деген сөздүн өзү Еврей Жазмаларында (же Байыркы Келишимде) кездешпесе да, ал тууралуу түшүнүктү кездештирүүгө болот. Маселен, Кудай Ошуя пайгамбар аркылуу: «Мен элимди көрдөн кун төлөп сатып алам, аларды өлүмдөн кайтарып алам»,— деп айткан (Ошуя 13:14; Аюп 14:13—15; Ышая 26:19; Даниел 12:2, 13).

 Өлгөндөр каякка тирилет? Айрымдар Иса Машаяк менен башкарыш үчүн асмандагы жашоого тирилишет (2 Корунттуктар 5:1; Аян 5:9, 10). Ыйык Китепте ал «биринчи тирилүү» деп аталат жана бул андан кийин да тирилүү болорун айгинелеп турат (Аян 20:6; Филипиликтер 3:11). Андан кийин тириле турган миллиарддаган адамдар жер бетиндеги жашоого тирилишет (Забур 37:29).

 Өлгөндөр кандай болуп тирилет? Кудай Иса Машаякка өлгөн адамдарды тирилтүүгө күч берген (Жакан 11:25). Келечекте Иса Машаяк «мүрзөлөрдө жаткандардын баарын» тирилтип, ар биринин кулк-мүнөзүн, кайталангыс өзгөчөлүгүн, эс тутумун толугу менен мурункусундай кылып калыбына келтирет (Жакан 5:28, 29). Асмандагы жашоого тириле тургандар рухий денеде, ал эми жердеги жашоого тириле тургандар эт менен кандан турган жеткилең денеде тирилет (Ышая 33:24; 35:5, 6; 1 Корунттуктар 15:42—44, 50).

 Кимдер тирилтилет? Ыйык Китепте «адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилери» айтылат (Элчилер 24:15). Адил адамдарга Нух пайгамбар, Саара, Ыбрайым пайгамбар сыяктуу Кудайдын ишенимдүү кызматчылары кирет (Башталыш 6:9; Еврейлер 11:11; Жакып 2:21). Адил эместерге Кудайдын талаптары жөнүндө билүүгө, жашоосунда аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан Кудайга жаккандай жашоо өткөрбөгөн адамдар кирет.

 Ал эми билип туруп күнөө кылган жана күнөөсү үчүн өкүнбөгөн адамдарды Кудай тирилтпейт. Андай адамдар өлгөндө ошол бойдон түбөлүккө жок болушат (Матай 23:33; Еврейлер 10:26, 27).

 Тирилүү качан болот? Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, асманга бара тургандар 1914-жылы башталган Иса Машаяктын катышуусунун убагынан тартып тирилмек (1 Корунттуктар 15:21—23). Ал эми жерде жашай тургандар Иса Машаяктын Миң жылдык башкаруусу убагында жер бети бейишке айланганда тирилишет (Лука 23:43; Аян 20:6, 12, 13).

 Тирилүү болоруна эмне үчүн ишенсе болот? Ыйык Китепте тогуз кишинин тирилгени жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. Ал окуяларды өз көзү менен көргөндөр болгон (1 Падышалар 17:17—24; 2 Падышалар 4:32—37; 13:20, 21; Лука 7:11—17; 8:40—56; Жакан 11:38—44; Элчилер 9:36—42; 20:7—12; 1 Корунттуктар 15:3—6). Алардын ичинен Иса Машаяктын Лазар деген кишини тирилткени жөнүндөгү окуя өзгөчө көңүл бурууга татыйт. Анткени Лазардын өлгөнүнө төрт күн болуп калган жана Иса Машаяк ал кереметти көп элдин алдында жасаган (Жакан 11:39, 42). Атүгүл Иса Машаяктын душмандары да ал кереметти тана алышкан эмес, ошондуктан алар Лазардын да, Иса Машаяктын да көзүн тазалоону көздөшкөн (Жакан 11:47, 53; 12:9—11).

 Ыйык Китептен Кудайдын өлгөндөрдү тирилте аларын жана ошондой каалоосу бар экенин билүүгө болот. Кудайдын эс тутуму чексиз болгондуктан, ал келечекте өзүнүн зор күчүн колдонуп тирилте турган адамдар жөнүндөгү маалыматтар майда-чүйдөсүнө чейин толугу менен сакталат (Аюп 37:23; Матай 10:30; Лука 20:37, 38). Ооба, Кудайдын өлгөн адамдарды тирилтүүгө кудурети жетет, ал өзү да муну самайт. Ыйык Китепте Кудайдын өлгөн адамдарга карата болгон сезими жөнүндө: «Сен... колуңан бүткөндү сагынып, куса болосуң»,— деп айтылат (Аюп 14:15).

Тирилүү жөнүндөгү жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк: Тирилгенде адамдын жаны менен денеси кайрадан биригет.

 Факт: Ыйык Китепте жандын адам өлгөндөн кийин бөлүнүп жашай бере турган нерсе эмес экени, жан адамдын өзүн билдирери айтылат (Башталыш 2:7; Жезекиел 18:4). Демек, адам тирилгенде анын жаны менен денеси кайрадан бирикпейт, ал кайрадан тирүү жан болуп жаратылат.

 Жаңылыш түшүнүк: Айрым адамдар тирилтилет да, дароо жок кылынат.

 Факт: Ыйык Китепте: «Жамандык кылгандар соттолуш үчүн тирилет»,— деп айтылат (Жакан 5:29). Бирок алар өлгөнгө чейин кылган иштеринин негизинде эмес, тирилгенден кийинки иштеринин негизинде соттолушат. Иса Машаяк «өлгөндөр Кудайдын Уулунун үнүн угарын» жана «ага кулак каккандар өмүргө ээ болорун» айткан (Жакан 5:25). «Ага кулак каккандардын», башкача айтканда, тирилгенден кийин алган билимине ылайык жашагандардын ысымы «өмүр түрмөгүнө» жазылат (Аян 20:12, 13).

 Жаңылыш түшүнүк: Тирилген киши өлгөнгө чейинки денеде тирилет.

 Факт: Адам өлгөндө денеси чирип, эч нерсеси калбайт (Насаатчы 3:19, 20).