Лука 7:1—50
7 Иса элге сүйлөп бүткөндөн кийин Капернаумга барды+.
2 Бир жүз башынын жакшы көргөн кулу катуу ооруп, өлүм алдында жаткан эле+.
3 Иса тууралуу укканда жүз башы ага жүйүт аксакалдарын жөнөтүп, анын келип, кулун айыктырып беришин суранды.
4 Алар Исага барып, жалынып-жалбарып: «Ал сенин жардам беришиңе татыктуу,
5 анткени биздин элди жакшы көрөт+. Синагогабызды да ал куруп берген»,— дешти.
6 Иса алар менен жөнөдү. Ал үйгө жакындап калганда, жүз башы ага досторун жиберип: «Мырзам, убара болбо. Үйүмө киришиңе мен татыксызмын+.
7 Ошон үчүн да сага өзүм барган жокмун. Бирок сен бир ооз сөз айтсаң эле, кулум айыгып калат.
8 Анткени мен да бийлик астындагы адаммын, бирок кол алдымда аскерлерим бар. Алардын бирине: „Кет!“ — десем, кетет; башкасына: „Кел!“ — десем, келет. Ошондой эле кулума: „Муну кыл!“ — десем, кылат»,— деп айттырып жиберди+.
9 Муну укканда Иса таң калып, артында келаткан элге бурулду да: «Силерге айтып коёюн, мындай күчтүү ишенимди Ысрайыл жеринен да көргөн эмесмин»,— деди+.
10 Жиберилген кишилер үйгө кайтып келип, кулдун айыгып калганын көрүштү+.
11 Андан көп өтпөй Иса Наин шаарына жөнөдү. Артынан шакирттери менен көп эл баратты.
12 Ал шаардын дарбазасына жакындап калганда, бир аялдын жалгыз уулунун+ сөөгүн көтөрүп чыгышты+. Ал аял жесир эле. Аны шаардан чыккан көп эл коштоп бараткан.
13 Иса аялды көргөндө боору ооруп+: «Ыйлаба»,— деди+.
14 Анан жакын келип, табытка колун тийгизди. Аны көтөрүп бараткандар токтоп калышты. Ошондо Иса: «Жигит, сага айтып жатам, ордуңан тур!» — деди+.
15 Өлгөн бала өйдө болуп, отурду да, сүйлөй баштады. Иса аны энесине тапшырды+.
16 Ал жердегилерди коркунуч басып+, баары: «Арабыздан улуу пайгамбар чыкты»+, «Кудай өз элине назарын салды»,— деп Кудайды даңктап жатышты+.
17 Иса тууралуу кабар бүт Жүйүт жерине, тегерек-четтеги аймактардын баарына тарады.
18 Жаканга шакирттери барып, ушулардын баарын айтып беришти+.
19 Ошондо ал эки шакиртин чакырып, аларды: «Келе турган сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?»+ — деп Исадан сурап келүүгө жөнөттү.
20 Алар Исага барып: «Чөмүлдүрүүчү Жакан бизди сага: „Келе турган сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?“ — деп сурап келүүгө жиберди»,— дешти.
21 Ошол учурда Иса көптөрдү ооруларынан, катуу илдеттеринен айыктырды+, жиндердин бийлигинен бошотту, көптөгөн сокурлардын көзүн ачты.
22 Анан Жакандын эки шакиртине: «Баргыла да+, Жаканга уккан-көргөнүңөрдү айтып бергиле: сокурлардын көзү көрүп+, аксактар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип, жакырларга жакшы кабар+ жарыяланып жатат+.
23 Менден шектенбеген* адам бактылуу»,— деди+.
24 Жакандын шакирттери кеткенден кийин, Иса элге Жакан жөнүндө мындай деди: «Чөлдүү аймакка эмнени көрүш үчүн бардыңар эле? Шамалга ыргалган камыштыбы?+
25 Ал жакка эмнени көргөнү бардыңар эле? Жумшак кездемеден кийим кийген адамдыбы?+ Кымбат баалуу кийим кийгендер, бай жашагандар падыша сарайларында болушат эмеспи+.
26 Анда эмнени көргөнү бардыңар эле? Пайгамбардыбы?+ Силерге айтып коёюн, ал пайгамбардан алда канча чоң+.
27 „Мына, мен сенин алдыңан кабарчымды жөнөтүп жатам+, ал сага жол даярдайт!“+ — деп ошол тууралуу жазылган.
28 Силерге айтып коёюн, аялзатынан төрөлгөндөрдүн арасында Жакандан чоң эч ким жок+, бирок Кудайдын Падышалыгындагылардын кичинеси андан чоң»+.
29 Салык жыйноочулар менен бүт эл бул сөздөрдү укканда Кудайдын адил экенин жарыялашты+, анткени алар Жакан жарыялаган чөмүлдүрүү менен чөмүлтүлүшкөн эле+.
30 Ал эми фарисейлер менен Мыйзам билермандары Кудайдын өздөрүнө карата болгон эркин четке кагып коюшту+, анткени алар Жаканга барып чөмүлтүлүшкөн эмес эле.
31 Андан ары Иса мындай деди: «Бул муундун адамдарын кимге салыштырайын? Алар кимге окшош?+
32 Алар базар аянтында отуруп алып, бири-бирине: „Биз силерге чоор тартып бердик, бирок силер бийлеген жоксуңар. Биз боздодук, бирок силер ыйлаган жоксуңар“,— деп кыйкырып жаткан балдарга окшош+.
33 Анын сыңарындай, Чөмүлдүрүүчү Жакан келди: ал нан да жебейт, шарап да ичпейт. Силер: „Анын ичинде жин бар“,— деп айтып жатасыңар+.
34 Ошондой эле адам Уулу келди: ал жейт, ичет. Баары бир деле силер: „Ал — сугалак, шарапты жакшы көргөн киши, салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөрдүн досу!“ — деп айтып жатасыңар+.
35 Кандай дебегиле, адамдын акылдуу экени+ адил иштеринен көрүнөт»+.
36 Бир фарисей Исаны тамакка чакырды. Иса анын үйүнө барып+, дасторконго отурду.
37 Ошол шаардагыларга күнөөкөр катары таанымал болгон бир аял анын фарисейдин үйүндө экенин билип, жыпар жыттуу май куюлган идиш* көтөрүп келди+.
38 Ал Исанын артына, бут жагына барды да, анын бутуна көз жашын төгүп, ыйлай баштады. Анан чачы менен сүртүп, назик өпкүлөп, жыпар жыттуу май менен майлады.
39 Исаны чакырган фарисей муну көрүп: «Эгерде бул пайгамбар болсо+, ага кандай аял колун тийгизип жатканын, анын күнөөкөр экенин билмек да»,— деп ойлоду+.
40 Иса ага: «Симон, сага айтар бир сөзүм бар»,— деп айтты. Ал: «Айт, Устат!» — деди.
41 Иса: «Бир карыз берүүчүгө эки киши карыз болуп калат: бири 500 динар+, экинчиси 50 динар.
42 Алардын төлөп бергенге эч нерсеси жок болгондуктан, карыз берүүчү экөөнүн тең карызын айкөлдүк менен кечип коёт+. Эми экөөнүн кимиси аны көбүрөөк жакшы көрөт?» — деп сурады.
43 Симон: «Кимисинин карызы көбүрөөк болсо, ошонусу деп ойлойм»,— деп жооп берди. «Туура айттың»,— деди Иса.
44 Анан аялды карап, Симонго: «Бул аялды көрдүңбү? Үйүңө келгенимде, сен мага бутумду жууганга суу берген жоксуң+. Бул аял болсо бутума көз жашын төгүп, чачы менен сүрттү.
45 Сен мени өөп тосуп алган жоксуң+. Бул аял болсо, келгенимден бери, бутумду назик өөп жатат.
46 Сен башымды майлаган жоксуң+. Бул аял болсо бутумду жыпар жыттуу май менен майлады.
47 Ошондуктан, сага айтып коёюн, ал көбүрөөк жакшы көргөндүктөн, күнөөлөрү көп болгонуна карабастан кечирилди+. Ал эми кимдин аз эле күнөөсү кечирилсе, ал азыраак жакшы көрөт»,— деп айтты.
48 Анан аялга: «Күнөөлөрүң кечирилди»,— деди+.
49 Ошондо Иса менен дасторкондо отургандар: «Күнөөлөрдү да кечиргидей бул ким өзү?» — деп өз ара сүйлөшө башташты+.
50 Ал болсо аялга: «Сени ишенимиң куткарды+. Тынчтык менен бара бер»,— деди+.