Мазмунун көрсөтүү

Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктар Исанын Машаяк болгонун далилдейби?

Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктар Исанын Машаяк болгонун далилдейби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба. Иса жерде жүргөн кезинде «дүйнөнүн Куткаруучусу» боло турган «Машаяк Жол башчы» тууралуу көптөгөн пайгамбарлык сөздөрдү аткарган (Даниел 9:25; 1 Жакан 4:14). Атүгүл Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктарды Иса өлгөндөн кийин да аткара берген (Забур 110:1; Элчилер 2:34—36).

 «Машаяк» деген эмнени билдирет?

 «Машиах» (Машаяк) деген еврей сөзү жана ага маанилеш «Христос» деген грек сөзү «майланган» деген маанини туюнтат. Андыктан «Иса Машаяк» деген «Иса Майланган» же «Иса ошол Машаяк» дегенди билдирет.

 Байыркы убакта кимдир бирөө бийлик кылууга дайындалганда, адатта, башына май куюп, анын майланганын көрсөтүшчү (Лебилер 8:12; 1 Шемуел 16:13). Кудай Исаны Машаяк катары дайындап, зор бийликке ээ кылган (Элчилер 2:36). Бирок Кудай Исаны май менен эмес, ыйык рух менен майлаган (Матай 3:16).

 Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктарды Исанын өзүнөн башка кишилер да аткарышы мүмкүн беле?

 Жок. Манжанын изи бир эле кишиге таандык болгондой, Ыйык Китептеги аткарылган пайгамбарлык сөздөр бир гана Машаякка таандык. Бирок Ыйык Китепте мындай эскертүү камтылган: «Жалган Машаяктар, жалган пайгамбарлар чыгат. Алар, мүмкүн болсо, тандалгандарды да адаштырыш үчүн, улуу жышаандарды, кереметтерди көрсөтүшөт» (Матай 24:24).

 Машаяк келечекте келиши мүмкүнбү?

 Жок. Ыйык Китепте Машаяктын Ысрайыл падышасы Дөөтүнүн тукумунан чыгары алдын ала айтылган (Забур 89:3, 4). Бирок б. з. 70-жылы римдиктер Иерусалимди басып алганда, кыязы, жүйүттөрдүн Дөөтүгө чейинки ата-тегинин санжырасы жок кылынган a. Ошол убактан тартып, Исанын Дөөтү падышанын тукумунан чыкканын эч ким далилдей албай калган. Ал күндөрдөн айырмаланып, Исанын күндөрүндө жүйүттөрдүн ата-тегинин санжырасы бар болчу. Ошол себептен атүгүл анын душмандары Исанын Дөөтүнүн тукумунан чыкканын талашка салышкан эмес (Матай 22:41—46).

 Ыйык Китепте Машаякка байланыштуу канча пайгамбарлык жазылган?

 Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Анткени пайгамбарлыктарды саноо ыкмасы ар кандай болушу, атүгүл Машаяктын өзүнө тийиштүү пайгамбарлыктар да ар башкача эсептелиши мүмкүн. Алсак, Ышая 53:2—7-аяттарда тутумунда бир нече пайгамбарлык сөз камтылган Машаякка байланыштуу пайгамбарлык айтылган. Айрымдар бул жерде айтылгандарды бир пайгамбарлык деп эсептесе, башкалар ар бир пайгамбарлык сөздү өз-өзүнчө пайгамбарлык деп эсептеши ыктымал.

 Иса аткарган Машаякка байланыштуу айрым пайгамбарлыктар

 Пайгамбарлык сөз

 Жазылганы

 Аткарылганы

 Ыбрайым пайгамбардын урпагы болмок

 Башталыш 22:17, 18

 Матай 1:1

 Ыбрайымдын уулу Ыскактын тукуму болмок

 Башталыш 17:19

 Матай 1:2

 Ысрайылдын Жүйүт уруусунан төрөлмөк

 Башталыш 49:10

 Матай 1:1, 3

 Дөөтү падышанын тукумунан чыкмак

 Ышая 9:7

 Матай 1:1

 Кыздан төрөлмөк

 Ышая 7:14

 Матай 1:18, 22, 23

 Бетлехемде төрөлмөк

 Микей 5:2

 Матай 2:1, 5, 6

 Эмануел b деген ат коюлмак

 Ышая 7:14

 Матай 1:21—23

 Башынан эле момун болмок

 Ышая 53:2

 Лука 2:7

 Ал төрөлгөндөн кийин ымыркай балдар өлтүрүлмөк

 Жеремия 31:15

 Матай 2:16—18

 Мисирден чакыртылмак

 Ошуя 11:1

 Матай 2:13—15

 Назареттик c деп аташмак

 Ышая 11:1

 Матай 2:23

 Алдына кабарчысын жибермек

 Малаки 3:1

 Матай 11:7—10

 Б. з. 29-жылы d Машаяк катары майланмакм

 Даниел 9:25

 Матай 3:13—17

 Кудай аны өзүнүн Уулу экенин айтмак

 Забур 2:7

 Элчилер 13:33, 34

 Кудайдын үйүнө болгон ынтасынан улам ичи өрт болмок

 Забур 69:9

 Жакан 2:13—17

 Жакшы кабарды жарыяламак

 Ышая 61:1

 Лука 4:16—21

 Галилеяда кызмат кылып жүргөндө, эл улуу жарыкты көрмөк

 Ышая 9:1, 2

 Матай 4:13—16

 Муса пайгамбарга окшоп, кереметтерди жасамак

 Мыйзам 18:15

 Элчилер 2:22

 Муса пайгамбарга окшоп, Кудайдын атынан сүйлөмөк

 Мыйзам 18:18, 19

 Жакан 12:49

 Көптөрдү ооруларынан айыктырмак

 Ышая 53:4

 Матай 8:16, 17

 Өзүнө көңүл бурдурмак эмес

 Ышая 42:2

 Матай 12:17, 19

 Кыйналгандарга боору оорумак

 Ышая 42:3

 Матай 12:9—20; Марк 6:34

 Кудайдын адилеттүүлүгүн ачып бермек

 Ышая 42:1, 4

 Матай 12:17—20

 Кереметтүү Кеңешчи болмок

 Ышая 9:6, 7

 Жакан 6:68

 Жахабанын ысмын жарыяламак

 Забур 22:22

 Жакан 17:6

 Мисал менен сүйлөмөк

 Забур 78:2

 Матай 13:34, 35

 Жол башчы болмок

 Даниел 9:25

 Матай 23:10

 Көптөр ага ишенмек эмес

 Ышая 53:1

 Жакан 12:37, 38

 Чалына турган таш болмок

 Ышая 8:14, 15

 Матай 21:42—44

 Адамдар аны четке кагышмак

 Забур 118:22, 23

 Элчилер 4:10, 11

 Себепсиз эле жек көрүндү болмок

 Забур 69:4

 Жакан 15:24, 25

 Иерусалимге салтанаттуу түрдө кодик минип кирип келмек

 Закарыя 9:9

 Матай 21:4—9

 Балдар аны даңкташмак

 Забур 8:2

 Матай 21:15, 16

 Жахабанын ысмы менен келмек

 Забур 118:26

 Жакан 12:12, 13

 Жакын кишиси сатып кетмек

 Забур 41:9

 Жакан 13:18

 Отуз күмүш тыйынга сатылмак e

 Закарыя 11:12, 13

 Матай 26:14—16; 27:3—10

 Достору таштап кетмек

 Закарыя 13:7

 Матай 26:31, 56

 Жалган күбөлөр жалаа жабышмак

 Забур 35:11

 Матай 26:59—61

 Айыпташканда, жооп бермек эмес

 Ышая 53:7

 Матай 27:12—14

 Уруп-сабашмак

 Ышая 50:6

 Матай 26:67; 27:27, 30

 Башына урушмак

 Микей 5:1

 Марк 15:19

 Ур-токмокко алышмак

 Ышая 50:6

 Жакан 19:1

 Уруп-сабагандарга каршылык көрсөтмөк эмес

 Ышая 50:6

 Жакан 18:22, 23

 Бийлик башындагылар ага каршы чыгыш үчүн бир кишидей биригишмек

 Забур 2:2

 Лука 23:10—12

 Колу-бутун мык менен кагып, устунга кадашмак

 Забур 22:16

 Матай 27:35; Жакан 20:25

 Кийими үчүн өкчөмө таш ыргытышмак

 Забур 22:18

 Жакан 19:23, 24

 Кылмышкер катары эсептешмек

 Ышая 53:12

 Матай 27:38

 Шылдыңдап, мазакташмак

 Забур 22:7, 8

 Матай 27:39—43

 Күнөөкөрлөр үчүн азап чекмек

 Ышая 53:5, 6

 1 Петир 2:23—25

 Кудай аны таштап койгондой болмок

 Забур 22:1

 Марк 15:34

 Шарап беришмек

 Забур 69:21

 Матай 27:34

 Өлөр алдында суусамак

 Забур 22:15

 Жакан 19:28, 29

 Рухун Кудайга тапшырмак

 Забур 31:5

 Лука 23:46

 Өмүрүн бермек

 Ышая 53:12

 Марк 15:37

 Адамзатты күнөөдөн арылтыш үчүн өмүрүн кун катары бермек

 Ышая 53:12

 Матай 20:28

 Бир да сөөгү сынмак эмес

 Забур 34:20

 Жакан 19:31—33, 36

 Найза менен сайылмак

 Закарыя 12:10

 Жакан 19:33—35, 37

 Сөөгү байлар менен коюлмак

 Ышая 53:9

 Матай 27:57—60

 Тирилтилмек

 Забур 16:10

 Элчилер 2:29—31

 Сатып кеткен шакиртинин ордуна башка шакирт тандалмак

 Забур 109:8

 Элчилер 1:15—20

 Кудайдын оң жагына отурмак

 Забур 110:1

 Элчилер 2:34—36

a Макклинток менен Стронгдун энциклопедиясында: «Жүйүт урууларынын жана үй-бүлөлөрүнүн тизмеси Иерусалим талкаланганга чейин эмес, так ошол маалда жоголуп кеткени бир аз шек туудурат»,— деп жазылган.

b «Кудай биз менен» дегенди билдирген Эмануел деген еврей ысмы Исанын Машаяк катары аткарган ролун таамай сүрөттөйт. Анын жерге келгени жана кылган иштери Кудайдын өзүнө сыйынган адамдар менен бирге экенин далилдеген (Лука 2:27—32; 7:12—16).

c Сыягы, «назареттик» деген сөз «чырпык» деген маанини берген нэтсер деген еврей сөзүнөн келип чыккан.

d Машаяктын б. з. 29-жылы келишине байланыштуу ыйык китептик хронология тууралуу көбүрөөк билүү үчүн «Даниелдин Машаяктын келиши жөнүндөгү пайгамбарлыгы» деген макаланы карагыла.

e Бул пайгамбарлык Закарыя китебинде жазылган, бирок Ыйык Китептин бир жазуучусу Матай бул сөздөрдүн «Жеремия пайгамбар аркылуу айтылганын» айткан (Матай 27:9). Сыягы, Жеремия китеби Ыйык Китептин «пайгамбарлардын жазуулары» деп аталган бөлүгүндө айрым учурларда биринчилерден болуп жайгашчу (Лука 24:44). Матай, кыязы, «Жеремия» китеби тууралуу айтканда, өз ичине Закарыя китебин камтыган ошол китептердин жыйындысын айтса керек.