Жакан 13:1—38
13 Иса бул дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган убагы+ келип калганын пасах майрамына чейин эле билчү+. Ал бул дүйнөдөгү шакирттерин сүйдү+, аларды акырына чейин сүйдү.
2 Кечки тамак учуру эле. Ибилис буга чейин эле Симон уулу Жүйүт Искариоттун жүрөгүнө Исага чыккынчылык кылуу жөнүндө+ ой салып койгон болчу+.
3 Иса Атасынын бардык нерсени өзүнүн колуна тапшырганын+ жана өзүнүн Кудайдан келип, кайра ага баратканын билчү+.
4 Ал дасторкондон туруп, сырт кийимин чечти да, белине сүлгү байлады+.
5 Анан чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп+, белиндеги сүлгү менен аарчый баштады.
6 Симон Петирдин жанына келгенде, ал: «Мырзам, сен менин бутумду жууйсуңбу?» — деди+.
7 Иса ага: «Менин эмне кылып жатканымды сен азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң»,— деди+.
8 Петир: «Мен сага бутумду эч качан жуудуртпайм»,— деди. Иса болсо: «Эгер жуубасам+, мени менен үлүшүң болбойт»,— деп айтты.
9 Ошондо Петир: «Мырзам, анда бутумду эле эмес, колумду да, башымды да жуу»,— деди.
10 Буга Иса: «Жуунган киши+ таптаза болгондуктан, бутун гана жууш керек. Силер да тазасыңар, бирок араңардан бирөө таза эмес»,— деп айтты.
11 Ал кимдин чыккынчылык кыларын билгендиктен+: «Араңардан бирөө таза эмес»,— деп айтты.
12 Шакирттеринин бутун жууп бүтүп, сырт кийимин кийген соң Иса кайрадан дасторконго отурду да, аларга мындай деди: «Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү?
13 Мени „Устат“+, „Мырза“ дейсиңер+. Мунуңар туура, анткени мен, чынында эле, Устатмын+, Мырзамын.
14 Эгер мен Мырза, Устат болуп туруп бутуңарды жуусам+, анда силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек+.
15 Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырдым+.
16 Силерге чындыкты айтып коёюн, кул өз мырзасынан жогору эмес, ошондой эле жиберилген өзүн жибергенден жогору эмес+.
17 Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар+.
18 Баарыңар жөнүндө айтып жаткан жокмун. Мен өзүм тандап алгандарды билем+. Бирок Ыйык Жазмадагы: „Нанымды жеп жүргөн киши мага каршы чыкты*“+,— деген сөздөр ушундайча аткарылышы керек+.
19 Булар аткарылганда, келиши керек болгондун өзү мен экениме ишенишиңер үчүн, силерге муну аткарыла электе эле айтып жатам+.
20 Силерге чындыкты айтып коёюн, ким мен жибергендерди кабыл алса, ал мени да кабыл алган болот+. Ал эми ким мени кабыл алса, ал мени жибергенди да кабыл алган болот»+.
21 Ушуларды айткандан кийин Иса катуу кайгырып: «Силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө мага чыккынчылык кылат»,— деп ачык айтты+.
22 Шакирттери анын ким жөнүндө айтканын түшүнбөй, бири-бирин карай башташты+.
23 Алардын бири Исанын жанында* жамбаштап жаткан эле. Иса аны жакшы көрчү+.
24 Симон Петир ага ымдап белги берди да: «Айтчы, ким жөнүндө айтып жатат?» — деди.
25 Тиги болсо башын Исанын төш жагына жакындатып: «Мырзам, ал ким?» — деп сурады+.
26 Иса: «Бир үзүм нанды табакка малып, кимге берсем, ал — ошол»+,— деп жооп берди. Анан нанды табакка малып, Симон Искариоттун уулу Жүйүткө сунду.
27 Ал нанды алгандан кийин, ичине Шайтан кирди+. Ошондо Иса Жүйүткө: «Кылып жаткан ишиңди батыраак кыл»,— деди.
28 Бирок дасторкондо отургандардын эч кимиси Исанын ага эмне үчүн ошентип айтканын түшүнгөн жок.
29 Акча салынган куту Жүйүттө болгондуктан+, кээ бирөөлөрү Иса ага майрамга карата керектүү нерселерди сатып алууну же жакырларга бир нерсе берүүнү буйруду деген ойдо калышты+.
30 Исанын колунан нанды алгандан кийин Жүйүт дароо сыртка чыгып кетти. Түн эле+.
31 Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Иса мындай деди: «Азыр адам Уулу даңкталып жатат+. Ал эми ал аркылуу Кудай даңкталууда.
32 Кудай аны өзү даңктайт+, аны ошол замат даңктайт.
33 Балдар+, силер менен дагы бир аз эле убакыт болом. Мени издейсиңер. Бирок жүйүттөргө: „Мен бара турган жакка силер бара албайсыңар“+,— деп айткан сөздөрүмдү азыр силерге да айтам.
34 Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй+, силер да бири-бириңерди сүйгүлө+.
35 Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»+.
36 Симон Петир андан: «Мырзам, кайда баратасың?» — деп сурады. Иса: «Мен бараткан жакка сен азыр бара албайсың, кийин барасың»,— деп жооп берди+.
37 Буга Петир: «Мырзам, эмнеге азыр артыңдан бара албайм? Сен үчүн жанымды да кыюуга даярмын»,— деди+.
38 Ошондо Иса: «Мен үчүн жаныңды кыюуга да даярсыңбы? Сага чындыкты айтып коёюн, короз кыйкырганга чейин, менден үч жолу баш тартасың»,— деп айтты+.