Матай 22:1—46
22 Иса аларга жооп берип жатып дагы мындай мисал келтирди+:
2 «Асман Падышалыгы уулунун үйлөнүү тоюн+ өткөргөн падышага окшош.
3 Ал өзүнүн кулдарын тойго келе тургандарды чакырганы жөнөтөт+, бирок алардын келгиси келбейт+.
4 Ал чакырылгандарга дагы башка кулдарын жиберип+: „Дасторконумду белендеп+, өгүздөрүм менен борго байланган малымды союп, баарын даярдап койдум. Тойго келгиле“,— деп айттырат+.
5 Бирок тигилер кайдыгерлик кылып, бири талаасына, экинчиси соода иштери менен кетип калат+.
6 Калгандары болсо кулдарды кармап алып, кордук көрсөтүп, өлтүрүп салышат+.
7 Буга падышанын каары кайнап, аскерлерин жиберет. Алар ошол киши өлтүргүчтөрдү кырып, шаарын өрттөп салышат+.
8 Анан падыша кулдарына: „Той даяр, бирок чакырылгандар татыксыз болуп калышты+.
9 Ошондуктан шаардын чоң көчөлөрүнө чыгып, кезиккендердин баарын тойго чакыргыла“,— дейт+.
10 Кулдар көчөлөргө чыгып, жолуккандардын баарын: жаманын да, жакшысын да чогултушат+. Ошентип, той өткөрүлчү жай конокко* толот+.
11 Падыша меймандарды көргөнү кирип, тойго ылайыксыз кийим+ кийип келген бирөөнү байкайт.
12 Анан андан: „Дос, бул жерге ылайыксыз кийим менен кантип кирдиң?“+ — деп сурайт. Ал үндөбөйт.
13 Ошондо падыша кызматчыларына: „Мунун колу-бутун байлап, сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жакта ыйлап, тишин кычыратат“,— дейт+.
14 Чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз»+.
15 Ошондо фарисейлер кетип, Исаны сөзүнөн кармаш үчүн+ өз ара кеңешишти.
16 Анан ага өз шакирттерин Ироддун жактоочулары менен бирге жөнөтүштү+. Алар келип: «Устат, сенин дайыма чындыкты сүйлөөрүңдү жана Кудайдын жолун чындыкка ылайык үйрөтөрүңдү билебиз. Сен эч кимге жагынбайсың, анткени адамдардын ээлеген абалына карабайсың+.
17 Ошондуктан, оюңду айтчы, падышага* киши башына төлөнчү салыкты төлөө туурабы же туура эмеспи?» — дешти+.
18 Иса алардын арам оюн билип: «Мени эмнеге сынап жатасыңар, эки жүздүүлөр?+
19 Салыкка төлөнчү тыйынды көрсөткүлөчү»,— деди. Ага бир динар алып келишти.
20 «Бул жерде кимдин сүрөтү тартылып, кимдин аты жазылган?» — деп сурады Иса+.
21 Алар: «Падышанын»,— дешти. Ошондо Иса: «Анда падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деди+.
22 Муну укканда алар таң калышты, анан ал жерден кетишти+.
23 Өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген садукейлер ошол күнү Исага келип, мындай деп сурашты+:
24 «Устат, Муса: „Эгерде кимдир бирөө бала көрбөй өтүп кетсе, аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын“,— деген болчу+.
25 Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, тукумсуз өтүп кетти. Анын аялын экинчиси алды+.
26 Бирок ал да, андан кийин үчүнчүсү да, ошентип, жетөө тең бала көрбөй өтүп кетишти+.
27 Акырында аял да өлдү.
28 Өлгөндөр тирилгенде, ал жети бир туугандын кимисинин аялы болот? Анткени аны баары алышкан болчу»+.
29 Иса мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазманы да, Кудайдын күчүн да билбегендиктен адашып жүрөсүңөр+.
30 Анткени өлгөндөр тирилгенде аял алышпайт, күйөөгө чыгышпайт+. Алар асмандагы периштелердей болушат.
31 Ал эми өлгөндөрдүн тирилерине байланыштуу Кудайдын силерге эмне деп айтканын окуган эмес белеңер?+
32 Кудай: „Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын“,— деген+. Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы»+.
33 Муну уккан эл анын окутуусуна таң калды+.
34 Исанын садукейлерди сөзгө жыкканын угуп, фарисейлер чогула калышты.
35 Анан алардын арасынан Мыйзамды жакшы билген бирөө Исаны сынап+:
36 «Устат, Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деп сурады+.
37 Ал мындай деди: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“+.
38 Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят.
39 Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“+.
40 Бүт Мыйзам да, пайгамбарлардын айткандары да ушул эки осуятка негизделет»+.
41 Фарисейлер чогуу турганда, Иса алардан+:
42 «Машаяк жөнүндө эмне деп ойлойсуңар? Ал кимдин уулу?» — деп сурады. Алар: «Дөөтүнүн»,— дешти+.
43 Ошондо Иса: «Анда эмне үчүн Дөөтү ыйык рухтун таасири менен+ аны „Мырзам“ деп атайт?
44 Ал: „Жахаба менин Мырзама: “Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур”,— деди“+,— дебеди беле?
45 Эгерде Дөөтү аны „Мырзам“ деп атаса, анда Машаяк кантип Дөөтүнүн уулу болсун?» — деп сурады+.
46 Буга эч ким эч нерсе деп жооп бере алган жок. Ошол күндөн тартып ага суроо берүүгө эч ким даабай калды+.
Шилтемелер
^ Же: «императорго»; грек. кесар.