1 Петир 2:1—25
2 Ошондуктан ар кандай жамандыктан+, алдамчылыктан, эки жүздүүлүктөн, көрө албастыктан, жалаа жабуудан алыс болгула+ жана
2 жаңы төрөлгөн балдардай болуп+, Кудайдын сөзүндөгү таза сүткө+ карата сүйүү өрчүткүлө. Аны менен азыктансаңар, өсүп, куткарылууга жетесиңер+.
3 Анткени силер Мырзабыздын боорукер экенин татып калдыңар+.
4 Силер ага — адамдар+ жаратпай койгон+, бирок Кудай тандап алып, жогору баалаган+ тирүү ташка+ — жакындагандыктан,
5 Иса Машаяк аркылуу Кудайга жагымдуу+ рухий курмандыктарды+ чалган ыйык дин кызматчылар тобун түзүшүңөр үчүн, тирүү таштар болуп эсептелген өзүңөрдөн рухий үй тургузулат+.
6 Анткени Ыйык Жазмада: «Мен Сионго пайдубалдын бурчуна коюлуучу ташты — тандалган, кымбат баалуу ташты — коюп жатам. Ага ишенген адамдын көңүлү эч качан калбайт»,— деп айтылат+.
7 Демек, ишенгендер, силер үчүн ал — кымбат баалуу таш, ал эми ишенбегендер үчүн «куруучулар жаратпай койгон+, бирок бурчка коюлган таш»+,
8 ал — «адамдар чалына турган таш, алар кулай турган аска»+. Алар Сөзгө баш ийбегендиктен чалынып жатышат. Дегинкиси, аларга ошол нерсе белгиленген болчу+.
9 Ал эми силер «тандалган тукумсуңар, падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчыларсыңар, ыйык элсиңер+, Кудайдын өзгөчө элисиңер»+. Силерди караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына+ чакыргандын «укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялаш» үчүн тандалгансыңар+.
10 Бир кездерде эл эмес элеңер, азыр Кудайдын элисиңер+; силерге кайрымдуулук көрсөтүлчү эмес, азыр болсо көрсөтүлдү+.
11 Бул дүйнөдө келгиндер жана убактылуу тургундар катары жашап жаткан+ сүйүктүү бир туугандарым, силерди жаныңарга каршы күрөшкөн+ дененин каалоолорунан+ качууга үндөйм.
12 Башка элдердин арасында жүрүм-турумуңар мындан ары да үлгүлүү болсун+. Алар силерди жамандык кылуучулар деп айыпташканда, жакшы иштериңерди көрүп+, Кудай текшерген күнү+ Аны даңкташат.
13 Мырзабыз үчүн бийлик башындагылардын+ баарына баш ийгиле+: жогорку абалды ээлеген падышага болобу+
14 же ал тарабынан дайындалып, жаман иш кылгандарды жазалоого, ал эми жакшы иш кылгандарды мактоого жиберилген башкаруучуларга болобу, баарына баш ийгиле+.
15 Анткени Кудай силердин жакшы иштерди кылып, акылсыз адамдардын наадандык менен сүйлөгөн сөздөрүнө бөгөт коюшуңарды каалайт+.
16 Эркин адамдардай болгула+, бирок эркиндигиңерди жаман иштерди жаап-жашырыш үчүн эмес+, Кудайдын кулдары катары пайдалангыла+.
17 Бардык адамдарды урматтагыла+, бир туугандарыңардын баарын сүйгүлө+, Кудайдан корккула+, падышага урмат көрсөткүлө+.
18 Кулдар кожоюндарына, боорукер жана эстүүлөрүнө гана эмес, оңой менен жактырбагандарына да урмат көрсөтүп+, баш ийишсин+.
19 Эгер кимдир бирөө Кудай алдында абийирин таза сактоону каалагандыктан кыйынчылык тартып, адилетсиз түрдө азап чегип жатса, бул Кудайга жагат+.
20 Эгерде күнөө кылганыңар үчүн таяк жеп жатсаңар, мунун эмнеси мактаарлык?+ Ал эми жакшы иш кылганыңар үчүн азап чегип жатсаңар+, бул Кудайга жагат+.
21 Силер ушуга чакырылгансыңар. Анткени Машаяк да силер үчүн азап тартып+, анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган+.
22 Ал эч күнөө кылган эмес+, оозунан бир да жалган сөз чыккан эмес+.
23 Кордошкондо+, эч кимди кордогон эмес+. Азап тартканда+ эч кимди коркуткан эмес, тескерисинче, өзүн адилеттүү Сотко тапшырган+.
24 Күнөөдөн арылып+, адил жашашыбыз үчүн, ал күнөөлөрүбүздү өзүнүн денеси менен устунга+ алып чыккан+. «Силер анын жарааттары менен айыктыңар»+.
25 Анткени силер адашкан койлордой элеңер+, азыр болсо жаныңарды сактоочуга жана кайтаруучуга* кайрылып келдиңер+.
Шилтемелер
^ Же: «жаныңардын көзөмөлчүсүнө жана койчусуна».