Матай 23:1—39

23  Анан Иса элге жана шакирттерине+ мындай деди:  «Мусанын ордуна китепчилер+ менен фарисейлер отурду+.  Ошондуктан алардын айткандарынын баарын аткаргыла+, бирок кылгандарын кылбагыла+. Анткени алар айтарын айтышат, бирок өздөрү аткарышпайт.  Алар оор жүктөрдү таңып, башкалардын ийнине артып коюшат+, өздөрү болсо колунун учун тийгизип коюуну да каалашпайт+.  Алар бардык иштерин элге көрүнүш үчүн жасашат+. Ошондуктан тагынып жүргөн тумарларынын*+ көлөмүн чоңойтуп, кийимдеринин этегиндеги чачыларын+ узартышат.  Тойлордо төрдөн орун алууну+, синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды+,  базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын+ жана „Устат*“ деп атаганын жакшы көрүшөт+.  Бирок силер „Устат“ деп аталбагыла, анткени бир эле устатыңар бар+. Силер болсо бир туугансыңар.  Ошондой эле жер үстүндө эч кимди „Ата“*+ деп атабагыла, анткени бир эле Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар. 10  „Жол башчы“ деп да аталбагыла+, анткени бир эле Жол башчыңар бар. Ал — Машаяк. 11  Араңарда ким чоң болсо, ал силерге кызматчы болсун+. 12  Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат+; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт+. 13  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени башкалардын асман Падышалыгына киришине тоскоолдук кылып жатасыңар+. Өзүңөр да кирбей, кирүүнү каалагандарды да киргизбей жатасыңар+. 14  * —— 15  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Диниңерди бир киши болсо да кабыл алышы үчүн, жер-суунун баарын кыдырып чыгасыңар. Ал эми ал максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе жаман, гээнага* таштала турган кишиге айлантасыңар. 16  Сокур жол көрсөтүүчүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени: „Кимдир бирөө ибадаткананы оозанып ант берсе, эч нерсе эмес. Ал эми ибадаткананын алтынын оозанып ант берсе, анда антын аткарууга милдеттүү“,— дейсиңер+. 17  Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү: алтынбы же аны ыйык кылган ибадатканабы?+ 18  Ошондой эле силер: „Кимдир бирөө курмандык жайын оозанып ант берсе, эч нерсе эмес. Ал эми анын үстүндөгү тартууну оозанып ант берсе, анда антын аткарууга милдеттүү“,— деп айтасыңар. 19  Сокурлар! Кайсынысы маанилүү: тартуубу же аны ыйык кылган курмандык жайыбы?+ 20  Курмандык жайын оозанып ант берген адам аны жана анын үстүндөгү нерселердин баарын оозанып ант берген болот. 21  Ибадаткананы оозанып ант берген адам аны жана анда жашаганды+ оозанып ант берген болот. 22  Асманды оозанып ант берген адам Кудайдын тактысын+ жана анда отурганды оозанып ант берген болот. 23  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени жалбыздын, ашкөктүн, зиренин ондон бир бөлүгүн бересиңер+, бирок Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге: адилеттүүлүккө+, кайрымдуулукка+, ишенимдүүлүккө+ маани бербейсиңер. Тигини да кылышыңар керек болчу, бирок башкаларын да көз жаздымында калтырбашыңар керек эле. 24  Сокур жол көрсөтүүчүлөр+, чиркейди+ чыпкалайсыңар да, төөнү+ жутасыңар! 25  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени чөйчөк менен табактын сыртын тазалайсыңар+, бирок алардын ичи ач көздүккө+, ооздукталбаган каалоолорго толгон. 26  Сокур+ фарисей, адегенде чөйчөк менен табактын ичин тазала+, ошондо сырты да таза болот. 27  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени акталган мүрзөлөргө окшошсуңар+. Алар сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи өлгөндөрдүн сөөктөрүнө, ар кандай ыпыластыкка толгон. 28  Анын сыңарындай, силер да сыртыңардан адил болуп көрүнөсүңөр+, бирок ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон. 29  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени пайгамбарларга күмбөз тургузуп, адил адамдардын мүрзөлөрүн кооздойсуңар да+: 30  „Ата-бабаларыбыздын күндөрүндө жашасак, аларга кошулуп пайгамбарлардын канын төкмөк эмеспиз“,— дейсиңер+. 31  Ошентип, пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары экениңерди+ өзүңөр эле айтып жатасыңар. 32  Анда ата-бабаларыңардын кыянат иштерин уланта бергиле+. 33  Жыландар, кара чаар жыландын тукумдары+, гээнага ташталуу өкүмүнөн кантип качып кутуласыңар?+ 34  Ошон үчүн мен силерге пайгамбарларды, акылман адамдарды, насаатчыларды+ жиберип жатам+. Алардын кээ бирлерин өлтүрөсүңөр+, устунга кадайсыңар, айрымдарын синагогаларыңарда уруп-сабап+, шаардан шаарга кууп, куугунтуктайсыңар. 35  Ошентип, адил Абылдан+ тартып ибадаткана менен курмандык жайынын ортосунда силер өлтүргөн Берехиянын уулу Закарыяга+ чейинки жер үстүндөгү бардык адил адамдардын төгүлгөн каны+ силердин мойнуңарда болот+. 36  Силерге айтып коёюн, бул муун ушунун бардыгы үчүн жоопко тартылат+. 37  Оо, Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүп+, өзүңө жиберилгендерди+ таш бараңга алган+ Иерусалим! Тоок жөжөлөрүн канатынын астына чогулткандай+, мен да сенин балдарыңды канча ирет чогулткум келди! Бирок силер каалаган жоксуңар+. 38  Мына, үйүңөр*+ кароосуз калтырылат!+ 39  Силерге айтып коёюн, силер: „Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин!“+ — деп айтканыңарга чейин мени көрбөйсүңөр».

Шилтемелер

Мусанын мыйзамынан көчүрүлгөн төрт үзүндү салынган кичинекей кутучалар. Аларды коргоо касиетине ээ деп эсептешкендиктен, жүйүт элиндеги эркектер чекесине жана сол колуна байлап жүрүшчү.
Сөзмө-сөз: «рабби».
Иса бул жерде «ата» деген сөздү диний наам катары колдонбош керектигин айткан.
Мт 17:21дин шилт-н кара.
Кара: 9-тирк.
Б. а. «ибадатканаңар».