Ышая 42:1—25

42  Мына, бул — мен колдоп келген+, тандап алган+, жаным жактырган+ кызматчым!+ Мен ага рухумду бердим+. Ал элдерге адилеттикти ачып берет+.  Ал кыйкырбайт, үнүн бийик чыгарбайт, көчөдөн үнүн угузбайт+.  Чала сынган камышты сындырбайт+, бүлбүлдөп күйгөн зыгыр биликти өчүрбөйт. Ал чындык боюнча иш кылып, адилеттикти ачып берет+.  Жер бетине адилеттик орнотмоюн алсырабайт+, чаалыкпайт. Анын мыйзамын аралдар күтөт+.  Асманды жаратып+, аны жазгандын, жерди+ жана андагынын баарын+ жайгандын+, анда жашаган адамзатка дем бергендин+, жер үстүндө басып жүргөндөргө+ рух бергендин+ өзү — чыныгы Кудай Жахаба — мындай дейт:  «Мен, Жахаба, сени адилдик боюнча+ чакырдым, сени колуңан алдым+. Мен сени коргойм, элге келишим+, элдерге жарык катары берем+.  Сен сокурлардын көзүн ачасың+, туткунду зындандан+, караңгыда отургандарды абактан чыгарасың+.  Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым+. Өзүмө таандык даңкты башка эч кимге+, мактоону+ оюп жасалган буркандарга бербейм+.  Башында айтылгандар аткарылды+, эми жаңысын айтып жатам. Силерге аны аткарыла электе эле угузуп жатам»+. 10  Деңизге чыккандар+, анын эсебинен жашагандар, аралдар жана алардын тургундары+, Жахабага жаңы ыр ырдагыла+, аны жердин учу-кыйырына чейин даңктагыла+. 11  Ээн талаа+ менен андагы шаарлар, Кедардын+ конуштары шаттансын. Аска-зоолордо жашагандар+ кубанып кыйкырышсын, тоолордун чокусундагылар да кыйкырышсын. 12  Алар Жахабаны даңкташсын+, аралдарда жашагандар аны даңазалашсын+. 13  Жахаба баатырдай болуп чыгат+, жоокердей болуп ынтасын ойготот+. Ал сүрөөн салат, ураан чакырат+. Душмандарынан күчтүү экенин көрсөтөт+. 14  «Мен көпкө чейин унчукпай+, үн катпай+, өзүмдү өзүм кармап келдим+. Эми, төрөп жаткан аялга окшоп, онтойм, энтигем, оор дем алам+. 15  Тоолор менен адырларды кыйратам+, бүт өсүмдүктөрүн кууратам, дарыяларды аралдарга айлантам, камыш баскан көлмөлөрдү какшытам+. 16  Мен сокурларды өзүлөрү билбеген белгисиз жолдо алып жүрөм+. Алардын алдындагы караңгы жерди жарык кылам+, өңгүл-дөңгүл жерди түздүккө айлантам+. Ушунун баарын алар үчүн жасайм. Мен аларды таштабайм»+. 17  Оюп жасалган буркандарга таянгандар+, куйма буркандарга: «Силер биздин кудайларыбызсыңар»,— дегендер+ артка качышат, катуу уят болушат. 18  Дүлөйлөр, уккула! Сокурлар, карагыла!+ 19  Менин кызматчымдай сокур, жиберген кабарчымдай дүлөй барбы? Сыйлык алган бирөөдөй сокур, Жахабанын кызматчысындай сокур барбы?+ 20  Сен көптү көргөнсүң, бирок дит койгон эмессиң+. Кулагың ачык болсо да, уккан эмессиң+. 21  Жахаба адилдигинен+ улам мыйзамды даңктуу+, улуу кылууну каалады. 22  Бул эл болсо таланып-тонолгон+, баары үңкүргө камалган, абакка салынган+. Аларды талап жатышса да, куткарып алар эч кимиси жок+, тоноп жатышса да: «Кайрып бер!» — деп айтар эч кимиси жок. 23  Буга кимиңер кулак саласыңар? Кимиңер келечек үчүн көңүл буруп угасыңар?+ 24  Жакыпты тоноочулардын, Ысрайылды талоончулардын колуна ким салып берди? Жахаба эмеспи? Биз ага каршы күнөө кылганбыз, анын жолунда жүрүүнү каалаган эмеспиз, мыйзамын уккан эмеспиз+. 25  Ал Ысрайылга каарын, ачуусун төгүп, согуштун азабын тарттырган+. Туш тарабын жалын каптаса да+, алар көңүл бурушкан эмес+, өрттөнүп жатышса да, маани беришкен эмес+.

Шилтемелер